Аскат Акибаев, "Ысык-Көл Аврора" санаторийинин башчысы:
"Ысык-Көл - планетанын көгүлтүр кареги"
-Аскат мырза, сиз көптөгөн долбоорлордун авторусуз. Өзүңүз "өзгөчө кызык" деп эсептеген долбооолор жөнүндө айтып бербейсизби?
-Мен үчүн ар бир долбоорум кызыктуу жана маанилүү. Ал эми бүгүнкү күндүн долбоорлору бул: "Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары", Евразиялык Форум-борбору, олимпиадалык даярдоо борбору, региондорду эндогендик социалдык өнүктүрүү долбоорлору.
-Сиз жаңы долбоорлорду ойлоп таап, турмушка ашырып, эң башкысы, каржы булагын таба аласыз. Айтыңызчы, жакшы долбоорлору бар адам аны ишке ашырууга каражатты кантип табышы керек?
-Издеп, ар бир эшикти кагып чыгыш керек. Айлам кеткен көп эле учурлар болгон. Бирок, мен кызыга турган адамдарды талбай издедим. Сунуш кылдым, ынандырдым, далилдедим.
-Максатыңызга жетүүгө жалгыз эле өжөр мүнөзүңүз жардам бердиби, же башкаларды ишендире алган чечендик да өнөрүңүз барбы?
-Өжөрлүк эмес, балким тырышчаактыгымдыр. Адамдарды жалгыз эле сөздүн жардамы менен ынандыра албайсың. Аларды өз ишиңди билгендигиң, долбоордун зарылдыгы жана келечектүүлүгү менен ынандыруу зарыл. Мисалы, "Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары" ар кайсы мамлекеттерде, ар кайсы форумдарда, Шанхай кызматташтык Уюмунда, Стамбулда өткөн Бүткүл дүйнөлүк түрк форумунда, Бакудагы түрк дүйнөсүнүн ак сакалдар кеңешинде, Түрксой жана Туссондун жетекчилерине, Юнесконун өкүлү Олжас Сулейменовго, Калмыкиянын экс-президенти К.Н.Илюмжиновго, Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдоржго, Азиянын олимпиадалык кеңешинин президенти Шейх Ахмад Аль-Сабахка сунушталды. Эми өзүңөр элестетип көргүлө, канча эмгек сарпталганын, дагы канча эмгек жасоо зарыл экендигин...
-Өзү бул эмне долбоор?
-"Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары" - бул көчмөн элдердин спорттук этно-оюндары, этно-чыгармачылык, акындар, эпосттордун айтуучулары, фольклор, бий жана ыр коллективдеринин концерттери, көчмөн элдердин мода көргөзмөлөрү, улуттук тамак-аштар жана суусундуктар, көп сандагы боз үйлөр тигилген этно-шаарча. Оюн программасында - көчмөн элдердин биринчи дүйнөлүк конференциясы, көчмөндөргө арналган киноленталар, катышкан өлкөлөрдүн маданият күндөрүнүн декадалары жана башкалар...
-"Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары" Кыргызстандын бренди боло алабы?
-Ооба. Бул жаңы туристтик бренд. Туристтер өздөрү барган өлкөдөн эмнени көргүлөрү келет? Биринчи кезекте ошол элдин жашоо-турмушун, маданиятын, салттарын. Келгиле, кээ бир өлкөлөрдүн улуттук бренддерин карап көрөлү. Мисалы, Бразилия - бул бүт дүйнөгө белгилүү карнавал, Испания - бул коррида, Кытай - Шаолинь. Биз Кыргызстан да көп сандагы туристтерди тарта алган өзүнүн улуттук туристтик брендге ээ болушун каалайбыз.
-Мындай чоң масштабдагы долбоорлорду ишке ашырууга мамлекет да жардам берип жатабы?
-"Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары" - бул КР өкмөтүнүн долбоору. Биз аны эл аралык реестрден патенттеп койгонбуз. Аны ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясы башкы ролду ойноодо. 2011- жылы февралда эки премьер-министр Атамбаев жана Эрдоган, 2012-жылы январда эки президент Атамбаев жана Гүл, 2012-жылдын августунда түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитинде Атамбаев, Назарбаев, Гүл жана Расси-Заде тарабынан Кыргызстанда "Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндарын" өткөрүүгө колдоо көрсөтүү тууралуу расмий макулдашуу түзүлгөн.
-Туристтик брендден тышкары, бул долбоордун башка да өзгөчөлүктөрү барбы?
-Мекенибизде болуп өткөн "айрым" окуялардан кийин, Кыргызстандын элин бириктирүүчү идея менен баш коштуруу керек. Биздин улуу жазуучубуз, маркум Чыңгыз Айтматов "бул долбоор бириктирүүчү тема, элдин баш кошуусунун жана жаратмандыгынын аянтчасы боло алат" деп айтты эле. Чакырылган 22 катышуучу мамлекеттерден тышкары, биз Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын жана диаспораларынын катышуусун пландаштырып жатабыз. Диаспораларды сыйлоо максатында маданияттагы, чыгармачылыктагы, илимдеги, спорттогу, саясаттагы, экономикадагы эң мыкты жетишкендиктер үчүн номинациялар каралууда. Анын натыйжасы - биз диаспоралардын ишмердүүлүгүнүн жемиштүү жактарын көрүп, байкап, аларга позитивдүү баа бере баштадык.
-Кыргызстандыктар үчүн бул мекенибизде жашаган улуттардын көп түрдүүлүгүн көрүүнүн эң сонун мүмкүнчүлүгү эмеспи?
-Албетте. Ар кайсы улуттардын шаңга толгон салттуу бийлерин көрүп, тамагынын даамын татып, маданиятына баам салып көргөн соң, аларды сүйбөй коюу кыйын. Сизге бир суроо берейинчи. Быйыл кайсыл диаспора эмнеси менен өзгөчөлөнгөнүн айтып бере аласызбы?
-Хмм... Чынын айтсам, жок. Анткени, андай маалыматтар жок да.
-Бул иш-чара Кыргызстандагы диаспоралардын жана элдин ишмердүүлүгүнө, кайсыл диаспора турмуштун кайсыл бир чөйрөсүндө кандай ийгиликтерге жетишкендигине тыянактоочу баа берүү боло алат. Жакшы нерселерди жасоодо атаандашуу менен Кыргызстандын элдерин бириктирип жана баш коштурууга болот.
-Мындай чоң, кеңири долбоор чектелүү убакыттын ичинде кантип ишке ашат? Масштабына караганда фестиваль аябай эле узакка созулса керек?
-Фестиваль болгону бир жумага созулат. Оюндарды өткөрүүнү келээрки жылга пландаштырып жатабыз.
-Сиздин долбооруңуз Кыргызстанда, анын ичинде Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүүгө багытталган. Туристтердин агымынын көбөйгөнү көлдүн экологиясына зыян келтирбейби?
-Азыркы күндөгү башкы көйгөй - бул Кыргызстанга туристтерди тартуу. Ысык-Көлдүн сезонун дагы кеминде эки айга узартууга реалдуу мүмкүнчүлүк бар. Биз июнда "Алтын Кубоктун" этно-оюндарын, ал эми сентябрда "Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндарын" өткөрүүнү сунуштап жатабыз. Биздин көлгө башка ракурстан карап көрүү керек, көлдүн тегереги жалаң эле жылуу булактар: Барбулак, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Кызыл-Суу, Өрүктү, Жыргылаң, Тамчы. Көлүбүз жылуу булактардын пластында турат, суу минералдашкан жана дарылык касиетке ээ. Ошондуктан, Көлдү дарылык касиети бар Ыйык жер катары рекламалоо керек. Биздин көлдү "Кыргыз бермети" деп коюшат. Кара деңизди да дүйнөнүн бермети деп аташат. Биздин замандын эң улуу космонавты - Леонов Ысык-Көлдү "Планетанын көгүлтүр кареги" деп атаган! Эмне үчүн биз бул салыштырууну колдонбойбуз? Мени кейиткен нерсе, Кыргызстан дайыма экинчи орунда болгусу келет. Экинчи Швейцария, Экинчи Малайзия. Же болбосо "Санта Клаустун мекени болобуз" деген идея. Биз бирөөлөрдү туурап, кайталанбашыбыз керек. Эмне үчүн Кыргызстан революциялардын, экинчи позициялардын өлкөсү болушу керек? Бизде мыкты адистердин командасы бар, алар азыр күчтүү маркетингдик стратегиялар аркылуу Кыргызстандын туристтик брендинин үстүндө иштеп жатышат. Казакстан, Испания, Германия, Россия мамлекеттеринин туристтик, инвестициялык долбоолорун жылдырууда бай тажрыйбасы бар бул жигиттер "бизге мүмкүнчүлүк бергиле, биз Кыргызстан жөнүндөгү көз карашты өзгөртөбүз" деп жатышат.
-Революция демекчи, сиз абдан чоң жумуш кылып жатасыз, бирок, Кудай анын бетин ары кылсын, дагы бир революция болуп кетсе, кылган эмгегиңиздин баары талаага кетпейби? Ансыз деле бизде күн сайын митинг, чет элдик ЖМКлар болсо аларды көбүртүп-жабыртып, Кыргызстанды согуштук абалдагы Ливия сыяктуу кылып көрсөтүшүүдө.

(Уландысы 14-бетте)