Гүлжигит Калыков, ырчы:
"Ар тараптан билим алууга ынтызармын"
Мукам үндүү, жылдыздуу жүзү менен далай кыздын жүрөгүнөн түнөк тапкан, таланттуу ырчы, Евразия жылдызы Гүлжигит Калыков бүгүн бизде конокто.

-Гүлжигит мырза, алгач жайкы эс алуудан баштасак, эс алуу кандай өтүп жатат?
-Чоң рахмат. Буюрса, баары ойдогудай. Жайкы эс алуум да көңүлдөгүдөй өтүп жатат десем болот. Көптөгөн пландарымды ишке ашырууга да үлгүрдүм. Кереметтүү жерибиз болгон Ысык-Көлгө досторум менен барып, эс алып кайттык.
-Чыгармачылыкта кандай жаңылыктарыңыз бар?
-Чыгармачылыкты да артта калтырбай, иштеп жатам. Азыр жаңы чыгармаларды жаздырып, орусча, кыргызча, лирикалуу чыгармалардын үстүндө эмгектенүүдөбүз. Буюрса, жакын арада күйөрмандарыма тартуулайм.
-Бир интервьюңузда "дует жаздырып жатам" деген сөзүңүз бар эле, ошол боюнча да айта кетсеңиз?
-Туура. Кыргыз эстрадасындагы бир ырчы менен дует жаздырып жатам. Бирок, толук бүтө элекбиз. "Ар бир иштин өз убагы бар" демекчи ал ыр азырынча сыр бойдон тура турсун.
-Продюсер Канат Култаев менен кайрадан келишимди улантайын деген оюңуз жокпу?
-Чынын айтсам улантайын деп ойлогон элем, бирок, өзүмө да кызык болду. Жалгыз иштеп көрсөм кандай болот (?) деп ойлонуп, Канат байкеге кайрылдым, ал да каршы болгон жок. Канат байке "колуман келген жардамымды берип турам" деп сөз козгоду. Мен ага абдан ыраазымын. Үч жылга келишим түзгөн элек. Келишимди ийгиликтүү жыйынтыктадык. Мени жогорку деңгээлге жеткизди. Эми ошол деңгээлден түшүп кетпей, өз нугунда кеткенге аракет кылам.
-Продюсерге көнүп алган жаныңыз, жалгыз иштөө кыйын болуп жатса керек?
-Чынында жалгыз иштеген абдан кыйын экен. Кээде жөнөкөй нерселерден кыйынчылык жаралып калат. Баардыгына акырындык менен көнүшүп келе жатам.
-"Сулуулар жана миллион" тасмасында роль жараттыңыз эле, азыр да сунуштар түшүп жатабы?
-"Сулуулар жана миллион" аттуу орус тасмасында башкы каармандын ролун жараткам. Былтыр жай айларында тартылган. Мелодрама жана комедия жанры аралашкан тасма болду. Азыр сунуштар абдан көп. Негизи мага тасмада роль жараткан абдан жагат. Кээде отуруп, кайсыл бир тасмадагы каармандын мүнөзүн өзүмдүкүнө окшоштуруп кетем. Ошондон улам, Голливуддун кинолору болобу же башка жактын тасмасыбы, айтор кээ бир жанрларда өзүмө окшош каармандарды көрөм. Эгер мүнөзүмө төп келген сценарий жазылса, сунуштар түшсө, чын жүрөктөн берилүү менен тартылмакмын.
-"Азыркы тасмаларда профессионал актерлор эмес, ырчы-чоорчулар роль жаратып, тасманын деңгээлин түшүрдү" дегенге кандай карайсыз?
-Ар бир адамдын өз чөйрөсү болот. Мисалы, док­тур эле курулуш ишинде иштесе албетте, кыйынчылык туудурат. Ар бир инсан колунан келген ишин майын чыгара иштеш керек. Ал эми ырчылар тасмада роль жаратканга толук мүмкүнчүлүгү бар. Себеби, ырчылар, сүрөтчүлөр баардыгы искусство адамдары да. Алар чыгармачылыкка түшүнүү менен карайт. Бул иш бир-бирине төп келишет. Ошондуктан колунан келсе, өз ролун, образын мыкты деңгээлде аткара билсе эмне себептен тартылганга болбосун.
-Актердук билимиңиз барбы?
-Жок. Негизи өзүм инфарматика жана экономика жаатында окугам. Ошондой эле буга чейин Күрөңкеев атындагы училищада билим алгам. Ал эми азыркы учурда Улуттук консерваторияда окуйм. Убакыт тардыгына байланыштуу физикалык жактан үлгүрбөй жатам. Эгер убакыт кенен болсо, ар тараптан билим алганга ынтызармын. Өмүр бою билим алуу - бул эң туура нерсе. Мен бул нерсеге түз көз караштамын.
-Жеке жашооңузга да кайрылып өтсөңүз, жактырганыңыз барбы?
-Ата-энеме жардам берип, анча-мынча иштер менен алек болуп жүрөм. Ал эми сүйүү жаатына кайрылсам, азырынча баардыгы тынч. Жактырган кыздар көп эле. Бирок, олуттуу мамиле курууга азырынча даяр эмесмин. Мектеп курагында баардыгы эле сүйүүгө кабылат эмеспи. Мен да "тоок сүйүүлөргө" кабылгам. Буюрса, убакыт-сааты келгенде үйбүлө курам.
-Жигиттен биринчи сүйүүсүн билдирген кыздарга көз карашыңыз кандай?
-Бир жагынан алганда "туура эмес" деп ойлогонум менен, экинчи жагын алганда түз эле көз караштамын. Себеби, четте уялып туруп калбастан, жактырган инсанына барып, өз сүйүүсүн билдирип, аракет кылып көрсө туура эле нерсе. Ар бир адам өз бактысы үчүн күрөшүш керек.
-Чектен чыгып тийишкен күйөрмандарга кандай жооп кайтарасыз?
-Негизи чектен ашкан да күйөрман кыздар болот. "Таш менен урганды аш менен ур" демекчи, унчукпай күлүп кутулам. Болбой эле чектен ашса "мунуң туура эмес" деп катуу айтууга туура келет.
-Ушул убакытка чейин репертуарыңызда канча ыр болду?
-Мага да кызык болуп, атайын санап көргөн элем. 21 ыр анын арасынан 6 клибим бар. Андан сырткары эки клибим бар. Алар социалдык клиптер. Ар бир чыгарманы жүрөктөн сүйүп, угуп элге тартуулаганга аракет кылабыз. Алардын арасынан ар бир ырдын тарыхы бар. Жүрөгүмө жакын чыгармаларымдын бири Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр" аттуу чыгармасы десем болот. Анткени, бул чыгарма эл аралык конкурстарды жеңип, көптөгөн ийгиликтерди алып келди. Түгөлбай байке менен сырдашып отурган кезде бул ырдын тарыхын да айтып берген эле. Келечекте бул ырды мен эле эмес, жаш муундар да ырдайт деп ишенем.
-Эгер маданият министри болуп калсаңыз кайсыл ишти колго алат элеңиз?
-Ал тууралуу эч нерсе айта албайм. Себеби, ар бир инсан өз ишин билип, так аткарыш керек. Азыркы маданият министрлеринин кандай көйгөйлөрү бар экенин билбейм. Ар бир инсан өз кесибин так аткарса өсүп-өнүгөбүз деген үмүттөмүн.
-"Аты таанылган ырчылар карапайым элдин тоюна келбей калды" деген кептер айтылып жүрөт. Тойлорго барып турасызбы?
-"Канчалык жөнөкөй болсоң, ошончолук бийик болосуң" деген ураанды колдойм. Менин көз карашымда бай болобу, кедей болобу мен үчүн баары бирдей. Ар бир чакырылган жерге той болобу , концерт болобу барып, чын жүрөктөн ыр сунганга даярмын.
-Ата-энеңиз сиз менен сыймыктанса керек?
-Албетте. Ар бир ата-эне балдарынын жакшылыгына күбө болсо, сыймыктанат болуш керек. Кичине кезимде эле "ата-энемди ар дайым кубантсам. Алар мени менен сыймыктанса" деп тилек кылаар элем. Азыр да ата-энеме жардамдашып, маанайын көтөрүп турууга аракеттенем. Баардык жакшылыгымды биринчи ата-энем менен бөлүшкүм келет.
-Интернет булактарында көп отурасызбы?
-Азыр жаштар интернетсиз жашоосун элестете албайт болуш керек. Өзүм негизи көп деле отурбайм. Атайын бир жумуш болуп калганда гана отурам. Менин атыман интернетте отурган колдонуучулар көп экен. Аларга эч нерсе айта албайм. Балким алар менин фанаттарым. Балким, менин ордумда болуп көрүүнү самашаттыр. Аларды туура түшүнөм. Бир күнү алар деле тажайт болуш керек.
-Алдыда кандай пландарыңыз бар?
-Негизги ой-максаттарымдын бири чыгармачылыкты өстүрүп, күйөрмандарыма жакшы жаңы чыгармаларды тартылоо. Колдон келсе эл аралык сынактарга катышуу.
-Күйөрмандарга каалоо тилегиңиз?
-Ар бирине кааларым, ар дайым ачык асман болсун. Айланада курчап турган адамдары аман болсун. Жүздөрүнөн жылмаю кетпей, бактылуу болушсун. Ошондой эле элимде тынччылык, токчулук, ынтымак болсун!