"Ысык-Көл - планетанын көгүлтүр кареги"

(Башы 6-бетте)
-Дал ошондуктан, биз Кыргызстан жөнүндөгү пикирлерди өзгөртүшүбүз керек. Старт алаар убакыт келди. Эл ызы-чуу, талаш-тартыштардан чарчады, алар азыр жаратмандыкка даяр. Кыргызстан үчүнчү революцияны көтөрө албасын баары түшүнүп турат.
-"Авроранын" "козу карынды үзүүгө болбойт, алар тыйын чычкандар үчүн" деген сыяктуу катуу эрежелерин, бак-дарактарды сындыргандарга, таштанды ыргыткандарга олчойгон айыптыр салынарын эске алсак, "фестиваль учурунда экология бузулат" деп кам санабай эле койсок болот го?
-Мындай иш-чараларды өткөрүүдө оор техника колдонулбайт, чоң имараттар курулбайт (күлүп), экология үчүн кам санабай эле койгула. Биз өзүбүздүн эрежелерибизди дале катуу сактап атабыз.
-Экологиядан кайра туризм маселесине келсек, этно-фестивалга конокторду чакыруу менен бүткүл Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө болобу?
-Албетте. Биз "Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндарынын" алкагында "Көчмөндөрдүн жолу" аттуу долбоорду сунуштап жатабыз. Бул Нарын, Талас, Ош региондорунда өтө турган этно-фестивалдар. Мисалы, Казакстанга туристтер аз келишет, өкмөт туризмди өнүктүрүүгө эбегейсиз чоң акчаларды бөлүп берип жатат. Алар "Улуу талаа оюндары" аттуу долбоор башталганын жар салышпадыбы.
-Манасчы баланын үнүнөн ойгонуп, көк бөрү оюнун көрүп тамактанган учурларыңыз көп болобу?
-"Аврорада" көчмөндөрдүн ат спорт оюндары жума сайын өтүп турат. Көп конференциялар бизден ушул иш-чараларды сатып алышат, чет элдик коноктор бул оюндарды зор кызыгуу менен көрүшүп, ал эми кичинекей манасчы Манас айтканда таң калбаган, суктанбаган киши калбайт. Анын аты Үмүт. Беш жашар балага төрт сап ырды жаттатыш да кыйын. Эгер Үмүт "Манастагы" узун тексттерди жөн эле жаттап алса да, бул абдан таң калыштуу болмок. Бирок, ал транска кирип кетет. Муну өз көзүң менен көрүш керек. Бир баштап алса, аны токтотуш кыйын, көп учурда колго көтөрүп кетүүгө туура келет. Көтөрүп баратсаң да токтобой "Манас" айта берет. Биз конокторубузга (алардын арасында мамлекеттин биринчи жетекчилери да болуп калат) Үмүттүн "Манас" айтканын, улуттук этно-оюндарды, фольклорду, көчмөндөрдүн салттарын көрсөтөбүз. Жаш манасчы аларга аябай жаккандыктан, көп жолу ага өз жардамдарын сунуш кылышкан.
-Ал кандайдыр бир конкурстарга катышабы ?
-Ушул эле суроону мага жакында эле FIDEнин президенти Кирсан Николаевич Илюминжинов да берди. Ооба, ал дайыма ар кандай конкурстарга катышып турат. Жакында эле Делфия оюндарына катышып, Азия Олимпиадалык конгрессинин ачылышына, Түрк формуна жана башка иш-чараларга чакыруу алды. Үмүт абдан шыктуу бала, ал келечекте көрүнүктүү манасчылардын бири болот (!) деп үмүттөнөм. Азыр көптөгөн туристтер маданий кубулуш катары атайын манасчыларды көргөнгө келишет. Андан тышкары, аларды улуттук музыкабыз таң калдырат - "Аврорада" "Камбаркан", "Доор", "Ордо-Сахна" жана биздин "Ак-Кеме Аврора" сыяктуу таанымал фольклордук топтор ойнойт.
-Ар дайым манасчылардын, салттуу музыканын, чебендестердин арасында жүргөнүңүздү эске алсак, сиз мезгилден адашып кетпейсизби?
-Жок, азырынча жок (күлүп). "Өтмүшсүз келечек жок" деп коюшат эмеспи. Бул баарына кызык, шаардыктарга да, айыл жергесинде жашагандарга дагы. Биздин улуттук оюндарга стадиондордун, кымбат баалуу кийимдердин кереги жок. Болгону талаа менен эле каалоо керек. Мына сизге ден соолугу чың улут жана каада-салттарды сактоонун жолу.
-Эмне менен алек болууну билбей отурган жаштарды спортко тартууга сонун мүмкүнчүлүк дейсизби...
-Биздин көк бөрү боюнча "Ак-Кеме Аврора" камандабыз региондо чемпион болду. Демек, биз жасап аткан эмгек текке кетпептир. Азыр биз ысыккөлдүк жаштардын көбүн тарттык, бул аларга жагып жатат. Биздин оюбузча, Кыргызстанда этно-спортту дал ушунтип, ири ишканалардын, бизнесмендердин, меценаттардын ички ресурстарын колдонуу менен өнүктүрүү керек. Мисалы, сумо - жопон күрөшүнүн улуттук түрү, ал Олимпиада оюндарынын катарына кирбесе да, дүйнөнүн баардык жеринде популярдуу. Ошо сумонун мисалында кыргыздын улуттук этно-оюндарын да өнүктүрүү зарыл. Азия Олимпиада кеңешинин президенти Ахмад Аль-Сабах көк бөрү оюнун ушунчалык жактырып, Азия олимпиада оюндары программасына арыз берүүнү сунуштады. Ушундай мүмкүнчүлүктөрү үчүн да көк бөрүнү Кыргызстандын улуттук спорт бренди катары өнүктүрүү керек.
-Кыргызстанга атак-даңк менен кошо эчки-текенин денесин ойногонду жактырбаган Гринписс да келет болуш керек?
-А корридачы? Жаныбарлардын ачуусуна тийип, анан өлтүрүп атышпайбы. А америкалыктардын родеосучу? Биздин оюнда өлгөн эчкинин денеси колдонулат, аны башка нерсе менен деле алмаштырып койсо болот. Көк бөрү - бул биздин ата-бабалардан калган мурас, салт.
-Биздин улуттук оюндардан азырынча "Алыш" белбоолуу күрөшү гана чоң ийгиликтерге жетишти. Мен билгенден Азия Олимпиада оюндарына катышууга арыз берилди окшойт.
-Алыш FILAга киргени эле биздин күрөш үчүн чоң утуш. Бирок спорттун бул түрүнө мамлекеттин активдүү жардамы керек. Алыш федерациясы Олимпиада оюндарынын программасында кароого арыз бергенин көргөн соң, башка өлкөлөр да жөн жатышпайт.
-Сиз өзүңүздү кайсыл жерде жакшыраак сезесиз? Улуттук колориттин арасындабы же цивилизациядабы?
-Жакында эле Монголияга барып, бул өлкөнүн президенти менен жолугушуп келдим. "Алтын кубок этно-оюндары" долбоорунун тушоосун кесип жатып, мен өткөн доор менен азыркы замандын гармониялуу байланышын сездим. Монголия ата-бабалардын мурасы менен азыркы салттарды өтө ийгиликтүү айкалыштара алган өлкө. Мен өзүм үчүн көптөгөн идеяларды таптым жана буйруса аларды Кыргызстанда ишке ашырганга аракет кылам.
-Бул долбоорго канча убактыңыз кетти?
-Сиз кандай деп ойлойсуз?
-Долбоорлордун көлөмүнө караганда 5-6 жыл кеткен го?
-Бир аз көбүрөк (күлүп).
-Дагы кандай кызыктуу долбоорлор жөнүндө айтып бере аласыз?
-Бир топ эле долбоолорум тууралуу айтып бермекмин, бирок, ал сиздердин гезитиңиздердин бир жылдык убактын алып коет го (!) деп корком (күлүп ). Кыргызстан үчүн эң маанилүү долбоорлордун бири катары мен "Евразиялык форум-борборун" эсептейм. Биздин өлкөбүз континенталдык жана дүйнөлүк маанидеги ири форумдарды өткөргөнгө мүмкүнчүлүгү жок. Кыргызстан өзгөрүүлөрдүн жана демилгелердин өлкөсү катары ар түрдүү экономикалык, саясый, туристтик, маданий, спорттук, рухий форумдарды өткөрө турган борборго ээ болушу керек. Ошондой эле менин көптөн бери эңсеп жүргөн кыялым - бул "Ысык-Көл Аврора" санаторийинин базасында Олипиадалык оюндарга даярдоо борборун куруу. Ысык-Көлдө спорт оюндарына машыгууга уникалдуу жаратылыштык шарттар бар.
-Демек, спортчулар Ысык-Көлдө машыкчу болсо, мындан да жогору натыйжаларга жетишеби?
-Ооба, орто тоолуу шарт- бул машыгуу процесси үчүн машыгууга эң сонун шарт. Машыгуулар кычкылтек жетишпөө шартында өтөт. Көлдүн 30-40 чакырым аралыкка созулган бети тоонун, деңиздин жумшак климатын пайда кылат, бул болсо спортчулардын жергиликтүү шартка көнүгүү мезгилин кыйла кыскартат. Мындай шарт дүйнөнүн башка бир да жеринде жок. Жакында эле бизге Түндүк Кореянын, Казакстандын, Россиянын олимпиадалык командалары келип кетишти. Алар менен кошо келген илимий кызматкерлер Ысык-Көлдө спортчулардын шартка көнүгүү мезгили Турция жана Океания сыяктуу дүйнөлүк спорт базаларына салыштырганда бир нече күнгө кыска болоорун көрүп, таң калышты. Ысык-Көл жыл бою иштеген дүйнөлүк спорт базасы боло алат. Ал медициналык туризм менен бир катарда регионду сапатуу жана кымбат туризм жагынан өнүктүрүүчү негизги багыттардын бири болушу керек.
-Бир жолу сиз "Аврораны" курорт индустриясынын флагманы" деп атадыңыз эле. "Авроранын" өнүгүшү кандай жүрүп жатат?
-"Аврора" чын эле флагман. Илгери Советтер Союзунун эң мыкты санаториялык объектиси болчу. СССРде эң мыкты болуп, анан муну айтпай койгон бул менимче, кылмыш болуп эсептелет. Биз "Аврора" өзүн СССРдин музей комплекси катары позициялоосу керек" деген пикирге келдик. Бул анын чыныгы жүзү. "Аврорага" кирген адам ошол замандын улуулугун, масштабдуулугун жана башка мезгилдин элестерин көрөт. Эң мыкты тамак, эң мыкты төшөнчү, эң мыкты тейлөө - биз умтулган нерселер ушулар. Ал эми калган нерселерин биз атайылап эле өзгөрпөйбүз. Андыктан, сизди Ленин тосуп алып, Брежнев узатып, таң эртең менен пионерлердин "Зоркасы" ойготсо, буга таң калбай эле коюңуз. Бул биздин тема. Ишенип коюңуз, чоң өзгөрүүлөр болот, анткени, көркөм-кол өнөрчүлүктүн эң күчтүү адистерин, күчтүү маркетологдорду ишке тартканбыз.
-"Аврораны" ийгиликтүү кылган эмне?
-"Аврораны" өнүктүрүүнүн жаңы маркетингдик стратегиясына биз үч багытты сунуштаганбыз жана аларды ийгиликтүү өнүктүрө баштадык. Бул биринчиден - медициналык , экинчиден - форумдук жана үчүнчүдөн - спорт багыттары. Ар бир багыт тууралуу айта кетейин. Медициналык багыт санаториялык ден солукту чыңдоонун жана дарылоонун негизи болуп эсептелет. Форумдук багыт - бул коллективдүү мүнөздөгү симпозиумдарды, конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүү. Ал эми спорт багыты - бул дүйнөлүк чемпионат, континенталдык турнирлер сыяктуу мелдештик иш-чараларды, ошондой эле чет элдик жана өзүбүздүн улуттук командалардын окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү. Бүгүнкү күндө "Аврора" жада калса кышында да бош турбайт. Биздин санаторий жылына 59% пайдаланылат, бул дүйнөлүк көрсөткүчтөргө караганда да жогору. Дүйнөлүк курорттордо 40-45% пайдаланылса, бул адаттан тыш натыйжа болуп эсептелет.
-Үйбүлөңүз колуңуздун деги эле бошобогонуна кандай карашат?
-Алар көнүп калышкан. Мен бул иш менен биринчи эле жылы алек болуп жүргөн жокмун да. Тылың бекем болгондо, артка кылчайбайсың. Жакындарым мени "бул ишиңен кол үз" деп эчак эле көндүрө алышмак, бирок, алар мага бул нерсе керек экенин билишет.
-Региондун социалдык турмушуна катышасызбы?
-Быйыл биз жети социалдык обьектиге: - музыка, спорт, сүрөт, театр мектебине, мектепке чейинки билим берүүчү балдар борборуна, "няня+5" форматындагы балдар үйүнө, "Кыргыз-Ордо" этно борборуна өмүр берген жатабыз. Мунун баардыгы биздин айыл өкмөтү үчүн жасалууда. Жакында бул объектилердин ачылышы болот. Чет элдик меценаттардан тышкары, биз өзүбүздүн ички ресурстарды колдонууга аракет кылабыз.
-Бул кайра эле сиздин демилгеңизби?
-Биз шыктуу жаштарды колдоо програмасын иштеп чыктык. Биздин айылдык округда 20га жакын пансионат бар. Жыл сайын 50 бала жергиликтүү мектептерди бүтөт. Биз "ар бир пансионат бирден баланын окуу акысын төлөп берсин" деп сүйлөштүк. Эгерде бала бюджеттик бөлүмгө өтчү болсо, аны билим алууга шыктандыруу максатында акча төлөп берүү улантылат. Ал окууну бүтүп келген соң, социалдык кесиптердин статусун көтөрүш үчүн дагы беш жыл бою айлык маянасынын өлчөмүндө акча төлөп турабыз. Ошондой эле биз социалдык долбоор даярдап, ишке киргиздик. 19 үйбүлө гуманитардык уюмдун жардамы менен балдары 16 жашка толгонго чейин 25 доллардан алып атышат, дагы 44 үйбүлө алганга арыз беришти. Жакында эле Ысык-Көл облусундагы майып балдарга 40 мунжулардын коляскасын, балдактарды тараттык. Андан тышкары, Кыргызстандын балдар үйлөрүнө дайыма жардам көрсөтөбүз. Биз биздин айыл өкмөтүндө жашоо да, иштөө да сыймыктуу болушуна жетишкибиз келет.
-Демек, сиз меценаттык кылат турбайсызыбы?
-Жок, кайдан?.. Муну "меценаттык" деп айтканга болбойт го. Биз пансионаттар, санаторийлер, отелдер көлдүн эң мыкты жерлерин жаап койдук. Жергиликтүү элден айыл чарабасына иштетилчү жерлерди сатып алып, муну менен аларга ыңгайсыздыктарды туудуруп жатабыз. Ошондуктан, биз компенсациялык чаралардын алкагында алардын турмушун жакшыртып, жылына эки ай гана эмес, жыл бою акча табууларына мүмкүнчүлүк түзүүбүз зарыл. Кыргызстандын жана региондордун брендин жылдыруу боюнча "Аврорада" өткөн форумда биздин сунуштарыбызды баардык пансионаттардын башчылары кабыл алып, колдошту. Алар идеяны колдоп гана тим болушпастан, Ысык-Көл регионун өнүктүрүү боюнча фонд түзүүнү, аны ишке ашырууну мага тапшырышты.
-Сиздин биринчи ишиңиз кайсыл болду?
-Масштабдуу долбоорлорду даярдап, ишке киргизгенге чейин мен деги эле иштебей жүргөндөй сезилип кетет (күлүп ). Бүгүн жасап аткан иштериме салыштырганда, мурдакылары майда-барат иш-чарадай көрүнөт. Бирок ошол майда-барат иштердин арасынан мен сунуштап, Жапон элчилиги, анын ошол кездеги башчысы Тацухико Касай мырза менен бирдикте уюштурулган мушташ өнөрү фестивалын бөлүп көрсөтө алам. Биз Казакстандын жана Россиянын элчиликтери, Москванын Бишкектеги үйү менен бирдикте уюштурган фестивальдар да болду. "Балдардын Олимпиадалык кыштагы" да менин долбоорум. Аны ишке ашыруу менен Кыргызстандагы көптөгөн майыптар үйлөрүнө жана Special Olimpik спорт уюмдарына чоң гуманитардык жардамдарды көрсөттүк.
-Жумуштан бош убактыңызда эмне менен алектенесиз? Кантип эс аласыз?
-Мен бир да күндү бош өткөрбөйм, дем алышсыз иштейм. Бирок менде бир мүмкүнчүлүк бар - Ысык-Көлдө жылдын баардык мезгилинде, күн сайын чөмүлө алам. Ушул нерсе мени сактап жүрөт. Эртең менен эшикке чыгып, тоолорду, көлдү карап ырахаттанам, керемет таза абадан кере-кере дем алам, бул мага дем-күч берет. Былтыр биз Монголиянын президенти менен сууга түшүп, жайкы сезонду апрелдин башында ачканбыз. Биздин берметибиз ал үчүн ыйык көл болуп калды. Ал монголдор ыйык санаган Кыргыз Нур көлүнөн алып келген сууну Ысык-Көлгө куюп, өзүнчө ыйык ырым жасады. "Кыргызстан сейрек кездешүүчү байлыкка ээ" деди. Акыркы жолу Монголияга барганымда, мен да белек иретинде Ысык-Көлдүн суусун ала бардым.

Аида Дөлөтбакова