presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

Кыргыз гезиттер
"МАК - 2013"
Акыркы жылдары бүт дүйнөдөгү мамлекеттер бангиликке каршы күрөштү күчөтүп жатат. Биздин республика дагы кошуна өлкөлөр менен биргеликте бангиликке каршы күрөшүү, каналдарын жабуу боюнча көп иш-чараларды өткөрүп жатышат.
Азыркы убакта республикалык масштабда "Мак-2013", "Каракуурай" операциялары жүрүп жаткан мезгили. Ошондуктан, Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги, өздүк курамы жана алардын кол алдындагы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери бангиликке каршы күрөшүү, банги заттары бар өсүмдүктөрдү жок кылуу боюнча көптөгөн иш-чараларды жер-жерлерде өткөрүп жатышат.
2013-жылдын 11-августунда Жалал-Абад ОИИБнын бангиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн оперативдик-иликтөө иштеринин натыйжасында, Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарынын "Энергетик" стадионунун жанынан Ташкөмүр шаарынын Токтогул көчөсүнүн тургуну, 1982-жылы Харин Руслан Александрович кармалып, ага ошол жерден калыстардын катышуусу менен текшергенде, оң колунда кармап турган салафан пакеттин ичинен 1кг "Гашиш" наркотикалык заттарды Токтогул районундагы суу сактагычтын жанындагы тоолордон өзү даярдап, мыйзамсыз сактап, пайдаланыш үчүн ташып жүргөндө кармалды. Айыпкер Харин Р.А. үстүнөн КРнын КЖКнин 246-беренесинин 4-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, баш коргоо чарасы 14.08.2013-жылы Жалал-Абад шаардык соту тарабынан камакка алынып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
2013-жылдын 15-августунда Жалал-Абад ОИИБнын бангиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана Тогуз-Торо РИИБнүн кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн оперативдик-иликтөө иштеринин натыйжасында, Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын Т.Кожалиев көчөсүнүн тургуну, 1963-ж.т. С.А.И. башкарып, айдап жүргөн ГАЗ-53 маркасындагы автоунаанын кузовунан 10 даана 50 кг каптарга салынып, даярдалган 250 кг 195 гр "Марихуана" бангисине окшош өзгөчө жыты бар чөп заттары кармалды. Азыркы убакта банги заттарын аныктоо үчүн экспертизага жиберилип, алдын-ала тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Бул банги заттары эгерде каналдар аркылуу республиканын аймагына же кошуна өлкөлөргө таркаганда, миңдеген адамдар ууланып, ден-соолугунан ажырап, айрыкча жаш муундардын келечегине балта чабылып, канча деген ата-энелерди кайгыга салып, элдин генефонуна кайталангыс зыянын
тийгизмек.

Жалал-Абад ОИИБнын
басма-сөз кызматы




Көздүү мончок
Чолпон Джолдошева, модель:
"Жоомарт Оторбаевдин ишмердүүлүгүн баалайм"
Бүгүнкү рубрикабыздын каарманы бала кезден мода чөйрөсүнө кызыгуу артып, 10 жылдан бери модель чөйрөсүнө аралашып, бир нече конкурстардын жеңүүчүсү аталган модель Джолдошева Чолпон.

-Чолпон айым, канча жаштасыз?
-Азыр 25 жаштамын. Жалал-Абаддан болом. Үч бир туугандын уулусумун. Ата-энем, бир туугандарым менен сыймыктанам.
-Канча жаштан модель чөйрөсүнө аралашып калдыңыз?
-Мен кичине кезимен эле модага абдан жакын элем. Модалуу көйнөктөрдү кийип, ата-энеме мактанып, подиумга чыгып баскым келчү. Биринчи жолу 2002-2003- жылдарда, мектеп жашыман конкурстарга катышып, мода көрсөтүп баштагам.
-Өзүңүздүн кесибиңиз кандай?
-Өзүмдүн кесибим боюнча чыгыш таануу жана Эл аралык мамилелер факултетин бүтүрүп, корей тили боюнча котормочу кесибинин ээси болдум. Ал эми Борбордук Азиядагы эң белгилүү Америка университетинде эмгектенем.
-Модель чөйрөсүнө канча жашка чейин аралаша аласыз?
-Бул суроого жооп берүү оңой эмес. Эң негизгиси, мага модель болуп, кыргыз дизайнерлерибиздин иштерин дүйнөлүк масштабка көтөрүүгө өз салымымды кошсом дейм.
-Тасмада роль жараткыңыз келеби?
-Албетте. Бул жаатта абдан кызыгам. Бирок, убакыттын тардыгына байланыштуу көп тартыла албай жүрөм. Жакындале Исхак Разаков жөнүндө тарыхый тасмага тартылдым. Буюрса, мындан ары да тасмаларга тартылууга ниетим бар.
-Ушуга чейин кандай конкурстарга катыша алдыңыз?
-Модель болуу менин кичине кезимден бери көксөгөн максатым. Андыктан, мектеп кезимен эле көп конкурстарга катышып келдим. 2011-жылы "Мисс весна", 2012-жылы "Ринг моделей 2012, Yana models Fashion-show Russian" конкурсунда А+ категориясына ээ болдум. Андан сырткары, "Top Model of Kyrgyzstan - 2012" аттуу конкурсунда биринчи орунга ээ болуп, "Miss Asia Global Kyrgyzstan 2012" титулуна татыктуу болдум. Ошондой эле АКШда өтө турган "Miss Asian-Amerika-2012" сынагына жолдомо алгам.
-Спирт ичимдиктерин татып көрдүңүз беле?
-Мен тамеки, спирт ичимдиктеринен таптакыр эле алысмын. Азыркы жаш кыздарыбыздын тамеки тартып, көчөдө ичип жүргөндөрү өкүнүчтүү көрүнүш. Япония, Корея сыяктуу чет өлкөнүн жаштарындай окуп, билим алышыбыз зарыл. Жаштар көп-көп китептерди окуп, спорт, бийге кызыкса келечекте дени сак улутка айланмакпыз деген ойдомун.
-Спорт менен машыгасызбы же атайын диетага отурасызбы?
-Спорт менен машыгуунун да өзүнчө диетасы болот. Ошол сыңары спортту да диетаны да бирдей алып кеткенге аракет кылам. Мен баскетбол, тайквондого кызыгуу менен машыгам. Зыяндуу өнөкөттөрдөн алыс болгонго аракет кылам.
-Ал эми ыр, бийге кандай карайсыз?
-Ырга абдан кызыгам. Жашоомду музыкасыз элестете албайм. Катуу сүйүнсөм да, ыйласам да ар дайым музыка менен алаксыйм. Негизи классикалык музакыларды укканды жактырам.
-Жандаган жигитиңиз барбы, кандай балдар жагат?
-Мен кыялданган мырзам акылдуу, аял затын сыйлаган, боорукер, эң башкысы, чыныгы эркектик сапаттарга татыктуу мырза болсо... Ар бир эркек үйбүлөнүн таянычы болуш керек. Ичип-чеккен, аял затына кол көтөргөн, жалкоо эркектерди жек көрөм. Бирок, жигитим жок...
-Кыргызстандын саясый абалы кызыктырабы? Дегеле кайсыл саясатчынын ишмердүүлүгүн баалайсыз?
-Албетте, биздин саясый абалыбыз кызыктырбай койбойт. Кээ бир саясатчыларыбыз өзүн гана ойлошуп, кыска ойлуулук менен иштегендер да жок эмес. Бул саясый абалдагы өкүнүчтүү көрүнүш. Ал эми мен Жоомарт Оторбаевдин ишмердүүлүгүн баалайм.
-Бош убактыңызды кантип эс аласыз?
-Бош убакытымда жакындарым, курбуларым менен эс алам. Көпчүлүк учурда китеп окуйм. Модалуу көйнөктөрдү ойлоп таап, тиккенге аракет кылам.










??.??