Кыргыз гезиттер

"Шайлоого жалаң бандиттер, куралчан топтор катышты"
18-августта Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Суу шаарынын тургундары калаа депутаттарын шайлашты. Тилекке каршы, саясый өнөктүк маалында Кыргызстандын социал-демократиялык (КСДП) жана "Өнүгүү" партияларынын тарапкерлери жердештерине саясый күрөштүн бийик үлгүсүн көрсөтүүнүн ордуна, тескерисинче, эл көзүнчө кырчылдашып, бири экинчисин токмоктоп, а түгүл ок атканга дагы үлгүрүштү.
-Биз көзөмөлдөгөн №5266-шайлоо чөлкөмүнө саат 13.20 чамасында 30-40 чакты спортсмен балдар киришти,-дейт "Ата Мекен" партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы Абдимиталип Сатыбалдиев, -Ошол жердегилердин айтымында, булар "Өнүгүү" партиясынын жигиттери экен. Аңгыча ал аймактагы КСДПнын жоон топ балдары дагы чогулуп, бир маалда эки тарап болуп мушташа кетишти. Анан ара чолодо атылган октордун үндөрү айланабызда далайга жаңырып жатты. Эки тарап андан ары элден алыстап, өз ара кырчылдаша салгылаша кетишти өңдөнөт, бир маалда таптакыр эле тынчып калышты.
Капысынан кепке аралашкан №5266-шайлоо чөлкөмүнүн төрагасы Нуриддин Исманов буларды айтып берди:
-Бир маалда биздин корообузда жаш балдар мушташып жатканын көзүм чалды. Анан артынан кадимкидей атышуу угулду. Мен коркуп кетип, дароо милиция чакырдым. Алар дароо жетип келишип, жаңжалды ырбатпай басканга үлгүрүштү.
Эки партиянын тарапкерлеринин өз ара араздашуусунан улам, мушташкандардын үчөө катуу запкы жегендиги айтылууда. Жабырлангандардын экөөсү Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген.
-Бизге азырынча экөө гана кайрылды. Мунарбек Райымбеков 1988-жылы туулган. Ал бөйрөгүнө эки-үч жолу бычак жептир,-деди Кара-Суу аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Каныбек Муратов, -Ошондуктан, Мунарбекке дароо операция жасалып, учурда бул жигит реанимацияда жатат. Эми гана кичине эсине келди. Акыбалы алгачкысынан кыйла эле дурус. Ал эми Исламбек Каримов 1983-жылы туулган. Ал дарыгерлерге "колума ок тийди" деп өзү айтыптыр. Оң жак колунан жараланган экен, ошону үчүн ал жараатын доктурлар дароо таңып беришиптир. Ооруканага жатмак эле, суранып атып үйүнө кетиптир. Эми доктурга кайрылса, дароо эле жаткырабыз.
Запкы жеген Мунарбек Райымбеков социал-демократиялык, Исламбек Каримов "Мекен ынтымагы" партиясынан экен. Ал эми "көкүрөктөн ок жеди" деген Нурмухаммед аттуу үчүнчү жигит (фамилиясы азырынча белгисиз) "Өнүгүү" партиясынын мүчөсү болгон. Анын акыбалы туурасында азырынча так маалымат
жок.
Күбөлөрдүн айтымында, окту адегенде СДПКнын өкүлү атыптыр. Муну ИИМдин маалымат катчысы Ж.Абдрахманов ММКларга билдирүүсүндө дагы бышыктады.
Ал эми "Өнүгүү" партиясынын аймактагы өкүлү Тыныч Мамаев өз ара араздашуу маалында партиялашын СДПКнын өкүлү бычактап салгандыгын караманча четке какты. Бул арада "Кыргыз Ата" элдик партиясынын төрагасы Т.Келдибаев Кара-Суу шаарындагы шайлоо орой мыйзам бузуулар менен коштолгондугун, ошону үчүн анын жыйынтыгын таптакыр тааныбай турушкандыгын жар салды.
-Кыргызстандын тарыхында эзели мындай ыплас шайлоо болгон эмес! Бул саясый өнөктүккө эл эмес, жалаң бандиттер, анан куралчан топтор катышты. Андыктан, Кыргыз бийлиги "чыныгы адилеттикти орнотом" десе, Кара-Суу шаардык кеңешинин шайлоосунун жыйынтыгын күтпөстөн эле аны жокко чыгарып, токтоосуз кайра шайлоо дайындоосу абзел!-дейт Төлөгөн Келдибаев.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчыбыз, Кара-Суу шаары








меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

Яндекс.Метрика