Тилинен башка берекеси жок Тайырбек менен Талиева
Өкмөт башчысынын орун басарлары Тайырбек Сарпашев менен Камила Талиева рубрика сынынын бүгүнкү меймандары болушту. Аткаруу бийлигине, анын ичинен бакыйган эки вице-премьер министрдин кандай шартта иштеп жаткандыгына коомдук пикирлер менен биргеликте жооп издедик. Ал эми төмөндөгү биз издеген пикирлерге карапайым калк тараза болсун.


Иманкадыр Рысалиев, экс-министр:
"Тайырбекте тилинен башка береке жок"
-Эми булардын кайсы кылган ишин айтмак элек? Камила айым бирдеме болсо эле "акча жок, казына тартыш" деп оозун куу чөп менен аарчыганга көнүп алды. Тебиреп. Эй, айланайындар, акча жок болсо каражат таап, иштегиле да. Эл силерди министрликке "акча жок, жетпей жатат" деген шылтоо айтуу үчүн алып барган эмес да. Ал эми Тайырбек Сарпашев региондорду кыдырып, баарына эле убада берип, карапайым элди куру сөзү менен жыргатып жатат. Ошол берген убадаларын канчалык деңгээлде аткарарын билбестен адыраңдап жатат окшойт. Эртеңки күнү Сарпашевдин эл алдында берген убадаларын карапайым калк сурачу мезгили келет. Ошондо тапанданбай, "казынада акча жок" дебей берген убадаларын аткарса болду го. Анан да Тайырбек Жогорку Кеңешке барганда баардык маселелер үчүн бакылдап жооп берип, өзүнчө эле өкмөт башчыдай түр көрсөтчү болду. А бирок, канчалык бакылдабасын, бул жигитте тилинен башка берекеси жок. Вице-премьер катары куру убадаларды бергенинен башка жарытылуу иш кылганы көрүнө элек.


Тынычбек Табылдиев, экс-вице-премьер-министр:
"Азыркы вицелердин
ыйгарым укуктары
жок"
-Вицелер кыйратмак беле? Себеби, Атамбаев ушундай кадрларды тандап жатат. Баардыгы өкмөттүн жана Атамбаевдин саясатынан да. "Эшегине жараша тушагы" дегендей. Бул вицелердин колунда ыйгарым укуктары жок, тагыраагы, эч нерсени чече алышпайт. Силер атаган вицелердин ыйгарым укуктары чектелүү болгондон кийин булардан эмнени күтмөк элек? Мен буга чейин айткандай азыркы өкмөттүн курамы тап-такыр мыйзамга туура келбеген шарт менен куралган. Өкмөттүн эч бир программасы жок. Ар бир министрликти парламенттеги фракция жетекчилери бөлүп алышып, ишке жөндөмсүз кадрларды коюп алышып, натыйжасы, өкмөттүн иши пайдасыз болуп жатат. Өкмөттү жалпы элден чоң колдоо алып келген гана партиялар түзүшү керек. Бизге азыркыдай ар бир кызматты бөлүп алган парламенттин кереги жок. Булар
таркашсын!


Айгүл Рыскулова, экс-министр:
"Экөөнүн ишине күзүндө баа берилет"
-Азыркы вице-премьер-министрлер эле эмес, өкмөттүн көйгөйлүү көп маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүгү болбой жаткандыгын көрүп жатабыз. Экономикалык туруктуу абалыбыз начарлады. Албетте, "баары жаман, баары начар иштеп жатат" дегенден алысмын. Анткени, өзүм да көп жыл өкмөттө иштегем. Азыркы силер сөз кылып жаткан Сарпашев менен Талиева региондорго чапкылап барып, эл аралап иштеп жаткандыгын көрүп жатабыз. Бирок, булардын ушундай иштеринин жыйынтыгы кандай болот? Аны күзүндө көрөбүз.


Расул Үмөталиев, серепчи, көз-карандысыз эксперт:
"Сарпашев бийликке келгени өзүнүн бизнесин гана коргоп жатат"
-Сарпашев менен Талиева айылчылап эле, өздөрүн пиартеткенден башканы билбей калышты окшойт. Талиева эми аман эле болсун! Ал эми Сарпашев бизнесмен, өзүнүн жеке кызыкчылыгын эле көздөгөн жигит. Өкмөткө, бийликке дегеле бизнесмендерди жолотпош керек. Сарпашев өкмөттөгү бийик кызматты аркалап жатып, деле бир жарытылуу иш кылганын көргөн жокмун. Өкмөт башчы, вице-премьер-министрлер баш болуп, баарын кыйратып, телегейин тегиз кылып салгансып, Ысык-Көлдөгү "Мейкин Азияда" отурушат. Ой, айланайын, ал жакка маданият министри барса эле жетишет эле го. Тайырбек Сарпашев бийликке келгени өзүнө таандык "Градиент" фирмасын кызыкчылыгын бийликтин күчү менен коргоп, популист болуп бүттү. Майлы-Сайдагы электр-лампа заводунун коррупциялык ишине, "завод начар иштеп жатат" деген шылтоо менен сата турганга Сарпашевдин түздөн-түз катыштыгы бар. Сөздүн ачыгы - булар бизди жыргатпайт.


Келдибек Назиров, журналист:
"Булар иш билбейт,
мамлекет менен ойнобосун"
-Азыркы учурда бийик кызмат болгон вице-премьер-министрлик кызматка такшалган, өзүнүн ишин билген кадрларды эмес, бийликтин кызыкчылыгы менен партиялык топтордун кызыкчылыгы каралып, бул кызматка кадрлар коюлуп калды. Маселен, Сарпашевдин жеке ишкер, мурда депутат жана кайнатасы Тойчубек Касымов болгон үчүн эле вице-премьерликке келгени болбосо, бу эргулдун Кыргызстан үчүн көзгө көрүнүктүү бир иш жасаганын билбейбиз. Ал эми Талиева деле Сарпашевден кем калбаган, мурда мугалим болуп жүрүп эле "Ар-намыстын" кызыкчылыгы үчүн вицеликке келген кадр. Мунун эч бир жетекчилик тажрыйбасы менен касиети жок. Ошон үчүн бул эки аткаминер тең иштей албайт. Анткени, булар иштин көрөңгөсүн, иштөө стилди биле алышпайт. Андыктан, бул эки вице-премьер иштей албай, ишинде тоскоолдуктар болуп жатса, ачык эле элге "биз иштейли десек ушундай кыйынчылыктар болду, биздин ишибиз көрүнбөй жатат" деп туруп, кызматтарын тапшырып кетип калышса элге пайда келтирмек. Ишти билбегенден кийин булар мамлекет менен ойнобош керек.


Мирзат Аджиев, жаш саясатчы:
"Булар айткан сөздөрүнө
турган жок"
-Тайырбек Сарпашев менен Камила Талиева бийликке келгиче сонун сөздөрдү айтышчу эле, азыр ал сөздөрүн таптакыр унутушту. Керек болсо, экөө тең өздөрү тейлеген тармакты түшүнүшкөн жок. Бийликке келгени жаңы ойду, жаңыча иштөө жолдорун көрсөтө алышпай, иш билги эместигин көрсөтүштү. Мисалы, ошол эле Сарпашев бийликке келгиче "ипотека маселесин чечебиз" деп ооз көптүрдү эле, бийликке келери менен анысынан дайын жок. Сүйлөгөн сөзү менен иши башка болуп жатса, анан кантип буларга ишеним болсун?


Мирлан Бакиров, ЖК депутаты:
"Сарпашев тили менен гана
сайрап иштөөдө"
-Коомчулуктун вице-премьерлер Талиева менен Сарпашевге айткан сын-пикирлерине негиз бар. Жалгыз эле бул экөө эмес, жалпы өкмөт деле жыргатып жиберген жери жок. Силер атаган ошол эле Талиева социалдык тармакты тейлеген өкмөттүн орун басары катары өзүнүн конкреттүү иш кылганын көрсөтө алган жок. Социалдык тармакты көтөрүү боюнча деле сунуштарын көрсөтө албады. Ал эми Сарпашевдин тили эле сайрап, тилинен башка берекеси жоктугун далилдөөдө. Сарпашев, Талиева сындуу өкмөттүн жетекчилерине "Кумтөр", Батукаевдин качышы сындуу иштерине сентябрда баа берилет. Себеби, мындай чуулгандуу иштерге экөөнүн да жоопкерчилиги бар.

Ийгилик Болсунбаев