Медалдын экинчи бети
Замир Үчкурткаев, Бостери айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы:
"Чындыкты издеген Чынара Молдошеванын ыплас жоруктары"
Өткөн аптада бүтүндөй Көл аймагын "дүңк" эттирген жергиликтүү активист Чынара Молдошевага жаңылган ок тууралуу ар кандай версиялар айтылууда. Мындай версиялардын катарында Бостери айыл өкмөтүнүн экс-башчысы Замирбек мырзага карата да шектенүүлөр болуп жаткандыгын угуп, экс-айыл өкмөт башчысы менен маектештик. Неге Замирди киллер катары көрүшүүдө? Жандырмагын издейлик. Жалган жалаа болуп жүрбөсүн? Ал жүрөгүнөн инфаркт кармады. Эң ириде, каарманыбыз буга чейин бир нече ирет айылдык, райондук кеңештин депутаттыгына шайланып, 29 жашында айыл өкмөттүнө бекип, эң жаш жетекчи катары өзүн көрсөтө алган. Эл ичинен оброй таап. Учурда да айылдык кеңештин депутаты болуп үзүрлүү эмгектенүүдө.

-Замир мырза, Чынара Молдошеваны атып кетүү боюнча сизден шек саноо болуп жаткандыгынан кабардар болуп жатабыз. Аталган кырсыктуу окуя боюнча сиздин пикирди тыңдап көрөлүчү?
-Андай сөздөрдүн болуп жаткандыгы боюнча менин да кулагым чалды. Мындай маалыматтар гезит беттерине чейин чыгып кетүүдө. Ушундай чындыкка дал келбеген, далилсиз маалыматтар чыгып кеткенден кийин ден-соолугума олуттуу доо кетип, учурда Чолпон-Атадагы ооруканада жүрөк оорусуна кабылып, доктурлардын көзөмөлүндө
жатам.
-Дегеле Чынара эже менен сиздин эмне мамилеңиз бар эле?
-2007-жылдын 4-мартында жалпы элдик шайлоо менен Бостери айылынын айыл өкмөт башчысы болуп шайланып, 2011-жылдын 28-декабрына чейин иштедим. Айыл өкмөтүн жетектеп турганда, Чынара эже бир катар маселелер менен келип, кеңешип, ар кандай маселелерди талкуулап турчубуз. Эже менен абдан жакшы мамиледе болчубуз. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин, биз дагы "Кыргыз Деңизи" пансионатынын директорун алмаштырып, ордуна жергиликтүү тургун Кубан Асейиновду Жакыпов Алсын деген "Кыргыз Алтын" ишканасынын башчысы аркылуу мыйзам чегинде буйрук чыгартып, директор кылып бекиттик. Ошол маалда, мурда Максим Бакиев ээлик кылган "Кыргыз Алтын" ишканасынын карамагында окуу борбору бар эле. Аталган окуу борборду Жакыпов мырза менен сүйлөшүп, Бостери айылынын карамагына алып, балабакча ачтык. Балабакча ачуу тууралуу "Кыргыз Алтын" ишканасынын жыйынына мен шашылыш эл менен жолугушуу болоруна байланыштуу катыша албай, Бостери айылынын элинин атынан Чынара Молдошева катышып, мүмкүн болсо, бала-бакча ачуу тууралуу мыйзамдуу документтерди Чынара эжеден берип жиберишин өтүнгөм. Ошентип, "Кыргыз Алтындын" жетекчилиги элдин талабын аткарып, балабакча ачуу тууралуу сунушубузду колдоп, айыл өкмөттүн карамагына өткөрүп беришти. Анан үч айдын ичинде аталган балабакчаны жасап, учурда облустун эң алдыңкы таалим-тарбия уясына айланды. Натыйжада, жакшы шартта иштей баштаган соң, Чынара эже мага келип, "Замир, бала-бакырам, неберем жок, ушул балабакчага менин ысымымды койдуруп берчи?" деп суранып келгенинен эжеге "сиздин сунушуңузду депутаттар менен сүйлөшүп, чечип, андан соң гана жообумду берейин" дедим. Мындай сунушту айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибине койсом, жергиликтүү депутаттар караманча эле каршы чыгышты.
-Чынара эже экөөңүздөрдүн ортоңордо ушул маселеден соң жарака кетти го?
-2011-жылдын 3-июлунда "Асыл-Таш" пансионатында бостерилик балдар менен ИИМдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ортосунда атышуу болот. Бул иштен соң, ИИМ орун басарлары Мелис Турганбаев, Кашкар Жунусалиев, УКМК төрагасынын орун басары Дүйшөнов жана Ысык-Көл облусунун губернатору, о.э. жергиликтүү бийлик баш болуп, элди тынчытканга аракет кылдык. Бул ишти эки тарап сүйлөшүү, тынчтык жолу менен чечип алдык. Ушул иштерден кийин эле Чынара эже менин үстүмдөн ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгына арыз жазды. Жылкы теппей эле...
-Арыз жазуусунун себебин биле алдыңызбы?
-Себеби, "Асыл-Ташта" болуп өткөн ызы-чууну Замир баштаган жана айыл өкмөтү катары чарбалык ишинде мыйзамсыз иштери бар" деген сындуу арызданышат. Арыз жазылары менен ИИМ тарабынан мага кылмыш иши козголуп, ИИМдин кылмыш иликтөө бөлүмү ишти тергеп, бир дагы далилдүү иштер табылбагандыктан, иш кыскарып, башкы прокуратура тарабынан мага козголгон иш жокко чыгарылган.
-Жумуштан кетишиңизге дагы сизге козголгон кылмыш түрткү болдубу?
-Мен 2011-жылдын 28-декабрында өз каалоом менен жумуштан кетүү боюнча акимге арыз жазсам, аким арызымды кабыл албай жатып, акыры менин каалоомду аткарды. Андан соң жумушка келсем, ушул эле Чынара эже, Мукамбаева Салтанат деген Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутатын алып келип, "Замир, акимге барсак сени чечет (!) деп жиберди, ушул эжени айыл өкмөт кылып калтырып кет" дегенинен мен алардын сунушунан баш тартып, "депутаттар, карапайым эл менен чечишип алгыла" дедим. Аңгыча болбой кабинетиме айылдык кеңештин депутаты Мааданбекова Жылдыз менен айылдык кеңеште иштеген бир эже келип, менин кабинетимен ич ара аябай урушуп, менин ажыратканыма карабай чатакташып кетишти. Ошол окуядан кийин эле Чынара эже мага асылды да калды.
-Чынара эже СДПКнын мүчөсү катары жогорудагы шефтерине таянып, сизге асылган го?
-2010-жылдан кийин президенттик шайлоодо Чынара эже менин кабинетиме келип, "Замир, Караколго барсам, СДПКнын облус боюнча штаб жетекчиси Болот деген байке "Чынара эже, сиз СДПКнын авторитетин кетирип бүттүңүз, келбеңиз экинчи бул жакка" деп айтканын мага келип айтып берди. Биз облустук штабсыз эле ошол шайлоодо Атамбаевди абдан колдоп, биздин айылда 1300 шайлоочу болсо, ошонун 1000 шайлоочусу Атамбаевге добушун берип, алгачкылардан жыйынтык чыгарып, таза шайлоо өткөргөнбүз. Тагыраагы, Атамбаевге Чынарасы жок эле жалпы эл менен добуш алып бергенбиз. Ошондуктан, КСДПнын башчылары Чынарага окшогон эл-журтту куруткан немелерди райондорго координатор кылып коюшту. Мас абалында эки адамдын өлүмүнө себепчи болгон Мукамбаева Салтанат деген кыз учурда КСДПнын райондук координатору болуп отурат. Молдошева алып келген Мукамбаева Салтанат 2010-жылы революциядан кийин "Кыргыз Деңизи" пансионатына "директор болом" деп жүргөндө, Чынара эже мага "Салтанаттын үстүнөн 2009-жылы 23-февралда мас болуп алып, Чолпон-Атада эки кишини кагып өлтүргөн, ошол ишинин үстүнөн арыз жаздым" деп айткан. Ошондо Чынара эжеге "бирөөнүн айыбын ачып не кыласыз?" десем, "жо-ок, мен аны иштетпейм" деген. Ушул окуялардан кийин эле Мукамбаева Салтанаттын Кубан деген жээни "Аалам" пансионатына "директор болом" дегенин угуп, анда да алардын үстүнөн "мурда соттолгон, салык кызматында иштеп жүрүп, пара алып кармалган, мындай неме кантип директор болору" тууралуу арыз жазгандыгын айтты. Анын ушундай кылыгынан кийин, Салтанат менен Кубан мага кекенишип, Чынарды мен тукуруп жаткандай көрүштү да. Кийин болсо, тагдырдын тамашасын кара, Кубан менен Салтанат айым Чынара Молдошева менен достошуп, кайра үчөө биригип, мага каршы иштемейге өтүштү. Кайра-кайра үстүмөн арыз жаза башташты. Учурда менин айыл өкмөтү кезимдеги иштеримди камтыган эки козголгон кылмыш иши соттун өндүрүшүндө, бир иш облустук прокуратурасынын көзөмөлүндө турат. 2011-жылы козголгон кылмыш иштери далил жоктугунан ар кандай чампалоо менен келе жатат.
-Айыл өкмөтү кезиңизде Чынара эже менен бир пикирге келип, сүйлөшүү жолу менен биргеликте тынч иштешүүнү каалаган жоксузбу?
-Антип деле көрдүм. Чынара эже элге "Замир менден келип кечирим сурасын" дейт экен. Мен ага эмненин, кандай негизде, кай күнөөм үчүн кечирим сурамак элем? Мунун максаты, айыл өкмөтү кезимде Түптө жашаган эки баласына жер сурап келгенде "Чынара эже, Түп эмес, Бостеринин жаштарына жер жетпей атат, 1500 киши жер үчүн кезекте турушат, мыйзам боюнча жергиликтүү элге биринчи жер беришим керек, кийинчерээк караштыралы" деп баш тарттым. Экинчиси, "Салтанат Мукамбаеваны айыл өкмөт кыл" дегенде, анысына каршы чыктым. 2012-жылы ноябрь айында жергиликтүү кеңешке шайлоо болот. Булар КСДПнын атынан чыгышат. Эң кызыгы, айыл өкмөт шайланарда ушул эле Чынара белгилүү бир талапкерден бир добуш үчүн миң доллардан, үч миң долларга чейин акча алганы каңкууланган. Албетте, муну кол менен кармап албагандан кийин айта албайсың. Бирок, акыры Кудай көрүп турат да. Мындай ыплас шайлоо болгонун көргөн патриот депутаттар мандаттарын таштап, эки жолу кворум болбой, шайлоо өтпөй калат. Ушул жылдын 27-майында кайра шайлоо болуп, Максат Күчүковду айылдык кеңештин төрагасы кылып шайлап бердик.
-А бирок, Чынара эже айылдагы мыйзамсыз иштерге каршы туруп, аны айылдын "акыйкатчысы" деп атагандар да бар экен го?
-Акыйкаттыкты талап кылып, "коррупция менен күрөшөм" деген киши айыл өкмөт башчылыгына мас абалында эки кишини өлтүргөн немени "айыл өкмөт шайлап бер" деп алып келет беле? Бул кандайча апрель революциясынын баатыры болуп калгандыгын мен да түшүнбөйм. Анысы аз келгенсип, акыркы айыл өкмөт шайлоодо мурда "Күрмөнтү" цемент заводунда директор болуп иштеп, жети миллион сомду жегени боюнча соттолгон бостерилик Оңкобаев Бакыт деген адамды айыл өкмөт башчылыгына түртүп, колдоп жүрдү. Кана, акыйкат издеген Чынаранын акыйкаттуулугу? Мындай адамдар менен КСДП эмки шайлоодо бул өрөөндөн тийиштүү добуш алалбай калышы мүмкүн. 2010-жылдагы революциядан кийин Акаев, Бакиевдер тарабынан мыйзамсыз тартылып алынган пансионат, мекемелерди элдин карамагына кайтаруу менен алек болуп жүрсөк, бул эжекебиз аялдардан турган жоон топту ээрчитип алып, "Гүлкайыр" пансионатына директор боло коймокчумун" дегени да бар. Тагыраагы, мунун пансионатты рейдерлик жол кылууга аракет кылган фактылары бар. Ташиев, Садыр Жапаровдордун боштондугун талап кылып, жол бууган баатыр энелерди президент Атамбаев "мен буларды баатыр эне дебейм" дебеди беле? Мен да Молдошева Чынарага окшогон эл бузаар, журт бузаарларды "журт бузаар катын" деп эле айтам. Чынаранын ким экендигин жалпы жергиликтүү элден сурасаңар, төкпөй-чачпай айтып берет. Бул канча деген адамдарга арыз жазды. Чынара эжекебизди ким атса да, кармалганы мага дагы жакшы болот эле. Анткени, мени "өзгөчө оор кылмышка барды" деп шектеп жатпайбы. Эгерде кылмышкер табылса, муну менен мага жалган жалаа жапкандыгы үчүн катуу сүйлөшөм. Анткени, буга чейин бул эжеге жакшы эле чыдап келдим. Эми чыдоонун да чеги болот. Аман-эсен айыгып келсе, баарын териштирип, сүйлөшчү сөздөр болот.
Ийгилик Болсунбаев