Жакшынын кызы...
Эльдана Сатыбалдиева:
"Мен гитара чертем, атам ырдайт"
-Экзамен тапшырдыңбы?
-Англис тилинен жана математикадан.
-Конкурсанттар көп бекен?
-Көп эле болду. Анткени бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү чет жерден билим алганга умтулуп калышпадыбы. Ошондон улам 1 орунга 200дөн ашуун конкурсант болду.
-Жалпы жонунан канчооң тапшырдың?
-Бир орун 50% арзандатылган, 2 орун 25% , 4 орун 10% арзандатылган грант менен. А мен 50 пайыздыгына тапшырдым.
-Ошондо бир жылдык окуусуна канча төлөп калат экенсиң?
-6500 АКШ долларын төлөй турган жерге 3250 доллар төлөмөк болдум.
-Окууга өтөөрүн өтүпсүң, окуй аласыңбы?
-Намыскөймүн, окуп кетем. Бу жактагы ата-энемди уят кылбайм.
-Азыр канча тил билесиң?
-Эне тилимден сырткары англис, түрк, орус тилдерин.
-TOEFL IBTден канча балл алгансың?
-81 балл.
-Лицейде окуп жүргөн кезиңде бош убактыңды эмнеге коротчу элең?
-Атамды жакшы ырдаарын билесиз. Мен атамдын кызымын да, гитара жана фортепиано музыкалык аспаптарда ойногону ийримдерге атышып
жүрдүм.
-А сен ырдабайсыңбы?
-Мен гитарада коштоп берчүмүн, атам ырдачу.
-Атаң тил албай койсоң бурчка тургузчу беле?
-Биз андайды билбейбиз. Атанын сөзүн эки кылган жан эмесмин.
-Жакшы иш кылганың үчүн эмне белек берет?
-Негизи соодалашпайм. Аны атам өзү билип эле берет. Мисалы, Малайзияга грант утуп алганда эски комптун ордуна жаңы заманбап компьютер алып берди.
-Апаң сага ким?
-Эң жакын адамым. Эч бир сырымды жашырбай болгонун-болгондой айтып берем.
-Кимге эркелейсиң?
-Албетте, атама. Камкор, сарамжал кишиге ким эле эркелебесин...
-Кийим-кечекти ким алып берет?
-Биринчи дүкөн кыдырам. Мага жаккан кийимдердин баасын билип туруп атама айтам. Атам акчаны берет.
-Малайзияга кетип калсаң, кимди биринчи сагынасың?
-Апамды. Энедей болбойт да бул дүйнөдө. Бирок, сагынганга убакыт болбойт (!) дешет.
Бекбол Айдаров





Кайдасыңар, каркыралар?
Эсте калган ирмемдер...
Аз күн мурун бир курсташ кызым менен агенттен баарлашып калдым. Москвада кафеде иштейт экен. Күйөөсү 6 жыл мурун каза болуп, өзү болсо бир университеттеги жумушун таштап (жарыбаган айлык да), миграциянын шарданы менен кошул-ташыл кетиптир. Ал дагы сурайт, "курсташтардан кимдерге жолугасың?" деп. "Эч кимге" дедим. Мен да өзүмдүн арабамды аңгыл-дөңгүл жолдо сүйрөп келатам. Жол узак. Өткөндө дагы бир кыз, бизден жогорку курстарда окуса керек, журналистика жаатында иштейт экен. Экөөбүз кокусунан сүйлөшүп калып, "Ай, сен баягы жатаканадагы чатак Аслансыңбы?" дейт. "Ошо, өзүмүн" дедим. "Көзгө эле жылуу учурайсың, эстей албайм" деп күлөт. Өткөн күндөрдү эстеп, жылуулук жаратып. Негизи студенттик таттуу күндөрдү көз алдыга тартуу кандай жакшы? Ал доорго кайрадан аралашып кеткендей болосуң, дагы да жашаргандай бакытка бөлөнөсүң.
Негизи биздин Кыргыз филологиясы факультети таланттарга бай болчу. Раматылык Качкынбай Артыкбаев не деген инсан эле? Кыргыз адабиятынын тарыхын кан-жанына сиңирген өзүнчө бир энциклопедия экенине суктанчумун. Сынчылык, акындык алптыгынан кеп салсаң, күнү-түнү отурчудайсың. Маркум Кеңешбек Асаналиев да ташка тамга баскандай таамай жазчу. Бийик деңгээлдеги илимпоз катары өзүнүн орду көптөрдөн жогору турарын тана албайбыз. Санай берсек, факультетте кыйындар арбын болчу агезде. Садыков, Биялиев, Шатманов, Карымшаков, Чыманов, Дүйшеев, Байсабаев, Ишекеев, Исамидинов, Маразыков, Оторбаев, Султаналиев, Абыразаков, Баймырзаев, Табалдиева, Сатыбеков, Сыдыков, Сопонова, айтор, санай берсең тизме улана берет...
4-курста Искендер агай лекция окуп калды. Ишемби күнү сайын. Ал агезде 1-проректор болчу, кээде иши чыгып сабак өтүлбөй калса, кийинки лекциясында студентердин тең жартысы келбей калчу. Андайда Исамидинов мени бурчка такай омуроолоп, бугун чыгарып алчу да (староста элем). Бирок, мен проректордун бир да сабагын калтырган жокмун. Себеби, лекция окугандан да агайдын тапанданып, жорго сөз менен боорду эзе сүйлөгөнү жакчу. Күлбөгөн адамды да куйкум юмору менен тойгузуп, кадимкидей жер жаздырганы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Бир жолку минтет: "Мен 80-жылдары декандын орун басары элем, анан биздин факультеттин студенти жатакананын 3-кабатынан секирип кетиптир. Дагы Кудай жалгап, төгүлгөн кумдун үстүнө түшүп, аман калды да. Көрсө, жактырган кызы "сени сүйбөйм" десе, ошон үчүн эрдик жасаптыр. Анан мен ал кызды чакырдым, эми "укмуш сулуу кыз го" деп чыдамым кете күтүп атам. Бир убакта келди, көрүп эле чалкаман кеттим... Түрү ушундай жаман суук дейсиң... Мен анүчүн керебеттен да кулабайт элем" деп аудиторияны кыраан-каткырыкка бөлөп салды. Агай ушул сымал жоруктарды жобурап атып эле, лекциясын бүтүрүп кетчү. Биз да жыргап калчубуз.
Дагы бир оригиналдуу Мухтар Сатыбековдун жоруктарын санай берсең кагаз түт келбейт. Көбүн жаза албайсың, уяласың да... Мен студент кезде агай отуз менен кырктын ортосундагы чыртыйган жигит эле. Саат 8де лекциясы башталат. Кагазды карабай окучу. Тили дагы уу, кыздарды "эчкилер" деп тергеп, адамды басмырлагандан жыргап алчу, жарыктык киши. Кээде Сатыбековдун чачы үрпөйүп, кечээги майрамдан кийин кыйналып калганы ачык эле байкалып турчу. Андайда мени "сыртка чыксаң" дейт. Экөөбүз 15 мүнөткө жоголобуз. 5-корпустун ылдый жагында Баткендин арзан виносу сатылчу, а жерге барып, эки чоң стакан менен удаа-удаа дем албай бастырчу элек. Мени шерик кылып, ээрчитип алчу да. Ошентип, кайра келебиз, лекция уланат. Мындай учурлар байма-бай болгону менен мага да жакчу, негедир...
(Уландысы бар)
Асланбек Сартбаев