Май кармангандар
Байлыгы көп, "тихоня" Жумалиев
Жакында эле "Каркыра" элдик кыймылынын лидери Абдраим Касымов ЖМКлар аркылуу экс-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев Кыргызстандагы майлуу-сүттүү, киреше бере турган мамлекеттик объектилердин үчтөн бирин менчиктештирип алганын билдирди.

Анын айтымында, Жумалиевдин кланы криминалдык схеманы колдонуп, Минтранстын мүлктөрүн, атап айтканда, Бишкек темир жол вокзалынын мейманканасын, ашканасын, актовый залын менчиктештирип алган. Минтранстын автобазасы, ЭВМ заводунун мүлк комплекси, СССР учурунда курулган кыргыз-корей брикет көмүрүн чыгаруу заводу да Жумалиевдин менчигинде.
Касымов ошондой эле "Таатан", "Гоин", Жалал-Абаддагы тоок фермасы, Кочкор-Атадагы ИИБнин имараты жана "Касым-Ата" ОсООсунун базарынын эси да дал Жумалиев экенин эстетип өттү. "Булар биз билгендерибиз эле. Ал эми бизге белгисиз мүлктөрү канча?" деди "Каркыранын" лидери.
А.Касымовдун айтымында, анын мындай билдирүү менен чыгуусуна Жалал-Абад облусунун керек-жарак коомунун Универсалдык соода базасынын мурдакы кызматкерлеринин кайрылуусу себеп болуптур. Анткени, экс-премьердин бир тууган иниси Самарбек Жумалиев базанын директору болуп иштеп турганда, соода базасынын мүлкүн сатып, кийинчерээк базанын өзүн да менчиктештирип алган экен.
Белгилеп кое турган нерсе, Жумалиевдин байлыгы тууралуу маселе биринчи жолу эле көтөрүлүп жаткан жери жок. Учурунда "Кереге" гезити (№13, 24.08.2011-ж.) Жумалиевдин Бишкекте теплицасы бар экендигин, "Манас жаңырыгы" теле радио компаниясы да экс-премьер-министрге таандык экендигин жазган болчу. Ал эми "Де-факто" гезити болсо (№47,11.10) Жумалиевдин байлыгы Бишкекте, Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да бар экендигин, Жумалиевдин "байлыгынын масштабына Бекназаров да таң калгандыгын" кыйыткан.
Кубанычбек Жумалиев болсо, өз кезегинде "Алиби" гезитине (26.07.2013-ж) бир полоса интервью берип, аны сындаган Абдраим Касымов уйгур экенин жар салды. Иниси Самарбек Жумалиев Жалал-Абаддагы "Залкар банк" ачык акционердик коомунан "Касым Ата" базарын ачык аукциондон сатып алганын, өзү болсо 2009-жылы "Азия банктан" 600 миң кредит алып, ЭВМдин бир бөлүгүн сатып алганын, "Гоин", "Таатан" соода борборлорунда өзүнүн жана бир туугандарынын үлүштөрү бар экендигин, "Брикет" заводун да ЮНИ кредит банкынан 800 миң кредит алып, жеке менчик ээсинен (мамлекеттен эмес) сатып алганын мойнуна алды. "Анын эмнеси кылмыш экен? Мен муну жашырган эмесмин жана жашырбайм дагы" дейт Кубанычбек мырза.

"Бишкек инфо"




"Эки доочуң бир келсе, ажалыңдын жеткени..."
Ысык-Көл элинин өкүлү У.Мамытов таза сууга бөлүнгөн 58 млн сом боюнча К.Жумалиевдин отчет берүүсүн талап кылды
Ысык-Көл облусуна таза суу чыгаруу үчүн берилген 58 млн сом акчанын дайыны жок болуп кеткенине мурунку премьер-министр Кубанычбек Жумалиев жооп бериши керек. Мындай талапты Ысык-Көл элинин атынан келген өкүл Узакбек Мамытов 26-июлда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, К.Жумалиев 1998-жылы таза сууга деп Ысык-Көл облусуна 58 млн сом акча алып келгенин билдирген, бирок, ал акча таза сууга жумшалбай эле дайынсыз жок болуп кеткен. "Бул акчалар кайда кеткенин К.Жумалиев жооп бериш керек",-билдирди ал.

Экс-премьер-министр 27 ишкананы 171 миң сомго сатып алганы маалымат жыйында айтылды
26-июлда АКИpress агенттигине Жалал-Абад облусунун Сузак райондук "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" ассоциациясынын жетекчиси Бекболот Ибрагимов маалымат жыйын өткөрүп, мурунку премьер-министр Кубанычбек Жумалиев Сузак районундагы 27 ишкананы 171 миң эле сомго сатып алганып билдирди.
Анын пикиринде, баардыгы туура эсептелип сатыкка коюлса, аталган ишканалардын баасы 72 млн сом болмок.
"К.Жумалиев сатып алган ишканалардын үчөөнү "Залкар банкка" күрөөгө коюп, 12 миллион 784 миң сом алган. Ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы 3 гектар аянтты арзан баага сатып алган. Азыркы күндө ар бир тилке жер 5-10 миң доллардан сатылат. Жалал-Абаддагы тоок фабрикасын 600 миң сомго алып, ал жерди базарга айландырып салган",-дейт Б.Ибрагимов.
"Каркыра" элдик кыймылынын өкүлү Абдраим Касымов билдиргендей, ошол кездеги башпрокурор Азимбек Бекназаров К.Жумалиевдин ишканаларды мыйзамсыз менчиктештирип алгандыгы боюнча иш козгобой, көз жумуп койгон.
"К.Жумалиев мени улуттар аралык жаңжал чыгарууга үгүттөгөн деп күнөөлөп жатканы жалган. Анын жогоруда айтылган мыйзамсыз иштери боюнча 2010-жылы А.Бекназаровго кайрылсак, ал көңүл бурбай койду",-А.Касымов.
Ал кошумчалагандай, Жалал-Абад шаарындагы Арстанбап айылынын "Орленок" пионер лагерин 39 миң сомго сатып алып, ал жер бүгүнкү күндө каралбай талкаланып жатат.
"Баракелде"





Акимбек Искаков:
"Роза Амановага алданып калдым"
Редакциябызга Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну Акимбек Искаков баш бакты. "Кубанычбек Жумалиевдин ишмердүүлүгү тууралуу жазып атасыңар. Бул жөнүндө менин да кошумча сөзүм бар эле. Анткени, ошо адамга түздөн-түз тиешеси бар фирма теледен жан-алы калбай кыйкырып, рекламалаган йоктан менен чоктан көмүрлөрү, анын терс сапаттары жөнүндө айтат элем" дейт.

-Акимбек аксакал, келген максатыңызды айтсаңыз?
-Мындан бир жыл мурун телевизордон йоктан, чоктан жөнүндө Роза Аманова мактап, рекламалап, жаркыратып от чыгарып атканынан кызыгып, 4 котел (меш) алгам. Анын бирөөсүн бир кышта эксперимент кылып, 3 айда 34 миң сомго йоктан чоктан алып, расход болдум. Документтери да толук бар. Бүт кагаздары сакталуу.
-34 миңге баарына чоктан менен йоктан алдыңызбы, а мешичи?
-Меши өзүнчө. Ар бир меши 300 доллардан. Бирок, бул мештерди фирмасына кайтарып бердим. Ошондо да 100 долларды кармап калды. "Бир сезон жактыңыз" деп.
-Мешти эмнеге кайтарып бердиңиз?
-Аны кайтарып бергеним, жанагы йоктан менен чоктаны болбогон оокат экен. Телевизордогудай күйбөйт экен. Кара көө басат, жарым жартылай күйүп, калганы быпырап түшүп калып, калганынан ис чыгып, үйбүлөбүз менен ооруп калып аттык. Байбичем бир нече жолу ушунун айынан догдурга көрүнүп атты.
-Үйдүн ичин кышында "Ташкент кылат" деген ойдо алсаңыз керек?
-Ооба да. Кыйратты! Ташкент эмес, таш-талканыбыз чыкты. Кептин баары биздикине окшогон да бир нече үйбүлө жалган рекламага алданды да. Канчоосу сыздап жүрөт. Мешин алпарганда базасында кайрадан алып келген мештеринин жыйылып, жараксыз болуп калганын көрүп, боорум ачыды, "байкуш кыргыз" деп.
-Базадагы көрүнүшкө кайдыгер калбагандырсыз?
-Арыздана баштадым. Премьер-министрге, ЖКнын депутаттарына ж.б. инстанцияларга баардыгына кайрылдым. Тыянак чыкпады. Баардыгы эле оозуна талкан сугунуп алышкансып унчукпады, "лам" дешпеди. Айлам кеткенде силерге келдим. Гезитиңер ачык-айкын жазасыңар, "элдик гезит" деп.
-А себеби, эмне болду деп ойлойсуз?
-Жанагы йоктан, чоктан фирмаларынын башында "крыша" болгондор бар. Алар "талкан" сугунтуп атат.
-Бирөөсүн атаңызчы?
-Кубанычбек Жумалиевдин эле наамында да. Же бизге кореец куруп бермек беле?
-Кубанычбек Жумалиев экенин кайдан билдиңиз?
-КРнын юстиция министрлигине барып билдим.
-Кийинки кадамыңыз кандай болмокчу?
-Мен эми "революция жасайм" дебейм. Болгону гана бир жылда текке кеткен 34 миң сом чыгашамды кайтарып берсин. Моралдык укугумду коргойм. Ал да жабыркады.
Бекбол АЙДАРОВ