Константин Затулин, КМШ өлкөлөрү институтунун директору:
"Кыргызстан дүйнөнүн картасынан жок болуп кетиши мүмкүн"
-Константин Федорович, сиздин оюңузча, Кыргызстандын Евразия союзундагы келечеги кандай?
-Кыргызстан, албетте, постсоветтик мейкиндиктин картасындагы мамлекет катары жок болуп кетүүнүн чегинде турган чабал өлкө. Улам-улам кайталанган төңкөрүштөрдөн улам, түндүк менен түштүктүн ортосундагы мамиле аябай курчуп кетти. Кыргызстан эптеп аман калуунун мүмкүнчүлүгүн издеп, Бажы союзуна кирүүгө арыз жазды. Ушул жерден Шувалов, Христенко сыяктуу биздин "күйдүргү" интеграторлорго ыраазычылык билдирип койсок болот. Алар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгынан улам, бул маселени талкуулоону татаалдантып салышты. Анткени, Бажы союзун түзүүнүн алгачкы этабында прапорционалдык добуш берүү принциби өкүм сүрүп, ага ылайык Россия көпчүлүк добушка ээ болсо (биздин экономикалык жана адамдык потенциалыбызды эске алуу менен), Виктор Христенко Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы болуш үчүн "бир өлкө - бир добуш" принцибине кайтууну сунуш кылды. Бул сунуш кийин кабыл алынды. Азыр Бажы союзунун мүчөлөрү Россия, Казакстан, Белоруссия болочоктогу евразиялык союзда бирден добушка ээ. Бул демократиялуу, тең укуктуу көрүнгөнү менен реалдуулукка туура келбейт. Эми бул союзга өлөсөлүү, "көтөрүм" экономикасы бар Кыргызстан да кошулганын элестетип көрсөңүз. Ал да Россия Федерациясындай укукка ээ болот. Европа союзунда бүт өлкөлөр формалдуу түрдө тең укуктуу, бирок Европа парламентинде Франция менен Лихтенштейндин өкүлдөрү бирдей тең эмес. "Бир өлкө - бир добуш" принциби Евразия союзун кеңейтүүнүн жолундагы бөгөт болуп калды. Кыргыз мамлекетинин ички алсыздыгынан улам, конкреттүү маселелерде ага таянуу кыйын. Маанилүү материалдык баалуулуктарды аларга ишенип тапшырууга болбойт: бул алардын база боюнча оюндарынан эле билинбедиби. Кыргызстанга региондогу ишенимдүү союздаш катары кароо кыйын. Бул биздин соопчулук долбоорубуз десек туура болчудай: Кыргызстан дүйнөнүн картасынан жоголуп кетиши мүмкүн экенин түшүнүп, биз аларга жардам көрсөтүүгө, алардын амбициясын канааттандырып, акчабызды коротууга, кыйроодон сактап калууга аргасызбыз. Региондо Кыргызстандын бир бөлүгүнө өзүнүн болочоктогу олжосу катары сугун артып турган өлкөлөр бар. Өзбекстан,
мисалы.
Кыргызстан постсоветтик мейкиндикте биринчилерден болуп ВТОго кирген. Бирок ВТОнун аркасы менен ал жыргап, гүлдөп кеттиби? Жок, ал болгону Кытай ширпотребин реализациялоочу, башка постсоветтик өлкөлөргө таратуучу гана жайга айланып калды.
Кыргызстандын келечеги тууралуу бир беткей жооп айтуу кыйын. Акыркы кездерде жаңы жетекчилери евразиялык интеграция идеяларына лоялдуулугун көрсөтүшүүдө. Бирок башка жактан жардам алуу аракеттеринен эч натыйжа чыкпаганынан улам ушинтип атышкан болушу мүмкүн. Кытай жакын болгондугуна карабастан, Борбордук Азиянын элдери: казактар, кыргыздар Кытайга шектенүү менен мамиле кылышат. Бул алардын тарыхый эстутумунда бар. Бул да өзүнчө татаалдыкты жаратат, анткени, биздин Кытай менен мамилебиз жакшы. Ошол эле учурда биз Кытай Борбордук Азияга өзүнүн таасир этүү резерви, экономикалык өнүгүүнүн мүмкүнчүлүгү катары караарын түшүнүп турабыз. Өз кезегинде Борбордук Азиянын элдери Кытайдан жардам алганы менен анын чоңдугун, өздөрү анын алдында деңиздин кумундай болуп калаарын унутушпайт.
Мария Карпова, "Завтра"





Тайгаланган тарых
Азиз Турсунбаевди шыбаган Бабанов аброй таппайт
Бир топ убакыттан бери НТСте "Тарых мейкиндиги" аттуу көрсөтүү ар жума сайын эфирге чыгууда. Албетте, өткөн тарыхка акыл калчап, туура баа берүү табыгый нерсе. Бирок, биз сөз кыла турган бул программа (НТСтин кожоюну) Өмүрбек Бабановдун кызыкчылыгына карата эле бурмаланып, өткөн күндөрдөн упай топтоо менен гана чектелип калыптыр.

Журналист Илич Кулназаровдун баяндоосу менен "Тарых мейкиндиги" көрсөтүүсү - тарыхтын тантырагы болуп калганын ушундан билиңиз. Аргасыздан жылмаясың. Бул көрсөтүүдө эң башкы "акылман", "көрөгөч", кыргыз элине күйгөн "патриот" катары Бабанов сүрөттөлөт дагы, ал эми калган саясатчылар экинчи планда калууда. Айрымдарына тескери боек сүртүлүүдө. Маселен, 2006-жылдагы ноябрь митингин чагылдырууда карөзгөйлүк менен экс-вице-спикер Азизбек Турсунбаевди каралоого далбасташкан. Алгач ошол митингдеги оппозициянын Конституциясына Азиз мырзанын каршы чыкканы, кептин толук маанисинде ал деле өзүнүн реалдуу оюн билдириптир: ким каалаган эле Конституцияны өзгөртө берсе болбосун, анан эл көтөрүү менен башаламандыкка барууга, деги эле коркутуу менен саясат жасагандарга каршы экендигин туюндуруп. Өзү да эр жүрөктүүлүгүн далилдеп, "көзбоемочуларга" каршы турганына күбө болдук. Ушул эле көрсөтүүнүн экинчи бөлүгүндө А.Турсунбаев президент К.Бакиевди колдоп сүйлөгөнүнө күбө болобуз. Мунусун да кылдан кыйкым издөө ыкмасында жасашыптыр. Туура, азыр экс-президентти эл жек көрөт. Ал эми 2006-жылы К.Бакиевдин бийликке келгенине бир жыл эле болгон, көпчүлүк катмардын үмүтү жанып турганын кантип танабыз? К.Бакиевге карата береги түз маанидеги ой-пикир ошол 2006-жылы айтылып атат. Агезде президенттин үйбүлөсү элдин байлыгына колун матыра элек болчу. Мына ушундай жагдайдан улам Азиз мырза митинг, тополоң менен маселе чечилбесин айтып, коомчулукту тынчтыкка, сүйлөшүү жолуна чакырганы бүгүн да актуалдуу. Калыс сөз болгонун туура баалайлык. Эмесе, кепти башка өңүтүнөн да толуктайлык.
А эски режимде адилетсиздик качан башталган? 2007-жылы парламенттик шайлоо болуп, Медет Садыркуловдун "дирижорлук" амалынын астында "Акжол" партиясы түптөлүп, мына ошондогу шайлоодо "Ата Мекен" партиясы добуштарын уурдатып, Жогорку Кеңешке эл колдосо да өтпөй калган. Дал ошол күндөрдөн тарта К.Бакиевдин бийлигинде адилетсиздик өкүм сүрө баштаганын жашыра албайбыз. Сөз эркиндигин муунтуу, журналисттерди сабап, өлтүрүү менен коштолгону, саясатчылардын токмоктолушу, буйрутма өлүмдөр, мамлекеттин байлыктарын менчиктөө ж.б. Кызыгы, 2007-жылы А.Атамбаев эл менен бийликке көпүрө боло коюп, премьер-министрлик креслону кучактап, "Курманбек Салиевич, сиз алтын киши турбайсызбы, эки жыл каныңызды бекер ичип жүрүптүрмүн" деген сөздөрү ММКларга чейин чыкканы эсибизде. 2008-жылы болсо, ушул эле аксынган Ө.Бабанов жеке кызыкчылыгы үчүн Максим менен шилекей алыша достошуп, 1-вице-премьер-министр болгонун өзү унутса да, калың кыргыз эли унутпайт да. Эгер Ө.Токтогулович акыйкатуу, позициясы бекем болсо, анда Ө.Текебаевдей акыр аягына чейин эски режим менен кармашпайт беле? Кызыгы, Ө.Бабанов орто жолдон жалт берип, Максимге кошомат кылып, андан кызмат алып, ал ортодо бизнесин гүлдөтүп, байып, анан эми түштөн кийин чыга калып, бакиевдерге каршы чыккан "элдик патриот" катары өзүн менчик телеканалынан мактатат. Бир учурда бийликке каршы сүйлөгөн сөздөрүн адеп кайталатып. Мындай кубулма жүз элге жукпайт. Тескерисинче, көпчүлүктүн кыжырын кайнатып, итиркейди келтирери айдан ачык.
Эми калыс карайлык. Ооба, 2006-жылы депутат А.Турсунбаев андагы президентти колдоп коюптур. Туура, агезде көпчүлүк элдин катмары К.Бакиевди колдосо, депутаттын шайлоочулары да мамлекеттин биринчи адамына ишеним артып атса, неге Азиз мырза унчукпай отурушу керек? Карапайым калктын сөзүн сүйлөшү кажет эле да, туурабы? Бирок, кийинки кездерде А.Турсунбаев мансап үчүн жанталашып, тескери кетпеди. Башка саясатчылардай кубулма жоруктардан алыс болду. Ал эми кийинки жылдары К.Бакиевдин үйбүлөсү ыплас жолго түшүп, инилери менен балдары мамлекеттин байлыгына беш колун матырып, өлкөдө репрессия башталган кезде Акүйдүн 7-кабатында кимдер отурган? Азыркы президент А.Атамбаев өкмөт башчы болсо, андан кийин Ө.Бабанов өкмөт башчынын биринчи орун басары болуп, К.Салиевичтин көзүнүн агы менен айлангандары жалган беле? Бул эки саясатчы андагы эл башчынын эң жакын жандоочтору болгон. Мына, "Тарых мейкиндиги" деп ушуну айт. Анан түштөн кийин НТСтен чыга калышып, бүгүнкү күнгө жараша жеке кызыкчылык менен пиар жасашкандарына жол болсун! Деги эле А.Турсунбаевди жеке телеканалынан каралаткан Ө.Бабанов аброй таппасы белгилүү. А эмне үчүн каралоо оюну жүрүүдө? Жандырмагы жөнөкөй. Былтыр эле Азиз мырза Жалал-Абад облусунда губернатор болуп турганда, андагы премьер-министр Ө.Токтогуловичтин саясатын колдобой, кызматын тапшыруу менен отставкага кеткен. Ошондон бери өчөшүү өөрчүп кетсе керек. Аягы минтип акылга сыйгыс ылай чачыратуу менен баланын оюнундай жорук болуп отурат...
Кепти кыскарта чабалы. Каргашалуу 7-апрелден кийин ошол оппозиция бийликке келди. Ортодон бейкүнөө 90 бала шейит кетти, канчалаган мекендештерибиз майып болду. Анан Акүйдөгүлөрдүн шалаакылыгынан улам июнь окуясында дагы кан төгүлүп, чөйчөктөй мамлекетибиз көңтөрүлүп кала жаздады. А бийик креслого тырмышкандар банк уячаларын бөлүшүү, мародерлук кылыктары ачылганы, коррупция ж.б. толгон жоруктары менен ММКларга чыгып атты. Ал ортодо Ө.Бабанов да бийликке келип, кыйла эле кабыргасы майланышты, бирок элдин жүгүн сүйрөй албады. Кыскасы, К.Бакиевдин режими соңку жылдары элди шорго батырып кетсе, кийинки келген "эл багарлар" да түптүү кыргыз калкын жыргаткан жок. Анан кайсы арманды айтасың?..

Сакен Бөрүбаев