Абдилхамид Өзгөн:
"Чет жактагы кыргыздар жетим бала сыяктуу жылуу мамилеге муктаж"
-Аба, биз кесиптешибиз, журналист Аким Өзгөндү жакшы таанычу элек. Ал сиздин кимиңиз болот?
-Ата бир, апа бөлөк агасы болом. Анын апасы уйгур, мени апам кыргыз. Атам Өзгөндөн 1930-жылы чыгып кеткен экен. Балдары менен тоолорду ашып, Кашкарга барыптыр. Коммунисттерге каршы согуш бергендер болгон ошол вакта. Ханабад жакта - Көр Шермат, Нурматбек, Өзгөн жакта - атам, Мырзаке, Көл жакта - Жаныбек казы. Алайдан Ади паңсат деген болуптур. Бири-бирин таанышат экен. Акыры куралы жок, оруска күчтөрү жетпей калганда Шерматбек, Нурматбектер Ооганстанга, атам болсо Жаныбек казылар менен бирге Кашкарга өтүп кеткен. Кашкарда беш жыл бирге жашашкан экен. Беш жылга чейин Кашкарда турган себеби, "эгер орустар кетип калса, Өзгөнгө кайра барам" деп ойлоптур да. 1935-жылы атам "ажыга барам" деп жолго чыгат. Бирок Даван деген жерге жеткенде кар жаап, жол жабылып калып, ары жакка өтө албай сегиз айдай ошол жерде калып калышат. Ошо жерде анан мен төрөлүпмүн, апам каза болуптур. Аны таштар менен корумдап көөмп, Индияга карап жолго чыгышыптыр. Мен ошондо алты айлык экем. Карачиге барып токтоп калышат. Кийин Пакистан болгондон кийин Пешаварга келишет. Ошентип, 18 жыл Пакистандын ичинде жүрдүк да. Эң акырында кайра Карачиге барып токтоп калдык. 1954-жылы Түркия өкмөтү Түркистандан качкандарды Ооганстанда болобу, Пакистанда болобу, аларды козгоп, "Түркияга келгиле, үйүңөр жок болсо үй, акчаңар жок болсо жол акчаңарды берет" деди. Ал убакта түрктөрдүн саны аз болчу.Ошондуктан, түрк тилдүүлөрдү көбөйтүшкө аракет кылган. 1954-жылы Түркияга көчтүк. Ошондон бери ошол жакта жашап атабыз.
Беш жыл Пакистан мектебинде, урду тилинде окудум. Бирок энем өгөй болгондуктан, мектепти толук бүтүрө албадым. 14 жашымда кесип үйрөнгөнү машина оңдоочу ишканага кирдим. Түркияга келген соң машина оңдоочу фирмаларда иштеп жүрдүм. Эки жыл аскерге бардым. Андан соң Европага кеттим. Биринчи Германияга бардым. "Азаттык" радиосуна ишке чакырышты. Бирок жабык жер экен, бир орунда отуруп иштеш мага кыйын келди. Ошондуктан, Голландияга өтүп кеттим. Францияда, Англияда, Швецияда болдум. Кыскасы, Европаны бүт кыдырдым. Кайра Түркияга келген соң үйлөнүп, беш балалуу болдум. Өзүмчө "Тойота сервис" ишканасын ачып, ондон ашуун кишини иштеттим. 1991-жылы биринчи жолу Кыргызстанга келдим. Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондо абдан сүйүнгөнбүз. Мурун мен өзүмдүн ким экенимди айта албай жүргөм. "Кыргызмын" десем, "ал мамлекет каерде?" деп сурашчу. Мен өзүм да толук билчү эмесмин, маалыматым жок болчу. Бирок атамдын сөздөрүнөн улам өзүмдү кыргыздарга жакын көрөт элем. Менин балалыгым Пакистанда өттү. Бирок, "ал жака барайын" деген эч оюм жок. Жүрөгүм тартпайт. Негедир жыл сайын Кыргызстанга келгим келет. Бул жерден анчалык жакын болбосо да туугандарымды таптым. Тагамдын неберелери бар экен.
-Кайсыл уруудан болосуз?
-Теңизбай. Чоң уруум Адигине.
-Кийин Жаныбек казынын, Шерматбек, Нурматбектин балдары менен байланышып турдуңуздарбы?
-Ооба. Көршермат, Нурматбектин өздөрү менен да көрүштүм. Алар Ооганстанда болчу. Пакистанга келгенде ошол жерде көрүштүк. Түркияда Орто Азиядан качкандар көп эле. Ал жерде кыргыз, казак, өзбек деп бөлбөйт эле, жалпы түркүстандык деп коюшчу. Түркүстандыктар башка шаарда жашаса да өлүм болсун, той болсун бири-бирини чакырып турушат эле. Ошондо Шерматбек, Нурматбек менен көрүшкөнбүз. Нурматбектин бир баласы азыр Америкада. Шерматбектин баласы болсо өтүп кеткен. Өзү да Түркиянын Адана шаарында каза болду. Жаныбек казынын балдары Пакистандагы Гилгит деген тоонун арасындагы айылда жашайт экен, алар менен да көрүштүк. Аталары каза болуп калган экен. Абдирашит, Абдилатип деген балдары бар. Адалатхан деген бир кызы кийин Аданага келди. Канча жыл биз менен коңшу отурду.
-Атаңыз ал жакка барган соң эмне иш кылды?
-Эч иш кылган жок. Түркияга көчүп барсак, Анкара менен Коньянын ортосундагы Жаханбели деген айылда бир ашканасы, анын артында эгин эгиле турган аянты бар жер сатылып аткан экен. Ошол жерди насип болуп алып калдык. Өзү да ошол айылда 88 жашында каза болду. Азыр мазары ошол жерде.
-Ошол бойдон мекенине кайра келбептир да?
-Жок, келе албай калды. Атам менен чогуу чыгып кеткен бир киши, Жаныбек казынын небереси (менин жездем) келип кетишти. Атам келе албады. Сагынып, дайыма "кайта барам" деп айтат эле. Бирок "барсам камап коер бекен, Сибирге айдап жибербес бекен" деген коркуусу бар эле.
-Европада көп жүрдүм дебедиңизби? Эки-үч тилди билсеңиз керек?
-Англис, голланд, урду тилин билем. Түрк тилдеринин дээрлик баарында сүйлөй алам. Башталгыч эле билимим бар. Бирок менмин деген, университетти бүтүрүп, диплом алгандарды токтотом. Кыргыз тарыхы боюнча көп окудум. Элибиздин 6500 жылдык тарыхын таптым. "Кыргыз аттын үстүндө туулуп, аттын үстүндө өлөт. Ат-кыргыздын канаты" деген сөздөр айтылат. Атты биринчи болуп үйрөткөн, минген кыргыздар болгон экен. Адамзат атты үйрөткөнүнө 6500 жыл болуптур.
-Келиндериңизди кыргыздан алдыңызбы?
-Эки баламдын аялы кыргыз. Калгандары өздөрү таап үйлөнүштү. Бир келиним түрк, дагы бир келиним Казакстанда туулуп, 9 жашында Германияга көчүп кеткен немис кызы. Эң кенже уулум болсо украин кызына үйлөндү. Беш келин төрт жерден да. Мен чынын айтканда, кыргыз салты менен чоңойгонум жок. Атамдын "кыргыздар жалган айтпайт, уурулук кылбайт, ач калса да тишин көрсөтпөйт, кайыр сурабайт" деп мен кичине кезден айткан сөздөрү боюнча гана билчүмүн. Бирок уккан башка, чогуу жашап өзүңө сиңдирген башка. Угуп, "кыргыздар мындай кылат экен, мен да ошондой кылайын" десең болбойт. Кыла албайсың да.
-Кыргызстанга алгачкы жолу 1991-жылы келген турбайсызбы. Жарандык алганга аракет кылып көрдүңүзбү?
-Президент болуп шайлангандан кийин Акаев биринчи Түркияга келди. Биз тосуп алып, сүйлөштүк. Мен айттым: "кыргыздар жоголуп кетпесин үчүн кыргыз паспортун берсеңер. Бала-чакасы менен өздөрүн кыргыз сезип жүрүшөт. Кыргызстанга да пайдасы болот. Эч болбосо соода кылганга жеңил" дедим. Ал бир нерселерди айтып койду орусча кылып. Ошо менен кала берди. Кыргыздардын биринчи курултайы болгондо да айттым. Бирок эч бир жыйынтык чыккан жок. Түркия чет өлкөдөгү түрк болгондордун баарына акча берди, жол киресини берди. Баргандан кийин үй-жай салып берди. Кыргызстаныбыз болсо кыргыздарды эч жакын жолоткулары келишпейт (чет өлкөдөгү кыргыздарга паспорт берсек келип, басып алышат деп коркуп атышабы, билбейм). Болбосо азыр Түркияда 450 кыргыз бар. Памирдегилердин абалы жаман. Доктур жок, дары жок, мектеп жок. Бала төрөлөт, кайра өлүп калат, төрөгөн эне өлүп калат. Жашоосу жаман болгондугунан эттен башка тамагы жок, жаштары 35-40тан ашпайт. Ушундай заман боло берсе дагы 50-60 жылдан кийин кыргыз деген калбай калат аякта. Эмне үчүн алып келишпейт? Көчөдө жетим калган баланы жакшы үйбүлө үйүнө алып келип, курсагын тойгозуп, өзүнүн баласындай мамиле кылса, баланын жүрөгү ток болуп, сүйүнүп, багып алган кишилерди "эне-ата" деп калат да. Кыргызстандан тыш жактагы кыргыздар да азыр ошондой мамилеге муктаж болуп турат. Кыргызстан өзүнчө мамлекет болду, желеги бар. Мисалы, Түркияга жок дегенде төрт-беш жыл окуй турган кыргызча мектеп ачса, Түркия өкмөтү эч качан "жок" дебейт. Эч болбосо түрк мектебине эки-үч маалим жиберип койсо болот да. Маалимдин айлыгын деле Түркия төлөп берет. Түркиядан келген казактар бар. Аларга Казакстан сөзсүз паспорт берет. Андан тышкары, үйлөнгөндөргө 30 миң доллардан жардам, жер, мал берип атат. Казакстан бай мамлекет да дешет. Эмне, Кыргызстан эле кедей болуп кайыр сурап калды беле? Кыргызстан деле бай. Тек, колунда турган байлыкты иштете албай отурат. Адам өзүн колуңдан иш келбеген пас сезип, "качан кожоюн келет, менин мойнуман жип байлап алып жол көрсөтөт" деп отура берсе, ар ким кул кылып алат аны. Акаев академик, окуган киши болгон менен акмак экен да! Кыргызстанды тоноп, жеп, балдарына, айлана-чөйрөсүндөгүлөргө жедирип, анан качып кетти. Беш-он баласы, аялы бар ата бир күнү эле өзүнүн үйүндөгү байлыктарды алып, башка журтка качып кеткендей иш болду. Кудай буга Кыргызстанды алтын табак менен сунду эле. Ал кезде жакшыдыр-жамандыр иштетсе боло турган ишканалар деле бар эле. Жок кылды баарын. Жок кылып, анан өзү качып кетти.
-Бул жакта үйүңүз барбы?
-Баламдын үйү бар. Мен өзүм болсо үч-төрт жылдан бери Түркиядан келип-кетип эле жүрөм. Самолет менен беш жарым саатта барам, беш жарым саатта келем. Түркиянын президентин көрүп калсам, "Кыргызстанга учкан самолеттун баасын бир аз арзандатып кой" деп айтайын деп ойлоп жүрөм. Бирок жолугуу насип болбоду. Барды-келди 300 доллар болуп калса жакшы болот эле. Азыр 500 доллар.

Мамат Сабыров