Айдар Усупов, жабырлануучу:
"Депутат Десятников кызымдын тагдырына балта чапты"
Бизге 2-топтогу майып болгон мекендешибиз Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Павел Десятниковдун өзүм билемдик өкүм зордугунан жабыркагандыгын баяндаш үчүн редакциябызга баш багыптыр. Бийлик, байлыгына чиренген көпөстүн майып мекендешибизге эмне кордук көрсөткөндүгүнө кызыгып турубуз...

-Айдар мырза, Павел Десятников менен эмне болуп араздашып жүрөсүз? Кепти башынан баяндап берсеңиз?
-Кызым Усупова Мээрим 2008-жылдын 8-октябрында Бишкек шаарындагы ОсОО "Дос-Конфи" деген кондитердик ишканага жумушка кирген. Адеп ишке киргенден соң, бир жарым айдан кийин эле жумуш учурунда кондитердик ишкананын иштеп жаткан бункерине колу кирип кетип, натыйжада, оң колу жараксыз болуп калды. Кызымдын колу бункерге чайналаары менен аталган ишканадагы слесарь болуп иштеген адамга ишкана жетекчилиги Мээримдин колун чыгарып коюсун буйруйт. Слесарь кызымдын колун чыгарыш үчүн бункердин кандайдыр бир бөлүгүн кесүү менен гана чыга турганын айтканда жетекчилиги буга макул болбой, "миңдеген доллар турган кымбат станокту кеспе, колду чыгаруунун бөлөк жолун тап" деп адам жанынан да темир станокту эп көрүп коюшкан. Мына ошондо кызымдын колун айланып кеткен бункерди кайра артка айландырышып, ансыз да араң турган колун кайрадан жанчып туруп чыгарышкан. Жумушундагы жетекчилиги кызымдын денсоолугунан да темирди артык көрүшкөндүгүнүн айынан 4 баламдын ичинен жакшы көргөн жалгыз кызымдын колу жанчылып, жабыркап калды.
-Ишкана жетекчилиги кызыңызды жумуш учурунда жабыркагандыгы үчүн тиешелүү жазасын алып, ооруканага кеткен чыгымдарды төлөп бериштиби?
-Ишкана жетекчилиги кызымды жумушка алаарда эмгек келишими менен жумуш учурундагы коопсуздук эрежелерди үйрөтпөстөн эле жумушка алып коюшкан. Жумушка кабыл алардагы тиешелүү арызды да жаздырышкан эмес. Кийинчерээк биздин угушубузга караганда, аталган ишканада бир катар кырсыктар көп эле катталыптыр. Азыр деле бул ишканада андай кырсыктардын аягы тыйылбай, бир катар мекендештерибиз денсоолугунан ажыраган фактылар көп болуп жатыптыр. Ошентип, кызымдын ооруканага жаткырууга кеткен чыгымды ОсОО "Дос- Конфи" ишканасынын кожоюну, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон Павел Десятников доктурга төлөп берген. Десятников "кызыңдын 5 жыл жогорку окуу жайда окуусун төлөп берем, сен кырсык иш үстүндө болгондугу жөнүндөгү актыны сураба, кызга майыптык топ алба, эгерде мен айтканга көнбөсөң, билген жериңе бар" деген. Мен ага макул болгон жокмун. Себеби, "эмгек кодексиндеги айрым талаптарды аткар" десем, "анда билгениңди кылып ал, урганым жок, менде акча көп, сотторуңдан өйдө сатып алам" деп күпүлдөгөн.
-Десятников деген көпөстүн күпүлдөгөнүнөн соң кандай кадамдарга бардыңыз?
-Мен ага "баардыгы сатылбайт, акыры чындыкка жетем, акча сени сактап калбайт" деп чындыктын түбүнө жетүүгө майыптыгыма карабай жандалбастап жүрөм. Десятниковдун үстүнөн тиешелүү органдарга кайрылып, кызымдын денсоолугу үчүн компенсация төлөтүү менен кылмыш жоопкерчилигине тарттырууга аракет кылдым. 2012-жылдын май айында райондук сот материалдык чыгым үчүн кызыма Десятниковдон 790 миң сом, моралдык чыгым үчүн 1 миллион сом чектеп, айтылган сумманы төлөө боюнча чечим чыгып, аны Бишкек шаардык жана Жогорку Сот дагы бекемдеп берген. Соттун өкүмүн Десятников уруп ойнобой, "VERITAS" адвокаттык агентствосунун адвокаттарынын жардамы менен кара өзгөйлөнүп, сотторго берсе да утулуп, айтор, каалаганын кылып, убакытты атайын чоюп келишет. Бизге, мага психологиялык басым жасап, айтор, байлыгына манчыркаган көпөс менен 5 жылдан бери кармашып жатып, ата-энесинин ден-соолугуна катуу зыян келди. Үйбүлөөбүзгө дагы, жашоо-турмушубузга күпүлдөгөн, көзүн май баскан куу чирен менен "саткын-шыпыр" чиновниктердин кылган иш-аракетинин аркасында 5 жылдан бери зыяны тийип, кыйналып келебиз. Учурда дары ичмейин тура албай калган абалга келдим.
-Райондук соттун өкүмүн аткарбаса, жогорку инстанцияларга кайрылдыңызбы?
-Жогорку инстанциялардан шаардык жана жогорку соттон тең буларды утуп, жогорку инстанциялар биздин пайдабызга чечип беришти. Бул жаатта фемида өкүлдөрү акыйкаттуу эле чечим кабыл алышты.
-Десятников 2008-жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кезинде кырсык катталыптыр. Бул мырза азыр да депутат болуп отурат. Маселен, былтыркы шаардык кеңеш шайлоосуна аттанарда Десятниковдун үстүнөн борбордук шайлоо комиссиясына, тиешелүү органдарга кайрылып көрдүңүзбү?
-Десятниковдун үстүнөн тиешелүү органдардын баарына эле кайрылдым. Бул эргул бирин да тоготкон жок. Соттун өкүмдөрүн, болгондо да Жогорку Соттун чечимин уруп ойнобогон немени башка тиешелүү органдар бирдеме кыла алмак беле?
-Анда муну "кайсы сыйкырдуу күч" колдойт болду экен?
-Десятниковду акчасы, мурунку бийликтен калган байланыштары жана "КСДП аттуу сыйкырдуу күч" колдойт экен. Маселен, бул эргул 2008-жылы Бишкек шаарында мурунку бийликтин партиясы менен жүрсө, бийлик алмашар менен КСДП партиясына өтүп, Бишкек шаардык кеңешине кайрадан депутат болуп алды. Кайсы бийлик болбосун, ошол тараптын ырын ырдап, "хоп, майли" деп, кыргыз мамлекетинин мыйзамдарын, кыргыздарды сыйлабаганга көнгөн неме мурунку кылып жүргөн былык-чылыктарын жасап келет.
-Негизги көксөөңүз, талабыңыз эмне? Десятников дагы эле акчанын, байлык, бийликтин күчүнө сала берсе кандай кадамдарга барасыз?
-Эгерде соттун чечимдерин уруп ойнобогон саясатын улантып, биздин үйбүлөөнү психологиялык жактан жабыркатып, чыгымдарды төлөөнү оюна албай, бийликтеги КСДПнын башчыларына көчүгүн такап, каалаганын кыла берсе, акыры мени мыйзамдан тышкаркы иш-аракеттерге түртөт. Анткени, буга чейин биз бир нече жолу ММК аркылуу көйгөйлөрүбүздү президенттен баштап, баардык бийлик бутак өкүлдөрүнө кайрылып, ишти акыйкат каралышын суранып келдик. Чырактай кызымдын денсоолугун ойлобой, ал-абалын 5 жылдан бери бир сурап койбогон немени адилеттик үчүн дагы бир аз күтөм. Болбойбу, мындай "эшиктен келип, төр меники" деген эргулдун эсебин тапчу убакыт келет. Десятников Атамбаев, Чыныбай Турсунбековдорго эркелегенин уруп дагы койбойм. Белгилей кетчү нерсе, өткөн жылы шаардык кеңеш шайлоосунун алдында Чыныбай Турсунбеков мага "Десятниковдун ишканасында болгон кырсык боюнча төлөнө турган төлөмдөр боюнча сот чечимдери болсо алып келиңиз, төлөттүрүп беребиз" деген. Бирок, Чыныбай мырзанын убадасы эмдигиче аткарылбай келет?!
Ийгилик Болсунбаев