Кыргыз гезиттер


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/azia_news/13/0801_1.htm on line 73

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/azia_news/13/0801_1.htm on line 73

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/azia_news/13/0801_1.htm on line 73
п»ї
Ак билек
Азима Жунусова, модель:
"Жумгалдык супер саячкамын"
"Мисс Интернет-2013" сынагынын биринчи турунун жеңүүчүсү, келечекте эл ишенген мыкты доктур болууну кыялданган жаш модель Азима Жунусова менен маектештик.

-Азима, өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз?
-Мен Нарын областына караштуу Жумгал районунан болом. Супер саячкамын. Бирок, Бишкек шаарында төрөлүп, өскөм. Үч бир туугандын кенжесимин. Тилекке каршы, 2009-жылы экинчи эжемен айрылып калдык. Ал эми улуу эжем үйбүлөлүү, 2 жаштагы Амина аттуу кызы бар. Атам ички иштер минстрлигинде иштеп жүрүп, отставкага кеткен. Көп жылдан бери көз карандысыз адвокат болуп эмгектенет. Ал эми апам үй кожейкеси. Баарыбызга кам көрүп турат. Учурда Кыргыз мамлекеттик медакадемиясында 4-курсту аяктадым.
-Кесибиңиз доктур болсо, модель чөйрөсүнө кандай максат менен аралашып калдыңыз?
-Бул чөйрөгө анчалык деле кызыкпайм. Бир сынакка катышып, моделдик мектепти окууга сертификат утуп алгам. Ошондон улам модель мектебин окуп, "модель" деген сертификат алдым. Ар кандай мода көргөзмөлөргө чакырып, сунуштап турушат. Бирок, убакыттын тардыгына байланыштуу баш тартууга туура келет. Модель болуу - бул убактылуу, хобби катары эле.
(Уландысы 12-бетте)




Лола хансарай сатып алды
Интернет булактар Өзбекстандын президентинин кенже кызы Лола Каримова АКШнын Калифорния штатынан Беверли-Хиллз ак сарайын сатып алганын жазып чыгышты. Турак-жай боюнча сайттарда бул хан сарайдын баасы 58 млн доллар (!) деп көрсөтүлгөн болчу. Бирок, президенттин кызы анын баасын кыйла түшүрүп, 32,75 млн долларга сатып алганын маалымдады. Дизайнер Момамед Хадид тарабынан иштелген бул хан сарайдын 7 уктоочу, 11 жуунуучу бөлмөсү, залы, түрк мончосу, 50 орундуу кинотеатры бар. Жалпы аянты 4,5 миң чарчы метр.
Мындан мурдараак эле ЖМКлар Лола 2011-жылы Женевадан 41 млн долларга хан сарай, ал эми эжеси Гүлнара болсо 18 млн долларга резиденция сатып алганын жазышкан болчу. Лола Каримова коомдук иштерге активдүү катышып, 2008-жылдан бери Өзбекстандын ЮНЕСКОдогу өкүлү болуп иштейт.

Кытайлар көлгө түшкөндө
Кытайда ушул күндөрү күн аябай ысык болууда. Өткөн дем алыш күндөрү Пекинде, Шайхайда 37-39 градус болсо, Нинбо шаарында 42, 2 градуска жетти.
Күндүн ысыктыгынан улам ири шаарлардагы, провинциялардагы көлмөлөр элге батпай турган кез. Сөздүн түз маанисинде, суунун ичинде бут коерго жер жок. Суунун асты эмне болуп атканын бир Кудай билет. Мобул сүрөттү көрүп отуруп, "биздин жашообуз жыргал тура, жок дегенде сууга бири-бирибизди тебелебей, минди-минди болбой эркин түшөбүз" деген тыянакка келесиң. Туристтик сезондон максималдуу пайда табууну көздөгөн кээ бир ишкерлер Ысык-Көлгө кытайларды кеңири тартууну сунуш кылып келе жатышат. Алардын ою ишке ашып, Көлүбүзгө миллиондогон кытайлар агылып келе баштаганын, көлдүн бети көрүнбөй калганын элестетип көрүңүз. Кудай сакта...
Кубат Карачев





Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/azia_news/13/0801_1.htm on line 130

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/azia_news/13/0801_1.htm on line 130

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/azia_news/13/0801_1.htm on line 130

а ­е¦Є.НҐй«