Баягылар баш көтөрдү...
Максат Кунакунов, экс-депутат:
"Атамбаев өлкөнү артка тартты"
Жаштайынан саясат менен алпурушкан Максат мырза учурдагы бийликтин, өзгөчө ажо Атамбаевдин мамлекетти башкаруудагы алешемдиктерине катуу нааразы экен.

-Максат мырза, президент Атамбаевдин "айрым саясатчылар биздин өлкөнү бириндете албайт, биз күчтүү мамлекет курабыз" деген пикирине ишенсек болобу?
-Чындыгында ажобуз Атамбаевдин дымагы аябай күчтүү. Бирок, анын сүйлөгөн сөзү менен кылган иши төп келбегендигин байкап эле жатабыз. Ал "өлкө башчылык кызматыма киришкениме бир жарым жыл болду" дегени менен иш жүзүндө көрүнө да, көмүскө да жагынан өлкөнү үч жылдан бери өзү башкарып, баардык маселени жеке чечип келе жатат. Алмаз Шаршенович башкарган үч жылдан бери саясый, социалдык-экономикалык абалыбыз өтө кейиштүү абалга келди. Өлкө башчысы катары Атамбаевдин буга чейин көзгө көрүнүктүү эмне иш кылганын табыш кыйын. Ошондуктан соңку убакта Алмаз Шаршенович мамлекетти башкара албай, туура багытка алып кете албай, өлкөнү кымгуут абалга алып келгендиги так, даана көрүнүп калды. Мындай шартта президент катары ал саясый кырдаалды курчутпай, өлкөнү үчүнчү революцияга жакындатпастан мамлекетти да кыйнабай, өзү дагы кыйналбай бийлигин татыктуу инсандардын бирине тапшырып, же болбосо жаңы шайлоо жолу менен ордун бошотуп кызматын эркекче таштап кеткени эле оң. Азыркыдай шарт менен ишин улантса, жар кырында турган Атамбаевдин иши акыры жардан алыс кулайт.
-Президент Алмаз Шаршенович "биз жакшы эле аракеттерди кылып жатабыз, бийликке жетпей калган саясатчылар эле элди бөлүп-жарып, улам бир региондордо чуу көтөрүшүп, иштегенге мүмкүнчүлүк бербей жатышат" дегендей маанидеги пикирин кыйытты. А балким ажобуздун пикиринде жүйөө бардыр?
-Чындыгында Атамбаевдин сүйлөгөн сөздөрүнүн баары саясый өңүттө гана болуп жатат. Ал журт атасы катары, маселен, ошол эле Нарынга барганда "силер канализациядан тамактанып жатасыңар же болбосо аялдар башкача нерсе" деген сыяктуу ар кайсы сөздөрдү көп эле жерлерде ойлонбой сүйлөп жатат. Президент деген мындай деңгээлде сүйлөбөй, алдыдагы пландарды, аткарылчу иштерди айтпастан оюна келгенди сүйлөп жатат. Нарындыктарга "канализациядан тамак ичип жатасыңар" дебестен ошол канализацияны кантип оңдоо тууралуу жана ага бөлүнгөн каражаттардын максатсыз пайдалангандыгын айтса болмок. Тилеке каршы, биздин Атамбаевдин президент катары деңгээли жетишпестиги ачык эле билинип калды. Мунун натыйжасы Алмаз Шаршенович мамлекетти ички саясат жагынан да, тышкы саясат жагынан да туура эмес жолго алып баратат. Өлкөбүздү болсо кадрдык саясатынын начардыгынын айынан шал кылып салды.
-Ажобуз келе жаткан "жаз, күз мезгилдеринде саясатчылар өлкөбүздө кандайдыр бир нааразычылык акцияларды, митингдерди уюштурушу мүмкүн" дегендей оюн билдирди. Өлкө башчысынын минтип кооптонушуна негиз барбы?
-Буга ишенсе болот. Анткени, элдин бийликке болгон нааразычылыгы күндөн-күнгө курчуп, ар бир региондогу болуп жаткан көйгөйлүү көрүнүштөрдү мисалдатсак эле жетиштүү болот. Кыргыз эли айкөл эл. Баардык кыйынчылыктарга чыдап-чыдап отуруп, акыры чыдоонун чегине жеткенде бир жарылат. Ошондуктан элдин кыжырдангандагы чыдамы акырына күндөн-күнгө жетип келе жатат. Мындай шартта эл камын ойлогон аттуу-баштуу, патриот, мекенчил таза саясатчылар биригип, элдин ортосундагы чатактарга жол бербей, саясый туруктуулукту сактап, шайлоо жана мыйзам аркылуу бийликти алмаштыра турган маал келди. Бир жыл мурун түзүлгөн өкмөт элдин көйгөйүн чече албай, туура багыты, иштиктүү жолу жок экендигин далилдеди. Элди минтип кыйнабастан тез аранын ичинде эл ишениминдеги өкмөттү түзүп, бийликтен сырткары жүргөн тажрыйбалуу, таза саясатчыларды өкмөт курамына алып келишибиз зарыл.
-"Бийликке, өкмөткө парламенттеги фракциялардан тышкары таза, тажрыйбалуу саясатчыларды алып келишибиз керек" дедиңиз. Бирок, парламентке, өкмөткө кирбей калган саясатчылардын амбициялары биригүүгө жол бербей жатпайбы...
-Учурда бир катар саясый күчтөр, колу-жолу бош, кызматсыз жүргөн тажрыйбалуу саясатчылар менен биригүү тууралуу сүйлөшүүлөр активдүү болуп жатат. Кудай буюрса, азыркы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан саясатчылар жеке амбицияларын жыйыштырып, өлкө бүгүнкүдөй кыйын шартта турганда бир саясый күчтүн алдына биригерине толук ишенем. Бийликке өлкөнү оңдой турган мекенчил, бир партиянын кызыкчылыгын эмес, өлкөнүн кызыкчылыгын жогору койгон күчтөрдү алып келишибиз керек. Бүгүнкүдөй өздөрүнүн бийлигин түшүнбөгөн, бир адамдын башкаруусунун алдында "жатып берген" парламент менен өкмөттөн элибизге пайда болбой калды.
-Ажо Атамбаевдин башкаруусунан дагы кандай мүчүлүштүктөрдү байкап жатасыз?
-Булардын мамлекеттик башкаруудагы мүчүлүштүктөрүн санасаң четтен чыгат. Атамбаев мырза тышкы саясат жагынан абдан чоң катачылыктарга жол берип жатат. Ар кайсы өлкөгө барып, кудайчылап каражат сурап калды. "Эгемендүү мамлекетпиз" деп төш какканыбыз менен ири державалардын алдында алардын кареги менен тең айланып калдык.
-Айрым саясый күчтөр Атамбаевдин башкаруу доору менен Бакиевдин башкаруусун мисалдатып, бүгүнкүдөй башаламан, экономикалык кризис Бакиевдин башкаруу доорунда да мындай болбогондугун айтышууда. Сиз эки ажонун башкаруусунан кандай айырмачылыкты байкай
алдыңыз?
-Чындыгында казынабызда чоң жыртык тешиктер бүтөлбөй, экономикада өсүш болгон жок. Мындай шартты бүгүнкү кырдаал тастыктоодо. Атамбаев улам бир өлкөгө барып, чоң-чоң кредиттерди алып, эртеңки келечек жаш муундардын мойнуна ири карыздарды илген жатат. Минтип отуруп өлкөнүн тышкы карызын күндөн-күнгө көбөйтүүдө. Атамбаев азыр кай тарапка баспасын же кандай кадамга барбасын шахматтагыдай утулуу позициясында отурат. Кыскача айтканда, биздин ажобуздун иши чатак болуп калды.

Ийгилик Болсунбаев