Мага абакты, же кызматыман көтөрүлүүнү сунуш кылышкан...
Ушул кат аркылуу коомчулукка башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан жасалып жаткан ырайымсыз аракеттери тууралуу чындыкты айтып берейин дедим. Алар кантип саясый тапшырыктарды жасап жана ийкемдүү эмес саясатчыларга кылмыш-жаза иштерин ачып жаткандыгы жөнүндө айтууга туура келди.

КР
президенти
А.Ш.Атамбаевге,
КР
Жогорку Кеңешинин
депутаттарына,
өкмөттүк эмес коомдук уюмдарга
Ачык кат

2010-жылдын июль айынын башында мага таанышым Байгельдиев Мукаш кайрылып, ал Биряльмин С. аттуу менчик ээсинин тапшырмасы боюнча Киев 74 көчөсүндө имарат сатылаарын айтты. Мага баардык документтерди көрсөткөн, алардын бардыгы жайында экен. Менден кардар таап берүүнү өтүнүп, ошол үчүн мага сыйакы төлөө жөнүндө убада берди. Мен көптөгөн адамдарга сунуш кылгам, акыры аны С.Жапаров сатып алды. Алдын ала документтер текшерилди, имарат камакта эмес экендиги, баардыгы мыйзамдуу жана таза экендиги тастыкталды. Мамкаттоо "бул бүтүмдү эч кандай көйгөйү жок" деп жол-жоболоштуруп берди. 2009-жылы Маммүлк фонду КР өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-апрелиндеги № Р-159 Токтомунун негизинде Киев 74 көчөсүндөгү имаратты Чолпон-Ата шаарындагы жеке менчик имаратка алмаштырыптыр. Алмаштыруу теңме-тең болгон. Андан кийин Киев 74 көчөсүндөгү имарат жеке менчик ээсинин колуна өтүп, Чолпон-Атадагы имарат өкмөткө өткөн экен. 2010-жылы бул имарат сатылгандан кийин М.Байгельдиев акчанын бир бөлүгүн катып калат, ошол себептен иш жүзүндөгү жеке ээси С.Биряльмин ага карата Бишкек шаарынын прокуратурасына арыз жазган, бирок жаңы (С.Жапаровго) жеке ээсине С.Биряльминдин эч кандай дооматы болгон эмес, анткени, ал таза жана толугу менен акчасын төлөп берип, сатып алган. Көз боемчулук фактысы боюнча М.Байгельдиев шарттуу түрдө 3 жылга соттолгон. С.Биряльминге келтирилген зыяндын ордун толтуруп берген.
2012-жылы С.Жапаров "Кумтөр" боюнча маселени көтөрүп чыкты, анткени текшерүүнүн жүрүшүндө С.Жапаров көптөгөн мыйзам бузууларды тапкан, анын ичинде А.Салянова тарабынан салыктын карызы дагы кечирилгендиги аныкталган. Бул окуядан кийин 2012-жылдын 16-июлунда А.Салянова тарабынан Киев 74 көчөсүндөгү имаратты басып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Мени бир нече жолу башкы прокуратурага чыкырышып, (мен анда өзүм Бишкек шаарынын прокуратурасында иштеп турганмын) менден С.Жапаровго каршы көрсөтмө берүүмдү өтүнүшкөн. "Сен "Ата Мекенденсиң", алар болсо душман, "Ата Журттан", ошол үчүн оппозицияны тынчтантууга милдеттүүсүң" деп мага басым жасашкан. Мага минтип дагы айтышкан: "Эгерде сен биз менен иштешсең, биздин айтканыбызды аткарып турсаң, сени А.Салянова кызматыңдан жогорулатып, чоң начальник кылат" деп. Бирок, мен "бул абийирдүүлүккө жатпайт, жана ырайымсыз аракет болот" деп, мындай сунуштан баш тарткам. Мага даяр текстти беришип, ММКга интервью берүүмдү суранышкан. Мен анда "А.Салянова кесиптик жактан жараксыз жана мындай жогорку кызмат орунун ээлөөгө укуктуу эмес, анткени, ал бир күн дагы прокуратура органдарында иштеген эмес, аны эртең иштен алып салышса, мен жалган маалымат бергендигим үчүн жооп беришим керек" деп айткам. Башкы прокурордун кызмат ордуна ишин чала билген А.Салянова дайындалгандан тартып, Кыргыз Республикасындагы мыйзамдар аялдык логика боюнча түшүндүрүлүп калды. "Муну мурун иштеп кеткен прокурорлор дагы айтып калышат" деп шылдың кылып күлүп, мен кетип калгам.
Сыягы менин сөздөрүм ага жеткен сыяктуу, анткени, мени кезектеги суракка чакырышканда, тергөөчүүлөр мага абдан орой мамиле жасашып, мени камакка алып, мени кызматташууга барасың (!) деп айтышкан. С.Жапаровдун үстүнөн тапшырма берилген, аны кандай гана болбосун, себеп табышып, камашат. Эгерде ага жүйө табышпаса, анда анын эжесин камашат. Ошондуктан, мага танда дешти: "же абак, же кызмат орун боюнча көтөрүлүү". Бирок, мен мыйзам алдында дагы, өзүмдүн абийиримдин алдында дагы таза болгом, мен аларга катуу эле айткам, "өзүңөрдүн Саляноваңар менен кошо отуруп калбагыла" деп. Мен ал күнү үйгө келген жокмун. 2012-жылдын 15-сентябрында мени эки күнгө камакка алышты. Бул анык ырайымсыз аракет болгон, мен аялыма телефон чалып, алдын ала ага кайда экендигимди айтайын дегем, менин колумдан уюлдук телефонумду жулуп алышкан, жана адвокатка да бербей коюшту. Бишкек шаарынын УКИнде бир сутка болгондон кийин мен үйдөгүлөргө кайда экендигимди айттым. (Кудайга ыраазымын, кезметтеги бала адамгерчиликтүү экен, ал мага телефон чалууга мүмкүндүк берди).
Мындан кийин жакшы төлөнүп берилген кара пиар (шыбоо) башталды, мени баардык ММКларга жамандап жатышты, (анткени башкы прокуратура мени эмне себептен кармалганымды далилдеши керек эле). Баардыгына белгилүү болгондой, кылмыш-жаза иште кылмыш иштин курамы болуп, конкреттүү айып коюлат жана кылмыш-жаза иши козголот. Аталган кылмыш-жаза иши боюнча ээлик кылуучудан арыз келип түшкөн жок. Тактап айтсак, жабырлануучу жак болгон эмес, ал эми кылмыштуулуктун объектиси жок болгондуктан, анда жосун дагы кылмыштуулук болуп саналбайт. 9 ай өткөндөн кийин, тактап айтканда, сот териштирүүсүнүн аягында менин адвокатым бул иште жабырлануучулар жок экендиги тууралуу билдирүү жасагандан кийин көз каранды сот жана ишти чала билген мамлекеттик айыптоочу эстерине келишти. Жана кийинки сот процессине тергөөчү катышпаса дагы Маммүлктүк фондунун өкүлү жабырлануучу тарап катары катышып калды. Бирок, бул жерде ММФ кандай тиешеси бар? Алар 2009-жылы бул имаратты алмашып алышкан эле да? Имараттарды алмашуу фактысы боюнча ММФ экс-төрагасы Турсун Турдумамбетовго карата башкы прокуратура кылмыш-жаза ишин козгогон, бирок, анын аракеттеринде кылмыш курамы жок болгондуктан, кылмыш иши токтотулган. Бул алмашуу мыйзамдуу болгондугун далилдейт. Бирок, буга карабастан, ММФ балансына сот Киев 74 көчөсүндөгү имаратты өткөрүп берет. Эми ММФ Киев 74 көчөсүндөгү имарат жана Чолпон-Ата шаарында дагы имаратты алып жатат. Бул эмне? Мамлекет тарабынан басып алуубу?
Салянова өз максатына жетти. Мени 9 жыл эркимден ажыраттуга чечим чыгарылды. Биринчи май райондук сотунун өкүмү боюнча мен даттанууга беремин жана экинчи инстанциядагы Бишкек шаардык сотунда каралат. Саляновага С.Жапаровду дискредитация кылуу үчүн шылтоо гана керек болгон. Ошол себептен ал имараттты "рейдердик басып алуу" деген окуяны ойлоп чыгарган. Аталган объект жеке жакка таандык болчу. Акчаны алган, эч кимге дооматы болгон эмес жана арыз менен эч кимге кайрылган эмес. А.Салянованын логикасы боюнча мамлекетке Маммүлктүк фонду тарабынан чыгым келтирилген. Анда мындай жүйөөлүү суроо жаралып жатат: Эмне себептен ММФ 2009-жылдан тартып бүгүнүкү күнгө чейин укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган эмес? Иш боюнча жабырлануучу тарап болуп таанылган эмес? Жооп ишенимдүү, себеби, 2009-жылы ММФ Чолпон-Ата шаарында ага теңдеш Совет 61 көчөсүндө жайгашкан имарат алган. Сотто "ММФ аларды жөн эле жабырланучуу тарап кылып, дайындап коюшкан" деп чынын айтып берген. Өзүнө каада күтүү максатында А.Салянова 4 депутатка кылмыш ишин козгоду, ал эми тергөөчүлөр араңдан-зорго айып таап жана процесстик ченемдерди бузуу менен ал иштерди сотко жиберип жатышты. Сот корпусуна басым кылууга карабастан, мындай иштер сотто талкаланып калат. Бүгүн эле баардыгы түшүнүктүү болууда, үч депутаттан кийин Н.Түлеев дагы акталып чыгат.
Бүгүн коомдо "судьялардын баардыгы тең пара алышып, соттолуучуларды актап чыгарышат" деген бузук пикир калыптанып калды. Акыры туура мыйзамдуу чечим чыгарган күндө дагы, күнөөлүү болуп судья чыга келет. Башынан эле кылмыш-жаза ишин чала билген прокурор тарабынан козголгондугун жана чала сабаттуу тергөөчүлөр тарабынан тергөө жүргүзүүлөрүн айрымдары гана билишет. Эгерде иш козголуп жана абакка адамды отургузган болсо, анда "бул иш бекеринен козголгон эмес" деп санап, көнүп калганбыз. Бүгүнкү абал андан да жаман. Бүгүн сот адилетүүлүгүнүн кылычы башкы прокуратуранын колунда, ал саясый оппоненттерди жок кылуу боюнча аспабы, саясый күрөштүн куралы болуп калган. Мисалы, С.Жапаров А.Салянованын артынан түшүп, куйругун баса баштаганда, ал бул аспап менен колдонууга шашты, үч депутатты жөн эле касаптын артына тыгып койду! Бүгүнкү күнгө чейин бир дагы юрист (башкы прокуратуранын кызматкерлеринен башкасы) эмне себептен С.Жапаровду отургузгандыгы тууралуу эч кимиси айта албайт. Ал бийликти басып алуу боюнча чакырык кылган эмес, дарбазадан секирип өткөн да эмес. Же болбосо, биздин өлкөдө митингди уюштургандыгы үчүн кандай гана жаран болбосун бийликти басып алуу шылтоосу менен жаза мөөнөт береби? Эгерде логикага таянсак, анда бүгүн ким бийликте болсо, аларды отургузуу керек.
Мен он алты жыл укук коргоо органдарында иштегем, жоопкерчиликти алып, прокурордук кызматкерлер жасап жаткан ырайымсыз аракеттер, бул анык эле бийликти мыйзамсыз басып алууну билдирет жана мындай мыйзамсыз аракеттер акырындык менен мамлекеттин кыйроосуна алып келет. Адамдар мыйзамдуу бийликке ишенимин жоготуп жана мындай көрүнүш жакшылыкка алып келбегендиги белгилүү. Бирок, тарых жана мезгил баардыгына өз ордун таап, өз ордуна коет.

Урматтоо менен
Эльдар Мадылбеков, 21-июль,
2013-жыл