Мыйзамды сыйласаңар боло, мырзалар!
Алманбет Анапияевге жалган жалаа жабышууда
23-июлда Бишкектеги маалымат агенттиктеринин биринде ИИМдин уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын начальниги Рафик Мамбеталиев "Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин оперативниктери алыскы Россияда, курамына Жалал-Абад облусунун 7 тургуну кирген, өз мекендештерин тоноо, уруп-сабоо, уурдоо менен шугулданган кылмыштуу топту колго түшүрдү" деген маалыматты кабарлап, чогулган журналисттерди таң калтырды. Атайын операция Москванын кылмышкерлерди издөө башкармалыгынын оперлери менен бирдикте жүргүзүлүп, кармалгандар "Кассанын смотрящийи" Алманбет Анапияевдин уюшулган кылмыштуу тобунун мүчөлөрү имиш.

Биз атайын МУРдун сайтына кирип көрдүк. Этникалык бандиттердин тобу кармалганы тууралуу ал жерде эч кандай маалымат жок. Болгону "17-июлда Толбухин көчөсүндө эки белгисиз киши курал менен коркутуп, 26 жаштагы Кыргызстандын жаранынын автомобилин тартып алганы, жабырлануучуну Москва облусундагы токой тилкесинин аймагына алып барышып, уруп-сабап, машинаны кайтарып бериш үчүн 100 миң рубль акча талап кылышканы, андан соң алар жабырлануучуну токойдо калтырып, качып кетишкени, жабырлануучу эптеп бошонуп, шаарга келген соң дароо полицияга кайрылганы, оперативдик-издөө иштеринин натыйжасында Москванын кылмышкерлерди издөө башкармалыгынын кызматкерлери шектүү кишилерди кармашканы, алар Кыргызстандын 30 жаштагы жарандары болуп чыкканы, азыр алардын үстүнөн РФ ККнын 163-беренесинин 2-бөлүгү (акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгону" гана айтылыптыр.
Болгону ушул! Россияда ээнбаштык менен тири укмуш кылмыштарды жасаган ОПГ мүчөлөрү тууралуу бир да сөз жок. Анан калса, рэкетирлерди Мамбеталиев айткандай, биргелешкен топ эмес, МУРдагылар өздөрү эле кармашыптыр.
А балким кеп мындан эки ай мурда болуп өткөн окуя тууралуу болуп жатпасын? Май айынын аягында Кыргызстандын жарандарын уурдоо, уруп-сабоо, тоноо, Латвиядан машиналарды сатууга алып келүү менен шугулданган К.Көлбаевдин тобу кармалганы, аларды Чүй ИИБсинин кызматкерлери Россиянын укук коргоо органдары менен чогуу-чаран колго түшүрүшкөндөрү маалымдалган болчу. Бирок, бул тууралуу 23-июлда рапорт берүү күлкү келтирерлик иш эмеспи? Анан калса топтун "жетекчилери" тууралуу маалымат да эки ача чыгып атат. Адегенде "Көлбаевдики" дешти эле, эми болсо "Анапияевдики" дегенге өтүштү. Силер, урматтуу мырзалар, "ОПГга каршы күрөштөгү кезектеги жеңиш" жөнүндө жар салардан мурда кимди кармаганыңарды териштирип алсаңар боло!
Эми Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин сайтына кайрылып көрөлү. Эгер кыргыздарга байланыштуу криминалдык окуя болсо, алар сөзсүз беришет. Бул алардын түздөн-түз милдети. Бирок, алардын акыркы маалыматында Москвада үч жаш кыргызстандык кафеде ичкен пивосу үчүн акча төлөөдөн баш тартып, андан соң мас абалында официантка бычак сайып, кассадан 30 миң рублду алып кетишкендиги гана айтылыптыр. Андан тышкары, жакында эле "Цветной бульвар" метросунда өзбекстандык шериги менен чогуу жалган документтерди жасоо жана таратуу менен шугулданган КР жараны камакка алыныптыр.
Кыргызстандын Дипмиссиясынын расмий маалыматы боюнча, алардын россиялык коллегалары менен биргелешкен операциясы акыркы жолу быйыл апрелде болгон экен. Анда "жөнөкөй эле кагазды "сыйкырдуу" химикаттын жардамы менен чыныгы америкалык долларга айлантса болот" деп ишенчээк кишилерди алдап, "Кара доллар" фокусу менен шугулданган, Кыргызстындын жаранын да өз катарына кошуп алууга аракет кылган африкалык алдамчылар кармалган.
"ОПГ" деп дүң кылгандары мына ушулар!
Бая күнкү пресс-конференцияда да ОПГ деген аныктама кайра-кайра кайталанды. Кыязы, алар прессанын реакциясына үмүт байлашты окшойт. Анткени, басма сөздөгүлөр эгер маалымат милиция чининдеги кишинин оозунан чыкса эле бул жарлыкты көрүнгөн кишиге жабыштырып коюшат эмеспи. Бирок, бул чиндер көбүнесе коомчулукка туура эмес маалымат берип коюшарына биз далай жолу ынанбадыкпы. Бишкек ШИИБсинин начальниги Мелис Турганбаев "2013-жылы 11-январда УБОПиКнын регионалдык начальниги Толкунбек Шоноевдин атып өлтүрүлүшүнө Анапияевдин катышы бар" деп бүт өлкөгө жар салып ийгенин эстесеңиз. Анапияевдин жактоочусу ошондо брифинг чакырып, өзү укугун коргоп аткан кишинин Оштогу бул кылмышка эч кандай тиешеси жок экендиги, ал ОПГ лидери эместиги, анын шектелүүчү киллер Ж.Карамбаев менен эч кандай байланышы болбогону тууралуу расмий билдирүү жасоого аргасыз болгон. Адвокаттын айткандарынын тууралыгы тергөөнүн жыйынтыктары, соттун чечимдери менен тастыкталды.
Бирок ошого карабастан, Турганбаев кечирим сурап койгонго жараган жок. Аларга эмне, каалаган кишисин каралап, жаманатты кылышат.
Бирок, жалгыз эле Турганбаев эмес, бүт эле ИИМ өздөрүнүн ведомствосунда болуп жаткан кемчиликтердин, башаламандыктардын баарын Анапияевге жүктөй салууну чечишкен окшойт. Азыр аны "Эмиратта жатып алып, Россиядагы бүтүндөй бир кылмыштуу топту жетектеп жатат" деп күнөөлөшүүдө. Мигранттардын кымындай эле мыйзам бузуулары ошол замат катуу жазалоого туш болгон Россиядагыдай өлкөдө кантип андай ишти жасоого болсун? Өзгөчө этникалык топ? Көрсө, Россия ИИМинин тумшугунун астында кыргызстындык банда өз билгенин кылып, өтүгүн төргө илип, орустун тажрыйбалуу оперлеринин да алар менен алышууга алы жетпей, акыры кыргызстындык "өзгөчө тажырыйбалуу" коллегаларын жардамга чакырууга аргасыз болгон турбайбы?
А балким, мырза Турганбаевге жана анын коллегаларына Анапияевдин меценат, спорт ишмери, эл аралык "Алыш" белбоо күрөшү федерациясынын президенти катары ишмердүүлүгү жакпай жаткан болбосун? "Алыш" белбоо күрөшү жыл өткөн сайын дүйнөгө кеңири жайылууда. Мисалы, жакында эле Казань шаарында болуп өткөн универсиадада дал алышчылар биздин курама команданын куржунуна эки алтын, бир күмүш, беш коло медалды салып келишти! 40тан ашуун өлкөнүн башын бириктирген МФБПА "Алышты" спорттун олипиадалык түрүнүн тизмесине киргизмекчи. Жакында эле Анапияевдин аркасы менен АКШда "Алыш" боюнча мелдеш өттү, августта Иранда, сентябрда Польшада турнир өтөт. Татарстандын борборунда, андан соң Бишкекте А.Анапияевдин "Манас эпосу кыргыз элинин спортунун улуттук түрлөрүнүн летописи катары" деп аталган китебинин бет ачаары салтанатуу түрдө болуп өттү. Мындайча айканда, Анапияев өзүн кыргыздын улуттук баалуулуктарын жайылтуучусу катары көргөзүүдө, бирок ошого карабай эле аны ОПГнын тизмесине кошуп, жетишкен ийгиликтерин жокко чыгарууга далалат кылышууда. Мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгырылып, азыр Россияда жашап аткан Азиз Батукаев сыяктуу чыныгы ОПГ лидерлерин кармагандын ордуна биздин укук коргоо органдары өздөрү үчүн жоопсуз "бутага" айланып калган Анапияевге каршы күрөшүүдө эле активдүүлүктү көрсөтүшүүдө.
Ушул жылдын апрелинде "Уюшулган кылмыштулукка каршы күрөшүү жөнүндөгү" мыйзам кабыл алынып, июнда президент А.Атамбаев тарабынан кол коюлду. Анын 4-беренесинде "уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөш төрт принципке: биринчи, мыйзамдуулукка, экинчи, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин коргоого, үчүнчү, жоопкерчиликтин сөзсүздүгүнө, төртүнчү, гумандуулукка жана адилеттүүлүккө негизденет" деп жазылган. Башкача айтканда, негизги норма биринчи кезекте жарандарды коргоого, анын ичинде негизсиз шектенүүлөрдөн, өзгөчө, негизсиз айыптоолордон коргоого багытталган.
Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жаңы мыйзамга комментарийде кимдир бирөөнү "ОПГ мүчөсү" деп эсептегенге негиз болгон күндө деле таасир көрсөтүүнүн превентивдүү чаралары колдонулушу керек: биринчи, расмий эскертүү, экинчи, ички иштер органдарында оперативдик-превентивдик каттоого алуу, үчүнчү, сот арткан милдеттер, КР мыйзамдарына ылайык, каржылык жана мүлктүк абалын текшерүү. Эң маанилүүсү, бул превентивдик чаралардын баары соттун чечими боюнча гана колдонулууга тийиш.

Самат Заков, Данияр Маманов, адвокаттар