Кыргыз гезиттер

п»ї
Ажо 6-августка чейин эс алат
Ажо А.Атамбаев 6-августта боло турган ташиевдердин сотуна чейин Ысык-Көлдүн жээгине эс алууга барары маалымдалды. Кызыгы, А.Шаршенович эс алууга же дарыланууга кеткенде эле тополоңдор башталып кетчү эле. Бу саам тынч болгой элек...

Ө.Бабанов кайрадан бийликке конобу?
Соңку убактарда Өмүрбек Токтогуловичтин дайын-дареги билинбей кеткен. Көрсө, саясый кырдаал оорлогон сайын анын баркы ажонун астында көтөрүлүп баратканы, өзү да А.Шаршенович менен сүйлөшүүгө кызыкдар экенин байкатып койду. Ушул күндөрү экөөнүн мамилеси мурдагыдай муз сымал тоңбой, күзгү кармаштарда биригүү вазыйпасы жолго коюлганы каңкууланды. Эмесе, Ө.Бабанов чоң кызмат алат экен да...

К.Ташиевдин духун Москва көтөрдү...
"Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев аз күн мурда Москвага барып, айрым таасирдүү орустар жана диаспоранын өкүлдөрү менен жолугушуп, бир топ маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүптүр. Бишкекке келгени Камчыкенин духу көтөрүлүп, бийликке каршы саясый күрөштү катуу жүргүзүү боюнча билек түрүнүүдө. Баса, 6-августта Жогорку Сотто иши каралат эмеспи, эгерде К.Ташиевдин мандатын бийлик тартып ала турган болсо, же өзүн кайра камоого аракет кылышса, анда Кыргызстандын түштүгүн түп көтөрүп жиберүүгө күчү келет
экен.

М.Мырзакматов акеңер А.Мадумаров менен А.Келдибековду чанып, кимди тандады?
Оштун түшпөс ханы Мелис Мырзакматов келечек саясатты талдап, А.Мадумаров менен А.Келдибековдон оолак болорун, булардын перспективасы жок экенин билдирип, натыйжада, К.Ташиев менен кол кармашканы эмнени билдирет? Мелис мырза алдыртан бир балээни сезүү менен, дал ушундай тобокел кадамга жөн жерден барбаса керек эле. Сыягы, К.Кыдыршаевичке оомат оогону калганбы?

Кубат Карачев




Бекназаров октябрда "концерт" коет!
"Революция" дегендин энесин таанытып калган Азикең алдыдагы планын бышыруу максатында Аксыдан Таласка, Таластан Чаткалга ашып, ой-да түйшүк тартканы маалым болду. Кыргыздын улуу тоолорунун койнунда кимдер менен кеп бышырганы азырынча белгисиз. Мүмкүн асман менен сүйлөшүп, Теңир менен баарлашып, кыргыздын жөрөлгөсүн жасап түшкөндүр. Неси болсо да, Азикең тоо арасынан шайдоот түшүп, "октябрь айында Ала-Тоо аянтында "чечүүчү концертти" берип, бүгүнкү бийликтин казанын көмкөрөм" деп, чечкиндүү түрдө күпүлдөп жатканы коомчулукка "дүңк" этти. "Акаевди 24-мартта кетирем" дегенде маани берген эмес элек, кийин "Бакиевди 7-апрелде кулатабыз" дегенде да ишенген эмеспиз, бирок турмуш чындыгында көрбөдүкпү. Буларды эске алганда, октябрда араң турган бүгүнкү бийликтин күнү бүтпөйбү?

Максимдин миллиондорун айтып, элдин көзүн будамайлаган Т.Сариев
Акаев убагында өлө "чириген" Темир Сариевди билесиңер, Бакиевдин маалында оппозицияда жүрүмүш этип, кабырганын майындай кадыр топтогон эле. Бийликке келгенден бери анысы күкүм болуп, "Кумтөргө" адвокат болгону, жетиөгүздүктөрдү шылдыңдаганы жууса кеткис көө катары калып кетти. Кечээ жакында эски обонун созуп, Максим Бакиевдин 74 миллион доллары АКШда камакка алынганын жар салып, сенсация жасаганга аракеттенди. Айланайын, ала албаган акчаны айтып, ооз көптүрүштүн кереги не? Андан көрө 7-апрелден кийин банк кутучаларында жаткан Россиянын 198 миллиону, 35 миллион грант, Соцфонддун 1,5 миллиард доллары кайда кеткенин ачык айтса, элдин алкышына калбайт беле? Албетте, өзүнүн "арты" таза эместигинен улам, уурдалган акчаларды оозанбай, элди жубатыш максатында кол жетпеген Максимди айтып, азан чакырууда. Уяты жокпу?











??.??