Кыргыз гезиттер

Үлкөндөрдөн А.Жекшенкулов менен К.Ташиев орозо кармады
Союз мезгилинде орусташтыруу саясатынан жапа чеккен кыкеңдер эгемендүүлүк алгандан бери акка моюн сунуп, ата-баба карманган динди күчөтүү менен алектенүүдө. Бирок, батыштын маданияты ээ-жаа бербей күргүштөп, Исламды иритүү үчүн ийин казууда. Албетте, улуу динди оңой менен чаба коюу мүмкүн эместиги көрүнүп, күн өткөн сайын кармаш күчүнө кирип, намаз окугандардын катары коюуланып келет. Атургай кээ бир саясатчыларыбыз шайлоо маалында беш маал намазга жыгылып, такыба боло калгандарын көрүп жүрөбүз. А иш жүзүндө Теңирден тескери кетип, жинди суудан башы чыкпай калганын угуп эле жатабыз. Буларга үлгү катары үлкөн саясатчылардын ичинен Аликбек Жекшенкулов менен Камчыбек Ташиев тазалыкка ык коюп, ооз бекитип, соорго туруп жатышат. Орозоңор кабыл болсун, келечектеги эл
багарлар!

Бийликтин огуна кабылган жетиөгүздүк Асанбековдун абалы оор
"Кумтөр" үчүн көтөрүлгөн жетиөгүздүктөрдү күч менен басууга аракеттенген бийлик күтүүсүздөн ок чыгарып, бир нече мекендешибизди жарадар кылганы, үч адамдын көзүн агыза атканы коомчулукту дүрбөлөңгө түшүргөн эле. Ага удаалай ажобуз Нарын жергесинде коомчулук алдына чыгып, "эгер бир эле адам өлгөндө мени канкор дешмек" деп, оозун куу чөп менен аарчыганын укканбыз. Жамандыктын бетин нары кылсын, Жети-Өгүз окуясында бийликтин огунан көзү соолуган жердешибиз Таалай Асанбековдун абалы күн сайын оорлоп жатканы билинди. Оозунан жаңылган бийлик бул жагдайга чебелектеп, Таалай мырзаны чет өлкөгө жөнөтүп, операция жасатуу үчүн мамлекеттин капчыгын кагууда. Булар элди атып, аттырып, кайра элдин эсебинен баатыр кылып, дарылатып, ойной береби? Деги Кудайдан корксоңор боло?!
Памир Манас


Кан досун сатып кеткен А.Келдибеков аброй таппайт
Азыр Россиядагы эң бай айымдардын тизмесин толуктаган Акаевдин эрке талтаңы Бермет Акаева Бишкектеги Москва-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги офиси комчулукка түшүнүксүз себептер менен Ахмат Келдибековдун энчисине багышталыптыр. Бир кездери ал жайда "Алга, Кыргызстан" отурчу. Эми минтип, Ахмат акабиз байыр алды. Болсун дейли! Бирок, каражолтой жерден бу жигит баар табабы? Баса, Келдибеков "атажуртчулар" менен ажырашып, Ташиевдин кайра камалышына көмөктөшүп, бийлик менен жең ичинен ымдашканы насили бузуктук эмеспи? Нары дегенде үзөңгүлөшүн, бери келгенде досун сатып кеткен адамдын текирең таскагы жакшылык менен бүтпөй калышы мүмкүн. Жумуру башы муну ойлоноор бекен?

Энени камаган бийлик жыргабайт го...
Батукаевди сый-урмат менен узаткан бүгүнкү бийлик кыргыз жигити Камчы Көлбаевди темир торго салып коюп, азапка батырып жатканы көпчүлүктүн көңүлүн иренжитип, мекенчил жарандарыбыздын кыжырын кайната баштаганын көрүп жатырбыз. Андан да жаманы, КСДПнын бир депутаты баатыр энелерди "фашист" десе, ажосу "обондор" деп, уул төрөгөн энелерге ачык акараат көрсөткөн эле. Анысы аз келгенсип, Камчы Көлбаевдин улгайган апасын бир күн камап, көрбөгөн кордукту көргөзүп, качан гана эртеңин ойлонгондо кое бергени боюнча сөз тарады. Бул эмне деген мазактоо, маскарачылык? Эне деген ыйык атты булар тебелеп-тепсеп эле тим болбостон, камап алып кордогону ата-бабанын салтын мындай коелу, адамдык сапатка жатабы? Муну көргөн, уккан карапайым эл анан кантип тынч жатсын? Силер талкалабаган не калды, жок дегенде адамзат үчүн ыйык болгон энеге колуңарды тийгизбегилечи, байболгурлар!

Аты Улук болгону менен өзү ким?
Аркы жагына тереңдебей, 7-апрелден беркисине эле көз чаптырганда ары-бери ыргыштап, башын ар кайсы тешикке тыга коюп жүргөн Ормонов Улукбек агабыз "Бүтүн Кыргызстандан" куйругун үзгөндөн бери Жантөрөнү жандап калган. Не болгону белгисиз, эми Ж.Сатыбалдиевге ор казып, премьер болууга чамынып, ажону азгырып, бал тилге салып чыгыптыр. Бу нойон улам бир өзгөндүк саясатчынын этегине жабышып, анда тынч отурбай чыга качып жамандап, улам сырактай берсе, жердештери чекесине Өзгөндүн күрүчүн түйбөйбү? Баса, жаз айында кичи мекенине популистенип барып, а жактан Эльмурза экөө эл менен жолукканда, Улукка көпчүлүк анча маани бербей, ал эми генералды калың катмар "дуу" эте тосуп алганы белгилүү. Буга да Улукенин ичи тарып, чекеси курушкан. Кызык, же "Өнүгүүнүн" чачпагын көтөрсө эле Ормонов Опол тоого айланып, мурдунан сирке түшө калабы? Мындай кишиге Атамбаев деле өкмөт башчылыгын кармата койбостур.
Ай ким билет?

Керим Мурас




меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

Яндекс.Метрика