Жети-Өгүздөгү криминал качан камалат?
Жети-Өгүздөгү митингдерди "эки ирет соттолгон криминал Бахтияр Курманов уюштурду" деп Алмаз Шаршенович менен Аида Салянова зар какшап, жер муштаган эле. Эгер чындап эле криминал уюштурса, не үчүн бүгүнкү күнгө чейин камашкан жок (?) деген суроо сумсайып турат. Көрсө, бийликтин атайын кызматтары Бахтияр менен камыр-жумур болуп, саясый чайкоочулуктун катыгын берип, кекиртегинен илип алыптыр. Бахтияр учурда бул жагы Бишкек, тигил жагы Кара-Колго барып, "чоңдордон" сый көрүп, "Кумтөргө" экскурсияга чыгып, күүлдөп жаткан кези экен. Кантип түшүнөбүз, кечээ Батукаевди бошотуп, криминал менен "соодалашканын" бир көрсөтсө, бу бийлик бүгүн Бахтиярдын бутуна жыгылып, чөгөлөгөнү неси? Элибиз "хандын сөзү өлгөнчө өзү өлсүн" деп келген, эгер ажобуздун кичине уяты калган болсо, элдин жаракат алышына себепчи болгон адамды камашы керек да?


Бажыга дагы бир бай келди!
Мамлекеттеги эң майталкан кызматтардын чору болуп эсептелинген бажыны үч жылдан бери кемирип келген Кубанычбек Кулматов кетип, ордуна Адамкул Жунусов аттуу адам келди. Жунусов мырза бажыдагы жөнөкөй эле кызматты аркалап келгени менен, эң бай адамдардын катарын толуктайт тура. Кантип байыды экен? Экинчиси, "бажынын жөнөкөй кызматкери болуш үчүн эле 10 миңдеген доллар алакан майлап, жетекчилигине келиш үчүн миллиондогон сумманы сунуш керек" деген сөздөр бар. Бажыдагы экинин бири делген байдын башчылыгына келгенине караганда, чоң суммалар маселе чечкен өңдөнөт. Оңолбой калдык го, кыргыздар...


Шадыканов кайсы пулуна шапар тепти?
Мамлекеттеги коррупциянын кучагында калган тармактардын бири катары билим берүү министрлиги айтылып келет. Канат Садыков келгенден бери бу жаман илдет ого бетер оожалып, жемкордуктун арааны кеңейгени айтылууда. Бирок, бу жигит КСДПнын союл чабаары болгондуктан, "кой" деген кожосу жок болуп келет. Бизди таң калтырганы, министрликтин статс-катчысы Калык Шадыканов ат тезегин кургатпай дүңгүрөгөн тойлорду өткөрүп, көпчүлүктүн үрөйүн учуруп келет. Жакында 50 жылдык маарекесин белгилеп, Акылбек Жапаровдун ресторанында акча дегениңди суудай агызды. Тойго келгендер "мынча каражатты кайдан тапты экен?" дешип, тамшанып, шилекей агызып кетишти. Статс-катчысы эле ушунча чирисе, министри кайда барып калды экен?


Бийликтин кадыры батектен
ылдый түшүп калды!
Кыргызстанды эл аралык чөйрөдөгү кадырын күкүм кылган бүгүнкүнүн жетекчилери ички саясатта дагы "авторитетин" батектен ылдый шыпырып таштады. Буга ондогон мисалдарды катар-катар тартсак да, түгөнбөй калды. Маселен, майда кылмышкерлер бул жакта турсун, оор кылмыш жасагандар жазаланбай, өз өкүмүн жүргүзүүдө. Ток этээрин айтканда, каалаган адам мамлекеттин чечимине баш ийбей, жол тосуу менен өз көйгөйүн чечип, мүдөөсүнө жетип ала турган деңгээлге келди. Буга Жалал-Абаддагы, Жети-Өгүздөгү, Нарындагы, Чолпон-Атадагы окуяларды мисалдасак жарашат. Беш күндөн бери таластыктар кошуналарга кеткен сууну бууп салышты. Көлгө дайындаган губернаторду эл кабыл албай, тоз-тополоң түшүүдө. Айтор, бийликтин бир дагы чечимине эл баш ийбей, мамлекетте хаос жаралганы калды. Кыскасын айтканда, бул бийликти күтүп отурсак, жакында чалдыбары чыгып, мамлекетибиз кол-сан болуп кетиши ыктымал. Бир Кудайым өзүң сактай көр!