Ысыктан сак болуңуз!
Жайдын аптаптуу ысыгында күчүнө кирген оорулардын катарында гипертония (кан басымдын жогорулашы) оорусу да бар. Кан басымдын жогорулашы денсоолук үчүн коопту. Калктын 30-40 пайызы бул оору менен жабыр тартып, запкы чегишет. Өмүр бою көзөмөлдөөнү талап кылган гипертония оорусу тууралуу врач-терапевт Жумабекова Айнагүлдүн кеңешин сунуштайбыз.

Айнагүл Жумабекова, врач-терапевт:
"Жогорку кан басымы өлүмгө дуушар кылат"
-Айнагүл айым, айтсаңыз гипертониялык оору деген эмне?
-Гипертониялык оорунун эң негизги белгиси - бул кан басымынын жогорулап кетүүсү (давление). Кан басымынын жогорулашы кандайдыр бир убакыттын ичинде паталогиялык процесске (жүрөк, баш, мээ, бөйрөк, көз оорулары) алып келет. Адатта кан басымынын жогорулашын анын даражаларын текшерүү аркылуу билишет. Гипертония - кан тамырлардын атеросклероз оорусу, мунун ичинде миокарддын инфаркты, мээнин инсульту, цереброваскулярдык оорулары (мээнин кан тамыр оорулары) бар. Бул ооруга чалдыгып, өлүмгө дуушар болгон адамдар аз эмес. Инфаркт, инсульт акырындан пайда болуп, узакка билинбей жүрүп анан курчуй баштайт. Белгилери да анча байкала бербейт. Ушул себептүү медиктер "жүрөк-кан тамыр оорулары - тынч, үн-сөзсүз өлтүргүчтөр" деп бекеринен айтышпайт.
-Артериалдык гипертония эмне себептен пайда болот?
-Жогоруда аталган оорулардын келип чыгуусун көп нерселер шарттайт. Ашыкча семирүү, организмде холестериндин көбөйүшү, аз кыймылдоо, дайыма нервдик жана физикалык кыйналууда жүрүү, организмде туздун көбөйүшү, булардын баардыгы эртели-кеч артериалдык кан басымга алып келет. Артериалдык кан басымдын нормалдуу саны 110/70 жана 120/80 мм болушу керек. Бул сандардын 140/90 мм га жогоркулап кетүүсү бул артериалдык гипертония болуп эсептелинет. Ал тукум куучулук оору болушу мүмкүн. Эгер ата-эненин бирөө гипертония менен жабыр тартса анда ал балага өтүшү толук мүмкүн.
-Кан басым кандай оорулар менен байланыштуу?
-Гипертониялык оору акырындык менен башка органдарга да таасирин тийгизип баштайт. Мээге, сөөктөргө, бөйрөктөргө, көз, жүрөккө таасирин тийгизет. Көпчүлүк адамдар кан басымдын жогорулашын билишпейт да, инсульт болгондо гана дарыгерге кайрылышат. Бул оорудан сокур болуп калышы да мүмкүн. Андыктан сөзсүз дарыгер менен тыгыз байланышта болуусу зарыл. Офисте отуруп иштегендер аз кыймылдашат. Андыктан жок дегенде күнүгө 40 мүнөт ылдам жөө басуусу, болбосо 30-40 мүнөт чуркоо кажет. Бул зат жана кан алмашууну жакшыртып, кан тамырлардын серпилгичтигин жоготпой ийкемдүү кылып турат. Бул жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат. Күн сайын 30-40 мүнөт тынбай жөө басуу инфаркт менен инсульттун пайда болуу мүмкүнчүлүгүн 18-20 пайызга азайтат.
-Анын алгачкы белгилери кандай болот?
-Кан басым көтөрүлгөндө көздөр караңгылап, баш айланат, ооруйт, кускусу келет, кулактар каңгырайт, ыксыздануу, чарчаңкы болуу, уйкунун бузулушу, иш жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү кан басымдын жогорулашынын белгилери болуп эсептелинет. Ал эми артериалдык гипертония картаң адамдардыкында эс тутумунун начарлашы менен коштолот. Алардыкы жаш балдардыкына караганда гипертоникалык талма болуп, неврологиялык жетишсиздик менен жабыр тартышат.
-Жайдын аптаптуу ысыгында бул ооруга чалдыккан адамдар өздөрүн кандай алып жүрүүсү кажет?
-Дайыма баш кийим кийип, күндөн коргоочу кол чатырлар менен калкалануу керек. Ошондой эле, жанына сөзсүз суу алып жүрүүлөрү зарыл. Күн ысыкта кан басым көтөрүлүп, инфаркт, инсульт коркунучу күчөйт. Тиричиликти эртең менен жана кечки салкында жасоого көнүш керек. Мындайга шарт болбосо, анда убак-убагы менен көлөкөдө эс алып, таза суудан бат-баттан ичүү сунушталат. Оорусу барлар врачтын көзөмөлүндө болуп, жазып берген дары-дармектерди үзбөй ичүүсү кажет. Бул ооруга чалдыккан адам күнгө кактануудан, күчтүү кымыз сыяктуу ичимдиктерден баш тартуу кажет. Бат даярдалуучу жана калориялуу тамак-аштарды, өзгөчө куйрук-боор, чучук, малдын майы дегендерден азайтуу керек. Булардан улам кандагы холестериндин өлчөмү көбөйөт. Курсакта пайда болгон 1 килограмм ашыкча май узундугу 1 чакырымга жете турган капиллярдык кан тамырдын пайда болуусуна алып келет. Бул, албетте, жүрөктүн иштешине күч келтирип, ооруларды жаратат. Андыктан салмакты көзөмөлдөп, өсүмдүк майынан жасалган, куурулбаган тамактарга басым жасап, жашылча-жемишти жеш кажет. Жашылча, жер-жемиш кандагы холестериндин өлчөмүн азайтууга шарт түзөт.
-Канча жаштагы адамдар кан басым менен көп оорушат?
-Кыргызстанда 18 жаштан өйдөкү ар бир 2-3-адам жогорку кан басым оорусунан жапа чегет. Көпчүлүк учурда 55 жаштан жогоркулар кан басым менен жабыр тартышат. Алардын көбү дарыгерлерге кайрылышпайт, ошон үчүн артериалдык гипертониядан жабыр тартып, каза болгондордун саны өсүүдө. Азыр Кыргызстанда орто эсеп менен алганда 30-40 пайыз адам гипертония менен оорушат. Негизи жаш баладан, улгайган адамдарга чейин бул оору менен запкы чеккендер бар. Бирок, жаш балдардыкы бөйрөк, көз оорулары менен жөнөкөй түрүнө кирет. Мындай учурда мурун канап, уюган кандар чыгып кетет. Ал эми жашы өтүп калган адамдардын денсоолугу үчүн бул оору өтө коопту. Мисалы, эркектер 55 жаштан өтүп кабылышса, ал эми аялдар 65 жаштан өтүп, көп кайрылышат. Оорунун баардыгы эле оор, жөнөкөй жана жеңил болуп бөлүнөт эмепи. Мына ушул курактагы адамдар оор түрүнө кирет. Ар дайым дарыгердин айтуусу боюнча дары дармек менен гана жашап калышат. Айрымдары маани бербей жүрө берип, инфарк, инсульт ооруларына кабылышып, денсоолугунан ажырайт. Адам денсоолугунун 50 пайыздан ашыгы анын жашоо образына, 20-25 пайызы айлана чөйрөнүн таасирине байланыштуу болсо, 15-20 пайызы генетикалык факторлорго, 8-10 пайызы саламаттыкты сактоонун абалына көз каранды болот. Көпчүлүгү бул нерсеге маани беришпей келет.
-Оорунун алдын алуу үчүн кандай ыкмаларды колдонуу керек?
-Бул үчүн биринчиден дары дармексиз дарылануу. Ошондой эле салмакты көзөмөлдөө шарт. Булардан тышкары физикалык активдүүлүктү жогорулатуу (жөө басуу, сууда сүзүү, велосипед тебүү) талап кылынат. Тамеки чегүүдөн баш тартуу керек. Тамеки тарткан адамдар чылым чекпеген адамдарга салыштырмалуу 12 эсе көп инфаркт, инсульт жана гипертония оорусу менен ооруйт. Күн сайын тамеки тартуу атеросклероз оорусунун пайда болушун 3 эсе ылдамдатат. Канды коюлантып, кандын уюшун күчөтүп, кан тамырдын ичине уюган кандын пайда болушуна алып келет, кан тамырлардын иштөөсүн бузат. Ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди ичүү да кан басымын жогорулатат. Артериалдык гипертония менен ооруган оорулуулар дарыгерге кайрылбастан узак убакыт бою жүрө бериши мүмкүн. Андыктан кан басымын активдүү текшерүү аркылуу гана ооруну билүүгө болот. Ал эми артериалдык гипертонияга кабылган адамдын жүрөгүнүн салмагы чоңоюп, кан-тамырлардын капталдары жооноюп, атеоросклероз тез темп менен өнүгөт. Мындан тышкары көздүн тор кабыгынын кан тамырлары жабыркайт. Мына ушундай адамга эч сезилбеген процесстер күчөп олтуруп акыры өмүргө коркунуч келтирет.
-Бул оорудан толугу менен сакайып кетүүгө болобу?
-Грипптен айыккандай гипертониядан толугу менен айыгуу мүмкүн эмес. Ал өмүр бою калуучу оору болуп эсептелинет. Бирок, сергек жашоо образына өтүп, жогорку натыйжалуу дары-дармектерди колдонуу аркылуу ага көзөмөл жүргүзүп, анын оор абалга өтүп, күчөп кетишинен сактанса болот. Кээ бир адамдар кан басым көтөрүлгөндө эле дары ичип коюу керек (!) деп ойлошот. Бирок, эгер адамдын кан басымы болсо, дайыма дарыгердин берген дарысын ичип көзөмөлдөп туруу зарыл. Дайыма дарыгердин кеңеши менен жүрүп, дары дармекти убагында ичкен адам оорунун алдын ала алат. Дени сак адам оорубаса деле 1 жылда 1 жолу дарыгерге көрүнүп, кан басымын өлчөп турушу керек. Нормада кан басымы 140/90 миллиметрден (тонометрдеги сымап мамычасы боюнча) ылдый болушу кажет.

Назима ЖУМАЕВА