Кыргыз гезиттер

п»ї

кулак кагыш
Улуу кыргыз каганатын унутпагыла!
Өткөн жума өзбекстандык Р.Абдулаев аттуу академик (анын академик экендигине шегибиз бар), кыргыздар бир кезде Кокон хандыгын курамына киргендигин айтып, мына ушул себептүү Өзбекстан Кыргызстанга аймактык доомат кое алат кыязындагы келжирек пикирин билдирди эле. Кечээ болсо, Казакстандан Данияр Ашимбаев дегени чыгып, Кыргызстанды Казакстанга автономиялуу облус кылып кошуп алуу идеясын кыйытты. Сыягы, бул мырзалар кыргыздар бир кезде Улуу Каганат болгонун унутуп коюшса керек. Ал кезде азыр манчыркап аткан кошуналардын аты-жыты да жок болчу. Кошуналар байкап иш кылышса!

"Азия Ньюс"-пресс


бокс
Тарыхтын жаңы барагын ачкан Азат Үсөналиев
Бокс боюнча улуттук курамдын баш машыктыруучусу Адылкан Бекболотов телефондон: "Азат Үсөналиев - кыргыз боксунун тарыхында биринчи Азия чемпиону болду!" деп сүйүнчүлөдү. Анын айтымында, "бул чемпиондукту жеңүү үчүн бир нече жылдар кетти. Былтыр Лондон олимпиадасына жолдомо албай калганыбызда, биздин спорт ышкыбоздорду тизмеден чийип салышкан. Чынын айтсак, мушкер балдарыбыз өз күчтөрү менен катуу даярдык көрүшүп, жадагалса Азат Үсөналиев Азия чемпиондугун багынтты" деп кошумчалады ал. Негизинен Адылкан Бекболотов жетектеген мушкерлердин арасынан Иордания мамлекетинин Амман шаарында болгон Азия чемпионатында алтындан тышкары дагы 3 коло медалды татыктуу жеңген мушкерлер да болду. Алар: 64 килограмм салмак ченинде Эрмек Сакенов, 54 килограмм салмакта Өмүрбек Малабеков жана 91 килодо Сергей Паренко.

(Уландысы 12-бетте)














??.??