Жетөгүздүктөр бийликке чечкиндүү талаптарды коюп, 15 күндүк мөөнөт берди?
Акаев жана Бакиевдин кыргызга каршы жүргүзгөн саясатына чым этип койбогон пейили кенен көлдүктөр Атамбаевдин бийлигине кыжырданып, нааразылык чегинен ашып, катуу толкуп алды. Албетте, көлдүктөрдүн чыркырап чыгышы жөндүү көрүнүш. Мамлекеттин болочогу үчүн, кыргыздын келечеги үчүн күйүп-бышып, кайнап жатышат. Бирок, ондогон жигиттердин каны менен келген бийлик элдин пикири менен эсептешпей, көлдүктөрдү шыйрагына теңебей, "чыйт" түкүрүп турган маалы. Дегенибиз, адегенде бир нечесинин көзүн агызып, алы жетпей калганда элдин алдынан айланып, өкмөт башчысы баш, калганы төш болуп, талаптарын аткарабыз дешкен. Тилекке каршы, бирөөсүнүн да өтөөсүнөн чыга алган жок. Буга кыжырданган Көлдүн активдүү жарандары менен Кыргызстан жаштар кыймылынын 500дөн ашык өкүлү жыйын куруп, үч маселени талкууга алышты. Жыйынтыгында протокол кабыл алып, бийликтин баардык өкүлдөрүнө узатып отурушат. Чечимин өзүндөй берели.
Жыйын жүрүшүндө жүздөгөн элдин сүйлөгөн сөзүн угуп, жалпы жыйындын катышуучулары төмөндөгүдөй чечим кылат:
1. Канаданын компаниясы тарабынан "Кумтөр" алтын кенин иштетип, алтын өндүрүп жаткан жеринин аянты мыйзамдуу түрдө сотко берилип, жер аянты бар же жогу аныкталсын.
2. Экологиялык чыгымдар өкмөттүк комиссиянын көз карандысыз эксперти Д.Кутманованын отчету сот аркылуу такталып, "Центерра Голд Инк" компаниясынан өндүрүлсүн.
3. Экологиялык келтирилген зыян "Центерра Голд Инк" компаниясы тарабынан калыбына келтирилсин.
4. Кыргыз Республикасынын "Кумтөрдөгү" "Центерра Голд Инк" компаниясы тарабынан келтирилген зыян Мушкат жана Барлев эксперттик компаниялары аркылуу аныкталган 4 млн доллар, 11 млн доллар жана 1,25 млн доллар боюнча тийиштүү адамдарга иш козголуп, келтирилген зыян мамлекетке өндүрүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө берилген 31.05.2013, 17.06.2013, 27.06.2013 күндөрүндөгү кайрылуулардын биринин талабы 15 күндүк мөөнөттө аткарылсын.
6. Акциянын лидерлерине козголгон кылмыш иши токтотулсун жана куугунтукка алынбасын.
7. Ысык-Көл областынын өнүгүшүнө которулган 1 миллион доллар акча каражаты Жумагул Сааданбековдон бери текшерилсин.
8. Ысык-Көл областына губернатор болуп дайындалып келген Каптагаев Эмил Саламатович кетсин! Ордуна бөлөк адам дайындалсын!
9. Чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө жагы жана жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча элге жана коомчулукка маалымат берүү жагы Маданбеков Саламатка милдеттендирилсин.
Ушул талаптар 15 күндүк мөөнөттө аткарылбаса, Ысык-Көл областынын "Кыргызстан жаштар кыймылы" чечкиндүү кадамдарга барабыз" деп жыйынтыкталат.