Кыргыз гезиттер


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/azia_news/13/0704_1.htm on line 73

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/azia_news/13/0704_1.htm on line 73

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/azia_news/13/0704_1.htm on line 73
п»ї
Бет тырмарлык...
Аргымбаевдин саясый шантажы ишке ашкан жок!
Бакиевдин доорунда азап чеккен адам кейпин кийип, азыркы бийликтин бутуна төшөлө калып, 7-апрелден бери дасторкон четинде "устукан" мүлжүп келе жаткан Сапарбек Аргымбаев аттуу бүгүнкү доордун "сарбазы" кечээ маалымат жыйын өткөрүп, биздин редактор Аслан Сартбаевди каралаганга, көө жапканга аракет жасап, анысы ишке ашпай калды. Иштин чоо-жайына келсек, бу Аргынбаев Жалал-Абад ОИБине жетекчи болгон Жеңиш Жоробековго тишин кайрап, аны кетирүү талабы менен маалымат жыйын өткөрмөкчү болот. Аслан Сартбаев журналист катары Аргымбаевден маалымат жыйындын маани-маңызын сураганы барса, Жеңиш Жоробеков 1 миллион сом берсе жыйынды өткөрбөй коeрун айтып, пара сураптыр. Муну Сапарбек Аргынбаев маалымат-жыйынында дагы тастыктап, бир миллион сом сураганын мойнуна алды. Кызыгы, "коррупцияга согуш ачтык" деп жалаңган бийликтин күч түзүмдөрү, "пара сурады" деп бечара врач менен мугалимдерди баса калган "желдеттери" тымтырс болуп, үн каткан жок. Андан да жаманы, "уурусу күчтүү болсо ээсин доого жыгат" болуп, акча сураганын мойнуна алардан мурун Аргымбаев, "мага пара сунуштады" деп, беттырмачылык кылып отурат. Айтып коерубуз, Сапарбек мырза бир миллион сом сураган учурда күбө болгон адамдар бар, алар тастыктаганга даяр. Мындан сырткары, акча сураганын мойнуна алганына көптөгөн журналисттер күбө болду, тасмага тартылып алынды, үнү жазылды. Кыскасын айтканда, Сапарбек Аргымбаевдин кезектеги саясый шантажы ишке ашпай, акча жасоо планы таш капты десек болот. Журналисттер алдында буйрутма акча жасоонун устаты экенин көрсөттү да, кысталак...

Зулпукаар Сапанов







Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/azia_news/13/0704_1.htm on line 114

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/azia_news/13/0704_1.htm on line 114

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/azia_news/13/0704_1.htm on line 114

а ­е¦Є.НҐй«