Бөдөнө тумшук мамак, каракунастай керилген бут, оймок ооз, чийме каш...
Бир нече күн бою кыргыз жергесинде ай десе айдай, күн десе күндөй болгон 15 мамлекеттин айчырайлуу кыздары "Эл аралык сулуулар жана моделдер - 2013" фестивалынын бир нече сынагына катышып, өткөн жума этегинде жыйынтыкталды. Көп тармактуу иш-чара Бүткүл дүйнөлүк сулуулар конгресси (IBMF) тарабынан уюшулуп жүзөгө ашты.

Конкурстун талабы абдан жөнөкөй болду. Белгиленген жерде, белгиленген убакытта коктейл көйнөгү, бикини жана кечеге кийчү көйнөк менен сын-сыпатка чыгат. Аны сынактын калыстары көз кырында сереп салып, дыкат карап чыгуунун негизинде сулууну аныктайт. Алгачкы сынактарда Румын өлкөсүнөн келген сулуу Матей Маренила Петронела "Мисс бикини" сынагынын жеңүүчүсү болду.
Кийинки сынакта ушундай эле аталышта Колумб өлкөсүнүн "чүрөгү" Олая Мартинез Ана Мария татыктуу болду. Көптөгөн иш-чаранын жүрүшүндө сулуу кыздар эки күнгө Ысык-Көлгө барып келишти. Бир аз аба ырайынын шартына ылайык көлгө чумуй албаганын айтышып, өкүнүчтөрүн билдиргени менен жаратылыштын кооздугуна суктанган сулуу кыздар ылайыгы келсе дагы келишерин кошумчалашты.
Бүткүл дүйнөлүк сулуулар конгрессинин директору Замир Хусейнов "сулуулар фестивалы мурунку СССРдин курамындагы республикалардын ичинде биринчи жолу Кыргызстанда өтүп атат. Мындай даражалуу фестивалды уюштурууда конгресстин кыргыз жергесиндеги Амина Юсурова баш болгон кызматкерлери абдан чоң иштерди кылды. Сулуулар Ысык-Көлдүн сулуулугуна суктанышканын жашырышкан жок" деди.
Конкурстун жыйынтыктоочу бөлүгү кайрадан Бишкекте болду. А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрдын ыйык сахнасында шаар тургундары жана ордо калаанын коноктору менен биргеликте сулуулардын сулуусун аныкталды. Кыргызстандын намысын коргогон сулуу кызыбыз Гүлнара Жаныбекова эң мыкты делген бешөөнүн ичине кирип, татыктуу 3-орунду жеңди. Белгиялык Ванхутт Эмили Патрисия 2-орунга татып, 1-орунду Швеция өлкөсүнөн келген 18 жаштагы модель кыз Фриберг Александра Сара Линнеа "Эл аралык сулуулар жана моделдер - 2013" сынагын жеңди.

Сурат Жылкычиев