Акмат Бакиевди качырган Төрөгул Бековбу?


Акмат Бакиев качып кетип, артынан ызы-чуу түшүп, кандай жол менен кайда качып кеткени белгисиз болуп жатканына туура бир айдын жүзү болду. Укук коргоо органдарынын аракеттери, ЖМК өкүлдөрүнүн өз алдынча иликтөөлөрү да майнапсыз болуп, "Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөттүк делегация менен Катар мамлекетине учуп кетиптир" деген божомолдорго чейин айтылган.


"Акмат Бакиев Кыргызстандан учак менен чыгып кетти" деген версияны сүрүштүргөн журналист ("Дело№" гезитинин 2012-жылдын 21-мартында жарык көргөн 10 (892) санында) транспорт прокурору Куван Мамакеевге "ал бажы жана чек ара постторун кыйгап өтүп, жеке учакка отуруп, өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар беле?" деген суроосуна прокурордон, "жок, эч өтө албайт, бүт жолоочулар-жөнөкөй, чартердик рейстердики болобу (?), баары тең, бажылык, чек аралык текшерүүсүз өткөрүлбөйт. Текшерүүнү кыйгап өтүү түк мүмкүн эмес" деген жообун берип, бул маселени тыкыр изилдөө боюнча тапшырма бергени белгилүү.
Ошону менен "учакка түшүп, уча качты" деген версия бас-бас болуп, коомчулук дагы, "и-ии, текшерүү, тартип бар тура" дегенсип, көңүлү тынчып бараткан кезде, редакцияга "Манас" аэропортунун кайтаруудагы жабык зонасына убап-чубап, кирип-чыгып жаткан автоунаалар түшүрүлгөн диск, кирип-чыгып жаткан автоунаалардын тизмеси жазылган журналдын барактары, дагы толгон-токой документтер келип түштү.
Текшерүүлөрдүн натыйжасында (Мамкатоонун маалыматы боюнча), жабык зонага 2012-жылдын 4-мартында В 77-00 АА, 032 КG жана 0022 ВА номерлүү автоунаалар кирип чыккан. Баарынан кызыгы, В 77-00 АА номерлүү "Мерседес" өзүнө тиешелүү эмес, тактап айтканда, "Тойота-Лендкрузер 200" маркасындагы жеке менчиктеги автоунаага тиешелүү номерди тагып кирген. Ээси болсо, стоянкада турган машинасынын номуру кандайча болуп башка машинага тагылып калганын түшүндүрө албай маң болууда. Ал эми, 032 КG номерлүү "Тойота-Королла" премьер-министрдин Карыбек, Мирлан деген жардамчыларына тиешелүү болуп чыгып, шоопуру Р.Бейшенбиев машинасы менен аэропортко барбагандыгын айтып жатканы маалым болду. А берки 0022 ВА деген номер менен кимге тиешелүү машина киргенин айтуу кыйын, себеби, ал номер мурун Башпрокуратурага тиешелүү болгону аныкталды.
Кыргыз республикасынын 16.08.2010-жылдагы №39-р тескемесине ылайык "Манас" аэропортунун расмий делегациялар залдарына жанаша аймакка кызматтык автоунаа менен кирүү укугуна ээ кызмат адамдарынын тизмеси бекитилип турганына карабастан, ар түрдүү автоунаалардын кирип чыгып жатканын кандай түшүнүүгө болот (журналдын барагындагы, видеодогу кирип-чыгып жаткан автоунаалардын саны таңгалдырбай койбойт). Мындай, эч текшерүүсүз эле кирип-чыгып жаткан машинелердин ичине Акмат Бакиев турмак, апийим жүктөп өтсөң деле болчудай. Колунан келип тургандар каалагандай бажы менен чек ара постторун кыйгап өтүп жатканы көз-көрүнө аныкталып отурганына карабай, транспорт прокурору Куван Мамакеевдин ишти жаап-жашырганга аракеттенип, сөөмөйүн өйдө жакка карай кезеп, "болбойт, болбойт" деп, өзү баштаган текшерүүнү токтоткону жатканын кандай түшүнүүгө болот.
Ал түшүнүк-сүз автоунаалардын аэропортко кирүүсүнө өкмөттүн аппарат жетекчиси Төрөгул Бековдун (кезинде Курманбек Бакиевдин жардамчысы, кийин Максимдин "куйругу" болгону белгилүү) аэропорт "Манастын" президенти Э.Шайдиновго жазган каты себепчи болгон экен. Андан да кызыгы, текшерүүлөрдү кыйгап өтүп учуп кеткен төрт жолоочунун экөөнүн гана паспорттук маалыматтары болуп, берки экөөсү тууралуу эч маалымат жок болуп жатканын кандай түшүнүүгө болот. Анүстүнө Казак президентинин өкүлдөрү болуп учуп келип, тез эле учуп кеткен адамдар эмне иш бүтүрдү, ким менен жолукту (?), эмне үчүн тышкы иштер министрлигинин протоколунун катыштыгы жок эле кандайдыр бир түшүнүксүз машинелер менен аларды ары бери ташышкан? Бул суроолор азыркыдай "карга карганын көзүн чукубайт" деген заманда жоопсуз калат го?
Ал эми, прокуратурадагы коррупция, транспорт прокурору Куван Мамакеевдин, оң колу менен, "бир далай кылмыш иштерин сотко ашырылды" деп жалган каттарды тергөө органдарына жазып, кайра сол колу менен ал иштерди жаап салып, прокуратура органдарындагы коррупцияны гүлдөтүп жаткандыгы тууралуу кеп кийинкиге калтырылсын.





Бекер бензин... капканда гана болот


Азербайжанга иш сапары менен барган Алмаз Атамбаев Бакудан көңүлү кушубак кайтты. Анын айтымында, Азербайжандын президенти И.Алиев менен жолугушкан учурунда, Кыргызстанда нефтини иштетүүчү заводду куруу, бул максатка 250 млн. доллар инвестиция бөлүү тууралуу сөз болуптур. "Кыргызстан өзүнүн көз каранды эместигин куруп баштады. Көз каранды эместик деген - бул өлкө кредит, күйүүчү-майлоочу майларды, газды алып келиш үчүн бирөөнүн алдында тизелебегени. Көз каранды эместик кредиттөө, күйүүчү-майлоочу майларды алып келүү боюнча булактардын альтернативдүү болушун билдирет. Албетте, эскиче ой жүгүрткөн кишилерге бул жакпайт. Бирок, Кыргызстан көз каранды эмес мамлекет, көз каранды эмес болуп кала берет, азырынча энергетикалык көз карандысыздыгыбыз жок. Бирок мунун баарына жакынкы жылдарда ээ болобуз" деди Алмаз Атамбаев.
Албетте, реалдуу көз карандысыздыкка умтулган, мунай продуктуларын алуунун альтернативдүү жолдорун издеген жакшы. Бирок, президентибиздин бул аракети натыйжа берээрине күмөн туудурган бир топ жагдай бар. Алардын эң орчундуусу - бул Азербайжан менен биздин жалпы чек арабыз жок экендиги. Экономикалык мамиледе чек ара эң башкы ролду ойнойт. Мисалы, Россия бажы салыгын киргизип койгонунан улам, Тажикстан эки жылдан бери жанар май таңкыстыгынын азабын тартып келүүдө. Мунайга бай Иран фарсы тилдүү боордош өлкө катары аларга мунай продуктуларын каалаган өлчөмдө, арзан баада берүүгө даяр. Бирок алардын жалпы чек арасы жок, жүк темир же шоссе жолдор аркылуу Ооганстандын аймагын басып өтүшү керек. Ал эми Ооганстанда болсо, азыр согуш жүрүп жатат. Ошондуктан, бул долбоор эчак эле пландаштырылса да, дале ишке аша элек, жакынкы мезгилде ишке ашаарын да Кудай билет.
Кыргызстан да Бакудан чийки нефтини алып келиш үчүн Казакстандын аймагын басып өтүш керек болот (самолет менен ташып келген экономикалык жактан пайдасыз, баасы асманга чыгып кетет). Ал эми Казакстан болсо, былтыртан бери Бажы союзуна мүчө, андан тышкары, Россия менен өтө жакын мамиледе. Эгер кыргыз-азербайжан долбоору Россияга жакпачу болсо, алар жолду бөгөп койгонго жүздөгөн, миңдеген шылтоо табат. Азербайжан өзү деле дайыма эле бизге боор тартып, кучагын ачып турат деп айтыш кыйын. Алардын деле кабагынан кар жаап калган күндөрү болушу мүмкүн. Демек, биз жанар бай боюнча Россиянын көз карандылыгынан кутулганыбыз менен автоматтык түрдө Казакстан менен Азербайжанга көз каранды болуп калабыз.
Андыктан, "сиз жакшы, биз жакшы" деп, Россия менен эле мамилени улантканыбыз туура болот го.