Тарновецкийдин "талпагын" ташка жайган Канат


Ордо калаада бильярддын шайкеш (комбинированной) пирамида түрүнөн дүйнөлүк биринчилик өттү. Кыргыз эли үчүн жакшы саамалык болду десек жаңылбайбыз. Ачылыш аземинде мамлекет башчы дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн келген мыкты шар аткычтарга жана эл аралык бильярд боюнча комитеттин төрагасына дүйнөлүк биринчиликти кыргыз жергесинде өтүүгө ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана кунас (кий) менен столдо тизилип турган жумуру таштарды бузуп берди. Ошого улай элибиздин сыймыгы болгон Каныбек Сагынбаев өзүнүн көз жоосун алган "баскетбол" ыкмасын эл алдына тартуулады.

Мелдештин жүрүшүндө күтүү-сүз бурулуштар көп болду. Айта кетсек, "быссымылда" дегенде эле Каныбек Сагынбаев Орусиянын 16 жаштагы оюнчусу Никита Ливадага 2:4 эсебинде утулуп калды. Өзгөчө акыркы партияда Каныбектин ою бир жерде болбой атканы байкалып, аткан таштары уяны кайсалап таппай атты. Мелдештин аягында утулуп калган себебин кыскача мындайча түшүндүрдү: "Бүгүнкү мелдеште Никита күчтүү экени байкалып турат. Менимче финалга чейин бара турган оюнчу" деди. Чынында Каныбек аркы-беркини айтып актангысы келбеди. Дүйнөлүк биринчилик толугу менен мойнуна жүктөлгөнүн биз бияктан эле байкап, анын санаа тартып турганын сезип турдук. Кыргыздын мыкты шар аткычтарынан 16лык финалга чейин ара жолдо жоон тобу ыргып кетти. Жеткендерден Ызатбек Ратбеков, Зайлан Адамов, Кубаныч Сагындыковдор да атаандаштарына канчалык аракет кылганына болбой "алдырып" ийишти. Ал эми Канат Сыдыков болсо белорусcиялык А.Сидоровду 4:2 эсебинде утуп алды. Канатка канат байлады көрүнөт. Ооматы келе баштаганын өзү да сезди. Сегиздик финалда орусиялык М.Дельдиновго туш келди да, эки саат ичинде "эки чайнап бир жутту". Дегеним 5:3 эсебинде "жанчып алды". Чейрек финалда украиналык атактуу Ярослав Тарновецкий деген шар аткычы биздин Канатка канчалык тишин айга жанганы менен Сыдыков оңой-олтоң "жоо" эмес экени оюнда тастыкталды. Тарновецкийдин "талпагын" 5:2 эсебинде ташка жайып салды. Жарым финалдык таймаш ошо күнү эле башталып, орусиялык Александр Чепиков менен Канат ойноду. "Чоң казат" биякта калсын, "кызыл кыргын, сары сүргүн" дегендей күйөрмандар өзүбүздүн балага жан тартып, сүрөөнчүлөп, акыркы таш уяга кирип кеткиче тикесинен тик туруп турушту. "Мүлдө согуш" акыркы партия, акыркы ташка чейин жетти. Канат болгон күч аракетин жумшап, "кашык каны калганча салгылашты". 6:5 эсебинде Чепиков утуп кетти. Наркы жарым финалда Юрий Пашинский менен Никита Ливада салгылашып Юрий Пашинский (3:6) финалга чыкты. Финалдык мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордого мелженген. Кыязында биздин балдардын бирөөсү финалда ойноп калса деген тилек менен. Эгер чындап эле Канат ойноп калганда спорт ордого эл жыкжыйма келмек. Туурулуу иш эле. Ошентсе да миңге жакын күйөрман Ю.Пашинский менен А.Чепиковдун бүйүр кызыткан таймашына күбө боло алды. Ал күнү Александрдын ооматы келип, 7:4 эсебинде олжолуу оюнду илип, "Дүйнө чемпиону" деген наам менен кошо байге куржунунан 8000 доллар, экинчи орунга 5000 доллар тийди. Ливада менен Канатка 2500дөн ыйгарылды. Мындан тышкары биздин балага шаардын мэри "эгер биринчиликти жеңип кетсең эки бөлмөлүү үй берем" дегендей кылган. Ал иш аткарылбады. Бирок, жок дегенде коло медалды багынтканың үчүн деп бир бөлмөлүү үй берип койсо, ашыкча болмок деле эмес.