presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Бала бакчаны сойкуканага айландырган Т.Салимов
Бишкектин "Восток-5" кичи районунда "Прадо" аттуу сойкукана бар. Бул жерде сойкулар бир саатка эле 3-4 миң сомго сатылары каңкууланып келет. Мына ушул сойкукананын көмүскөдөгү ээси Жогорку Кеңештин депутаты Турсунтай Салимов экени белгилүү. Кыргыздардын моралдык-психологиялык абалы дал ушул жерден бузулуп атканын кантип танабыз? Баса, "Прадонун" имараты мурдагы бала бакча экени, аны акчанын күчү менен Т.Салимов көңүл аччу жайга айландырганын кантип түшүнөбүз? Азыркы тапта Бишкекте бала бакча жетишсиз болуп, ар бир группада 70-80ге чейин наристелер тыгылышып, абал оорлошуп турат. А Турсунтай акаңар бала бакчаны сойкуканага айландырып жиберген. Ушу эргул кантип Кыргыз эл депутаты болуп отурат? Эми "Прадону" наристелердин тарбия алчу жерине кайра айландыра албайсың. Себеби, ал жер ыплас болуп калды. Андыктан, Т.Салимов Бишкекке бала бакча куруп берсин да. Дал ушул көйгөйдүн айынан жүздөгөн кыргыздар кыжырданып, тиш кайрап жатышканын эшиттик. Арты жаман болбойбу?..


Батирдеги бактысыз күндөрдөн...

Бу дүйнөдө Ө.Абдрахмановду ким түшүнөт?
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов бир айдан бери үйүнө бара элек... "Дагы эмне болуп кетти?" деп тыңдасак, көрсө, үйбүлөсү бир ооздон: "Ай, жыйырма жыл жумушсуз жүрдүң, эми гана Текебаевдин аркасы менен депутаттык креслого жеткенден кийин, тынч эле жүрбөйсүңбү? Аны менен эмнеге урушасың, деги сенин урушпаган кишиң калдыбы?" деп жарга такашат. Мындайга чыдабаган Ө.Абдрахманов узу-ун колун силкип, "баарыңар эле мага каршысыңар, жадагалса "Карышкыр" да мени зекийт, деги мени ким түшүнөт?" деп озондоп, үйүнөн безип кетиптир. Азыр болсо, би-ир жерде батирде жашап атыптыр. Батирге кирерде эки жакты элеңдей карап...


Кыйын кырдаал кезеңи

Оппозиция лидери К.Ташиевди карыздары коколоп атат
Соңку убакта Камчыбек Ташиевди карыздары коколоп, жанын кашайтып атыптыр. Эсиңерде болсо, президенттик шайлоодо К.Ташиев акчадан кыйналып, чоң суммадагы кредит да алып, айласы куруп калган. Натыйжада, ошол карыздарынын көйгөйүнөн нефтебазаларын да иштете албай, кыйын кырдаалга кабылган кербези. Оппозициянын башкы лидеринин абалы ушундай болсо, анда бийлик жыргап аткан экен да...


Үзүлгөн укурук

Экс-губернатор Б.Асанов камалабы, же?..
Прокуратура кызматкерлери экс-губернатор Бектур Асановго кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартууга ниеттенип атышыптыр. Себеби бар, реалдуу негизде. 7-апрелден кийин банк ячейкаларынан алынган акчалар боюнча Б.Асановдун бүгүнкү күнгө чейин отчет бербей келгени кедерги болуп, ушул жагынан айып тагылып, аз күндө камакка алынышы болжонуп атыптыр. Бирок, Б.Асановдун артында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев тургандыктан, прокуратуранын ыргыткан укуругу Бектурдун моюнуна илинбей калышы мүмкүн. Себеби, Ө.Текебаев менен А.Салянованын "достугу" кө-өп
нерсеге роль ойноп атпайбы...


Адилеттикти айтканда...

Президент А.Атамбаевди сөзгө жыккан У.Ормонов
Аз күн мурда оппозиционер Улугбек Ормонов менен президент Алмаз Атамбаев жолугуп, кенен-кесир сүйлөшкөнгө үлгүрүштү. А.Атамбаев түштүктөгү позициясын бекемдеш үчүн У.Ормонов менен жакын мамиледе болушуна кызыкдар экенин билдирип, "бир командада болбойлубу?" деген сунушун айтса, Улугбек мырза кебелбей: "сизге күйүп, кызмат кылган балдарды талаага таштап атпайсызбы (?), алардын баркына жетпедиңиз да, урматтуу президент!" деп тике айтыптыр. Мындай сөзгө А.Атамбаев жооп бере албай, тайсалдап, акыры сөзгө жыгылып, өзүнүн катачылыгын моюнга алганы белгилүү болду. Ошентип, экөө экинчи ирет бет келишпей тургандай болушуптур. Албетте, коомчулук мындан ары адилеттик сөзү үчүн Улугбек мырзаны колдойт да...


"Майлап-сүттөгөндө"...

И.Пирматов ЖК комиссиясын пулга көөмп салдыбы?
Прокуратура тарабынан депутат Исхак Пирматовго кылмыш иши козголгон эле. Бирок, Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы бир ай чамасында бул иш менен таанышып, И.Пирматовду кылмыш жоопкерчилигине тартуу негизсиз экенине токтолушту. Ал эми бизге жеткен маалыматтарга караганда, Исхак мырза депутаттык комиссияны кыйла эле "майлап-сүттөгөнү", айрым принципиалдуу депутаттарга 30 миң долларга чейин пул таратканы каңкууланууда. Мунун өзү эмнени билдирет? Албетте, Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш жөн гана жел экендиги, ошол коррупция менен күрөшөбүз (!) дегендер да коррупцияга батып кеткенин кабарлайт!


Таппасаң сыйпалап кал!

А.Акаевдин түбүнө жеткен А.Сегизбаев эми А.Атамбаевдин аңга түртсө...
2005-жылдын 24-мартына чейин Аскар Акаевдин пресс-секретары болгон Абдил Сегизбаевди ким билбейт? Бу жигит март төңкөрүшүнүн астында А.Акаевге тескери маалымат берип, КТРден элди жектеп, бүтүндөй кыргыз калкына жалган маалымат таратып, ооз көбүртүп, "эл душманы" катары айыпталган. Ошол 24-мартта Абдил Акүйдөн элдин колуна түшүп, жата кала жансоога сурап, аман калганын көргөнбүз. Анан жок болуп кеткен, "куйрук" түйүп... Эми болсо президент Алмаз Атамбаевдин жакын насаатчысына айланып, ММКларды көзөмөлдөө, аларды тизгиндөө "добросун" алып, президенттин маалыматтык каражатын тейлөөгө киришиптир. А.Сегизбаев мындай абалы менен эркин басылмаларды муунтканга, оппозицияны сокмойго план түзүп, ушу күндөрү ажого жага турган иш-пландары менен жүгүрүп жүрөт. "Таппасаң сыйпалап кал!" деген киши жок. Кечээ А.Акаевдин түбүнө жеткен А.Сегизбаев эми А.Атамбаевдин башын айландырып, аңга түрткөнү аз калган го! Ушу Абдилге да кишинин күнү түшөбү? Атаңгөрү, 24-мартта Абдил жалганчылыгы үчүн элден тепки жегенде, бүгүн минтип кутурбайт эле да...




Азия news





??.??