presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Жүз бир роза


(Сүйүү баяны)
Дал ушул учурда телефонум шыңгырап калбаспы, тиги бейтааныш сулуулар мага көңүл бура карашты. "Азыр" деген мааниде аларга баш ийкедим. Сулуулар ууртунан бүлк эткенге жарашты...
-Алло...
-Саргалдай байкеси, кандайсыз?
-Жакшы, ой! Кандай өзүң?
-Сонун байкеси. Деги эле кат жазбайсыз, каттабайсыз?..
-Баары жакшы. Сени бошобойт го (!) деп ойлойм да... Кат жазганга, каттаганга жакшы элемин...
-Баары жакшы болсо болду. Агент аркылуу да жазып туруңуз?..
-Ооба, жакшы сөздөр көп. Өзүңдө не жаңылык?
-Жаңылык деле жок. Жатам ичип-жеп дегендей...-деп Айгүл күлө сүйлөдү.
-Бүгүн жумуш жок да. Эс алып атасыңбы?
-Ооба. Эми жумуш мага бир жарым жылга чейин жок да...
-Эмнеге?
-Беш ай жүрөм да чандайып, анан дагы жарым жыл үйдө олтурганга туура келет. Декрет деген бар.
-Аа, күйөөгө тийдиң беле?
-Ооба да. Төрт айдан ашты.
-Укпаптырмын.
-Да-а... Узун кулак сиз укпай калдыңызбы?-деп күлө сүйлөдү.
-Бакыт каалайм!
-Рахмат!
-Бойдо бар кезде жакшы да.
-Жакшы. Бирок, токсикоз деген неме бар экен...
-Боюнда бар аялдарды жакшы көрөм негизи...
-Кантип жакшы көрөсүз?
-Жылуулугу болот го, көзгө да сонун көрүнөт...
-Анда мени байма-бай көрүп тургула да. Азырынча күйөө бала Россияда,-деп каткырды.
-Күйөөң кызганбаса эле көрүп турам.
-Ал Москвада жүрөт, иштеп.
-Аа, анда сени качан көрүп кетсем?
-Мен бир аз түзүк болоюн, башымды көтөрө албай эле жатам. Унитаз менен кучакташып...
-Көңүлүң көтөрүлсө, башкасы да көтөрүлөт... Анда бир жуманын аягында тоого чыгып келбейлиби?
-Макул.
-Баса, канча ай боюңда?
-Төрт.
-Жакшы экен. Байланышабыз э?
-Күтөм.
-Буюрса, биз ар бир күндү бакытка бөлөшүбүз керек...
-Менин күткөнүм да бакыт-таалай, байкеси...
-Айгүл, а пиво ичсекчи?
-Не-а! Коюңузчу?
-Бетиңен өпсөмчү?
-Жумша-ак өбөсүзбү?
-Албетте! Бирок, сакал-муруттарымды албай атам, кичине сайгылап коет...
-Мм...
-Гүл берсемчи сага?
-Ур-ра!
-Анда баарын жасайбыз. Эртең кечинде чалам э?
-Макул. Жакшы туруңуз.
-Көрүшкөнчө...
Маңдайымдагы кыздар делдиреп эле мени карап калыптыр. Аларга тике карап:
-Мен Саргалдай болом!-дедим.
-Жылдыз.
-Айжан.
-Жакшы кыздар экенсиңер. Эми айткыла, министрди эмне кылып тоноп кеттиңер?
Кыздар кубарып эле жер карашты. Ал ортодо Марат досум сөзгө аралашты:
-Досум, мен бул кыздар менен тил табыштым. Койсоңчу?
-Кантип эле?
-Сүйлөшүп, бүтүрдүк да.
-Кое турсаң. Кана, кимдин атасы прокурор?
-Менин...-деди Жылдыз жер карап.
-Эмне, атаңа ишенип ушундай ишти кылып атасыңбы?
-Жо-ок, байке...
-Азыр мен экөөңөрдү сүрөткө тартып, интернет-сайттарга, гезиттерге жарыялап ийсем эмне болосуңар? Прокурор атаң да уят болот, а өзүңөр камаласыңар!
-Байке, байке...
-Эмне? Ал министр менин досум болот. Бою кичинекей болсо эле, аракты көтөрө албаса эле ойнотуп кете бересиңерби?!
-Кечирип коюңузчу?
Көз ирмемчелик тиктеше түштүк. Аядым ичимен, боорукермин да...
-Кечирдим! Жургүлө сууга түшөлү?-деп чечкиндүү дем менен ордуман тура жөнөдүм.
Кыздардын жүзүнө нур жүгүрүп, мени менен кошо басышты. Маратты байкасам, мыйыгынан жылмайып, аркы бөлмөгө чыга жөнөдү. Жылдыз болсо:
-Министр сиздин досуңузбу?-деди.
-Досум. Минюстка жаңы эле барды го. Өзү адамгерчиликтүү, билимдүү жигит. Анан силер аны алдап кетсеңер, менин жиним келди да.
-Кечирип коюңузчу?-деп Айжан да сөзгө аралашты.
-Бүгүн кечиришелик анда. Давай, жууналык?
Кыздар мындай кырдаалдын далайын баштан кечирсе керек. Токтоосуз эле жыпжылаңач болуп чечинишип, мени жандап эле калышты. Үчөөбүз душка чогуу кирине баштадык. Бойлору узун, дене мүчөлөрү сымбаттуу келген периштелер далыман, көкүрөгүмөн сылашып, назик колдору менен сыйпалашканы, эй! Өлгөн жанды тирилтет да! Кумардануу менен жуунуп бүттүк. Кыздардын белинен имере кучактап, жата турган бөлмөгө бастым. Кыналышкан кургурлар десе, жүрөктү эзишкенин карасаң? Бөлмө ичи күңүрт экен. Аңгыча Жылдыз:
-Сизге массаж жасап берейинби?-деп күлө карады.
-Жарайт!
Көмкөрөмөн жата кеттим. Дырдай жылаңачмын. Ой, тим эле, Жылдыз эзип кирди бүткүл денемди. Колдору назик, кытыгылап, бирде катуулап, айтор, жан эргиткен сезимге бөлөп салды. Тургум келбеди. Бир маалда:
-Эми оодарылсаңыз?-деди.
Оодарылдым. Ал дагы энеден туума назик денеси менен мага айкалышып, үстүмө сойлоп чыгып келатат...

(Уландысы кийинки санда.
Гезит 3-апрелде чыгат)





Азия news





??.??





??.??