Коррупцияга каршы шылтоосу

Атамбаев менен Бабанов бирин-бири чукуганда...


Президент Атамбаев коррупцияга каршы "согуш" жарыялап, натыйжада, жалаң эле премьер Бабановдун кадрлары кайырмакка илинип, алды камалып (Мурзалиев), эми болсо Пирматов менен Шадиевге иш козголуп, кыйын абал түзүлүүдө. Баса, буга чейин Шакинин чеңгелиндеги "Аю" ишканасына да кылмыш иши козголгон. Албетте, булар чын эле мыйзам астында күнөөлүү (!) деп табылса, тиешелүү жазаларын алышы зарыл. Бирок, медалдын экинчи бети да бар. Соңку убакта Бабанов мырза Атамбаевдин мындай аракеттерин жактырбай, "менин командамды кысып отуруп, акыры мага да кезек жетеби?" дегендей санаркоого кабылып, президенттин жакын адамдарынан да илинчээк
издей баштаганын каңкуулашты. Кыязы, мамлекеттеги коррупцияга каршы күрөшүү жеке кызыкчылыктардан өйдө чыга албай, акыр аягы ички интригалардын курмандыгына айланып калышы ыктымал. Көрө жаталык.


Ээрден оогонго күлүп

А.Шадиевге иш козголгону - Н.Ариповго абдан жакты!


Энергетика министри Аскарбек Шадиевге кылмыш иши козголуп, кызматынан убактылуу четтелгени белгилүү. Мындай кадамга жердеш депутаты Назарали Арипов кубанып, А.Шадиевдин бийлик секисинен биротоло жок болушуна кызыктар экени кабарланууда. Экөө тең Лейлектен болот. А неге тирешүүдө? Көрсө, Баткен аймагындагы кадр саясаты менен бизнес кызыкчылыктары экөөнүн мамилелерин муздатканы, бири-бирине дүнүйө-мүлктүн айынан душмандашканы белгилүү болду.


"Хапуганын" арааны

М.Акматбеков МАИге келсе, коррупция


күчөйт го...


Республикалык МАИ башкармалыгынын башчысына Талант Исаев келип, коррупцияга каршы иш башталабы (?) деген үмүт жаралып атканда, анын орун басарлыгына Манас Акматбековдун бара турганы белгилүү болду. Манас акеңер алдыртан эле ордун жууп, жоро-жолдоштору менен күпүлдөп аткан чагы. Аргасыздан бу жигиттин эски жоругун эстейсиң, Бакиев режимине жагынып, таластыктарды "тизелетем" деп, оппозицияны катуу колдогон жердештерине каршы чыккан. Бирок, М.Акматбековдун тилеги таш каап, өзү чөгөлөгөнү эсибизде. Жердештерине аброю жок милицияны акыры бакиевчилер кызматтан сүрүп койгон, ал кезде арты да таза болбой, тар чөйрөгө "хапуга" да аталып кеткен. Эми ушу М.Акматбеков МАИге орун басар болсо, анда өкмөттүн коррупцияга каршы күрөшүүсү не болот? Ойрону чыгат го...


Акыркы үмүт чекисттердеби?


Эгемендиктин 20 жылы бою башкасынан болбосо да, машташып-иришмейден алдыга ат салдырбаган Кыргызстанда коррупцияны жеңиш дегеле мүмкүнбү (?) деген суроо бүгүн кабыргасынан коюлуп жатканда, какаганга-чачаган болуп, ошол коррупциялашкандарды "ким тыят, ким кармайт?" дегенге келгенде, бийликтегилер "жоолук катмайга" өткөнү жашыруун эмес. Себеби деле түшүнүктүү: ажо Атамбаев каарын төгүп, жакшы эле ачууланганы менен андан аркысында такалып, "ким күрөшөт?" дегенде баары эле даабай жатпайбы. Анткени, жедеп кол ийрисине тартып бүтүп, уруулашып-туугандашып, куда-сөөк, жээн-бөлө боло чырмалышып калган биздин коомдо ким эле жакындарын соттоткусу, түрмөгө отургузгусу келсин. Мындайда кендирди кескен дагы бир нерсе, таза кадрларды табыш да өтө кыйынга турууда. Экономикалык кылмыштардын бетин ачат, абадан акча жасаган "жаңы кыргыздардын" алкын тыят, Мамказнага эптеп чогултулган жарыбаган акчаны канатына калкалайт (!) деп үмүттөндүргөн каржы полициясы ишти оңдомок турсун, өзү оңкосунан кетип, жоюлуп тынды. Ушундай кадамга ажо менен башбакан аргасыздан барганы маалым болууда. Анткени, каржы полициясы бир караганда күжүлдөтө иштегендей эле көрүнгөн, бирок, ичинен ирип, паракорлук менен оокат кылып калганы ачыкка чыгып калды го. Иштегенинен иригени көп болуп кеткендиктен, аны түп-тамырынан жок кылып туруп, анын ордуна жаңы түзүм кургандан башка арга калбаптыр. Себеби, жаңы орган түзүлгөндө, мамлекеттик кызматтын эрежелерине ылайык, ага атайын сынак менен аттестацияланган башка кызматкерлер келет. Болбосо, мурдагы түзүмдү жаңыртып-кыскарткан менен баягы эле машташкандар кайра келип алышы бизде эрежеге айланып калбадыбы. Муну бийлик бирэседен Грузиянын ыкмасына салды дешет. Эмнеси болсо да, кара мышыкпы, сары мышыкпы, айтор, чычкан алса болду да, андыктан, каржы полициясынын ордуна экономикалык кылмыштарды иликтөө кызматы түзүлгөнү да бекеринен эмес өңдөнөт.
Ал эми кыргыз коомчулугун көптөн-көп түйшөлткөн нерсе - коррупцияны акыры ким ооздуктайт, ким буга чындап даап барат (?) деген эле маселе. Бул милдетти жаңы бийлик акыры барып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жүктөп тынды. Жүктөп эле тим болбой, УКМК алдында коррупцияга каршы кызмат (КАК) түзүлүп, иштей баштаганда эле далайларды жүдөтүп, жүрөгүнүн үшүн алганын тана албайбыз дечи. Бирогу, Шамил Атаханов баштаган "үч тамганын" катуу таскагы баарына эле жага бербей, эптеп кылдан кыйкым таап, аны кызматтан айдаштын айласын издеп калышканы болду. Бул өңүттө мурда башкы жүйөө катары "кыргыз эмес", "кыргызга кылы кыйшайбайт" деген бошоң жарлыкка таянып келишсе, жакында Шамил мырзанын каршылаштарынын көктөн тилегени жерден табылып, майда бир пара менен кармалган МАИ кызматкери УКМКнын жертөлөсүндө муунуп, өз жанын кыйып койбоспу. Ошо кайгылуу окуяны колко кылган айрым ЖоКе депутаттары "Атаханов кетсин!" деген ураанды көкөлөтө карманышып, чуру-чуу түштү да калды. Буга кошул-ташыл боло "жаман болсо да, өз үйүрүмдөн айгыр салдырам" деген ашкере улутчулдук ылаңы менен ылаңдагандар да арбын. Калысын айтсак, Атаханов кыргызга жат киши эмес, мурда комсомолдон бери таза иштеп көнгөн билимдүү, мамлекеттик кызматта такшалган, жоопкерчилиги жогору, жеке маданиятын жана адебин сактап калган сейрек кадрлардан экендигин көпчүлүк биле бербес. Атасы Есенжан Атаханов Кыргыз автономиялуу жана союздук республикасынын коопсуздук жана тартип сактоо органдарында зор эмгек сиңирген киши болгон. Мындайча айтканда, жаңы тарыхтагы Кыргыз мамлекетинин түптөлүшү жана кыргыздардын өөрчүп-өнүгүшү үчүн ак кызматын өтөгөн ата-тектүү, өзү да күч органдарында иштеп келген Шамил мырзаны улутунан шекшинип, эптеп бир шылтоо менен кызматынан кетиргенден табаарыбыз эмне?
Албетте, жакынкы мезгилге чейин "үч тамга" ичи да жипке тизген шурудай тептегиз болуп келбегени белгилүү. Мурда СССР деген державаны былк эттирбей кармап турган башкы күч КГБнын бир бучкагын тартып турган кыргыз атайын кызматы эгемендик алгандан бери жалпы коом сыяктуу эле далай сыноолордон, ички ыйкы-тыйкыдан, тирешүүдөн, реформалардан өттү. Алсак, эгемендикке чейин "мамлекеттик коопсуздук" дегенде жалаң Москванын, КПСС саясый бюросунун, анан Орусиянын таламдарын көздөп, жүргөн-турганын ошолорго түздөп келген мурдагы союздук республикалардын атайын кызматтарында иштегендердин бир тобу жетекчилиги баш болуп, "улуттук коопсуздук" деген жаңы түшүнүккө келгенде сиркелери суу көтөрбөй калганы, кайра өзүлөрү эгемен жаңы мамлекеттердин сырларын туш келди сатып, байлык топтоп алып, акыры куйруктарын түйө качканы элдин эсинде. Бизде Герман Кузнецовдун, Валерий Верчагиндин ошондой жоруктарын айтсак болот. Ошолордун айынан эгемендиктин алгачкы жылдарында кыргыз улуттук коопсуздук органдарында чыңалган абал түзүлүп, эски жана жаңы көз караштагылар тирешкенин билебиз.
Бүгүн УКМК жээк-жергесиз демократиянын либералдашкан оорусунан арылып, дал кыргыз мамлекетинин улуттук коопсуздугуна кызмат кыла баштаганы коомчулукка билинүүдө. Өзгөчө апрель ыңкылабынан кийин биздин атайын кызматтар алаамат кырдаалда кемчилик, ката кетирсе да, мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калганга салмактуу салым кошкону айкын. Албетте, оозунан алдырган мурдагы бийликтегилер ички жана тышкы күчтөр менен ымалаша коюп, тынч жатышпасы да белгилүү. Ошентсе да, коррупцияга каршы күрөш чордонуна УКМК бекеринен турбагандыр. Азыр жогорку бийлик бутактарынын деңгээлинде коррупциялашкандар менен кармашса, ушул "үч тамга" гана кармаша алаары көрүнүүдө. Себеби, башка түзүмдөргө караганда алда канча тазараагы да ошол УКМК. Соңку мезгилдерде жүргүзүлүп келген ар түркүн социологиялык иликтөөлөрдө да улуттук коопсуздук кызматына эл башкаларга караганда көбүрөөк ишенээри билинген. Дагы айтсак, советтик мезгилден бери бир карын майды чириткен бирин-серин кумалактарды албаганда, адегенде КГБга, анан УКК-УКМКга негизи моралдык жагынан таза, адеп-ахлагы бийик, ашкере билимдүү, Мекенге абдан берилгендер тандалып келген эмеспи. Бүгүн кыргыз мамлекетинин келечеги бычактын мизинде турганда, ошол келечегибиздин тамырына балта чаап келаткан коррупциянын тизгинин тартуу иши бүгүн чекисттерге ишенип отурганынын себеби дал ушунда деген ойдобуз.

Садырбек Чериков,
эркин эксперт