(Сандан санга)

Жүз бир роза


(Сүйүү баяны)
-"Сен сакталып калышың керек" деп, бир топ эле кеңештерин айтып турду. Бирок, менин багытым башка, аныкы башка эле да.
-Элмурзанын жигиттик сапаты бар, сөзүнө турат,-деп кошумчалады байке.
-Ооба. Бир жолу катуу кысым болгондо, "өлтүрөбүз" дегенде токтотуп калган жайы бар,-дедим маектешимдин сөзүн улап.
-Ошондой болду беле?
-Ооба.
-Түшүнүктүү... Азыр байланышып атасыңбы?
-Албетте!
Жакшы. Элмурза менен бир күнү жолугуп сүйлөшсөк болот эле.
-Жарайт, айтайын.
Сөзгө улай Акыл байке колуна стаканын алды, мен сок куюп, ага шерик болдум. Ал болсо:
-Бу кыздарды кайдан билесиң?-деди.
-Сиздин моюнга асылып атканы "катуу" да...
-Кандайча?
-Сойку, "элита" дейт го... Ставкасы жогору.
-Ошондойбу?
-Ооба. Бул кыз андай жагынан тар чөйрөгө таанымал эле болуп калды. А сиз кайдан тааныштыңыз?
-Бир досум "белек" кылды да, "зеригип атасың, эс алчы" деп.
-Аа... Канча пулга экен булар?
-Мага бекер эле да.
Экөөбүз аларга карап калдык. Дааратканага барып, бизди көздөй келатышат. Жүздөрүндө жылмаюу, жасалма, муздак. Сырткы түспөлдөрү канчалык жагымдуу сезилгени менен бир жолку кумардан соң, буларыңдын кызыгы кетип калары белгилүү. Жандүйнөсүндө жылуулук жок адамдын көргөн күнү курусун! Адамдын ички дүйнөсү булганып, тазалыктан тайып калган кезде, аны кайра калыбына келтирүү оңой эмес. Мындай ооруга сулуулар чалдыгышат, алар өз бактысынан ажырап, анан жасалма бакытты издешет. Ар бир убактысын көңүлдүү кылып өткөзүү үчүн. Кандай гана аянычтуу! Сойкулуктун азабы үйбүлөлүк жылуулукту, эркекке болгон чын дилден сүйүүнү жоготот тура. А мунун өзү - алардын көз жашы менен өмүр бою жүрөктөрүндө калат. Ой жүгүртүүсү, психологиясы таптакыр өлөт экен да...
Кайрадан кыздар жаныбызга келип отурду. Акыл байке аларды бир сыйра күлдүрүп, анекдот да айтып жиберди. Ортодо күлкү, каткырык. Ага улай Акыл байке:
-"Жоргонун тери кургабайт..." А силердикичи?..-деди.
-Биздин да бир жерибиз,-деди Пери жалжаңдап.
Мага мындай диалог күтүүсүздүк болду. Баса, ушу кызды экинчи ирет көрүп атам, ичкенде оозун чоюп, болушунча эле балжырап калат экен. Ушуну менен экинчи жолу отурушум. Ичимен кыжырды келтирди. Сыр бербедим, Акыл байкеге карап:
-Мага бир саатка уруксат бересизби?-дедим.
-Кайда барасың?
-Бир зарыл иштер бар эле, жолугуп келе калайын.
-Жарайт! Бирок, кайра кел.
-Макул.
Кыздар унчукпай эле отуруп калышты. Шарт туруп, жөнөй бердим. Көчөгө чыгып, машинеме отурдум да, зуу койгон боюнча Марат доско жөнөдүм. "Алар мончого жетип калышса керек" деп ойлодум. Министрди мас кылып туруп, акчасын тоноп, баш айландырып койгон кыздар кызык сезилди. Көргүм келип... Ахунбаев-Совет көчөлөрүнүн кесилиши машинелердин тыгыны экен. Туруп калдым. Улам жылып, кайра токтойм. А жашоо агымы токтобойт. Адамдардын каршы-терши басканына көз чаптырып отуруп, турмуш образыбыздын карама-каршылыгына таңгалдым. Өзгөчө чырайлуу кыздар менен мамиле түзүп, анан алар менен кумарлуу ирмемдерди кечирген соң, көңүл калып калганычы? Албетте, канча сулууларды "шилтеп" койдум, бирок, бирөө да көңүл жылытарлык маанай тартуулай албады. Убактылуу гана алаксымай тура. Кемчиликтери арбын. Мен аларды сүйө албай койдум. Болгону эки гана аялзаты көңүлгө төп келип, эсте калыптыр...
Аңгыча машинелердин тыгынынан бошоп, Совет көчөсү менен ылдый зуулдадым. Көз ачып жумганча "Пиратка" жете бардым, машинени короого киргизип, ичкериге башпакканымча Марат чыга калды.
-Кандайсың, досум?-деди жайдары жүзү менен.
-Кудайга шугур!
-Кел, министрдин кыздарын кылтакка илип койдум.
-Сен кыйынсың да.
-Жүр кирели, алар парга кирип кетишти.
-Кандай ахвалдары?
-Жалдырашат. Сени да айттым, азыр эле. Ого бетер жүрөктөрү түшүп атат.
-Кыздарды коркутпаш керек, досум!
Экөөбүз ээрчише саунанын босогосун аттадык. Чечиндик. Түз эле душка бир сыйра чайындык, аңгыча кыздар да күбүр-шыбыр болушуп, бизди көздөй келатышат. Бетме-бет чыктык. Сүймөнкул менен Таттыбүбүдөй тиктешип...
-Саламатсыңарбы?-дедим маданияттуу мааниде учурашып.
-Саламатсызбы?-дешти бир ооздон.
-Келгиле, каражандар!
Кыздар менен катарлаш аркы бөлмөдөгү эс алуучу жайга бастык. Мен чыдабай:
-Көк чай бар бекен? Чай ичелик,-дедим.
-Жакшы болот,-деди чырайлуу бийкеч көзүн сүзүп.
-Досум, сен айткан нерсе болот да,-деп Марат жол баштай жайылган столго басты.
Сулууларга көз чаптырсам, кыйла эле "дандуу" экен. "Өзөгү бар" дүчү беле? Эски тааныштардай эле столдон орун алдык. Жаркылдаган, дене мүчөлөрү келишкен периштелер жанаша отурушту. Чын эле министрдин баш айлантып кете тургандай деңгээлдери бар экен. Бирок, мен министр эмесмин да, андай "чобур саясатчылардын" далайын ордуна койгом, эми кеп анда эмес, мына бу кыздарда... Ал ортодо Марат досум сөзгө аралашты:
-Досум, кыздар кичине тартынып атат.
-Эмнеге?
-Биз сизден коркуп атабыз, байке?-деди ак жүздүү сулуу күлө карап.
-Эмнеге коркосуңар, таанышалы?

(Уландысы
кийинки санда.
Гезит 27-мартта чыгат)