Нурлан Асанбеков:

"Кыргыз эпосторунун ар бири өзүнчө эле драма"


Б.Кыдыкеева атындагы ТЮЗдун директору Нурлан Асанбеков өз стили, өз үнү бар жаңы муундагы режиссёр. Ал сахналаштырган спектаклдер АКШ, Польша сыяктуу мамлекеттерде көрсөтүлүп, эл аралык фестивалдарда театр сынчыларынын жогорку баасына арзыган. Жакында эле Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрында коюлган У. Шекспирдин "Отелло" трагедиясы театр турмушундагы зор окуя болду.

-Нурлан мырза, орус мектепте окуган шаардык бала театр дүйнөсүнө кандайча аралашып калды экен?
-Мен 1992-жылы Москвадан ГИТИСти бүткөм. Бул ошол кездеги деңгээли өтө бийик окуу жайлардын бири болчу. Дүйнөдө биринчи болуп балдар үчүн театр түзгөн аял Наталья Ильинична Сац менин профессорум эле. Репрессияланган ири советтик ишмер И.Вейцердин аялы болгондугу үчүн камакка алынып, беш жыл ГУЛАГда жүргөн. Камактан чыккандан кийин Алма-Атага сүргүнгө айдалып, Малиновка деп аталган айылда жашаган. Бирок сүргүндө да жөн жатпай, балдар үчүн театр ачууга жетишкен. Азыр Алма-Атадагы ТЮЗ Наталья Сацтын ысымын алып жүрөт. Наталья Ильинична жаш кезинде К.Станиславский, В.Мейерхольд сыяктуу театралдык реформаторлор менен чогуу окуп, чогуу иштешкен экен. Бактыбыз тоодой экен, биз ошондой кишиден тарбия алып калдык.
ГИТИСтен музыкалык театр-дын режиссёру деген диплом алып чыктым. Бүтөөрүм менен А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында, андан соң А.Өмүралиев атындагы шаардык театрда режиссер-коюучу болуп иштедим. Дж. Пуччининин "Джанни Скикки" (дипломдук ишим), Д.Киноситтин "Каркыранын канаты", П.И.Чайковскийдин "Пиковая дама", А.Толстойдун "Упырь", Таалай Осмоновдун Кожожаш жөнүндө жазылган "Керээз" аттуу спектаклдерин койдум. 1995-жылы Ч.Айтматовдун "Кызыл алмасын" сахналаштырдым. Дал ушул "Кызыл алма" аркылуу мен өзүмдүн ички дүйнөмдү ачтым (!) десем болот. Ошол спектаклде мен абдан белгилүү, чоң сүрөтчү Юлдаш Нурматов менен иштешип калдым. Орус драма театрында ар кайсы жылдары К. Гольдонинин "Трактирщица", "Самодуры", Ф.Сагандын "Пианино в траве", Э. де Филиппонун "Призраки", Опера жана балет театрында Р. Леонкаваллонун "Паяцы", П. Масканьинин "Сельская честь", Ж.Бизенин "Кармен" спектаклдерин койдум.
2000-жылы Москвада бүткүл дүйнөлүк театр олимпиадасы болуп, биз ага "Керээз" спектакли менен катыштык. Бул спектакль менин чыгармачылыгымдагы экинчи чоң окуя болду. Анткени, спектакл-ди койгондо, мен пьесаны эмес, "Кожожаш" эпосун негиз кылып алдым. Көрсө, биздин кенже эпосторубуз Гомердин "Илиада" жана "Одиссеясы" сыяктуу өзүнчө эле драма экен. Ар бир дастанды эл тарабынан айтылган драма десек болот. Музыкалык режиссёр катары дастанчы же акын эмне үчүн бир кайрыкты кайра-кайра кайталайт болду экен, элдик оозеки чыгармачылыктын магиясы эмнеде (?) деп изилдеп көрсөм, бул адамдын угуу нервине ылайыктуу болот тура. Биздин угарман же көрүүчү окуяны дал ушул ыкмада кабылдарын байкадым. Өзбектердин, тажиктердин, персилердин же болбосо, Батыш өлкөлөрүнүн сахна өнөрү аянтчалык театрдан өсүп чыкса, биздин театрдын башаты, тамыры көчмөн турмуш образында экен. Америкалык музыкант Джеймс Тейлор минтип жазыптыр: "Когда русские исследовали Алтай, сибирские киргизы разговаривали в стихотворной форме" дейт.
-"Отелло", "Кыз Сайкал" спектаклдерин көргөн соң бир нерсени байкадым. Сен пантомиманы көп колдонот экенсиң. Пантомима сен үчүн ойду, каармандын психологиялык абалын жеткирүүнүн бир ыкмасыбы же көрөрмандарды тартуунун бир айласыбы?
-Мага изденген жагат. Бул деле ошол изденүүнүн бир көрүнүшү десем болот. ГИТИСке чейин музыкалык окуу жайын бүткөм да. Опера жана балет театрында монтировкачы болуп иштеп, театрдын турмушунун баардык чөйрөсүн көргөм. Пантомимага кызыгып, бийлеп эле жүрчүмүн. Эмне үчүн опера балетте пантомима көп колдонулат? Себеби, анын башаты байыркы көчмө театрга барып такалат.
-Орус драма театрында качан караба, көрүүчүлөр залга батпай турганын көрөсүн. Ал эми кыргыз театрларында болсо эмнегедир эл сейрек. КМАДТты, ТЮЗду да орус театрындай деңгээлге көтөрүш үчүн эмне кылыш керек?
-Биринчиден, көрүүчүнү жакшы, сапаттуу оюн менен тартыш керек. Жаман товарды канчалык жасалгалап, кооз кутуга салсаң да ал өтпөйт. Репертуарларды өзгөртүү зарыл. Азырынча болсо репертуарлар бир жактуу болуп атат. "Илхом" театрындай болуп, спектаклдерди орусча да, кыргызча да коюп калсак бизге деле киши көп келе баштайт эле.
Экинчиден, адам фактору чоң роль ойнойт. Биздин артисттердин арасында текстти толук билбей, же жасалма ойногондорду көп байкап калам. Ушунун кесепетинен биз акыркы жылдары искусствону баалап, баркына жете алган адамдардын дээрлик бир муунун жоготуп алдык.
Театр ар бир райондо, ар бир облуста маданияттын борбору болушу керек. Эгер биз элдин аң-сезимин өстүрбөсөк, табитин тарбиялабасак, бир күн эмес, деги бизге театрдын кереги барбы, ал бизге эмне пайда берип жатат, эмне үчүн ал мен төлөгөн салыктын эсебинен жашашы керек (?) деген суроо күн тартибине коюлуп калышы мүмкүн. Биздин ТЮЗдун негизги көрүүчүлөрү - бул мектеп окуу-чулары, жаштар. Биз алардын көз карашына дал келүү менен бир эле учурда алардын табитин да тарбиялоого милдеттүүбүз. Кыргыз драма театрынын да, ТЮЗдун да милдети тилди өнүктүрүү, көрүүчүгө тилдин тереңдигин көрсөтүп, касиетин сездирүү, дүйнөлүк маданиятка эшик болуп берүү. Бирок, өкүнүчтүү жери бул багытта азырынча эч кандай концептуалдык саясат да, аракет да көрүнбөйт. Герман Гессенин, Томас Манндын, Марсель Прусттун чыгармалары кыргызчага которулдубу? Которулган күндө деле анын көркөмдүк деңгээли кандай? Биздин окурман, көрүүчү аларды кабылдаганга, сиңиргенге даярбы? Эл театрга, музейге барсын үчүн да сөзсүз жаңы муунду тарбиялап чыгарышыбыз керек. Менимче, буга кандайдыр бир убакыт талап кылынат го..
-"Көрүүчүлөрдү тартыш үчүн репертуарлар жаңыланышы керек" дедиң. Силер да анча-мынча жаңылай алдыңарбы?
-Өткөн жылы чет элдик фондулардын колдоосунда төрт жаңы спектакль койдук. Алар: "Кыз сайкал", "Талант жана тагдыр", "Шок бала", "Тактеке". Мен Москвада окуп жүргөндө, Кубат Жусубалиевдин "Күн автопортретин тартып бүтө элек" повестинен аябай
таасирленип, ал боюнча пантомима коймокчу болгом. Азыр деле ошондой максаттарым бар. Бирок, пландар көп болгон менен театр-дын чамасы чакталуу. Ушул жылы өкмөттөгүлөр "каражат бөлөбүз" деп убада берип атышат. Биз отурган имаратты өзүбүзгө берсе жакшы болот эле. Азыр болсо, Улуттук маданий борбору менен чогуу отурабыз. Көрүүчүлөр көп келиши үчүн сахна бир-эки актылуу спектаклдерди койгонго ылайыктуу болуш керек.
-Кино тартып көрөйүн деген пландарың жокпу? Менимче, театралдык режиссер үчүн кино тарткан оңой эле болсо керек?
-Театралдык режиссерлордун көбү эле кино тартышкан. Мисалы, Марк Захаров, Георгий Товстоногов, Анатолий Эфрос, Ингмар Бергман, Лукино Висконти театралдык режиссер болгон. Мен да жакында эле бир фильм тартып бүттүм. "Таң" деп аталат. Нан
ташыган бала жөнүндө. Ага чейин "Бешик ыры", "Жоготуу", "Ыр кесе" деген кыска метраждуу, "Жаздын жаралышы", кинорежиссёр Г.Базаров жөнүндө "Гена-Сакура" документалдуу фильмдерин тарткам. "Бешик ыры" Ташкентте баш байгени жеңип алды. "Жоготуу" Дубайда өткөн Азия жана Африка өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалына катышты.
Москвада окуп жүргөндө, бир жыл ВГИКтин жатаканасында жашагам. Бул окуу жайында окуган балдар менен көп сүйлөшүп, пикир алышчумун. Ошондон улам болсо керек, киного да аябай кызыгам. Азыр эми кино тартыш оңой болуп калбадыбы. Бирок кино менен театрды салыштырып карачу болсок, мен үчүн театр кызыктуу. Диапазону кененирээк. Бизде актёрлор жетиштүү, аларды ушул жерден эле окутуп, тарбиялап алсак болот. Бирок, кесипкөй режиссёрду даярдоо өтө кыйын. Театр, кино режиссёрлору бизде чоң дефицит. Кино тарткандар көп, бирок алардын көбүнүн билими жок. Театр деле ошондой. Себеби, Москвага же Санкт-Петербургда окуш үчүн көп каражат керек. Ошондуктан, мастер-класстарды өткөрсөм дейм. Жаш режиссёрлорду окутуу боюнча бир программам бар.