Айсулуу - Асел, Толгонай, Чолпон, Жизель...


Атактуу балерина Айсулуу Токомбаева учурда Турцияда күн кечирип, мугалимдик кесипти аркалап, шакирттерди даярдап келет. Дүйнөгө атагы чыккан жылдызыбыз өзүбүздүн улан-кыздарга балеттин сырларын үйрөтсө кана?.. Алыскы Анкарада жүргөн айдың көлдүн аккуусун биздин жаш муун тааныса, билсе, эгерде билишсе, унутпаса деген тилек.

-Бийлегенде адамдын баардык топтогон
энергиясы кетет эмеспи. Андан кийин күч-кубатты кайдан аласыз?
А. Т: -Музыкадан. Кээде бий адамдын баардык күчүн алып салат. Эгерде музыка болбогондо, билбейм кандай болмок?.. Музыка - таза суу. Ошондой эле жандүйнө жарыгы...
Айсулуу Токомбаеванын жандүйнөсүндө музыка балеттен биринчи ойгонгон. Ал музыкалык мектепте окуган. Апасы да театрда ырдачу. Кийин анын жашоосуна Ленинград шаары буюруп, А.Ваганова атындагы хореографиялык орто окуу жайынан билим алган. Бүткүл дүйнө менен бир тилде сүйлөшө билген балет - анын тагдыры болуп каларын ал башында сезген эмес. Жөн гана окуп жүрчү. Окуу жайда окуп атып, ал өзү жөжөдөн аккууга айланарын сезген эмес. Мугалимдери "сен өзүңө ишен" десе да, Айсулуу өз кемчилигин сезе билчү. Ал музыканын күчү менен гана мугалим берген тапшырманы аткарчу.
А. Т: -Түшүнбөйм, драмалык актерлор ролду кантип музыкасы жок аткарышат?
Балерина ыр окуганды жакшы көрөт. Бул дагы музыка дейт.
А. Т: -Мен Лев Толстой эске тутуусун бекемдеш үчүн ыр жаттарын уккан күндөн баштап, мен дагы ошого өткөм. Эртең менен саат 7де туруп, ыр жаттачу элем. Бир курдай орус акыны Цветаеванын ырын окуп атып: "менин ырларыма да кезек келет" деген сабына үңүлдүм. Бул сап мени да кадимкидей жооткотуп, үмүт берди. Эгерде мени кай бир учурларда түшүнбөй калышса, "менин да бийиме бир күнү кезек келет" деп тим болчумун. Мисалы, акында "анан" деген бар, а балеринада эч кандай "анан" деген болбойт, баары "азыр" болуш керек. Театрда бийлеп жүргөнүмдө репетиция залында жашачумун. Баардык жашоом сахнага чыккан мүнөткө байланган. Балерина сахнага чыкканда ким экенин унутуш керек. Мисалы, мен Айсулуу Токомбаева экенимди. А сахнадагы жылмаюуң, жеңилдигиң, жанып турганыңдын артында кандай эмгек, түйшүк жатканын сен көрөрмандарга көрсөтпөшүң кажет. Аны өзүңдөн башка эч ким билбеши керек.
И лишь тому дано узнать
Кому дано уметь летать,
Какая боль, какое счастье
Не по земле, как все, а над,
И трудно как над ней
подняться,
А не упасть - трудней стократ.

Жест- сөздөн күчтүү
А. Т: -Мени биртууганым Гүлмира "сен сахнада дайыма азап чеккен бирөөнүн образын жаратасың, сени өлтүрүп коюшат же сен өлтүрөсүң" дейт.
Чындыгында Айсулуу Токомбаеванын сахнадагы каармандары ар кандай: романтик аял, бунтар аял, ханыша ж.б. Булардын баары сүйүүсү үчүн күрөшкөндөр. Кимдин гана образын ачпады. Ал - Кармен, Жизель, леди Макбет, Фригия… Ар бир эркек анын аткаруусунда өзүнүн Жизелин, Карменин көрдү.
"Спартак" балетинен кийин "Токомбаеванын Фригиясы катаал
чыгып калган, жумшак болушу керек эле" деген сындар айтылган.
А. Т: -Фригияны ким кандай сезсе, кабылдаса ошондой. Токомбаеванын Фригиясы капаста чыркыраган жарадар чымчыкка окшош: сүйгөнү Спартак менен аралыгы алыс, эркин эмес, ал аз келгенсип аны такмаза кылышат... Ушундан улам катаал образ чыкты да. А бирок сүйгөнү менен жолуккан убактарда жумшактык, назиктик орун алат. Бирок, Спартак Фригия менен дайым бирге боло албайт. Анткени ал аскер адам. Акыры Спартак согуштан курман болот. Фригия анын ордуна спартакчыларга баш-көз болот. Анан бул жерде кайдагы жумшактык жөнүндө сөз болушу керек эле.
-"Эл менен жакшы байланышты түзгөн" - деп кайсы балетти атаар элеңиз?
А. Т: -"Лебединое озеро". Жыл сайын ошол эле көрүнүш сүрөттөлүп, "кимиси бийигирээк
секирет?" деп, айырмачылык ушунда гана болуп көрүнгөнү менен классикалык балеттеги эң оор партия ушул. Бул партияны канча жолу аткарба, кайра аткарыш үчүн башынан репетиция кылуу керек экенин билесиң. Дале даяр эмес экениңди сезесиң.
Искусствону адам жаратат. Айсулуу Токомбаева аны жараткан. Анын кыймыл-аракети, эмоциясы, жести... Жест-сөздөн күчтүү. Анткени ал айтып отурбай, тартуулап коёт.
"Лебединое озеро" балетинде сахнада аппак аккуу турду. Анда назиктик, тазалык, аруулук бар. Ал Одетта. Бир убакта сахнада Одиллия пайда болду. Кара мүртөз, заар жүздүү, кыртышы сүйбөй күлгөн... Одиллия Зигфридди Одеттадан алыстатканга аракет кылып азгырат. Бирок, акырында жеңе албайт. Айсулуу Токомбаева Одеттаны да Одиллияны да аткарган. Балерина менен кошо көрөрмандар да өзгөрүп турушкан. Бирде аны жакшы көрүп, бирде жек көрүп. Токомбаева алаканына кара менен акты салып көрсөтүп, көрөрманды өзүнө багындыра билген.
"Саманчынын жолу" балетинде Айсулуу Толгонай болду. Жапжаш Толгонай бир заматта он жылга картаят. Сырткы келбети эмес. Ошол эле жүзү, көзү, колу турат. Бирок, ийинине баардык энелердин түйшүгүн артып алгандай... Толгонайда эмне калды? Жер калды. Өзүнүн бир бөлүгүндөй болуп. Анын жандүйнөсүндө кичинекей тамызгы бар. Демек, жашоо бар... Толгонайдын бийи-ачуунун монологу, сүйүүнүн монологу, үмүт менен ишенимдин монологу. Ал муну сүйлөбөй туруп, кыймыл-аракет менен адамдарга жеткирет. Балеттин аягы сонун аяктайт. Толгонай колундагы баланы бийик көтөрөт...
А. Т: -Сахнадагы образ кантип жараларын жөнөкөй адамдарга түшүндүрүп берүү мүмкүн эмес. Бул абага сүрөт тарткан менен барабар...





Азия news
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!