УКМК төрагасы Ш.Атаханов отставкага кетеби?


Президент Атамбаев алгач УКМК төрагасына Шамил Атахановду дайындагандан соң, "эми коррупция менен катуу күрөш болот, жеп-ичкич чиновниктер камалат" деген мааниде катуу сүйлөгөн. Бирок, иш жүзүндө Ш.Атаханов азуусу бар, коррупционер үлкөн аткаминерлерди торго иле албай, тескерисинче, бизнесмендер менен майда фирмалардын жетекчилерин камаганга жетишти. Мындай көрүнүштөн кийин, Алмаз Шаршенович жаңылганын ичинен сезип, эми Ш.Атахановдун ордуна жаш, иш билги, жүрөгү бар адисти дайындаганга ниеттенип атканын эшиттик. Ал эр жүрөк ким экени азырынча белгисиз...



Ала шалбырт дипломатия

Катуу кетсем кап этпеңиз...


Президенттин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, кечээ күнү Алмаз Атамбаев Россиянын жаңыдан шайланган президенти В.Путинге телефон чалып, Владимир Владимировичти жогорку кызматка кайрадан шайланышы менен куттуктады. Президентибиз ага чейин Путин мырзаны Орто Азиядагы башка кесиптештеринин ичинен биринчи болуп кат аркылуу да куттуктаган эле.
Албетте, өлкө жетекчилеринин бирин-бири куттуктамай салты эл аралык дипломатияда
боло жүргөн адаттагы көрүнүш. Бирок, Алмаз Шаршеновичтин соңку кездердеги россиялык аткаминерлерди безге сайып, дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарындагы чоң талкууларга себеп болгон билдирүүлөрүнөн соң, кыргызстандык-россиялык мамилелер бир аз салкындай түшкөнсүгөн. Эми Атамбаевдин "Сиз кыйын кезеңде Россияны сактап калдыңыз, Россиянын мамлекеттүүлүгүн сактап калдыңыз. Сиздин чымырканган эмгегиңиздин аркасында россиялыктардын турмуш деңгээли кыйла жогорулады. Көбүнесе, мына ошондон улам акыркы кезде россиялык коомдо демократиялык кайра түзүүлөргө бурулуш башталды" деген сыяктуу комплименти кадимкидей тырчый түшкөн орус жетекчилигинин жүрөгүн канчалык жибите алаар экен (?), кеп ушунда.

Ханституция кумга сиңгенде

"Ата Мекендин" күнү бүттүбү?


7-апрелге чейин эл ичинде Опол-Тоодой кадыры бар "Ата Мекен" партиясы аз гана убакытта эч нерсе кылбай эңшерилип түшкөнүнө таңгалып турабыз. Баарыбыз билгендей, бу партия парламенттик шайлоодо элдин көчүгүндө араң кирген эле. Эми андан да жаман "аптаритети" айрылганы ачыкка чыкты. Ош шаардык кеңешине болгон шайлоодо ЖоКедеги депутаттарын чаптырып, Ошту орой жыгылып жатып, араң дегенде бир мандатка илешиптир. Токмок шаардык кеңешиндеги шайлоодо бир да орунга жетпей калыптыр. Жада калса "мынча пайыз алды" деп аты да чыккан жок. Кара-Кол шаарындагы шайлоодо дагы аты-жыты чыкпай калышынан улам, кайсы бир күчтөр тарабынан ызы-чуу уюштурулуп, добуш саноо убактысы экинчи суткага карай узартылганы маалым болду. Айтор, кечээ барандуу болгон партия бүгүн кумга сиңген суудай болуп, "сайда саны, кумда изи" түгөнүп баратканын түрдүү себептерге байлап, Ө.Абдрахманов, Р.Жээнбеков, Ш.Айтматоваларга окшогондорду партияга кошкондугуна байланыштыргандар бар. Таңгалыштуусу, "Ата Мекен" партиясы минтип жер-жерде шермендеси чыгып жатса, анын лидери Ө.Текебаев болбогон бир шылтоолор менен сөз эркиндигин муунтуга далалат жасап, биздин гезитти жаптырууга аракеттенип жүрү. Уят деген жок турбайбы?


Сал төлгө!

Туунун айрылганы эмнени билдирет?


Өткөн ишембиде бийлик билермандары мамлекеттик туунун 20 жылдыгын белгилешип, борбордук аянтта салтанат өткөрүштү. Өткөргөнү жакшы, ага каршылык жок. Бирок, дүйнө жүзү карап турган ишти жакшы уюштуруш керек да. Качан болсо да, баарына уят болуп, басып жүрөбүз. Ошол калдайган чоң тууну мурун эле жибине бекитип койсо, Акүйдөн чыгып каадалана баскан президент, премьер-министр, спикер аны акырындан көтөрсө болбойт беле? Дегенибиз, аз жерден жалпы кыргыз эли уят болуп кала жаздады. Буттары бирдей шилтенбеген солдаттар кармаган тууну илип, көтөрө баштаганда, үстү жагынан бир метрдей жери айрылып, аз жерден жерге жайылып кете сактады. Кудай колдоп, андан ары ыдырабай, өйдөгө көтөрүлүп кетти. Бирок, ырым-жырым менен жашап көнгөн элибиз, "муну жөн жерден болгон жок, ээрчишип чыккандардын бирөөсүнө белги болду" деп шыпшынышууда. Эмнеси болсо да, бул белги элге көрүнбөсө экен!


"Бириңерден бириң эр"

Ошту оппозиция, Кара-Колду президент, Токмокту өкмөт ээледи!


Ош шаарындагы аламан жарышта "Улуттар биримдиги" партиясы - 47,35 пайыз добуш менен алдыга озуп, Социал-демократтар - 23,98, "Республика" - 17,07, "Адилеттүү Кыргызстан" - 5,05 пайыз алышты. Токмоктогу шаардык кеңешке депутаттарды шайлоодо
27,85 пайыз добуш менен "Республика" партиясы алдыга чыгып, анын артынан куйрук улаш "Биримдик" деп аталган шайлоочулар тобу 15, "Биздин шаар үчүн" 12,07, Социал-демократтар 8,83, "Акшумкар" 6,22 пайыз добуш алды. "Ар-Намыска" 3,66 пайыз шайлоочу добуш берди. Кара-Кол шаарындагы жарышта жаңжал чыгып, добуш саноо убактысы узарып кеткендиктен, кечээ кечке чейин 70 пайыздан ашыгы араң эсептелип бүткөнүн БШК жар салды. Азырынча алдыга КСДП чыгып, 20 пайызга чукул добуш топтой алды. Анын артынан 11 пайыздык көрсөткүч менен "Республика" партиясы, "Союз" деп аталган шайлоочулар тобу 10 пайыздык жыйынтык менен үчүнчү катарда келе жатат. Жыйынтыктап айтканда, өлкөбүздүн экинчи борбору болгон Ошту оппозиция жеңсе, борборго жакын Токмок шаарында өкмөттү чеңгелдеген
партиянын өкүлдөрү ээлеп жыгылды. Эгер эсеп-чот аяктаганда өзгөрүп кетпесе, Кара-Кол шаарындагы аламанда президенттин партиясы орой жыгылганы турат. Албетте, КСДП партиясы бул шаарда чоң фальсификацияга барганы, мыйзамдарды тебелегени айтылып, шайлоо жараксыз (!) деп табылышын талап кылгандар болуп жатыр. Эгер бул талапты колдогондор көбөйүп кетсе, президенттин партиясы "облом" болуп калышы ыктымал. Эмнеси болсо да, бул жарыштарда кимдин-ким экени, кайсы партиянын кадыры канчалык экени аз-аздан айкын боло баштады. Маселен, "Ата Мекен" менен "Ар-намыс" эч бир жерде караандабай, туяк алдында тепселенип калганы, алардын доору бүткөнүн кабарлагансыйт!



Азия news
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!