Неля, ырчы:

"Мен кызыма, Урмат уулуна кийим тандайт"


Жаздын келишин ар бир адам чыдамсыздык менен күтсө керек. Алардын катарында ырчы Неля дагы бар. Үч жылдан бери үйдө мыкты кожейке, бактылуу жар, мээримдүү эне болуп, эки баланы тарбиялап аткан ырчыны кепке тартып, сөзүбүздү жаз тууралуу баштадык.

-Неля айым, сиз дагы жаз мезгилин чыдамсыздык менен күткөн адамдардын катарында экенсиз?
-Ооба. Кыштын суугун жаман көрөм. Жазды чыдамсыздык менен күтүп жаттым эле, кичине күн жылып калды. Өзгөчө мага жаздын алгачкы күндөрү, өрүк гүлдөгөн маал жагат. Үч жылдан бери үйдө отурбаймынбы, айлана-чөйрө кантип жап-жашыл болуп калганын байкабай калам. 8-марттан баштап эле биздин үйбүлөдө майрамдар уланат. 13-март эжемдин туулган күнү, мындан төрт жыл мурда 15-мартта үйлөнүү тоюбуз болгон. 21-март Нооруз, 31-март апамдын туулган күнү, айтор, март айы майрамдарга бай.
-Сиздин жеке көз карашыңызда, 8-март башка күндөрдөн эмнеси менен айырмаланат?
-8-мартта көчөгө чыксаң, ар түркүн түстөгү гүлдүн түрү көп болот. Айымдар гүлдөй болуп өзгөчө ачылышат. Мен дагы бул күнү баардык аялзатындай эле, белек алганды анан башкаларга белек бергенди жакшы көрөм.
-Кайсы түстөгү кийимдерди жактырасыз?
- Мага кызыл, ак, сары, жашыл түстөр жагат. Ачык түстөр адамды жаш, сулуу анан "свежий" көрсөтөт деп ойлойм. Кышында балдар менен эки жакка чыкканда ыңгайлуу болсун деп атып, үйгө кара өңдөгү кийимдерим көбөйүп кетти. Эми жаз келди, ачык түстөгү кийимдерди кийип баштайм. Мода кууп кийинбесем дагы, жарашыктуу, тыкан кийингенге аракет кылам.
-Чач жасалгаңызды кандай кылып өзгөртөйүн деп атасыз?
-Кестирүү боюнча ойлоно элекмин, бирок кызыл же сары түскө боегондон алысмын. Ушундай эле кара бойдон калат го.
-Балалуу болгондон кийин чыгармачылыкка мурдагыдай кирише албаганыңызды байкап атасызбы?
-Ооба, чыгармачылыктан
алыстап калдым. Бирок, такыр эле көрүнбөй, жок болуп кеткен жокмун. Эки баламда тең, жети айлык боюмда бар кезге чейин иштеп жүрдүм. Мурдагыдай концерт, гастролго көп чыкпай элемин. Мага азыр биринчи кезек, балдарымды оорутпай карап алсам, бир аз чоңоюшса анан чыгармачылыкка кайрадан баш-отум менен киришем. Ошентсе дагы, бирин-эки жаңы дуэт ырларды жаздырып атабыз. Буюрса, 20-21-мартта Ош, Жалал-Абадда Урмат экөөбүздүн концертибизди беребиз.
-А балдарды кимге таштайсыздар?
-Сыртка чыкканда үч адамга: кайненеме, апама анан кайнежеме гана ишенем. Буларга калтырып, шеринебизге, тойлорго барып келебиз. Көп сарсанаа болбойм. Башка эч кимге калтырып көргөн эмесмин, калтырбайм дагы. Анткени, баары бир жүрөгүң тынчыбайт. Анүстүнө Нурэл Жазэлди ыйлатып, оюнчуктарын алып качып, жулкулдатып жиберет. Ал эмес Урмат жалгыз калганда экөөнү карай албайт (күлүп).
-Кызыңыз Жазэл эмчектен чыкты беле?
-Эми чыгарайын деп атам. Мурда "кызымды бир жашына чейин эмизем" деп айтчумун. Буюрса, жакында кызыбыз бир жашка толот.
-Нурэл үч жашка чыкса, быдылдап сүйлөп калган турбайбы...
-Ой, айтпа. Мурда жакшынакай эле Урмат экөөбүздү "мама, папа" дечү. Кайдан үйрөнүп алганын билбейм, "мамаша, папаша, тайнеша" деп боорду эзип атат (күлүп). Азыркы балдарга таңгалам, бир нерсени чоң кишилердей кабыл алат, кадимкидей "Тамашоуну" түшүнөт. Өзүнчө отуруп алып каткыра берет.
-Балдарга кийим сатып алгандан ыракат аласызбы?
-Ананчы?! Балалуу болгондон кийин өзүмө караганда балдарыма кийим алганга кызыгып калдым. Ушунчалык сонун кийимдер бар. Азыр кызым кичинекей болгондуктан, "буюрса, кызымды татынакай кийиндирип, чачына бантик тагып, бутуна туфлий кийгизип жетелеп алам" деп кыялданам. Урмат экөөбүз "Детский мирге" кирип кетсек, эки-үч саат жүрө беребиз. Себеби, мен баардык бөлүмдөрүн кыдырып чыкмайынча ыраазы болбойм. Нурэлге атасы өзү тандайт. А мен Жазэлге тандайм. Жазэлге мен тыпырайган кооз кийимдерди алсам, Урмат уулун "мачо" кылып кийинтет. Чынжыры бар жинсы шым, пиджак, кө-өп топчулары бар көйнөк кылып, укмуш тандайт. Ырчы досторубуз, "Нурэл атасындай болуп өзүнчө эле "мачого", кичинекей Урмат" дешип, күлүп калышат.
-Балдары бар үйгө барып калганда, бир кап оюнчуктун теңинен көбү сынып калганын көрүп калам. Сиздерде дагы ушундайбы?
-Бизде да ушундай. Нурэл менен Жазэл оюнчуктан армандары жок. Келген коноктор бирден көтөрүп келип атып, толуп кеткен. Кызыбыз кичинекей да, анын бир куурчагы анан майда-чүйдө оюнчуктары бар. Калганы бүт Нурэлдики. Бирок мен ойнобой калган эски оюнчуктарын катып турам. Жаңы оюнчуктарына болгон кызыгы тараганда гана эскисин берип коем. Кызык нерсе айтып берейинби, бир күнү апам үйгө келип калса, Жазэл өзү "ляля" болуп алып, куурчагын колуна алып, таптап уктатып атыптыр. "Неля, кызыңды карасаң, өзү бала болуп алып, бала уктатып атат. Баары бир болочоктогу эне да" деп таңгалып атпайбы. Чын эле, ошондон кийин байкасам,
куурчагын жакшы көрүп, сооротуп, таптайт. Ал эми Нурэл мындай менен иши жок. Баардыгын чачып-чачып, басып кетет (күлүп).
-Балдарга кандай тамак-аштарды бербегенге тыюу саласыз?
-Куурулган тамактарды берсең, баланын ашказанына зыян. Эки күндүн биринде шорпо кайнатып берем. Таластык болгон үчүнбү, үйбүлөбүз менен камыр тамактарга жакынбыз. Манты, оромо, гүлчөтайды жакшы көрөбүз. Йогурт, коробкадагы ширелерди дагы аз берем. Баары бир алар жүз пайыз табигый эмес. Көбүнчө алманын, сабиздин ширесин жасайм.
-Эки баланын энеси катары, жаш энелерге кандай кеңеш айтат элеңиз?
-Менин эң биринчи кеңешим, "балдарыңарды сөзсүз бешикке жаткыргыла" дейт элем. Уулум менен кызымды тең бешикке жаткырдым. Кышкысын жылуу, жайкысын салкын, уйкусу тынч болот экен. Балага дагы, өзүңө дагы тынч. Бөлөп коюп, оокатыңды бүтүрүп аласың. Нурэл башы, буту бешикке батпай калганча жатты го чиркин. Жаткырбайлы десек,
ыйлачу. Анын бешиги бөбөгүнө дагы жакты.