Назгүл Канатбекова, бийчи:

"Жолдошум каршы болсо, бийди таштайм"


Ырчыларды коштоп, ар дайым чимириле бийлеген кыздарсыз сахна көрксүз экени талашсыз. Түзүлгөнүнө аз гана болсо дагы, көптөгөн той-концерттердин көркүн ачып келаткан "Миң кыял" бий тобунда негизги курамда бийлеген 20 жаштагы кымча бел сулуу Назгүл бизде конокто.

-Назгүл, "Миң кыялга" кандайча келип калгансың?
-Мен буга чейин башка бий топторунда бийлеп жүргөм. Башка бий топторунда формага деп акча талап кылышат. Костюмдар кымбат болгондуктан, кээ бир ата-энелер акча бералбашы мүмкүн да. Бир күнү университеттен "Миң кыял" бий тобуна кыздар кабыл алынат" деген жарыяны окуп калдым. Аталган дарекке барып,
баардык шарттар мага жагып, топто бийлеп калдым. Бул жакта эң негизгиси, костюмга акча чогултушпайт экен.
-Бийчилер акча чогултушпаса, силерди ким каржылайт?
-Администраторубуз Азиза эже демөөрчүлөрдү таап берет. Биздин милдет айтканын айткандай аткарып, барчу жерибизге кечикпешибиз зарыл.
-Кыздар көп жерде, ызы-чуу көп болчу эле?
-Биздин группада элүүдөн ашык кыздар бар. Уруш-талаш буга чейин болгон эмес. Болбой эле койсун. Көп жерде көралбастык деген жаман илдет бар го, бизде андай жок. Атаандашуу бар. Негизги курамда сегиз кыз бийлейт эмеспи. Калган кыздар биздей болгулары келип,
атаандашып, репетиция бүткөн-дөн кийин дагы калып даярданышат экен. Атаандашуу болгон жерде сөзсүз өсүү, өнүгүү болот деп ойлойм.
-Кээ бир кыздар арыкташ үчүн бийге барышат экен...
-Ооба, андайлар деле бар. Бирок, биз көп жесек дагы, дайым кыймылда болгон үчүнбү семирбейбиз. Биздин хореограф Гүлсара Сейдакматовна тамакка эч кандай тыюу салбайт, болгону кечки алтыдан кийин эч нерсе жебешибиз керек. Толмочураак келген кыздарыбыз жакшы эле арыктап калды. Бий - спорттун бир түрү десем жаңылышпайм.
-Турмушка чыккандан кийин бийди улантасыңбы?
-Мүмкүнчүлүк болсо улантам, эгер жолдошум каршы болсо, бийди таштайм. Себеби, мен үчүн эң биринчи кезекте үйбүлө турат. Бирок, хореограф боло албасам керек. Анткени, топ кыздарга эмес, бир кызга бий үйрөткөн абдан кыйын жана түйшүктүү.
-Сахнада кээде жарым-жылаңач болуп бийлейсиңер да. Үйбүлөң каршы эмеспи?
-Каршы эмес. Анткени, биз өтө деле ачык кийинбейбиз. Чыгыш бийин бийлегендеги костюмубузду жакшыраак карасаңыздар, киндигибиз көрүнбөшү үчүн шурулар менен кооздоп койгонбуз. Ал эми концерттен, тойдон чыккандан кийин жетекчибиз Акыл Ирсалиев үйлөрүбүзгө жеткирип, аман-эсен ата-энебиздин колуна тапшырып коёт.
-Башка топтун бийчи кыздары атаандашып, концерттерде жаман көздөрү менен карап өткөндөрүн көрүп калабыз. Силер да ошондойсуңарбы?
-Баарын сыйлайбыз. Башкалар жаман көздөрү менен карашса, биздин андайыбыз жок. Хореографыбыз кийинүүчү бөлмөгө алып кирет, ошол жерден боёнобуз, даярданабыз. Ашыкча эч жакка бас-пайбыз. Ырчылар менен сүрөткө түшүп алалычы деп айтканга да болбойт. Бийлеп бүтүп, түз кийинүүчү бөлмөгө киришибиз керек.
-Башында бийчи болуп, кийин ырдап чыккандар көп. Сенин андай оюң жокпу?
-Ырчылыкка кызыгам. Бирок, үнүм жок.
-Бийчилер сахнада ар дайым жылмайып турушат эмеспи. Маанайың жокто кыйын эле болсо керек?
-Биз ары карап ыйлап, бери карап күлүшүбүз керек. Өткөндө Сыймык Бейшекеевдин концертинде маанайым жок болчу. Кыздардын баары сахнага чыгып баратса, мен шымымды таппай, ошол жерден ыйлап, көзүм шишип кетти. Бирок, сахнага чыкканда жасалма болсо дагы жылмайып, билгизбедим.
-Кайсы ырчы менен иштешкен жагат?
-Гүлзада Рыскулова менен иштешкен жеңил анан кызыктуу болгон. Шакиранын образын ачып бергенбиз. Гүлзада эже өзүндөй кылып, аябай сонун аткарган. Аткаруучулук жөндөмү аябай күчтүү экен. Андан сырткары, Гүлзинат Суранчиева менен иштешкен оңой. Биз менен даярданууга келип турчу. Абдан бат өздөштүрүп кете алат экен.
-Бийден, окуудан сырткары сүйүүгө убакыт табылып атабы?
-"Запретили нам!" деп койбоюнбу. Тамаша. Азыр жүрөгүмдүн ээси жок. Буга чейин сүйүүгө кабылгам. Бирок, ата-энем каршы болуп койгон.
-Бий деп жүрүп, окуудан көп калып, сабакты акча менен бүтүргөн учурларың болобу?
-Жашырганда эмне, кээде акча менен бүтүргөн учурлар болот. Бирок, баардык сабактардан эмес.
-Жадырап жаз мезгили кирип келди. Жаздан эмне күтөсүң?
-Жаз өзү менен кошо көп жакшылыктарды алып келишин каалайм. Өзгөчө бул жаздан мен таза сүйүү күтөм. Тунук сүйүүгө кабылгым келип атат.
-Туулган күн, майрамдарды бийчилер кантип белгилейт болду экен?
-Көпчүлүк жаштар туулган күнүн түнкү клубда таң атканча бийлеп тосушат го, а биздин жумуш бий болгондуктанбы, тынч жерге барып эс алгыбыз келет. Кечке катуу чыккан ырдын коштоосунда бийлей бергендиктен, жан дүйнөбүз чын эле тынчтыкты самап калат. Майрамдарды ар кандай белгилейбиз. Бирок, музыка, бийсиз.






Азия news
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!