28 панфиловчулардын


арбагына арнап, 28 тоо


карагайын тиктик


"Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы" дегендей, азыр бүткүл аалам бөтөнчө өзгөрүүлөргө тушугуп турган учуру. Өңгөсүн айтпаганда да, жакынкы беш жылдын ичинде кыргыз эли бийликти эки жолу алмаштырганга үлгүрүштү. Ушундай окуялардан улам, жолубуз бүдөмүк болуп, элибизге бийлик тарабынан мамлекеттик жана улуттук идеологияны так, даана, анык кылып жана жалпы Кыргызстанда жашаган башка улуттар дагы кубанычтуу түрдө кабыл ала тургандай программа кабыл албай жаткандыгыбызда болуп жатат...


Азыркы учурда кыргыз элинин ар бир адамынын руханий дүйнөсү аябай ачка, бул багытта биз ата-бабаларыбыздан калган каада-салттар, үрп-адаттар, ырым-жырымдарды колдонуу менен чоң иштерди жасап, элибизди ынтымакка, биримдикке чакыруу максатта чоң практикалык жана теориялык иштерди алып баруубуз зарыл. Мындай багытта ар бир жаш муундарыбыздан баштап, ар бир чоң адамдарга чейин кыргыздын келечектүү кыргызчылык багытында эбегейсиз чоң масштабда көптөгөн иштерди эл арасына практикалык иштерди жайылтуу иштери турат.
"Арбак ыраазы болмоюн, тирүүнүн иши алга жүрбөйт" деген элибизде кеп бар. 2010-жылы түзүлгөн "Алтай - Ала-Тоо: Айкөл Манастын түбөлүк жолу" долбоорунун тогуз кишиден турган уюштуруучу тобу: Асыкбек Оморов, Акылбек Мураталиев, Элмира Мураталиева, Темирбек Токтогазиев, Ажыбек Ыбышов, Эрнис Зарлыков, Талгат Жолдошов, Жаныбек Дербишалиев, Чолпон Субакожоева болуп, экинчи дүйнөлүк согушта Кыргызстандын биринчи аскер комиссары, армиянын генерал-майору Иван Васильевич Панфиловдун (1892-1941) жетекчилигинде Кыргызстан менен Казакстан республикаларынын тоолук элдеринин 34 улутунун өкүлдөрүнөн түзүлгөн 316-аткычтар дивизиясынын Москва шаарын коргоодо курман болгон кыргызстандык 28 Советтер Союзунун
Баатырларынын эстелигине арнап, ал жерге курулган эстеликтердин айланасына Кыргызстандан 28 "Тянь-Шань тээк" карагайларын ырымдап тигип келдик. Карагайларды тигүү Нилдила айыл өкмөтүндө Панфилов дивизиясынын баатырларына арналган согуштук монументтин жанында, 28-февралда саат 10до башталып, эки саатка уланды. Бул салтанаттуу чогулуш бүткөндөн кийин, ал жердеги ата-бабаларыбызга арнап куран окуттук, андан кийин ушул эле айылдагы согушта курман болгондорго арналып тургузулган тарыхый музейге бардык, Волоколамск шаарынын борборундагы согушта курман болгондорго арналган эстеликке гүл койдук, андан кийин орус туугандар бир ресторанында бизге арнап тамак беришти. Тамак берүү учурунда Россия Федерациясынын Эл артисти Люда Лобова өзү концерттик программа менен ырдап турду. Биз дагы токтоно албай, Акылбек Мураталиев жана Улан деген ишкерибиз орусча ырга кошулуп, ырдашты. Эки элдин ортосунда мурункудай эле ынтымак, биримдик бар экенин далилдеп турган жылуу мамиле менен бизди Волоколамск шаарынан Москвага узатышты.
Уюштуруу иштерин аткарууда биз алдын ала 3 ай даярдык менен иш алып бардык. 15 жылдан 18 жылга чейин жашап калган 28 "Тянь-Шань тээк" карагайларын уюштуруучу топ мүчөлөрү өз чөнтөгүбүздөн акча каражаттарын чыгарып, 45 миң сомго сатып алдык. Андан сырткары, бул карагай көчөттөрүн поезд менен Москва шаарына жөнөтөөрдө Ажыбек Ыбышов, Эрнис Зарлыков, Жаныбек Дербишалиев 48 миң сом өлчөмүндө өз акча каражаттарын сарпташып, баардык чыгымдарын өз моюндарына алышты.
Ал эми Акылбек Мураталиев жана Элмира Мураталиева эки ай мурун Москва шаарына барышып, Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрү аркылуу ал жактагы Москва облусунун өкүлчүлүгүнө, Волоколамск районуна жана 28 панфиловчуларга арналып тургузулган эстелик жайгашкан Нилдила айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери менен макулдашып, эки ай бою биздин уюштуруу иштерибизди жасашты. Ушул жерден баса белгилеп кетүүчү нерсе, ишибиз оңдой берди болуп, Кыргызстанда Союз учурунда аскер комиссары болуп иштеп кеткен согуш ардагерлеринин төрагасы Вячеслав Михайлович Карабанов биздин уюштуруу иштерибизге аябай чоң жардам берди. Карагай көчөттөрүн жеткирүүдө көп тоскоолдуктар болду, бирок, ал жактан орус туугандарыбыз кээ бир иштерди өз моюндарына алышып, көмөк көрсөтүштү. Андан сырткары, Кыргызстан элчилигинин Улукбек Чыналиев баштаган жамааты жана кыргыз диаспорасынын башчысы Абдыганы Шакиров уюштуруу иштерине чоң көмөк көрсөтүшүп, Россия тараптан кеткен 65 миң рубль акча чыгымдарынын өз моюндарына алышты.
24-февралда президентибиз Алмаз Атамбаев Москва шаарынын "Дружба" паркына келип, Манас атабыздын эстелигинин ачылыш аземине катышып, айкелдин лентасын кескен экен. Манастын эстелиги даана өзүндөй жакшы жасалган. Эстеликтин авторлору Кыргыз Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев, Дүйшөн Жолчиев, Базарбек Сыдыков, Таир Медеров, Айгүл Насирдинова өңдүү сүрөтчү, скульпторлор жана архитектор Дурай Рыскулов экен. Эгер Манас атабыздын ушундай эстеликтери башка мамлекеттерге жана дубандарыбыздын баардык жерлеринде орнотула баштаса, анда, келечек жаш муундарыбыздын ички жандүйнөсү сөзсүз жакшы жакка оңолоруна шек жок.
Ушул жерден белгилей кетүүчү нерсе, ал жакта жашаган кыргыздар бизге караганда ынтымактуу. Эгер бир нерсе болсо, баардыгы бир кишидей чогула калышып, окумуштууларынан ишкерлерге чейин "өйдө тартса өбөк, ылдый тартса жөлөк" дегендей, бири-бирине чоң жардам беришет экен. Биздин миссиябыздын ийгиликтүү аткарылышына чоң көмөк көрсөткөн адамдардын аттарын атап кетпесек болбос. Алар: экс-элчи, учурда ишкер Раимкул Аттокуров, Россия РУДНнын профессору Шаршенбек Жантемиров, Москва облусунун жана Москва шаарынын ишкерлер союзунун төрагасы Абдыганы Шакиров, эмгек иштер
миграциясынын төрагасы Алишер Мааданбеков, кыргыз диаспорасын төрагасы, ишкер Руслан Эшимов, "Кыргызстан" соода үйүнүн башкы директору Обосхан Сардарбеков, коммерциялык эмес жамаатташуу ишкерлеринин төрагасы Кубанычбек Кожоев, "КGinfo.ru" портал аналитикалык билдирүүсүнүн башкы редактору Асилбек Эгембердиев, Москва мамлекеттик лингвистика университетинин борбор жетекчиси Жеңишгүл Байтерекова. Алмаз Дыйканбаев, Маматали, Улан (фамилиясын биле алган жокмун)
сыяктуу ишкерлер да колдорунан келген жардамдарын берип жатышты.
Эми экинчи Дүйнөлүк согушта ушул жерде болгон тарыхый окуя тууралуу кыскача баяндап кетсем. Фашисттик Германия 22-июнда түнкү саат 2ден 50 минута өткөндө, биздин чек араны бузуп, кол салган. Ошол күндөн баштап фашисттик Германиянын аскерлери чыгышка жеңиштүү жыла баштаган. Ошондо мурунку тарыхый окуяларды жакшы түшүнгөн И.В.Сталин тоолук баатыр элдерден, И.В.Панфилов баш болгон 316-аткычтар дивизиясын түздүргөн. "Артыңарда Москва, бир да кадам артка жылууга
болбойт" деген мекенчилдик чакырык менен азыркы Волоколамск шоссесинин туурасына келип, узундугу 40 чакырым келген траншея, окопторду каздыртып, фашисттик немецтердин танкалык төрт дивизиясына каршы эки жолу согуш болгон. Биринчи жолку беттешүү 18-ноябрдан 21-ноябрга чейин төрт күн созулуп, немецтердин 346 танкасы жок кылынган. Алардын Москваны басып алып, жеңиш тоюн өткөрөбүз (!) деген ою ишке ашкан эмес. Экинчи жолу 6-декабрдан 21-декабрга чейин узакка созулган согушта немецтердин 36 танкасы жок кылынып, ойлогон согуштук пландары дагы ишке ашпай, тилектерин таш капкан. Ушул айыгышкан чоң согушта Германиянын аскерлеринин саны биздикинен төрт эсе көп болуп, 400гө жакын согуштук танкалары катышкан. Кийин согуш аяктаган соң, советтик изкубарлар Ржев шаарынын жанына тогуз миң советтик аскерлердин өлүктөрү коюлганын аныкташкан. Ошонун ичинде 441 аскер кыргыз улутундагы жоокерлер болуп чыкты. Алар изкубарлар аныктаганга чейин "согушта дайынсыз жоголгон" деп эсептелип, ысымдары белгисиз бойдон калган эле.

Асыкбек Оморов, жазуучу, Бишкек-Москва-Бишкек







Азия news
сайт ээси Жанызак:
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
тел:+996779085712
0312 893264
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!