Курал Чокоев, ырчы:

"Азербайжандык жигит калпагымды алып кеткен"


Жаш ырчылардын катарын толуктаган Курал
Чокоевдин учурда ташы өйдө кулап, бир топ ийгиликтерди жаратып жаткан кези. "Чыгармачылыкта кызуу
эмгектенип атам" деген ырчы, акыркы жаңылыктары менен
бөлүштү.

-Курал, кандай жаңылыктарың менен келип калдың?
-"Алтын үн - 2011" долбоорунун жеңүүчүсү аталганымда уюштуруучулар мага бир жумага Дубайга эс алып келүү үчүн жолдомо беришкен. Барып-келген жол кирени анан жатакана, эртең мененки тамагыбызды "Жазира" авиакомпаниясы көтөрүп берди. Бир жуманын ичинде продюсерим Замира Сатыбалдиева экөөбүз Дубайдын кооз жаратылышы, тарыхый жерлери менен таанышып келдик. Англис тилин жакшы билбегеним гана болбосо, ойдогудай эс алып келдим. Ал жактан келээрим менен сөзү Кыялбек Урманбетовго, обону Элзар Сыдыковго таандык "Жалгызымсың" деген ырыма клип тарттым. Бул менин үчүнчү клибим болду.
-Жаш ырчылар үч ыры белгилүү болуп калганда концерт койгонго билек түрүп калышчу эле?..
-Азырынча мен концерт тууралуу ойлонгон да жокмун. Себеби, концерт коюу, сөз менен айтып койгондой, жеңил нерсе эмес. Биринчиден, репертуарың бай болуш керек, экинчиден, эл сенин ырларыңды жактырып, суусап, концертиңди күтүп калгандай болгондо гана концерт тууралуу ойлонсоң болот. Үчүнчүдөн, костюмдарың да ырга жараша айкалышып турушу керек. Айтор, "баардык жагынан даярмын" деген ырчы гана концерт берет. А мага азыр концерт бергенге эрте.
-"Фонограммадан башка дагы эмнени жоюшса" деп ойлойт элең?
-Пираттык жол менен таратылып аткан дисктерди жоюшса жакшы болмок. Бул нерсе сапаттуулукту жоготот. Чет өлкөдө ырчылар өздөрүнүн дисктерин, альбомдорун сатып, киреше табышат. А бизде бул нерсе менен байый албайсың. "Сапаттуу жазылган дисктериңди сатайын" дегенче болбой, пираттык жол менен элге тарап кетет. Бир жагынан алганда, кээ бир ырчылар диск-терин пираттарга өздөрү алып барып атышат.
-Тойлорго барып ырдайсыңбы?
-Артисттин акча тапкан булагы - той болуп калды. Мени деле тойго чакырып калышса, барып ырдап берем. Бирок, тойго барып ырдаган мага көп жакпайт. Медалдын эки бети бар дегендей, тойго баргандын жакшы-жаман жактары бар. Жакшы жагы, элдин маанайын көтөрүп, жакшылыгында жагымдуу ыр-десте сунасың, акча табасың. Жаман жагы, той - ырчылардын баркын түшүрүп коет. Мисалы, бир жумада төрт-беш тойго барасың. Ырларыңды теледен, радиодон, дисктерден угуп жүргөн күйөрмандар эми сени жакындан башкача айтканда, тойдон көрүп башташты. Демек, концерт берсең, кызыгы жок. "Баланчанын тоюнда көргөм же тойдон көрүп алам да" дешет.
-Шоу дүйнөгө жаңыдан аралашып баштаганда, эмнеден кыйналдың эле?
-Мен үчүн эл менен байланышта болуу, эл алдына чыгуу оор болгон. Гезиттердин редакциясына барып, "интервью берсем болобу, чыгарып бере аласыздарбы?" деп суранган күндөрүм болгон. Кызыгы, интервью берип кеткенден кийин ал маегим гезитке чыкпай калган. "Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет" дегендей, эми ал күндөрдүн баары артта калды.
-Продюсерлүү болгондон кийин чыгармачылыктын түйшүгү бир аз жеңилдеп калса керек?
-Ооба. Продюсерим Замира эже колунан келишинче жардамын берип атат. Чыгармачыл адамга колдоо көрсөтүп, колдон-буттан алып турган бир адам керек. Негизи продюсердин чоң каражаты, продюсерлик борбору болуш керек. Бизде продюсер - арт директор, менеджер, администратор катары айтылып жүрөт. Жалпы продюсерлердин акча каражаты аз болсо дагы, ырчыларды болгон күч аракеттери менен эл алдына чыгарууга аракет жасап атышат. Биз аларга
таарына бербешибиз керек. Себеби, алардын да эмгеги чоң. Чыгармачыл адам бир гана чыгармачылык менен алектенип, башка иштерди жасабаса, анын таланты ого бетер өсөт. Эгер ырчы продюсер аткарып аткан иштерди өзү аткарса, анда чыгармачылыгын жеп коет.
-Тааныла элек Курал жана таанымал Куралдын айырмачылыгы барбы?
-Жеке өзүмдүн мүнөзүмдөгү айырмачылыкты байкай алган жокмун. Ал эми көп адамдар менен баарлашуу, дос күтүү,
тааныш табуу жагынан тааныла элек Курал, таанымал Куралдан өтө чоң айырмаланат. Эл алдына ырдап чыга элегимде, мени институттагы студент досторум гана таанышчу. Азыр болсо досторум абдан көп. Өзгөчө интернет сайтта, "Мой мир", "агентте" көп дос күттүм. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жалпы интернет аркылуу таанышкан досторумдан кечирим сурап кетет элем. Себеби, убактымдын тардыгына байланыштуу мен алардын баары менен кат алыша албайм. Алардын берген суроолоруна жооп жаза албай келем. Ошентсе дагы, мен алардын баарын жакшы көрөм жана сыйлайм!
-Келе жаткан калпак күнүндө сен дагы калпак кийесиңби?
-Албетте. 5-март "калпак күнү" деп белгиленишин туура кабыл алам. Бизде көбүнчө калпакты фольклордук жанрда ырдаган ырчылар жана төкмө акындар кийишет. А эмнеге эстрада ырчылары кийсе болбосун?! "Эстрада ырчылар калпакты заманбап үлгүсүндө тиктирип, баалуу баш кийим катары кийип жүрсөк" деп чакырып кетет элем. Менин атайын
костюмга ылайыкталып тигилген эки калпагым бар. Андан сырткары, белекке алган калпактарым сакталуу. Бир жолу эл аралык конкурска барып калдым. Бүктөлгөн калпакты сумкамдан алып чыгып, башыма кийип атсам, азербайжандык жигит "бул эмне, мага берчи?" деп таңгалып сураган. Анан "мончого кийип алба, айтып коеюн" деп берсем, "менин студиям бар, ошол жакка кыргыздын улуттук баш кийими деп сувенир катары сактап коем" деп сүйүнүп алып кеткен.