Жаз келди. Семиргенге тыюу салынат!


Күнүмдүк турмушта адамдар көп нерсеге көз каранды болуп жашайт экенбиз. Мисалы, телефон, компьютер... Бирок, буюмга болгон көз карандылыкты жеңсе болот. А тамакка болгон табит ар дайым тартып турат эмеспи. Кофе, таттуу токоч, шоколад, газдалган суу, майонез, чипсы ж.б. сыяктуу тамак-аш менен суусундуктар адамдын келбетине зыяндуу болгондуктан, жаз алды менен андан арылуунун жолдорун издеп көрбөйлүбү?


Кофе
"Эгерде эртең менен кофе ичип алсаң, күн кечке шамдагай жүрөсүң"- деген ишеним менен он кишинин ичинен тогузу айтышат. А чындыгында, ал биздин жашообузга адат болуп калган үчүн эле, көк чайдын ордуна кара кофени ичип, өзүбүздү кинодогу башкы каармандай сезип калмайыбыз бар.
Зыяны
Окумуштуулар бир чөйчөк кофени бир маал ичүү эч нерсе эмес а эгер түштө деле, кечинде деле ашказанга кире берген кофе жүрөккө терс таасирин тийгизет. Мүнөздө кыжырдануу көп орун алат. Анын үстүнө кофе териге да терс таасирин тийгизет. Эгер ага сүт кошуп, таттуу менен бирге жесеңиз анда жакшынакай фигура менен коштошо берсеңиз болот.
Кантип кутулуу керек?
Кофенин ордуна жалбырактуу көк чайды алыңыз. Ал деле адамды шамдагай кылат, бирок кофеинсиз. Эң башкысы уйкуну кандыра уктаган болсоңуз, кофеден көк чайга ылдам эле өтүп кетесиз.


Таттуу токочтор
Бул да адат. Бизди ата-энебиз таттууга кичинебизден көндүргөн. Балмуздак сатып берип атып. Анан анча-мынча капа болсок эле ар бир экинчи адам таттуудан өчүн алмайдан баштайт. Таттуу-мээден серотонин деген ырахаттануу гормонун бөлүп чыккандыктан, торттун кесими түшүбүзгө кирип чыкканы ошондон экен.
Зыяны
Таттуу токочторго шекер кошулаары турган кеп. А шекерден фигура, тери, тиш бузулат. Шекер кандагы канттын деңгээлин да көтөрөт. Андыктан, кант диабети "камсыздандырылган" десек болот.
Кантип кутулуу керек?
Таттуу токочтун ордун сыр, жер-жемиш менен алмаштыр-саңыз жаңылбайсыз. Эгерде андан башка эч нерсе жегиңиз келбей аткан болсо, түз эле ваннаны көздөй жөнөңүз. Көбүртүлгөн ваннага түшкөндө, эмеле токоч жегиңиз келип жатканын унутуп, алаксып кетесиз. Андан соң массаж алган болсоңуз, тамакты
эстемек турсун, эсиңиз эки болуп
уктаганга өтөсүз.


Шоколад
Шоколад сүйүүнүн да символу эмеспи. Болбосо жигит кызына эмне үчүн шоколад алып берип, кыз аны жегенде, бактылуу болот? Демек, шоколадда "бакыттын гармону" бар.
Зыяны
Бул да кофедей болуп, фигурага, териге, тишке зыян. Шоколадды көп жеген киши, көржеме кишиге айланат. Мисалы, "эмне үчүн арыктабайм?" деген сыяктуу суроолор менен өзүн-өзү жей берет.
Кантип кутулуу керек?
Туш келген шоколадды жей бербей, чыныгы кара шоколадды тандаңыз. Анын курамында какао-боб 70 кем эмес болушу керек. Шоколад чындыгында жакшы азык, эгер чеги менен жесе. Ошондуктан, аны деликатес катары гана жегенге үйрөнүңүз.


Газдалган суу
Мунун да таттуу даамы бар үчүн жакшы көрүп ичебиз. Мында да кофеин бар болгондуктан, адамдын жарпын жазчу касиетке ээ. Суусунду жакшы кандырат дейбиз. Кээде керек болсо, алкоголго кошуп ичебиз.
Зыяны
Окумуштуулар газдалган суусундуктун зыяндуулугу алкоголь менен тамекиден кем калышпарын айтышат. Мисалы, бир бөтөлкө "кока-кола" суусундугунда 5 чай кашык шекер кошулат экен. Демек, бул жүрөккө, бөйрөккө жаман таасирин тийгизери айтпаса да белгилүү эмеспи.
Кантип кутулуу керек?
Андан көрө кадимки эле сууну ичиңиз. Газдалган суусундукту ичкен сайын каныңыз катса, суу тескерисинче тып басат.


Майонез
Биринчиден, бул арзан соус, экинчиден, аны каалаган тамагыңа кошуп жесе болот. Салаттан тышкары, акыркы учурда майонез тамакка дайыма кошулчу азык болуп калды. "Французча эт", "Египет эти" деп аны эң күчтүү делген этке да кошуп жасап жүрөбүз. Ал эми кээде майонезди таттуу токоч жасарда да колдонуп келебиз.
Зыяны
Майонез дегендин өзү эле-май дегенди билдирет. Анан ага жалаң химиялык консерванттар кошулганда эмне болгонун элестетип жатасызбы? Ошондо 200 гр соуста 1200 калорий бар экен. Эгерде табагыңызга бир чай кашык майонез салган болсоңуз, тамактын майлуу-лугун 100-150 калорияга арттырган болосуз.
Кантип кутулуу керек?
Майонезди башка соуска алмаштыруу башка азыкка караганда оңой эле. Мисалы, салаттарга майонездин ордуна йогурт, оливка майы, лимон согу же алма уксусу менен аралаштырсаңыз болот. Эгерде майонездин жыты мурдуңузду өрдөп, башкага табитиңиз тартпай атса, анда аны өз колуңуз менен, майынын өлчөмүн аз кылып жасап алсаңыз болот. Ал үчүн оливка майын, жумуртканын сарысын, лимон согун, шекер, туз, ачуу татымалдардан кошуп туруп блендерден өткөрөсүз.


Кыртылдак азыктар: чипчы, жаңгак...
Чипсы, жаңгактар кыртылдатып жегенге абдан ыңгайлуу. Бул өзгөчө кинотеатрда отурганда же үйдө телевизордун маңдайында көп колдонулчу азык. Бул азыктарга адамдын табитин огобетер ача турган араматтар кошулат. Андыктан, канча жесең да тойбогондой боло бересиң.
Зыяны
Биз чипсы менен бирдикте анын чыныгы даамын сезбестен, кылгырган майды ичибизге сугунуп жатканыбызды этибар албайт экенбиз да анан "эмне эле семирип атам билбейм?" деп зээнибизди кейитебиз.
Кантип кутулуу керек?
Кыртылдата бир нерсе жегиңиз келип, эсиңизге чипсы, семичке, жаңгак түшсө, анын ордуна мындан кийин сабизди же сельдерейди алыңыз. Мурда чипсыны майлуу соуска малып жегенди жактырсаңыз анын ордуна быштакты же бадыраңдан жасалган соусту колдонгонго өтүңүз. Эгерде сиз жатып алып булочка, бутерброд сыяктуу азыктарды чайнаганды адатка айлантып алган болсоңуз мындан кийин алма тиштегенге үйрөнүңүз. Андыктан муздаткычты алма, сабиз, сельдерей, бадыраңга толтуруп койгонуңуз оң.


Баш тарта албаган тамагыңыз кайсы?
Салима Балтаева, ырчы:
-Студент кезимде балмуздакты абдан жакшы көрөөр элем, жайдын күнү тургай кыштын кыраан чилдесинде да жечүмүн. Бир курдай балмуздактын айынан катуу ооруп, экзаменге кирбей калгам. Аялдамада троллейбус күтүп көпкө туруп калган элем да. Ошондон кийин азайттым. Туздуу жеген зыян экенин билип туруп, туздалган бадыраңдын өзүн жана анын суусун ичкенди да жакшы көрөм. Аны ичкен сайын суусарымды, шишип каларымды билсем да баш тарта албайм. Үч кызымда тең туздалган бадыраңга талгак болгом.

Назми, ырчы:
-Куурулган лагманды аябай жакшы көрөм. Бирок, камыр анан куурулуп жасалгандыктан, баш тартканга туура келет. Кээде көздү жумуп, "бир айда бир жесе, эч нерсе болбойт" деп өзүмдү алдап жеп коем, тамшанып. Суусундуктан болсо "Спрайттын" газдалганын билип туруп эле, ичкенди өлө жакшы көрөм. Ал эми баш тартпай дайыма ичкен азыгым-кефир. Кечинде кефирге 1 аш кашык гречка кошуп коем. Эртең менен кадимки тамакка айланып калат.
Дайыма эртең менен аны менен тамактанам.

Светлана
Аширова, цирк өнөрпозу:
-Мен суусуз тура албайм. Газдалган суусундукту башынан ичпей көнгөм. Жакшы көргөн тамагым жер-жемиштен жасалган салат. Шекери бар чай ичпейм, кофе ичсем да шекери жок ичем. Шоколаддын болсо, чыныгы, кара шоколадды жейм. Торттун да быштак менен жасалганын тандайм. Ал эми кургак жер-жемиш жегенди жакшы көрөм. Кургатылган өрүк, киш-миш. Жаңгак да жагат. Бирок, мен мунун баарын "атайын арык болоюн" деген аракетте тандабайм. Табиятымдан эле арыкмын. Меники ушундай организм, көп жеп ала турган болсом, өзүмдү жаман сезип, ооруп калам.


P.S.
Көпчүлүгүбүз буларды "стрессти жеңем"- деген шылтоо менен жейт экенбиз. Балким биздин стресс жогорудагы азыктарды көп пайдалангандан улам пайда болуп жүрбөсүн?