Жүз бир роза
(Сүйүү баяны)
-Сулуу экенсиң э?-дедим кыздын татына жүзүнө карап.
-Ооба,-деди жаркылдап.
-Кел эми, сен үчүн алып жиберейин!
-Алыңыз.
Жүз грамм аракты тартып ийдим. Кадимкидей мээм теңселип баратат. Сулууну тиктеп, мас болуунун өзү да кумар экен. Өзүмдү канчалык кармасам да, "жинди суунун" күчү алсыратып баратты. "Уят болбоюн" деген таризде акылыма келип, кызга такси чакырттым да, эшикке чыга жөнөдүм. Кыйла эле эңги-деңги болуп калыптырмын. Сыртка чыгып, таза абадан дем тартканча такси да келип калды. "Баарын жыйыштырып, үйгө эле барайын" деп ойлогуча депутат айым чалып калды.
-Келатасыңбы?
-Жаңы чыктым. Азыр барып калам.
-Күтөм.
-Жарайт!
"Байтурдун" дарбазасынан чыга беришинде балдар топтошуп, ызы-чуу болуп атканына көзүм түштү. Аңгыча эле бир жылаңач кыз топтон суурула качып, батышты көздөй чуркады. Ушул арада күтүүсүздөн дагы бир топ формачан милициялар келип, тиги топтошкон балдарды жапыра кууп, алар "Фараон" саунасына качып кирип, айтор, кызыл-жаян мушташ башталып кетти. Кыйкырык-сүрөөн, балжа-булжа чабышмай. Таксист элейип эле аларды карап калыптыр. Мен болсо:
-Эй, айдабайсыңбы? Тиги жылаңач кыз качты го...-дедим.
Ал кыз алыстап кетиптир, болбой эле чуркап баратат. Таксист машинанын жарыгын болушунча берип, катуу ылдамдыкта айдады. Фигурасы келишкен, бою узун кыз экен. Жамбаш соорусу бүлкүлдөйт десең, чуркаган сайын. Мына эми жете токтогондо, кыз жалт берген жаш байтал сымал бурулуп, Октябрь райондук РИИБсине кире качпаспы. Ал жерден "дежуркалар" тура калышты, кызда жан жок, эшикти тытып, тим эле жүрөгү түшүп калган бечарадай. Мындай көрүнүштөн соң, таксист экөөбүз жолубузду уланттык, "дагы бир балээге кабылбайлы" дегендей.
Түз эле Совет көчөсүнө чыктык да, депутат айымдын үйүнө жол тарттык. Түн таңга ооп калса керек, көчөдө машина да сейрек, болжогон жерге тез эле жеттик. Машинеден түшкөнүмдө шайым ооп, теңселип турганымды сездим. Айымдын терезеси күйүп турат. Буттарым чалыштайт. Өзүмдү жектеп алдым. Депутат эжейдин квартирасына кирип бардым, мени көрө сала:
-Эмне болду?
-Эч нерсе.
-Массың го...
-Масмын,-дедим, анын бой-турпатына көз чаптырып.
Бутумду чечтим да, жигиттик касиетке салып, айымды имере кучактай аркы бөлмөгө өттүм. Ак халатынан балтырлары булайып, жүрөктү дирилдетет да. Мындайда карап турамбы (?), өнөктөшүмдү диванга баса калдым. Ал чыйпылыктап, каршылык көрсөткөндөй...
-Кое турчу, ай?!-деди.
Мен болбой эле алаасына кирип кеттим. Уйпалап кирдим. Бирок, кайбарым жансыз тартып, кыймылга келбей койду. Жакшы эле аракет жасадым, бирок, "жолдош сержант" ойгонбой койду. Мастык анын да түбүнө жетсе керек да. Уят болдум. Бир маалда айымдын үстүнөн ооп түштүм.
-Ушунча да ичесиңби?-деди ал кейигендей.
-Ит болдум...
-Тур, жуунбайсыңбы? Кайдан келдиң?-деди.
Уйку-соонун ортосунда калганымды туйдум, көзүм илинип баратат.
Ошол бойдон эртеси турдум. Үстүмдө ак жууркан, жалгыз жатам. Ыргып тура калып, "ө-өх" дедим ичимен. Дене боюм оорлошуп, жүрөгүм айланат, башым калкылдап. Туруп барып душка кирдим да, муздак сууга жуунуп, сакал-мурутумду алып, кичине өзүмө келгендей болдум. Анан ашканага башпаксам, айым тамак-аш даярдап атыптыр.
-Жумушка барган жоксузбу?-дедим сергек үн менен.
-Сени таштап кете албадым.
-Аа...
-Башың ооруп атабы?
-Жо-ок.
-Баш жазбайсыңбы?-деди кылыктуу жылмайып.
-Жазбайм. Болду, аракты токтоттум.
Айым келип кучактады да:
-Сонун жыттанып калгансың го,-деди желкемен сылап.
Экөөбүз оролуша кучакташа кеттик. Алкымынан жыттадым. Денем дүркүрөп кетти. Жытташып, өбүшө баштадык. Ак халатын шыпырып салдым, дүүлүгүп чыктым. Айымдын дене мүчөсүнө балкып, бир башкача сезимге бөлөнүп баратам... Аңгыча телефонум ачуу үн салды (мага ушундай угулду го). Аялым чалып атыптыр. Телефон колуман түшүп кетти. Болбой эле шыңгырап атат. Өнөктөшүмдү так көтөрө берки бөлмөгө жөнөдүм, жетимиш килге жакын салмагы бар го. Түз эле диванга басып жыгылдым. Балкыган дененин үстүндө камырдай жуурула баштаганымда, күтүүсүздөн эшиктин коңгуроосу кагылды. Экөөбүз тең элейип калдык...

(Уландысы кийинки санда.
Гезит 6-мартта чыгат)