Ажо Атамбаев креслосунан ажырап калабы?


Жакында эле республика боюнча акимдерди шайлоо машакаты өтүп, кырктай акимдин ичинен алтоо шайланбай калды. Ал эми "Республика" партиясынан 17 аким шайланса, КСДПдан 6 гана райондун жетекчиси утушка ээ болгон. Калган акимдер ар кайсы саясый күчтөрдөн шайланганы белгилүү болду. Дал ушул жерден айкын болгондой, КСДПнын жергиликтүү бийликти шайлоодо күчү жок экени, эл колдобогону неси? Президент Атамбаев, спикер Жээнбеков КСДП лидерлеринен болсо да, региондордо бу партиянын күчү жок экени тастыкталды. Ушундай ийгиликсиз көрүнүштөн улам, партия ичинде ызы-чуу болгону да ырас. Мындай ыргактан улам, Атамбаев реалдуу күчүн жоготуп, бийлик креслосунан ажырап калбайбы? Региондордон күчүн жоготкон партия кантип
республикалык деңгээлде саясат жүргүзмөк эле?


Өлкөдө кожоюн жок

Ич ара тебишкен вице-премьерлер


Кайсы бийлик бутагы болбосун, кубанарлык жагдай байкалбайт. Соңку убакта вице-премьерлер арасында интрига курчуп турган кези. Үч башка партиянын атынан келишкен Оторбаев, Карашев, Асымбекованын мамилелери бири-бирине муздак суудай бүркүлүп, ич ара тебишмейге жетип калышыптыр. Өлкөдө кожоюн жок болсо, анан ушинтип чоңдорубуз өз билгенин жасайт тура. Эң башкысы, булар эл үчүн эмне кылууда? Тек гана эрегишмей, курулай популизмдин аркасы менен карапайым калкка пайда келтирсе болобу?


Оппозицияда жүргөндө кыйын...

Темике өкмөткө барганы тетири кетүүдө


Темир Сариев өкмөткө барганы бузулгандай түр жаратууда. Мисалдар арбын. Чехиядан Атай Өмүрзаковдун 100 миң доллар утканын, Гүлжигит Калыков 30 миң долларга Түркиядан ээ болуп, баш байгени алуу менен "Евразия жылдызы" болуп атса, Т.Сариев булардын жеңишин куттуктамак турсун, "уткан акчаларынан салык алыш керек" деп чыкканын көпчүлүк түшүнбөй калган. Кыргызстандын атын чыгарып аткан жаш таланттарды каражат жагынан колдоонун ордуна, тетири кетти го. Кийин кайра салык албоо (!) боюнча айтып чыкты. Ушул сымал эле казинолорду ачуу боюнча Көлдөн орун берүүнү оозанып, кайра жабылуусун айтып, анан мамлекеттик кызматкерлердин кыскаруусу боюнча башында узун тизме түзүп алып, кийин анысын кыскартып, айтор, өйдө-ылдый сая-сатын жасоодо. Таңгаласың, өкмөткө барганына эки ай болбой жатып, минтип арбын катачылыктарды кетире баштады.


КурСалиевичтин кудасы

Максим Бакиевдин кайнагасы үлкөн кызматты аркалоодо


Эсиңерде болсо, эски режимде Болот Кененбаевдин карачечекей кызына Максим Бакиев үйлөнгөн. Мына ушул Болот мырзанын биртууганы Бакыт Кененбаев туризм департаментине директор болуп, Кыргызстандын экономикасына таасир бере турган кызматка келди. Курманбек Салиевичтин кудасы, Максимдин кайнагасы үлкөн кызматка көтөрүлүп атса, анда бүгүнкү бийлик бакиевдердин куда-сөөгү менен камыр-жумур аралашып кеткен экен да. Өткөнгө саясый баа берүү деген бизде болбойбу? Бакиев бийлигине каршы чыгып, курман болгон кайран гана 90 баланын жайраган өмүрү!


Балээ го!..

Үйбүлөлүк бийликти жандандырган Р.Казакбаев


ТИМ анабашчысы Руслан Казакбаевдин коррупцияга шектүү ишмердиктери "УЧУР" басылмасына чыкканы белгилүү. Бу саам коррупция боюнча эмес, ТИМдеги үйбүлөлүк аракеттеги жагдайлардан мисал келтирелик. Маселен, министр Р.Казакбаевдин жетекчилиги астында Кубан Өмүралиев Эмиратка Генконсулдукка жиберилгени турат (ал жактан агреман келди), анын биртууганы Эсенгул Өмүралиев Казакстанга элчи болуп кетүүгө камынууда. Руслан мырза эмне, бакиевдерден үлгү алып, үйбүлөлүк бийликти жандандыра берсе, буга эч ким унчукпайбы? Же кыргыздарда өмүралиевдерден башка дипломаттар жокпу? Айтор, башкы дипломат Р.Казакбаев сын-пикирди эске алып, "оңолоюн" деген ою жок окшойт. Минтип жүрсө бир күнү аңга түшөт го...


Чыгаша гана кылмай

Экс-президентке беш жансакчы ашыктык кылат го


Роза Отунбаева президенттик тактыдан түшкөндөн кийин жүдөп, эски таз кейпине келгени жашыруун эмес. Азыр анын ахвалын үч-төрт гана курдашы сурабаса, башкалары унутуп коюптур. Анан дагы Отунбаеваны беш жансакчы кайтарганы, кызматтык машине, үй менен камсыз болгону белгилүү.
Эми экс-президент деген жарлыгы бар экен, бекер
үйдө, кызматтык машинеде жүрө берсин, бирок, береги беш жансакчыны алып эмне кылат? Отунбаевага
ким тиймек эле? Аз да болсо мамлекеттин чыгашасын азайтып, жансакчыларды өткөзүп бербейби?

Эл тагдыры туңгуюкта

Ж.Сатыбалдиев сыланып-сыйпанып эле отурабы?


Буга чейин да ЖМКлар жазып келишкен, Жантөрө Сатыбалдиев президенттин аппарат башчысы болгону менен, олуттуу маселе чечүүгө дарамети жетпей атканы боюнча. Президенттин таасири астында "жолу болбогон" журналист Фарит Ниязов менен эски шоопур Икрамжан Илмиянов мамлекет тагдырын чече турган иштерди аркалап, Жантөрө акеңердин иштешине мүмкүнчүлүк бербей атышканын кабарлашты. Кызык, Сатыбалдиев сыланып-сыйпанып эле отурса, а өлкөнүн тагдырын Фарит менен Икрамжан калчап атса, анда туңгуюкка кептелгенибиз ушул да. Ажо Атамбаев болсо, акыркы жумаларда такыр эле көзгө көрүнбөй кетти. "Ооруп атат" дейт. Эл тагдырын кимге ишенип тапшырганбыз ыя?


"Азия ньюс" пресс