Абдысадыр Турусбеков:

"Сүймөнкул агабыз мени дайыма жанына алып жүрчү"


Абдысадыр агай бизге сүрөттөн сабак берчү. "Балдар, сүрөтчү эң оболу акын болушу керек. Ошондо гана бардык нерсенин ички маңызын, ички сулуулугун көрө алат. Болбосо, сырткы көрүнүшү менен гана чектелип, ичине үңүлө албайт" дечү. Агай өзү да дал ошондой жүрөгү акын, табийгаттын миң түркүн боекторунун гармониясын таба билген, айылда жашап, дүйнө менен байланышкан сейрек сүрөтчү. Доскага ар кайсыл кинофильмдерден үзүндү тартып, а биз болсо, аны көркөм тилге салып, баяндап берчүбүз. Арал орто мектебинин окуучуларынын көбү кийин чыгармачыл адам болуп чоңоюшуна дал ушул агайдын чоң таасири бар.

-Агай, "Жамийла" кинофильминдеги башкы каарман Сейиттин сүрөттөрүн бүт сиз тарткан экенсиз. Конкурска кантип илинип калдыңыз?
-Мен 8-класста окуп жүргөндө, Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повести боюнча республикалык сүрөт конкурсу өтүп калды. Ошондо мен да катышып, биринчи орунду алдым. Жамийла менен Данияр станцияга эгин ташыйт эмеспи? Ошол эпизодду тарткам да. Бир күнү эле "Жамийла" повести боюнча кино тартылган жатат, сен конкурстан өттүң" деп, мени Фрунзеге алып кетишти. Фильмдин режиссеру Ирина Поплавская деген орус аял эле, Даниярдын ролун Сүймөнкул Чокморов, Жамийланы Н.Аринбасарова аткарчу. Сүймөнкул агабыз мени дайыма жанына алып жүрчү. Мени алгачкы жолу сүрөтчүлүккө үйрөткөн ошол Сүймөнкул болду. Андан тышкары, Москвадан келген эки орус сүрөтчү (бири киностудиянын, экинчиси "Ровестник" журналынын башкы сүрөтчүсү) мени абдан тарбиялашты. Орусча бир сөз билбейм, бирок, ошого карабай "тигинтип тарт, минтип тарт" деп үйрөтүшөт. Мен бул кишилерге абдан ыраазымын.
Ирина Поплавская мен мектепти бүткөндөн кийин эле ВГИКке, окууга чакырды. Ал кезде Мураталиев БКнын катчысы болчу. Айылда жүрсөм, "үч күндүн ичинде келип кал, сени Москвага жөнөтөбүз" деп телеграмма келди. Мектептин директоруна
барсам, "кирпич куймайын кетпейсиң" деп койду (ошол убакта ушундай эреже бар болчу). Бул жерде мени эч ким тоотпойт, керек болсо туугандарым да тоотпойт. Жетиммин да. Апам байкуш ары-чуркап, бери чуркап, ар кимден акча чогултуп жүрөт. Кирпич куюп, акча тапканча үч күн өтүп кетти. Анан агам экөөбүз БКга барсак, маданият жагын Нусупова
деген эже тейлейт экен. "Силер кечигип калдыңар, ордуңа башка бирөөнү жиберип ийдик. Эми сен бул жерден эле оку" деди. Бул сөз агама майдай жага түштү. Мен эч нерсе билбеген жаш баламын да, "мейли" деп эле кайра айылда жүрө бердик. Ошол боюнча ВГИКке барбай, Фрунзеде окуп калдым. Ирина Ивановна тынчсызданып, эмне үчүн барбай калганымды сурап, улам-улам кат жазат. Эмне болгонун айта албайм да, "так получилось" деп коем. Экинчи курста окуп атканда, Поплавская "Мен-Тянь-Шань" деген фильмди тарта турган болуп калды. "Сен сүрөтчү болосуң, эскиздериңди жаса" деди. Бирок, киного кетиш үчүн сүрөт окуу жайынын директорунан сураш керек да. Ирина Ивановна кайрылса "барбайт, ал окушу керек деп коюптур". Ошентип, фильмге да катыша албай калдым.
Ирина Поплавская азыр сексен жетиге келди. Мен дегенде бүт баарын жасады байкуш. Мына, орустун маданиятты сыйлаган адамы! Фильмге катыша албай калгандан кийин деле дайыма телефон чалып, кино, театр боюнча сонун-сонун китептерди жиберип жүрдү. "Окугун" деп сүрөттөрдү, Федеренконун, Пиккасонун китептерин жибербедиби. Ал аял мен үчүн экинчи энем сыяктуу эле болду.
Мен айылда жашап калдым да. Кыргыздар жаратылыштын астында, дөңгө отуруп алып ойлонот го. Мен да кээде өзүмчө отуруп, ойлонуп кетем. Менин тагдырым ушундай болуп калыптыр да. ВГИКке барсам эле эки алсам деле өтмөк окшойм. Ирина Ивановна ошентип сүйлөшүп койгон экен. Поплавская "таластык бир бала бар, ошого көмөктөшүп коюңуз" деп Чыкеге да кат жазыптыр. Ал кезде Чыңгыз Айтматов киноматографисттер союзунун төрагасы болчу. Мен барсам, ал киши Лондонго жөнөп аткан экен. "Мен шашып аттым эле. Сенден мыкты сүрөтчү чыгат. Поплавская туура кылып атыптыр. Өсө бер, өсө бер" деди. Экөөбүз бир аз эле убакыт сүйлөштүк. Бирок, мен ал кишинин сөзүн угуп калганыма абдан ыраазымын.
Сүрөт окуу жайын кызыл дип-лом менен бүтүрүп, ошол жерге мугалим кылып калтырган. Бирок, айылда апам жалгыз калып атпайбы. "Кой" деп биякка келдим. Атам отуз жети жашында кайтып кетиптир. Бизди, беш баланы апам турмушка чыкпай, жалгыз багып, чоңойтту. Анын алдында ушунчалык карызмын.
-Апаңыз жөнүндө сүрөт тарта алдынызбы.?
-Ооба. Сүрөттөрү бар. Мени чоңойтуп, ушул даражага жеткирген ошо киши да. Ушунчалык жакшы аял болчу.
-Мугалим болуп жүргөнүңүздө сүрөтүңүз үзгүлтүккө учураган жокпу?
-Мен кичинекей балдарга, 4-8-класстын окуучуларына сабак берип жүрдүм. Алардын жандүйнөсү таза да. Мен азыркыга чейин ыраазы болом. Керек болсо "агай, коендун кулагы мындай болчу эле го?" деп мага сындарын айтышчу. Ошолордон көп жакшы нерселерди алдым. Кээде өзүмдүн картиналарымды Бишкектеги сүрөтчүлөрдүкү менен салыштырып көрөм да. Алар дагы "биз кыйынбыз, өсүп атабыз" деп ойлошот, бирок дөңгөлөктөгү тыйын чычкандай болуп, бир жерде эле чуркап аткандары байкалат. Көпчүлүк картиналарда сүрөтчүнүн жүрөгү жок, "техникалык подачага" басым жасайт. Бирок убакыт өткөн соң, анын баалуулугу жоголот. Композитор, акын, сүрөтчү болосуңбу, чыгарма жүрөгүңдөн чыгышы керек да.
-Былтыр Бишкекте сүрөт көргөзмөңүздү уюштурган турбайсызбы?
-Ооба. Чуйков атындагы сүрөт окуу жайында арт-галерея ачтым. "Ачам, ачпайм" деп жүрүп, акыры ачтым. Ачканым жакшы эле болуптур. Мени менен окуган,
Москвадан, Ленинграддан борбордук ЖОЖдорду бүткөн балдар, Бишкектеги чоң искусство таануучулар келишип, көргөзмөмдү аябай жакшы кабыл алышты. "Айылда жашап атсаң да тиричилик менен кетип калбаганыңа, сүрөтчүлүктү таштабаганыңа ыраазыбыз" дешти. Мени менен чогуу жүргөн балдардын көбү кыргыз эл сүрөтчүсү болуп калышкан. Кудай буюрса, 2013-жылкыга дагы жазылып келдим. "Бул жолкусунда аябай кенен планда көрсөтөм" деп турам. Себеп дегенде, мурдагысында 40-50 дөй гана сүрөтүмдү көргөзүп, калгандары коюлган эмес. Эми алтымыш жылдыгымда бүт сүрөттөрүмдү көргөзөм. Ал жерде баары: графика, живопись, китеп жасалгалары да болот.