Пьер де Кубертондун максаты ишке ашып


XIX кылымдын аягына чейин олимпиада оюндары байыркы Греция өлкөсүндө гана өтүп келген. Аны жайдын саратан мезгилиндеги асмандагы айдын толуп турган күнүнө белгилешкени тарыхта айтылат. Кийинки мелдеш 1417 күн өткөндөн кийин айдын жаңырышына карата аныкталып башталган. Ошого карабастан белгиленген олимпиада оюндары кээ бир өлкөлөрдө саясый кырдаалдын кесепетинен үзгүлтүккө учурап 10-15 жыл, кээде 50 жыл катары менен өтпөй калган учурлары да кездешиптир.

1766-жылы Грециянын Олимп деген жеринде археологиялык казуулардын натыйжасында спорт мелдештерине байланышкан буюм-тайымдар жана мелдеш өтүүчү жайлар табылган. 1875-жылдары археологиялык казууларды немистер кайрадан уланткан. Ушуга карата француз барону Пьер де Кубертон "немис-тер байыркы Олимп жеринен эч нерсе калтырбай, баарын казып салды. А эмнеге Франция өлкөсү көөнөрбөс баалуулукту кайра калыбына келтире албайт?" деп коомчулукка айткан кеби бар. Байыркы гректер ойлоп тапкан жана салтка айланып өтүп келген олимпиада оюндары кайрадан XIX кылымдын аягында ушу адамдын демилгеси менен жанданган. Ага мындан тышкары бир себеп түрткү болгон. 1870-жылы прусстардын ортосунда согуш отунда француздардын солдаттары чабалырак болуп жеңилип калган. Армияга кызмат кылган солдаттардын дени-карды соо жана чапчаң болууда спорт менен машыгуу керектигин Кубертон илгиртпей байкаган. Ошону менен бирге өзүмчүлдүк илдетти жанына жолотпоо манисинде улуттар аралык спорт мелдештерин анын ичинде олимпиада оюндарын өткөрүп турууну максат кылган. 1893-жылы Сорбонн (Париж) университетинде эл аралык конгрессте ой-толгоолорун толук айтып, жыйындын аягында Эл аралык Олимпиада Комитети (ЭОК) түзүлөт. ЭОКтун биринчи президенти болуп улуту грек Деметриус Викелас шайланат. Баш катчылыгына Пьер де Кубертон бекилет. Эл аралык жыйында 1896-жылы биринчи олимпиада оюндары Афина шаарында өтөрү жөнүндө чечим кабыл алышкан. Албетте, Пьер де Кубертондун максаты ишке ашып, белгиленген убакта, Греция өлкөсүнүн борборунда биринчи олимпида оюндары жогорку деңгээлде өтөт. 250 атлет спорттун ар түрүнөн күч сынашат. Бийлик төбөлдөрү жана ЭОКтун адамдары "ар бир 4 жылда жана башка мамлекетте өтүп турсун" деп чечим кабыл алышкан.