Классташынын беш жашар кызын зордуктап...

28- январда, Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБине 1980-жылы туулган Дордой-2 жаңы конушунун тургуну З.Н. арыз менен кайрылган. Ал арызында 2010-жылы туулган кызы З.А. чала тааныш Асыл аттуу киши тарабынан зордукталгандыгын айткан. Кылмыш ишин иликтеп жаткан тергөөчү Гүлмира Муканбетовага кайрылып, кененирээк маалымат алдык.
- Бул окуя 26-январь күнү болгон дагы, айыпкер 27-январь күнү эртең менен Ноокатка кетип калган. Ал кеткен күнү кыз энесинин жанында ойноп отуруп: "Асыл аяш атам туалеттен мындай кылды. Туалеттен чыккандан кийин сарайга жетелеп барып ал жактан дагы ошондой кылды" деп айтат. Аны угар менен 2010-жылы туулган өспүрүмдүн апасы, 1980-жылы туулган З.Н. бизге арыз менен 28-январда кайрылды. Ишти карап чыгып соттук экспертизага жөнөткөнбүз. Соттук экспертизанын жыйынтыгы 29-январь күнү даяр болгон. Ошол корутундунун негизинде бул иш козголду. Бул кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган Асылбек Алиев Ош облусунун Ноокат районундагы Федеров айылында өз үйүндө кармалды. 30-январда бул жакка алып келинип, тергөө аяктаганга чейин эки айга тергөө абагына камалды. Азыркы учурда айыпкерге карата соттук медициналык, психатриялык жана баңгизатка карата экспертиза өткөрүлдү. Муну менен катар жабырлануучу өспүрүмгө карата биологиялык экспертиза өткөрүлдү.
- Беттештирүү болду да?
- Ооба. Экөөн беттештиргенде кыз бардыгын болгондой айтып берди. Аяш атасы кызга андай болгон эмес десе, кыз ал кишинин аны туалетке киргизип алып зордуктоо аракеттерин кылганын, сарайга жетелеп барып да ошол ишин кайталаганынын баарын айтып берди. Ал жолугушууда айыпкер эч нерсе айткан жок. Кечээ сүйлөшүүлөр болуп жатканда дагы айта кетти: "Ооба, менин ошондой оюм бар болчу. Бирок мен өзүмдү өзүм токтотком" деди. Бирок, ал өзүн-өзү токтоткону менен кыздын жыныстык мүчөсүндө тытыктар эмнеден пайда болду?
- Эксперттер кыздын зордукталганын толук аныкташтыбы?
- Эксперттер корутунду чыгарып жатканда аларга эскертүү берилет. Эгер жалган көрсөтмө берилсе, жоопко тартыла тургандыгы. Катнаш болгон, бирок кыздын кыздыгы алынган эмес. Бул кыздын жыныстык мүчөсүнө киргизгенде аягына чейин киргизбей, берки жагынан уйкалап, уругун түшүрүп эле баса берген. Мен деле ошондой болгон деп ойлоп атам. Кыз айтып жатат, болбосо төрт жарым жаштагы кыз муну кайдан билет?! Азыр болсо калган экспертизалардын корутундуларын күтүп жатабыз. Ошонун баары келсе, толук бир жыйынтык чыгарабыз. Жаш өспүрүмдүн психологиялык корутундусунда жазылат, жаш өспүрүм көрсөтмө берип жатканда жалган айтып жатабы же өз оюна келгенин айтып жатабы деп ошого баа берилет. Ал эми айыпкерге өткөрүлгөн психиатриялык экпертизанын корутундусунда ал кылмыш маалында өз эсинде беле же аффект болгонбу, ошол жазылат. Бирок, ал мас абалында кылгандыктан, бул аффект болуп саналбайт.
- Айыпкер мас бекен?
- Ооба, мас абалында болгон. Ал көрсөтмөсүндө 2-3 бөтөлкө арак ичишкенин айтты. Булар экөө болуп Ноокаттан жумуш издеп келишкен. Экөө тең кыздын атасынын классташтары. Атасы үйүнө конок болуп кеткиле деп чакырган. Үйдүн ичинде үчөө арак ичип отурушкан. Айыпкер туалетке чыкканда 5-10 мүнөттүн ичинде эле болуп кеткен окуя. Кыздын атасы курулуш жагында иштейт. Апасы үй-бүлөмдү багам деп соода менен алектенип коет экен. Чек арага товарларды алып барып сатып иштейт экен.
- Канча жылга соттолушу мүмкүн?
- Мындай кылмыш боюнча 20 жылдан өмүр бою камакка алуу деген жаза бар. Биз ишти канчалык тактап, аныктап сотко өткөрүп берсек, сот өзү чечим чыгарат.




Талантбек ӨМҮРБЕКОВ, башкы дарыгер:
"Ибрагим түтүкчөсүз өзү дем алып калды"

Үстүбүздөгү жылдын 11-январында оор акыбалда Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасына келип түшкөн 2 жаштагы Ибрагим Тулебековдун эсине келелегин жазган элек. Азыр өзгөрүү бар-жогун билүү үчүн аталган оорукананын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбековго кайрылдык.
- Азырынча эсине келелек. Абалы начарлаган жок. Түтүкчөсүз өзү дем алып калды. "Жасалма вентиляция" деп коет, аны алып салдык. Бала жута алчу эмес, жутуп калды. Бирок бат эле чарчап калып жатат. Калган тамагын зонддун жардамы менен берип атабыз. Бул боюнча кандайдыр бир прогноз айтыш кыйын. Анткени баланы бизге алып келгичекти бир топ убакыт өтүп кеткен. Атасынын айтканына караганда бала үч саат мурун эсин жоготкон. Дагы да болсо абалын биз оор деп баалайбыз.
- Жылыш болчудайбы? Дары-дармектер жетиштүүбү?
- Азыр айтыш кыйын. Биз баланын башын дагы бир жолу томография кылдык. Дары-дармек жетиштүү. Бир эл аралык уюм чет өлкөлүк реаниматологду алып келип көрсөтүп кетти. Ал биз берип жаткан дары-дармектерди, иш-аракеттерди туура көрдү. Ооруканага деп Жогорку Кеңештин төрагасы өзү жардам берди. Азыр бир аппарат сатып алганы турабыз. Негизинен аппараттар жете бербейт. Ал эми атайын балага деп чогулуп жаткан акчаны, банкта эсеп-кысап ачылды, ошол жакка которолу деп атабыз. Анткени бизге алып келиштин кажети жок. Ал акчанын баары балага жардам катары кетүүсү зарыл.
- Чет мамлекетке алып чыгып, ошол жакта дарылоонун кереги жокпу?
- Бул боюнча эч кандай сунуш бере албайбыз. Бизде 2-3 ай эсин жоготуп жатып, кайрадан өзүнө келген окуялар болгон. Биз күн сайын бардык адистер менен консилиум кылып жатабыз. Азырынча чет өлкөгө алып барып дарылоонун зарылчылыгы жок. Эгер биз дарылоо процессинде такалып калган болсок, анда айтмакпыз.
- Баш мээсине кеткен жаракат гана болбосо, калган органдары жайында экен да?
- Ооба. Баш мээсинен башка ички органдары жакшы иштеп жатат. Бала заңдап, заара кылып жатат. Жаракат алган жерлери бүтүп калды. Болгону бала өзүнө келбей жатат. Дагы бир нерсе айта кетиш керек: баланын жаракат алып, эсин жоготкондон дарылоо процесси башталганга чейинки убакыт канчалык узак болсо, прогноз ошончолук начар болот. Бала бизге келип түшкөндө эле атасы 3 сааттай өттү деп айткан. Эгер жаракат алганда эле келгенде өзгөрүүлөр батыраак болмок беле деп ойлоп жатабыз. Мээсине кан куюлуп же болбосо чел кабыктарына кан куюлуп кеткен жери жок. Жогоруда айттым го, дагы бир жолу томография кылдык деп. Толук болбосо да, шишиги тарап жатат.




Сүрөтчү, скульптор болгуң келеби?

Өткөн аптада, 26-январда Чолпон-Ата шаарында балдардын сүрөт көргөзмөсү болуп, ага Турганбай Садыков атындагы көркөм сүрөт мектеп интернатынын окуучуларынын эмгектери коюлду. Көргөзмөгө жергиликтүү эл, Чолпон-Ата шаарынын мэриясынан, облустук профсоюздан, облустук тарых музейинен жана Ысык-Көл райондук администрациясынан катышты. Балдарга атайын белектерди тартуулашты. Мектепке кир жуугуч машина жана балдарга жайында эс алууга лагерлерге жолдомо берилди.
Көргөзмө боюнча мектеп мугалими Муктарбек уулу Адилетти кепке тартсак, буларды айтты: "Көргөзмөгө жалпысынан 260 живопись, 60 скульптура коюлду. Тематикасы көбүнчө көчмөндөр оюнуна жакын болду. Балдар көчмөндөр оюнунан көргөндөрүн чыгармаларында чагылдырууга аракет кылышкан. Бул сүрөт көргөзмөсүн өзүбүздүн мектеп уюштурду. Учурда мектепте 26 бала жана 6 кыз билим алат. Балдар түшкө чейин Чолпон-Ата шаарындагы А.Осмонов атындагы мектепке барышат. Биздин мектепке Ысык-Көл облусунун райондорунан жана шаарларынан келип, жатып окушат. Мектепте живопись, скульптура, сүрөт тартуу боюнча сабактар берилет. Биз балдарды Сүрөт академиясына даярдайбыз. 7-9 класска чейин окуп, бүтүп барышат да, каалаган багыты боюнча окуп кете беришет. Биздин мектептин максаты - балдарыбыз келечекте мыкты сүрөтчүлөрдөн, скульпторлордон болушуна өбөлгө түзүү. Ал үчүн алгачкы кадамдарын мыктылап берели деген илгери үмүт менен иштеп келатабыз".

Бетти даярдаган
Кайрат Кенжебай уулу