Кимиси чын да, кимиси калп?!

Журналисттер "өрдөктү көп учурат, алар ушакчылар" деп эле саясатчылар дагы, эл дагы нааразы. Кесиптештер "өрдөк" учуруп атабы же саясатчыларбы - аны тескеген киши жок. Кимиси "өрдөк" учурса да, биз аны атып, чындыктын казанына түшүрөлү деген аруу тилек менен ушул рубриканы ачканбыз. Эгер бирөө жөнүндө бир нерсе уксаңыз, урматтуу окурман, бизге чалыңыз (0312) 59-15-52. Биз өз ооздорунан угуп, жазып беребиз.

Аскар САЛЫМБЕКОВ,
"Эмгек" партиясынын лидери:
"Бир бол" партиясы менен сүйлөшүүлөр болгон"
"КСДПга партиямды кошом деп чуркап барса, алар кошпой коюптур. Эми "Бир бол" партиясы менен бириксем деп жүрөт" деген имиштер бар. Бул кептердин канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Бул карандай эле калп. Калпты тактап жатканыңарга рахмат. Кыргызда көралбагандар көп эмеспи. Алардын арасында "чуркап атат…" деп ушактарды чыгарып койгондор да бар. Айрым ушактарга көңүл бурбай деле коюш керек. КСДПнын өз тарыхы бар. Бул партия башка партияларды өздөрүнүн катарына кошуп алганга деле муктаж эместир. Анан эмнеге мен кошулам деп чуркап барайын. Ал эми "Бир бол" партиясы менен тээ башынан эле сүйлөшүүлөр болгон. Ортодо бир аз келишпестиктер болгон үчүн эле биз кошулбай калганбыз. Сүйлөшүүлөр азыр деле болуп атат. Алардын жуучулары бизге келет, биздеги "кошулсак" деген адамдар аларга барышат дегендей.

Акылбек ЖАПАРОВ, экс-министр:
"Ар кайсы партиянын эшигин сагалаган жокпуз"
"Акылбек Жапаров биринчи КСДПга барган. Алар албай койгондо "Ата Мекен" партиясына кириптир" деген имиштер көп эле айтылып келет. Ушул имиштер чынбы?
- Бүгүнкү күндө шайлоо баштала элек. Бирок, сүйлөшүүлөр тынбай жүрүп жатат. Эң оболу шайлоо кодексине толуктоо, өзгөртүүлөр аягына чыкпай жатат; Экинчиден, биометрика боюнча шайлоолор жүрөбү, Кыргызстанда канча шайлоочу бар; добуш алуунун пайыздык "босогосу" кандай болот - ушундай оорчундуу суроо, талаптар бүгүн көп. Андыктан шайлоо тууралуу ойлонуу эрте деп эсептейм. Эгерде 10 пайыз деген барьер коюла турган болсо, бир топ партиялар, лидерлер биригет. Бириге албайт деген лидерлер деле биригип атышпайбы. Жеке пикиримде шайлоого барам деп атам. Бирок, ар кайсы партиянын эшигин сагалаган жокмун. Учурда студенттерге сабак берип, кытай экономикасын изилдеп жатам. Ал эми "Ата Мекен" партиясына, анын лидерине көз карашым түз. Башка партиялар менен да эч чыр-чатагым жок. Өмүрбек Чиркешовичтин партиясынын социалисттик доорду курабыз дегени туура болуп атат. Себеби, жаныбыздагы Кытай өлкөсү акыркы беш жылда "социалисттик рынок экономикасын курабыз" деген ураан менен кетип баратат. Ошондуктан бул партиянын келечеги бар. Ал эми СДПКга барган деген калп. Мен чакырган жерден калбайм, чакырбаган жерге барбайм. Бул менин башкы принцибим. Ар кайсы партиянын эшигин сагалаган жокпуз.

Ильяз АБДРАЗАКОВ, ырчы:
"Ким айтты?!"
"Ырчы Ильяз Абдразаков учурда келинчеги менен таарынышып жүрөт деп жакында эле угуп калдым. Ушуну тактап бересиздерби?" деп окурманыбыз коңгуроо каккан эле. Окурмандын суроосуна жооп алганы Ильязга менен байланыштык…
- Ким айтты?! Бул сөздөрдү кимден уктуңуздар? Албетте, бул айтылган кептердин бардыгы жалган. Учурда келинчегим экөөбүз жакшынакай эле жашап жатабыз.

Анарбек КАЛМАТОВ, ЖК депутаты:
"Жер алган да, саткан да эмесмин"
"Бакиев доорунда Анарбек мырза Бишкек шаарынын прокурору болуп турганда, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып бир канча жер участогун казак кайын журтуна ыйгарып жибергени үчүн кыңк этпей жүрөт" деп көп эле айтылып келет. Кызмат ордуңуздан пайдаланып жерди бергендигиңиз чындыкпы?
- Мен жер алган да эмесмин, саткан да эмесмин, берген да эмесмин. Ал убакта Бакиевдер мени кызматтан кетириш үчүн "Жер саттың! Бир канча участокту саттың" деп болбогон нерселерди ойлоп табышкан. Эгер мен жер алып саткан болсом, мэрия деле, прокуратура деле иштеп атат, алардан барып сурагыла. Ал убакта "Максим Бакиевдин жерлерине туура эмес объектилер салынып атат" деп айткам. Ошондо алар мага өчөшүп, кызматтан кетирүүнүн айласын таппай "жер сатты!" деп айтып чыгышкан. Болбосо, төрт райондон төрт кызматкер гана жер алган. Кийин, ал төрт кызматкерге "менин үстүмдөн арыз жазгыла" деп кысым көрсөтүшкөн. Алардын экөөсүн "болбогон кантип ишти жазып беребиз" дегендери үчүн кызматтан кетиришкен. Керек болсо, мен аларды деле таап берем, болгон ишти айтып деле беришет.

Эркин БУЛЕКБАЕВ,
Жашылдар партиясынын лидери:
"Бул көралбастардын кылганы"
"Жалаң оппозициянын тонун кийип келген Эркин Булекбаев ээрин бошоткону туру" деп жазып чыгышты. Анын ордуна ким келет?" деп бир окурман чалды. Эркин мырзага чалып, тактадык.
- Мен Жашылдар партиясынын төрагасымын. А бул айтылгандар бийликтин, көралбастардын атайын чыгарган ушак-айың, жалган жалаалары.

Сезим РЫСАЛИЕВА,
"S Dange" бий тобунун жетекчиси:
"100 пайыз чындык"
- "Бийчи Сезим Рысалиева шоу-бизнестеги жаш жигит Азамат Аспековго жакында турмушка чыгат дейт. Чын бекен, тактап бересиздерби" деп телефон чалгандар болду. Турмушка чыкканы калдыңбы?
- Бул маалымат 100 пайыз чындык. Азамат Аспеков шоу-бизнес чөйрөсүндө жүрөт, ушул чөйрөдөн мындан үч жыл мурун таанышканбыз. Ошондон бери кыз-жигитпиз. Буюрса, август айында тоюбуз болот. Ал тойго сиздер да күбө боло аласыздар деп ойлойм.

Равшан САБИРОВ, коомдук ишмер:
"Ойлонуп жатам"
- Равшан мырза, алдыдагы шайлоого "Ата Мекен" менен эмес, "Республика - Ата журт" партиясы менен бара тургандыгыңыз тууралуу айтылып жатат. "Республика - Ата журтка" кошуларыңыз чынбы?
- Жок, азырынча шайлоого кайсы партия менен аттана тургандыгымды чече элекмин. Учурда ойлонуп жаткан кезим.

Ислам Каримов комадабы?
"Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 28-январда саат 20:30 чамасында Куксарой (Дурмень) резиденциясында тамактануу учурунда эс-учун жоготкон. Бул тууралуу Өзбекстан Элдик Кыймылы республиканын өкмөтүндөгү жеке булактары жазып чыккты. 77 жаштагы өлкө башчысына медицина кызматкерлери тез жардам көрсөтүшкөн. 29-январда да президент оор ахыбалда комага түшүп калган. Өзбекстан Элдик Кыймылы 29-январда саат 17:00 чамасында И.Каримов Республикалык кардиология борборунун дарыгерлеринин жардамы менен эсине келгенин жарыялаган. Акыркы эки жылдын ичинде Өзбекстандын лидери экинчи жолу эс-учун жоготуп, жумушка убактылуу чыккан эмес. Такталбаган маалыматтарга таянсак, Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов көп жылдан бери кант диабети менен ооруйт. Эске сала кетсек, Өзбекстанда президенттик шайлоо быйыл 29-мартта өтөт. Президенттик шайлоодо учурдагы президент Ислам Каримов жана Өзбекстандын Элдик-демократиялык партиясынын лидери Хатамжон Кетмоновдун талапкерлиги бар" деген маалыматты KyrgyzToday.kg сайты жазып чыкты. Биз дароо Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги менен байланышып, төмөндөгүдөй кыска жооп алдык:

- Эч кандай комментарий бере албайбыз.
"Өрдөк" аткан
Кымбат ТУРДУБЕКОВА