Кимиси чын да, кимиси калп?!

Журналисттер "өрдөктү көп учурат, алар ушакчылар" деп эле саясатчылар дагы, эл дагы нааразы. Кесиптештер "өрдөк" учуруп атабы же саясатчыларбы - аны тескеген киши жок. Кимиси "өрдөк" учурса да, биз аны атып, чындыктын казанына түшүрөлү деген аруу тилек менен ушул рубриканы ачканбыз. Эгер бирөө жөнүндө бир нерсе уксаңыз, урматтуу окурман, бизге чалыңыз (0312) 59-15-52. Биз өз ооздорунан угуп, жазып беребиз.

Чыныбай ТУРСУНБЕКОВ,
ЖКнын депутаты:
"Сотко берем"
"КСДПчы Чыныбай Турсунбеков мамлекеттен 1 миллион долларга арзан сатып алган арак заводун миллионер Сергей Ибрагимовго 6 миллион долларга сатты" деп "kyrgyztoday.kg" сайты жазды. Бул маалыматтын чын-бышыгын тактайлы деп Чыныбай мырзага кайрылдык…
- Бул ушак, карандай калп. Муну сотко бериш керек, башка эмне кылам? Бул сайт мурда да мага жооп берген. Алар мурда азыраак акча төлөп калса керек. Көбүрөөк каражат төлөгөндө, мындай калпты эч жазбай калышат эле.

Кадыр ТОКТОГУЛОВ:
"Бул жалган…"
- Сизди "Кыргызстандан чалгынчылыкка шектелип депортацияланып кеткен
АКШнын жараны Паул Полетеспе менен жакын мамиледе болгон дешет. Казакстанда "Ассошейтед-пресс" басылмасында иштеп жүргөндө талаптагыдай иштей албагандыгы үчүн иштен чыгып калыптыр дешет" деп "Жаңы Агым" гезити жазып чыкты. Мунун канчалык чындыгы бар?
- Бул жалган. Эгерде гезиттердин мен жөнүндө жазылгандардын баары калп же чын деп отурсам, башка иш жасай албай калам. Жасаганга да убакыт болбой калат. Ар ким ар кандай жаза берет. Мейли эми. Ал эми АКШнын жараны Паул Полетеспе менен журналист катары таанышмын. Ал кишинин кандай иш-чараларга барып, эмне маалымат бергенин жазып жүрчүмүн.

Токтобүбү ЧЕРИКЧИЕВА, ырчы:
"Мамлекетти күтүп коюп жатам"
"Ырчы Токтобүбү Черикчиева Кыргыз Эл артисти наамын алуу үчүн чуркап жүрөт деп кулагым чалып калды. Ушул чынбы?" деп редакциябызга окурман телефон чалды. Окурмандын суроосун орундатуу максатында Токтобүбү айымга байланышка чыктык…
- Эгер наам үчүн чуркап жүргөн болсом, эчак алмакмын да. Эч чуркабастан эле мамлекетти күтүп коюп жатам. "Эл оозунда элек жок" дегендей, мындай кептер айтыла берет да. Балким, мен эч наам албай жүргөндүгүм үчүн күйөрмандарым кызыкдар болуп чалып жатышкан чыгар.

Ырысбек ЖАБИРОВ, кинорежиссер:
"Тасманы тартууга каражатым жок"
- "Кинорежиссер Жабиров Ырысбек мырза жаңы тарыхый тасма тартуу үчүн спонсор издеп жүрөт деп уктум. Ушуну билип бересиңерби" деп окурман чалды редакцияга. Аны билүү максатында кинорежиссер мырзага кайрылдык…
- Чындыгында азыр толук метраждуу тасманын үстүндө иштеп жатам. Тасманын иштиктүү аталышы -"Саз". Кийин дагы көрөбүз. Негизинен бул тасма аялдар абагы тууралуу. Буюрса, быйыл көрүүчүлөргө сунуштайм. Жогоруда окурмандын айтканы да туура. Учурда тарыхый кино үстүндө иш жүрүп жатат. Бирок, менин ал тасманы тартууга каражатым жок. Убагы келгенде тартылып калар.

Садыр ЖАПАРОВ, экс-депутат:
"Түркия элчисинин маалыматы жок экен"
- Сиздин "Саясаттагы 10 жыл" деген китебиңизде "бийлик башындагылар 3,5 тонна алтынды Түркияга алып чыгып кеткен" дегениңиз карандай калп экенин Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч расмий түрдө жар салды. Буга эмне дейсиз?
- Түркиянын элчисинин маалыматы жок экени көрүнүп турат. Анткени, "ошол жылы самолет аварияга учураган эмес, эгер учураган болсо, ызы-чуу болмок" дегендей айтыптыр. Бул бир жагы деңиз. Экинчи жагы, ким эле болсун "ооба, алтын барган" деп айтат беле? Бир нерсени так айтып коеюн, Түркия мамлекетинин бул ишке эч кандай тиешеси жок. Алардын чоңдору билбей да калышы мүмкүн. Иштин баары биздин чоңдордо болуп жатпайбы. Убакыт-сааты келгенде ачылып калар. Бул бийлик олтурганда эч качан ачылбайт. Өз абийирлерин өздөрү ачмак беле? Бир жактуу сурак кылып жатканын сокур киши деле көрүп турбайбы.

Турсунтай САЛИМОВ, ЖК депутаты:
"Менин тиешем жок"
- Мурдагы күнү "Чыгыш-5" кичирайонундагы "Прадо" оюн-зоок борборунда жайгашкан сауна сойкуканага айланганын ИИМ кызматкерлери таап, "Ал депутатТурсунтай Салимовго тиешелүү экен" деп чыгышты. "Де-факто" гезити да Сизди 80-жылдары Орто-Сай базарында ашпозчу болгонуңузду, кийин 90-жылдары менчиктештирүүдө жер алып, кызыңыздын атын коюп "Мадина" базарын ачканыңызды, кийин "Фрунзе" турбазасы өрттөнүп, кытай соодагерлер "Мадинага" өткөнүн, "Восток-5" кичирайонунан садик сатып ала коюп "Прадо" оюн-зоок борборун, сауна, фитнес-клуб, ресторан ачканыңызды жазышыптыр.
- Менин убактым жок эле. Кийин шашпай жооп берейин. Ал эми "Восток-5теги" "Прадону" эчак эле арендага берип салгам. Алардын кылган иштерине тиешем жок. Бирок мен да териштирип көрөйүн. Кийин байланышалы…

Каныбек ЖУМАШАЛИЕВ, ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын башчысы:
"Карандай калп"
- "Каныбек Жумашалиев эч нерсе болбогондой бийликке жагынып, ортодон кошоматчы Аргынбек Малабаевди жамынуу менен СДПКдан упай топтоп, "крышасын" бекемдеп, натыйжада, Чүй УВДсына жулунууда. Ушу кезде ээлеп олтурган УВД начальниги болгонуна алымсынбай, ортодон ажого киши салып, былжырыбай саясатты өркүндөткөнү Кудайга жакпайт!" деп "Азия-Ньюс" гезити жазыпчыкты. Бул чындыкпы?
- Бул чыккан маалымат карандай калп. Мен өз кызматымда татынакай эле иштеп атам. Чүй УВДсына башчы болуп барат деген бул жөн гана кайраштырган сөз. Силерге кенен эле интервью берейинчи...

Кымбат ТУРДУБЕКОВА