Бакиев "бакылдак", Атамбаев "акылдакпы"?
"Тарых кайталанбайт, кайталайт" дегенди түшүнгөн киши барбы? Илгери Акаев мынчалыкка барган эмес. Заман да башкача болчу. Бирок, Бакиев менен Атамбаев "Америка ачып" коюшпадыбы"! Адиль Турдукулов деген жигитибиз таап чыкты, Бакиев 2007-жылы июлда эмне дегенин. Карап багыңыз: "Эмнеге биздин журналисттер ийгиликти айтпай, жаманды эле көрө беришет? Эки жыл ичинде 40 миң жаңы жумушчу орун бердик, өлкөнүн казынасы 18 млрд сомдон 36 млрд сомго көбөйдү. Эмнеге бул жөнүндө айтпайсыңар? Муну мен айткан жокмун, эл айтып жатат. Эл менен көп эле жолугуп жатпаймынбы!" дептир. Айтканын эл сезген да эмес.
7 жылдан кийин 2014-жылы октябрда А.Атамбаевдин айткандары: "Өлкөбүздүн аброюн түшүргөндөр бүгүнкү ММКларга "ыраазычылык" билгизелиби? Булардын оюна койсок, Африкадагы коррупциядан да ашып кетиптирбиз. Минтип бир да өлкөдө өз өлкөсүн жамандабайт. Аларды окусаң, Кыргызстанда баары жаман экен, коррупция гүлдөп жатыптыр. Бул өлкөбүз менен чындыкты сыйлабагандык! Өлкөбүз жөнүндө ушундай аптыракат күткөнүбүзгө кыргыз журналисттери күнөөлүү. Мен көп сүйлөп койсом эле, таарына беришет экен" дептир.
Аз-маз айырмачылык болбосо, эки президенттин сөздөрү коендой эле окшош сөздөр. Бийликке келип, "ажыдаар" болуп алышып, анан "ала чуркагандарды" күнөөлүү кылгандарына жакаңды кармайсың. Күзгүнү карап алып, "Маймыл турбайсыңбы!" деп өзүнө тап берген байыркы грек Софоклдун эле чыгармасы, эй! Болгондо да, журналисттердин күнү келатканда. Өзүн аңдабай калган гана "өздөн чыккан жат болот" деген ушул белем? Туура айтса да, туура эмес айтса да, ушак айтса да, тушак айтса да, журналисттер коомду чагылдырып жатат. Демек, ал ойдун баары эл арасында бар дегендик. Башкаларына тийишпей, журналисттерден жамандык издеген падыша Кожо Насреддин айткандай "капка түшкөн катөпкө" болуп калбайбы? Аны да Шералынын чокоюндай эстен чыгарбаш керек го дейбиз. Дейбизби, дебейбизби, бүгүнкү бийлик "тескери" жолго түшүп алгандай. Душманды да дос кылгандын ордуна досту да душман кылып олтурганына жол болбосо кана!

Далбилген ДААТБАЕВ




Кымбатчылыкпы же сымбатчылыкпы?

1. Кымбатчылык канчага чейин кыйнайт деп ойлойсуз? Жакын арада жакшыруу болобу? Элдин түйшүгүн жеңилдетчү кандай кеңешиңиз бар?

2. Коргоо кеңеши 2014-2020- жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат концепциясын бекитти. Ажобуздун айткандары ынанымдуу болдубу?


Кубатбек БАЙБОЛОВ, коомдук ишмер:
1. - Кымбатчылык өсө берет. Экономикада оң динамика, өзгөрүү пайда болмоюнча кымбатчылык өскөндүн үстүндө болот. Бирок мында дүйнөлүк да тенденция бар. Кымбатчылык өскөндө айлык акы дагы өсүп турушу керек. Бизде болсо, баалар өскөнү менен айлык акы ордунда эле турат. Эл, албетте, кыйынчылыктын үстүндө эле жашап келе жатат. Жакынкы арада кандайдыр оң тарапка өзгөрүүгө эч кандай негиз жок. Динамика жок жана тескери. Мамлекет тараптан чоң реформалар жасалышы керек болчу. Айтор, жакын арада өзгөрүүлөр болбойт го.
2. - Маселе туура көтөрүлгөн. Ал-акыбал өтө кооркунучтуу. Муну мен А. Акаев, К.Бакиев менен сүйлөшкөндө да айткам. Жанагы бизде болуп жаткан чоң коркунучтардын эң олуттуусу ушул болуп жатпайбы. Бул жагынан президентибиздин кабатырлангандыгы туура. Бирок бул сөз жылдын башында эле айтылбады беле. Эч кандай кадам жок. Айтылып эле калып калбай, конкреттүү чараларды көрүш керек. Казакстанда ушундай көйгөй көтөрүлгөндө, Н.Назарбаев айтпадыбы: "Биз биринчи кезекте казак болушубуз керек, биз араб эмеспиз" деп. Бул сөздөрдү А.Атамбаев дагы айтты. Диний экстремизм бизде эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири жана коркунучтуу деп ойлойм.

Кубат ОТОРБАЕВ,
КТРКнын экс-жетекчиси:
1. - Меним оюмча, Бажы союзуна киргенибизге байланыштуу эки-үч жылга чейин кымбаттоо процесси уланат. Анткени Казакстандагы, Орусиядагы бааларды билебиз. Биздин рынок ошолорго теңелет деп ойлойм. Биринчиден, баалардын кымбатташына алып келет. Экинчиден, ким товар өндүрсө, алардын ити чөп жейт. Жакында мен окудум, Ысык-Көлдө бир дыйкан чесноктон эле 3 миллион сом тааптыр. Төөбурчактын баасы быйыл арзан болуп жатат, бирок бара-бара калыбына келет. Өндүрүштү жолго коюп алышыбыз керек, ага чейин кыйынчылык боло берет.
2. - Коргоо кеңеши 2014-2020- жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын кабыл алгандыгы мени аябай сүйүндүрдү. Президентибиз А.Атамбаев, О.Молдалиев агайыбыз бул маселеге аябай көңүл бурду. Коргоо кеңеши да өз учурунда документти кабыл алды. Президентибиздин айткан ойлору мага жакты. Кыргыздын нукура каада салтына, адеп-ахлагына каршы келген сырттан келген идеологияны таңуулоо аракети болуп жатат. Президентибиз кыргыз элине каршы келген нерселерди түз айтып сынга алды. Ошондуктан сырткы кебетеси, кийген кийимдери, кылынып жаткан иштер боюнча көп ойлонто турган нерселер бар. Сирияда канчалаган жарандарыбыз жүрөт. Муну ар кимдин өз иши деп койсок болот. Бирок биздин жарандар ушундай кадамдарга эмне себептен барып жатканын иликтеш керек. Акыркы 20 жылда мектеп санына караганда мечиттин саны көп болду, салынган жагынан дегеним. Ошондуктан, дин жагына да көңүл бөлбөсө, бул тарап көзөмөлдөн чыгып бара жаткан тармак болчу.

"Кошсоболдоткон" Кайрат КЕНЖЕБАЙ уулу




Тайырбек Сарпашев,
1-вице-премьер-министр:
"Журналисттер өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн кызмат кылууда"
Сиздерди Маалымат жана басма сөз Күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Сиздердин кесиптик майрамыңыздар - биздин демократиялуу, ачык коомубуздун турмушундагы кубанычтуу, маанилүү окуя. Сөз эркиндиги жана жарандардын өз ойлорун эркин билдирүүсү боюнча биздин өлкө эң эле алдыңкы, демократиялуу өлкөлөрдүн катарында тургандыгы абдан жагымдуу көрүнүш. Биздин өлкөдө ар башка жана ар түрдүү багыттарды тутунган массалык маалымат каражаттары жогорку деңгээлде өнүккөн. Сиздердин чалыкпас эмгегиңиздерден улам, бардык окуялар жана жаңылыктар дароо эле жалпы коомчулуктун энчисине айланууда. Жумуш учурундагы ар кандай кыйынчылыктарга жана аткарган жооптуу милдеттердин оордугуна карабастан, журналисттер жана массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери жүргүзүлүп жаткан реформаларга жана жашообуздагы өзгөрүүлөргө дайыма өздөрүнүн активдүү атуулдук көз караштарын, мамилелерин ачык көрсөтүп келе жатышат. Биздин эң мыкты массалык маалымат каражаттарыбызга жана журналисттерибизге жалпы коомчулуктун жана өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн кызмат кылууга умтулуу, чындык жана адам укуктары үчүн туруктуулук менен күрөшө билүү сыяктуу сапаттар таандык. Сиздерге жаңы чыгармачылык ийгиликтерди, чың ден соолук жана бакыт каалаймын!