Машинеңди уурдап кетейинби, ыя,
"запраста"!

Акыркы учурларда Бишкек шаарында, дегеле өлкөдө автоунаа уурдоо күч алды. Ага себеп калпыстыктар да бир топ. Маселен, шаарда автоунаа да, машинасын ачык таштап же документтерин унаа ичинде калтырган кенебестик да көбөйдү, анан башка бирөөнүн машинасын айдаганда сөзсүз талап кылынчу ишеним каттын жоюлганы башкы себептердин ичинде дешет. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Автоунааны мыйзамсыз ээлеп алууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Тукеев мырзага ушундай көйгөйлөргө токтолуп маек куруп берди.

- Кубанычбек мырза, акыркы убакта Бишкек шаарында автоунаа уурдоонун күчөшүнүн себебин эмнеден көрөсүз?
- Бишкек шаарында Мамлекеттик каттоо кызматы берген маалымат боюнча 490 миң автоунаа бар. Анын 90 миңи гана автоунаа токтотуучу жайга же өз үйүнүн алдына токтотушат, калган 400 миңи түнкүсүн көчөдө калат! Эң көп көчөдө калган жерлер Бишкек шаарынын кичи райондору. Көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна кирсең, эшигин бекитип коюп токтоп турган автоунаа жыкжыйма. Андай унаалар түнкүсүн көп уурдалат да. Басымдуу кечки саат 10дон таңкы 5 ортосунда уурдоо күч. Кээде чак түштө айдай качкандар да болот. Акыркы статистикага карасак, ушул жылдын 9 айында 102 даана автоунаа уурдалган. 83ү табылып, кылмыш иши козголуп, уурулар камалган.
- Тетиктерге сатылып кеткен унаа саны да барбы сиздерде?
- Тетиктерге сатылып кеткен учурлар катталат. Мына, жакында эле эки кылмышкерди кармадык. Алар Кыргызстан жарандары Евгений Куштавкин жана Шушлебин дегендер, 5 автоунаа уурдап, экөөн тетиктерге сатышкан. Тергөө иштерин Ленин РИИБине өткөрүп бергенбиз. Учурда алар камакта.
- Кымбат баалуу автоунааларга токтоло кетсеңиз, көп уурдалабы?
- Көп эле уурдалат. Бир мисал, 17-августта Бишкек шаарында Исанов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде "Лексус 570" автоунаасы уурдалган. Келтирилген чыгым 80 миң долларды түзгөн. Автоунааны таптык, кылмышкерлерди болсо 1-Май РИИБи камаган. Ал Лексусту кылмышкерлер айдап барып катышкан да, коңшу Казакстанга чыгарып кетмекчи болушкан. Негизи уурдалган кымбат автоунаалар көбүнчө Кыргызстандан чыгарылып кетип жатат. Уурдайм десе, кымбатпы, жөнөкөйбү, карашпайт. Бирок көбүнчө арзан баадагы автоунаалар уурдалат.
- Автоунаа ууруларынын жаш курагы кандай?
- Билсеңер, автоунаа уурдаган кылмышкер Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси - автоунааларды мыйзамсыз ээлеп алуу беренеси боюнча соттолот. Бирок көбүнчө автоунааны уурдагандар - ошол мурда соттолгондор. Соттолуп абак-жатакта мөөнөтүн өтөп жүрүп кылмыш кылгандар бар. Мисалы, март айында Свердлов районунда төрт автоунаа уурдаган Иманалиев деген кылмышкерди камаганбыз. Соттолуп, беш айдан кийин абак-жатакка (колония-поселение) чыгарылса да автоунаа уурдап кайра кармалды. Учурда иши сотто. Эми канча жылга соттолот билбейм.
- Өспүрүмдөр арасында унаа уурдагандар катталганбы?
- Катталган. Билесиздер, өспүрүмдөрдө өзүн кыйын көрсөткүсү келген сезим күчтүү. Бир эле мисалды айтсам, Бишкек шаарынын Октябрь районунун Совмин шаарчасы тараптан 16 жаштагы баланы кармадык. Ал сүйлөшкөн кызы менен жолугушууга машина айдап баргысы келип, кошунасынын эшик алдында токтоп турган автоунаасын айдап кеткен. Кызына барып, артка кайтканда МАИ кызматкерлерине кармалган.
- Автоунааларга берилчү ишеним кат алып салынгандан кийин унаа уурдоо көбөйдү дешет го?
- Туура, унаа уурдоонун көбөйүшүнө бирден-бир себеп болууда. Мурда кандай эле, айдоочулук күбөлүгүң болсо да, жазуу жүзүндө нотариуста күбөлөндүрүлгөн ыйгарым укук - ишеним кат болбосо, бир адам экинчи адамдын автоунаасын айдай алчу эмес. Ошол ишеним кат алынып салып, эми айдоочулук күбөлүк, техпаспорт барбы, айдаганга жол ачылды. Алып салуу туура эмес болгон, ансыз, ал же бул автоунаа кимге таандык, билбейсиң. Анан болгон документин автоунаасына калтырып токтотуп койгон жаман адат да калбады. Кокус ал унаа уурдалса, кылмышкер ичинде калган техпаспорт жана өзүнүн айдоочу күбөлүгү менен айдап жүрө берет. Бир мисалды айтайын, техпаспорту ичинде калган унааны уурдап алган бир кылмышкер аны айдап жүрүп жол кырсыгына кабылган. МАИ кызматкерлери териштирип жатып да ал уурдалган унаа экенин билишкен эмес. Кылмышкер машинесин сүзүп алган кишиге тилкат жазып берген. Ошол расписканын арты менен кармап, камаганбыз. Уурдалган унааны МАИ кызматкери тоссо да, кылмышкер автоунаанын техпаспортун жана өзүнүн айдоочу күбөлүгүн көрсөтөт да кете берет. Эгер автоунаага болгон ишеним кат жоюлбаса, МАИ кызматкери аны сурамак, жок болсо айып жайына алып барып токтотуп коймок. Бул бир. Экинчиси, МАИ кызматкерлери менен мурда тыгыз иштешчүбүз. Ишеним каты жок унаа кармалса, алар дароо бизге чалышчу. Айтор, ишеним кат алынгандан кийин унаа уурдоо мурунку жылдарга караганда үч эсе көбөйдү.
- Унаа уурдоону азайтуу үчүн кандай чара көрүш керек эми?
- Автоунаага болгон ишеним катты кайтаруу керек. Кайтарбасак, унаа уурдоо күчөгөндүн үстүндө күчөй берет. Ишеним кат алып жаткан айдоочу МАИден каттоодон өтөт. Ал каттоо боюнча автоунааны ким айдап жүргөндүгү билинет. Азыр болсо автоунааны ким сатып алган, ким айдап жүрөт, эч кандай маалымат жок. Мисалы жол кырсыгы болуп, адамдын өмүрү кыйылды дейли. Ал эми сүзгөн айдоочу качып кетти. Автоунаанын өңүн, мамлекеттик номерин көрүп калышат. Текшере келсек, каттоодон өткөн ал автоунааны ээси эки жыл мурун сатып жиберген болот.. Мына, бул жерде автоунаа каттоосу жана эсеби жоголду. Эки жылдын ичинде бир кишинин наамына катталган унаа ээси алмашып, бир канча кишинин колуна өтүп кетип жатат. Биз убара болуп, жумуш көбөйдү. Кылмыштын бетин ачуу көп убакытты талап кылып, изи сууй электе табылбай жатат. Анан автоунаа саны көбөйдү, көбөйгөн сайын кылмыш дагы көбөйөт. Бишкек шаарында автоунаа 3-4 жыл мурункуга салыштырмалуу азыр он эсе көбөйдү. Андыктан айдоочу жарандардан суранарыбыз: акчаны аябай унааларды кайтаруудагы унаа токтотуучу жайларга коюшса. Экинчиден, жарык жерлерге койгонго аракет кылышсын. Үчүнчүдөн, унаа эшиктери жабылдыбы, текшеришсин. Анан сигнализация, JPS навигатор коюп алышса, андан жакшы болмок. Өзгөчө эскертчү сураныч: автоунаа документтерин унаада калтырбаңыздар!

Кайрат КЕНЖЕБАЙ уулу





Сая-сатчуларбы?


И
лгери кыргыз эмчи-домчуга барып айыгып кетчү экен. Кийин врачтарга ишенип калышпадыбы. Бирок, азыр кайра кыргызчылыкка бара башташты. "Сиз кимисине көбүрөөк кайрыласыз? Депутат болоордо, дегеле бир иш кылаарда көзү ачыкка сөзсүз барышат деп айтышат. Сиз да бардыңыз беле?" деген собол таштадык. "Жок" эле деген киши, а бирок барып жүргөндөрүн жакшы билебиз…


Курманбек ДЫЙКАНБАЕВ, ЖК депутаты:
"Бардыгы Алладан да"
- Мисалы, бир адам операция болсо же төрөп калса, аны эмчилер операция кылып же төрөтө албайт да. Бул жагынан медицинанын өз жолу бар. Ал эми дин жагынан алсак, хадисте айтылган дубалар менен кудайдан сурап эмдегендер балким элге жардам бере алышат. Ар бир адам ыйманына жараша иш кылышы керек. Канттагы бир аялга бир жолу акча уурдалып кетип кайрылганбыз. Барсак, бир топ нерселерди айткан. Айрымдары окшошсо, айрымдары туура эмес болуп чыккан. Айрымдар Ош базарына дем салабыз дегендерге барып акчасын алдырып ийип жатышат. Акыркы эки-үч жылда диний китептерин карап көрсөм, мунун баары "ширк" болот экен. Бардыгы Алладан да.

Жусупали ИСАЕВ, ЖК депутаты:
"Кудайга гана ишенем"
- Менин жашым алтымышка таяп калды. Ушул жашка келгиче бир да жолу көзү ачыкка барып көргөн киши эмесмин. Мен бир гана кудайга ишенем. Эмчи-домчуга эмес, врачтарга ишенем. Анткени, врачтар керектүү лабораториялык анализдер, рентгендердин жыйынтыгы менен, башкача айтканда, илимий негизде карашат. Ал эми эмчи-домчу менен жакшы болуп кетет дегенден алысмын.

Мамытбай САЛЫМБЕКОВ, ЖК депутаты:
"Көзү ачыкка
ишенбейм"
- Эмчи-домчулар, көзү ачыктар бул шариятта да туура эмес көрүнүш. Куранда да жазылган. Биринчиден, алардын туура дарылап жаткандыгын же туура эмес дарылап жаткандыгын эч ким биле албайт. Экинчиден, алар бардык ооруну мен билем деп эле чөп берип алдап акчасын алып алат. Ал чөп ал адамдын оорусун айыктырабы, айыктырбайбы, аны менен иштери да жок. Ошондон улам эмчилерге барганды туура эмес эле көрөм. Илгери бир сейфти акчасы менен уурдатып ийип көзү ачыкка баргам. "Бирөөнүн короосунда турат, тиякта турат, биякта турат" дей бергенинен, "жүр, өзүң барып көрсөтчү" деп ээрчитип барсам, таппай койгон. Ошондон кийин эмчи, көзү ачык дегендерге эч ишенбейм. Бирок, беш кол тең эмес дегендей, алардын арасында чыныгы көзү ачыктар да жок эмес.
Эсенгул ИСАКОВ, ЖК депутаты:
"Алардын айткандары
туура келет"
- Ооба, мен көзү ачыкка эки-үч жолу баргам. Негизи алардын айткандары чын болуп чыгат. Кантип билип коюшат, таң каласың. Албетте, адам, биринчиден, өзүнө ишенип иш кылыш керек. Ошондо гана иши оңолот деп ойлойм. Бүгүнкү күндө көзү ачыктардын арасында Кудай берген шыбагасы, касиети бар адамдар бар. Арасында менин да көзүм ачык деп элди алдагандары да жок эмес. Биз ошол нерсени ажырата билишибиз керек. Мисалы, кичинекей балдарыбызга көз тийип калса, дем салдыргандан кийин кадимкидей эс алып калып жатышпайбы.

Максат САБИРОВ, ЖК депутаты:
"Баарына
ишене бербейм"
- Чын-чынына келгенде кыргыз эли абдан касиеттүү эл болгон. Биз ошол касиетибизди учурда өзүбүз сезбей атабыз. Учурунда биздин чоң ата, чоң энелерибиз "көз тийип калыптыр, ач кирген турбайбы, кел, башыңды теңдеп коеюн" деп калгандарын бала кезде көрчүбүз. Көзү ачык дегендердин баарына ишене бербейм. Иш баштаарда же алыска сапарга чыгаарда жолумду ачтырайын деп көзү ачыкка барган да эмесмин. Кудай Тааланын астында бардыгыбыз бирдейбиз да. Кудай Таалам бизге канча өмүр берсе, кандай ден соолук берсе, ошону жашайбыз да. А медицина жагында абдан чоң жылыштар бар да. Бейтапканага барбай табыпка бар деген да туура эмес.

Нурбек МУРАШЕВ, ЖК депутаты:
"Көзү ачыктарга
барбайм да,
ишенбейм да"
- Көзү ачыктарга барбайм да, ишенбейм да. Бирок, алардын арасында дем салып жүргөн касиети күчтүү адамдар бар.

Эльмира ИМАНАЛИЕВА, ЖК депутаты:
"Кайрылган эмесмин"
- Ким ооруп калса сөзсүз түрдө врачтарга кайрылышы керек. Мен эч качан эмчи-домчу, көзү ачык дегендерге кайрылып көргөн эмесмин.

Собол таштаган
Кымбат ТУРДУБЕКОВА