Иса ӨМҮРКУЛОВ, мурунку мэр:
"жакшы атка көз тийет"

Шаардын экс-мэри Иса Өмүркулов менен күтүүсүз Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданынан жолугуп калдык. Иса мырзанын күлүк аттар менен алектенери маалым болсо да, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып өз оозунан угалы дедик.

- Иса мырза, сиз көп жылдан бери таза кандуу аттар менен алектенип келесиз. Негизи күлүктөргө кызыгууңуз качан пайда болду?
- Негизи адистигим боюнча инженермин, айыл чарба жагына эч тиешеси жок. Анан айыл жеринде чоңойдум, аттарды көп миндик. Көп бир туугандын ичинен ата-бабабыздын жылкы баласына жакындыгы мага өткөн окшойт. Чоң атам Өмүркулдун учурунда күлүк аттары болуптур, далай байгелерди уткан экен өз убагында. Улакка чапкан аттары дагы болгон. Ал киши 90 жашка чыгып каза болду, бирок өлөөр-өлгөнчө ат минип, аттан алыс болгон жок. А негизи бизде союз мезгилинде эле мал көп болчу. Таза кандуу жылкыларга 1987-88-жылдардан тартып кызыгып, таза кандуу үч бээ алдык. Ал кезде азыркыдай сатылчу эмес. Атайын багып жүргөн кишилер бар экен, ошолордон алып, акырындап көбөйткөнбүз. Ал кезде асыл тукум жылкы чарбалары тарап калган кез. Бул "Аккула" ат майданы чачырап эч нерсеси калбай калган. Ушул "Аккула" ат майданында ат чабыштарды жандандыргандардын бири менмин.
- Башында таза кандуу жылкыларды кайдан алып келдиңер?
- Россиядан алып келдик. Бул жактагы жакшы элиталык айгырлардын, андан кийин Европадан келген жылкылардын тукумун алдык. Учурда Америкадан келген жылкылар дагы бар. Көп жыл багып, селекция жасап келдик. Учурда аларды жөнөкөй жылкылар менен аргындаштырып, жөнөкөй жылкылардын санын көбөйтүп, породасын жакшыртып жатабыз. Убакыт болсо, жеке жылкы чарбамды көрсөтөм. Чарбам тоодо, азыр жылкылар Суусамырда. Таза кандуу жылкылар менен аргындаштырылган жылкылар өз-өзүнчө кармалат. 4-5 жылдан бери аргындаштырылган жылкыларга таза кандуу айгырларды кошуп селекциялык иш-аракеттерди кылып жатабыз.
- Таанымал чоңдордун арасында күлүк менен атаандашуу бар дешет. Чынбы?
- Негизи ат чабыштын өзү атаандаштык. Аттуу-баштуунун атыбы же жөнөкөй адамдыкыбы, айырма жок. Анан ат чабышка жылкы кошкондон кийин, албетте, ар ким өз атын сүрөйт. Жылкыны жакшы көргөн башка, берилген башка, андайлар аз. Айрым колунда барлар учурунда бир-эки жакшы атты алып келип чаап, кийин өчүп калат. Тээ түбүнөн тубар бээлерин (маточное поголовье) көбөйтүп, база түзүп иш алып баргандар аз. Азыр мүмкүнчүлүгү барлар Европага чейин барып аукционго катышып сатып келип жатышат. Франция, Польша, Англия, Америкадан алып келинген жылкылар бар. Ал дагы жакшы, андайды колдош керек. Мындайча айтканда, жылкы чарбачылыгы салыштырмалуу жакшырып барат азыр. Бээ болобу, айгыр болобу, канчалык таза кандуу, породалуу жылкылар келсе, алар Кыргызстанга эле кызмат кылат.
- Азыркы учурда жакшы көргөн күлүктөрүңүз барбы?
- Биздин ат чаап жүргөнүбүзгө бери жагы 17 жыл болуп калды. Ошол 17 жылдын ичинде Кыргызстанда, Казакстанда көп байгелерди алдык. Албетте, жылкынын күлүгүн жакшы көрөсүң. Ал ар сезондо өзгөрө берет. Жакшы жылкыга көз да тиет. Андайды эки жолу өз аттарымдан көрдүм. Анан күлүктөрдү чаап, өстүрүп жүргөндөн кийин ырымдап жүрөсүң. Аябай жаның кейиген жылкылар да болду. Төрт жаштагы "Фанат" деген айгырыбыз бар эле. Кулун кезинен өзүбүз өстүргөнбүз. "Аккула" ат майданында чапканыбызда 7 айлампа оозун тарттырбай ала качып чуркап элди уу-дуу кылган. 8 айлампада эле бир секирди дагы, жөрмөлөй басып чекке эптеп келди. Көрсө, арткы жоон саны сынып кетиптир. Ошондо "Фанатты" таптаган саяпкер Улан Батыркулов кадимкидей ыйлаган. Улан менен мен 87-жылдан бери иштешип келем. Ал өз ишин кыйын билген, жоопкерчиликтүү, жылкыга берилген саяпкер.
- Өзүңүз таптаган жылкыларды минип турасызбы? Жоргону жакшы көрөсүзбү же күлүктүбү?
- Жорго баккан жокпуз, жалаң күлүк аттар менен келе жатабыз. Күн алыс ат минип турам. Маселе жок, жайдак деле минем. Негизи ат минген кишинин ден соолугу чың болот деп айтып калышат го.
- Демек, хоббиңиз күлүктөр турбайбы?
- Негизги хоббим - жылкы. Андан тышкары учурунда көп мергенчилик кылып да жүрдүм. Кыргызстандын кыдырбаган тоолору калган жок. Аңчылыктын сезону башталса, кудайым буюрса, чыгабыз. Анан Суусамырда да аңчылык кылып калабыз. Ал жакта да жылкыларымды кармайм. Баары эле жылкысы бар экен деп айтышат, бирок өз көзүң менен көргөн башка. Менин жылкы чарбаларымдын баары накта.
- Ушул чарбаларыңыз тууралуу айта кетсеңиз...
- Жылкы чарбаларым бар. Учурда Тоолу-Маевка айылында айгырлар турган жерлерим бар. Жылкыларды кармаган үч жерде базам бар. Жылкыдан бөлөк меринос койлорун да багып келе жатам. Илгеркидей ак койлорду кайрадан жандандырып жатканыма 4-5 жыл болуп калды. Билгендер билет, азыр илгеркидей кара жүн пайдаланылбай калды. Кара-Балтанын килем токуган фабрикасы бар эле, ошол кара жүндү сатып алчу. Экинчиден, кара кой куйругу толмоюнча семирбейт. Ага салыштырмалуу ак койдун эти нык келет жана бат семирет. Мындан тышкары ак койдун жүнү бар. Учурда меринос коюнан миң тубар кой бар. Жылкыдан бери жагы 150дөй. Тубар бээлер эле 120-130 баш. Тайларын кошкондо андан көп болот.
- Балдарыңыздан сизчелик жылкыга кызыккандары барбы?
- Балдарымдын ичинен Азамат деген уулум кызыгып жүрөт. Калгандары анча деле кызыкпайт.
- Жылкы, койдон башка эмне менен алексиз? Саясатка кайтайын деген оюңуз жокпу?
- Эми аттар менен дагы, саясат менен дагы алекпиз. Саясат эми ал башка тема. Бүгүн жылкы тууралуу гана сүйлөшөлү.
- Макул, анда ат майдандарыбыз качан жакшырат?
- Бул жалпы социалдык-экономикалык абалыбыз. Бара-бара оңолот го. Оңолуш үчүн ар бир нерсени, биринчиден, тажрыйбасы бар адистер, таза адамдар жетектеши керек. Ошондо бир нерсенин натыйжасы чыгат. Ал эми үзүндү болгон болбойт. Кадрдык стабилдүүлүк жок, азыр жыл айланбай премьер-министрибиз алмашып жатат. Бир жылда бир-эки жолу министрлер алмашып кетип жатат. Өзгөчө айыл чарба министрлиги дагы министрге жарыбай койду. Жылкы менен алек болуп жаткандарга мамлекет жактан каржылоонун деле кереги жок. Жем, тоют сурабайт. Болгону селекциялык иштин багытын жакшы аныктап, жакшы жерлерден урук алып келдирип жардам бере турган болсо өзү эле өнүгө берет. Анан сөзсүз түрдө ветеринардык көзөмөл керек. Болбосо, каралбай, 10-15 жыл мурун жылкы арасында кездешпеген жугуштуу оорулар чыга баштады.

Кайрат КЕНЖЕБАЙ уулу