Мелис ТУРГАНБАЕВ:
"Кримтөбөлдөрдүн баары мени жакшы тааныйт"

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мелис Турганбаев 22-сентябрда түз байланышка келип, окурмандардын суроосуна жооп берди. Телефон чалуулардын саны жыйырмадан ашса, СмС жазгандардын саны 30 болду. Окшош суроолорду бириктирип, кыстартып бердик.

Таалайбек Аликсопиев, Токмок шаары: - Мен маркум кикбоксчу Руслан Абазовдун кайнатасы болом. Күйөө баламдын көз жумганына жарым жыл болуп калды. Тергөөчүлөргө кайрылсак, тергөө жүрүп жатат деп эле айтышат. Эми сиз келдиңиз, ошол ишти алдыга жылдырып берсеңиз деген гана сокур үмүт.
- Макул, албетте. Ушул жумада ордума бекип алсам, анан катуу тапшырма берип, аягына чыгарып бергенге аракет кылам.
Жеңиш Суранаев, Бишкек шаары: - Уюшкан кылмыштуулук күч алды, эскертүү берүүдө деп эле жатышат. Сиз кандай чараларды көрөйүн деп жатасыз?
- Бул боюнча да "Ата Мекен" фракциясында мага суроону катуу коюшту. Болгонун болгондой айттым: "Өздүк курамда бир аз өзгөртүү кылсак эле, иштей баштайт. Башын канжыга байлап койгон, илгертен иштин көзүн билген балдарды кайра алып, кылмыштуулукка катуу сокку урабыз" деп. Негизги чаралар 2011-жылдары эле көрүлө башталган. Февраль айында жакшынакай иштерди баштап, бир айдын ичинде баарын ордуна коюп, камачусун камап, алып келчүсүн алып келип, бардыгын өз ордуна койгон элек. Коомчулук дагы айтып калган: "Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жакшы жүрүп жатат. Эл тынчып калды" деп. Ишкерлерибиз да тириле түшүшкөн. Анан жетекчилер алмашат экен, ар биринин иш алып баруусу бөлөкчө болот экен. Ортодо Суранчиевден мурун жаңы министр келе калды, билбегендик кылып койду окшойт, жакшы жасалып жаткан иштер бузулуп калбадыбы. Жакшынакай иштеп жаткан балдардын көбү бөлөк жакка ротация болуп, көздөй жумушунан четтеп калышты. Тим эле атайын жасалгандай болуп. Болбосо, 2011-жылдагы чапчаң иштердин аягы былтыркы жылдары аягына чыкмак. Олуттуу тергөө иштери жүрүшү керек эле. Чет мамлекетте жүргөндөрдү алып келишти, сот да болду. Анан эмне болду? Көрүп, билип, угуп жатасыңар, теңирден тескери иш болуп кетти. Эми мен кайра мурдагы калыбына алып келишим керек. Азыр деле аракет жок эмес, негизгиси сөөгү бар да, алгач ошону жандандыруу иштери жүрө баштайт . Аман болсок, алакандай Кыргызстанды тартипке салыш 2-3 айдын ичинде эле ишке ашат.
Айпери, Бишкек шаары: - "Батукаевдин колу-бутун байлап келем" деп айттыңыз эле. Ушул тууралуу жооп берип койсоңуз.
- Азиз Батукаев боюнча кичине туура эмес жазып коюшуптур. Менин билишимче, Орусияда Батукаев боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал жерде комиссия иштеген. Аны эч ким байлап-сайлап алып келалбайт. Мыйзам чегинде гана иш болот. Азыр ошонун үстүндө Башкы прокуратура иштеп жатат. Биз тараптан ИИМден жардам керек болсо, колубуздан келген жардамыбызды беребиз.
- Криминал баш көтөрүп, бири-бирин өлтүрө баштады деген кеп жүрдү го. Бишкекте кырдаал кандай?
- Бишкекте кырдаал дурус эле. Акыркы убактарда кичине криминалдык кагылышуулар болду. Булардын баары эми болуп келген нерсе. Дүйнө жүзүндө бардык эле жерде болот. Жакын аранын ичинде баарын теске салабыз. Өзүңүз билесиз да, 2011-2012-жылдары түзөлүп оңолуп калганбыз.
Марат Маматжанов, Жалал-Абад шаары: - "Жин" каймана аты менен белгилүү Алтынбек Арзымбаевди атып кетишкени боюнча кандай комментарий айта аласыз?
- Журналисттер, кызыкдар адамдар аны аябай сенсация кылып, укмуш эле кылышты. Ал деле көчөдөгү кадимки бала болчу. Спорт менен машыккан. Ар бир айылда өзүнүн атаманы бар го, ошондой атамандардын бири эле болчу. Анын атып кетишинде эч кандай саясат жок.
Нурзат Тургамбаева, Сокулук району: - Сиз бир учурда ачкан Нравалуулукка каршы келүүчү кылмыштар менен күрөшүү бөлүмү сойкулукка канчалык бөгөт боло алды? Натыйжа берип жатабы? Сойкулук токтолчудайбы?
- Өлкө мыйзамдарында көрсөтүлгөн бардык чараларды көрүп жатышат. Өз функциясын тийиштүү аткарууда. Эми билесиздер, айылдан келген жакшынакай кыздардын окууга төлөгөнгө акчасы же иштегенге жумушу жок, жаман иштерге баргандары оголе көп. Же болбосо "тигүүчү цехинде иштеп жатам" деп калп айтып, ушундай жаман иште жүргөндөрү бар. Чет жактарда, өз жерибизде жолунан адашып жүргөн 1200 кызды бүгүнкү күндө сойкулуктан сактап калдык. Кээ биринин ата-энелери келип рахматын айтып кетишти. Алардын баарынын маалыматын ачык айтканга болбойт. Учурда ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп шайланып отурам. Милдетти алган соң, Кыргызстандын аймактарында жана чоң шаарларында сойкулукка каршы иштерди жүргүзгөнгө аракет кылайын деп жатам. Келечегибизди ойлойлу да. Биз анализ жасап көрдүк, минтип олтурсак, он жылдан кийин абал кыйын эле болуп калат. Коомчулукта башында түшүнбөй сын айтып келишкен. Азыр бизге түшүнүү менен мамиле жасай баштады. Бөлөк мамлекеттерде бул көйгөй менен кандай күрөш жүргүзөрү боюнча керектүү маалымат берип жаткан коомдук уюмдар бар, иштеп жатабыз, иштеше беребиз.
- Бийликке келгенден кийин адамдын мүнөзү өзгөрүп кетет. Өзгөрүп кетпейсизби?
- Бишкек ШИИББде иштеп жүргөндө, кудайым карап турат, чиренип кеткеним жок. Арыз-муңу менен түз кайрылган жарандарды кабыл алдым, каалаган журналист мага күнү-түнү телефон чалышат, кээде гана чогулуш болуп жооп бере албай калбасам, бардыгына жооп берип жүрдүм. Кеп бийликте эмес, адамдын өзүндө.
Болсунбай Жакыпов, Нарын шаары: - ИИМдеги реформаны эмнеден баштайын деп турусуз? Кандай алгылыктуу иштерди кылайын деп турасыз?
- Эл айтып жатпайбы: "Милицияны элге жакындатып, өзгөртсөңөр болот эле" деп. Аябай туура, көздү ачкан талап. Бизде эл менен тыгыз иштеген негизги төрт кызмат бар. Алар: участкалык инспекторлор, жаш өспүрүмдөр менен иштегендер, МАИ жана жол-кайгуул кызматы. Ал эми кылмыш, тергөө кызматтарын этап менен реформадан өткөрөбүз. Алардын жумушу күнү-түнү менен жүрө берет, аларды биз "көрүнбөгөн фронттун жоокерлери" деп коебуз. Кылмышкерлерди кармай беришет, тигилер тергей беришет. Жогоруда мен атаган төрт кызмат күнүгө эл менен кызматташат. Ушул төрт кызматтын кийиминен, жүрүм-туруму, элге мамилеси, иштеген жерине чейин карайбыз. Биз былтыр да, быйыл да шаар боюнча терең анализ жүргүздүк. Жыл башында райондордо УПМдерге бардык, аймактык участкалык инспекторлор эл алдында отчет берди. Мурда бир участкалык инспектор 3-4 мектепти карачу эле, азыр ар бир мектепте өспүрүмдөр менен иштечү инспекторубуз олтурат. Андан сырткары жаш өспүрүмдөр менен иштеш үчүн дагы мыйзамдарды кабыл алалы деп жатам. Мисалы, саат кечки 22.00дөн кийин кичинекей бала ата-энеси, чоңдордун коштоосу жок сыртка чыкса чара көрүү боюнча. Мындай мыйзамдар Казакстан, Орусияда сонун эле иштеп жатат. Биз эми ал баланы камап койбойбуз да. Баланы алып барып, ата-энесинин колуна салып беребиз. Бала тарбиясын мугалим менен милицияга жүктөй бербей, ата-эне жоопкерчилигин да көтөрүш керек деп, чиновниктин балдары тентек кылса, илгеркидей атасынын же апасынын иштеген жерине кагаз жөнөтүп жатабыз. Жөнөткөн жерлерибизде ата-энесин талкууга салып, жакшы жооптор келип натыйжасын берип жатат. Андай балдарды кийин да көзөмөлгө алып турдук, жүрүм-турумдары кадимкидей оңолду. Биз шаарда көп жакшы иштерди жасадык. Ошонун баарын эле, кудай буйруса, республикага жайылтабыз.
Журналист Жаныбек Жанызак, Бишкек шаары: - Кытайга жүк ташуучу Нуркалый Кадыров 12-июлдан бери дайын-оту жок жоголуп кетти. Жеңемдин бир тууган иниси эле. Ушуну бир караштырып бересиңерби?
- Ой, байке, сөзсүз карап беребиз. Телефондоруңузду калтырып коюңуз.
Калыгул Бейшекеев, Бишкек шаары: - Мындан 6 ай мурун саясый илимдердин кандидаты, доцент, аналитик журналист Чолпонбек Сыдыкбаевди белгисиз кылмышкерлер чак түштө үйүнөн алып чыгып, чала жан абалга жеткизип аеосуз тепкилеп кетишкен. Бул окуяны 3 жолу гезитке жазып чыккам. ИИМдин басма сөз кызматы "бул ишти министр Суранчиев өз көзөмөлүнө алды" дешкен. Бирок эки айдан кийин да кылмыш иши ачылбады. Министр Суранчиевге жолуксам, "мен ал ишти билбейм" деп алакан жайган. Сокулук РИИБи бул ишти "дым-дым" кылып жаап, кылмышкерлер табылбай калышты. Бул иш боюнча Капар Баатырканов да кулак кагыш кылынган. Бирок, дале кылмышкерлерден дайын жок. Министр катары бул ишти көзөмөлдөй аласызбы?
- Чечип беребиз, телефон номериңизди калтырып коюңуз.
Адилет Кожокеев, Бишкек: - Аттестация өткөрүү да өзүнчө маселе. МАИ кызматкерлеринин айрым аттестациясы интернетке чыкты эле, сурагандары "койдун канча жилиги бар, кой сойгонду билесиңби?" экен.
- Илгери беш жылда бир жолу катардагы милиция кызматкеринен жетекчилерге чейин аттестация өтүп турчу. Физикалык даярдыгынан башталып, кадимкидей билет алып билимибиз сыналчу. Сынактар катуу болчу. Мынчасы өттү, мынчасы кулады деп доклад беришчү. Аттестациядан өтпөй калды деген аябай уят болчу. Өздүк курам өткөндөн кийин башкаруучу аппарат аттестациядан өтчү. Аларга өзүнчө билеттер даярдалчу. Аттестация болуп келген нерсе, мен киргизип жатканым жок. Кандай болот, кандай өтөт, азыр айталбайм. Беш жылдабы же үч жылда бир өткөрөбүзбү, баарын карап чыгабыз. Андан кийин график жана түзүлүшүн түзүп, буйрук чыгарабыз. Бардыгына бирдей кылышыбыз керек. Бир гана МАИ эле эмес, Кылмышкерлерди издөө, тергөө кызматтарын да өзүнүн деңгээлине жараша өткөрүп турабыз. Сынактык негизде жумушка алуу деп чыгарып жатышпайбы, мен эми буга макулмун. Ушундай негизде МАИге физикалык жактан көрсөткүчтөрү жакшы, башы да иштейт, билими бар, баары жакшы балдарды алдым, эки айдан кийин "иштебей эле коеюнчу" дешти. Себебин сурасам, "кыйын экен, мен бөлөкчө ойлогом" дешти. Алар МАИ десе, ойлошот, көчөдө туруп алып эле баарын токтотуп алып, акча жасайт деп. Көчөдө ысыкта турат, суукта турат, ар кимдин сөгүнгөнүн, урушканын көрөт. Эми "Милицияны мындай, тигиндей кылып коюш керек. Америкада, Европада, Африкада, Орусияда мындай иштейт экен" деп, чынын айтканда милициянын ишине билгени деле, билбегени деле кийгилишип жатат. Көп жерде жүргөн реформада, ошол эле Орусияда бүт социалдык пакеттер каралган, атүгүл милициянын кийинген кийиминен жашаган үйүнө чейин. Реформа дей бергенибиз менен, жетиштүү акча болбосо, кайдан жасалсын? Аны да Өкмөт башчысы, биздин блокту караган вице-премьер-министр менен сүйлөштүк, чечилет деп ойлойм.
Айжамал Дуулатова, Бишкек шаары: - Кылмыштуулук менен кандай күрөшүп келе жатасыңар? Азаябы? Канча убакытта ачылат?
- Эми мен өмүр бою эле кылмыштуулук менен алпурушуп келем. Кененирээк айтып бериш үчүн сиз менен бетме-бет жолугуп бир күн бою айтып берсем да убакыт жетпейт. Албетте кылмыштуулук азаяшы мүмкүн, бирок кылмыштуулук дүйнө жүзү боюнча боло берет. Эл жашап жаткандан кийин боло берет. Ар бир кылмыш ар башка ачылат. Кээ бирөө бат эле ачылат, кээ бирөө кеч ачылат. Мисалы, Садыркуловдуку 2009-жылы болду эле, 2011-жылы ачып койдук.
Каныбек Жапаров, Бишкек шаары: - Рысалиевдин учурунда ИИМге таластыктарга толду дешкен. Эми нарындыктарга толот деген кептер айтылып жатат...
- Бишкек ШИИББге кызматка келгенде бөлүнүп-жарылууну жойгонбуз. Жакшы иштеген, тартиптүү жигит болсо, көтөрүп жакшы жумуштарга койдум. "Сен каяктан, мен каяктан?" деп сураган жокмун. Тескерисинче, аймактык баланска алып келдик. Эми беш кол тең эмес, акырын жылжытып, "мындай, тигиндей кылып жатат" деп ушак тараткандар, кыларга иши жоктор бар. Жумуш бар жерде, анын кереги жок. Анткени алар жумуштан колдору бошобойт. Шаарда мен ошондой кырдаал түздүм. Ар бири өзүнүн иши менен алек, отуруп алып ушакташканга убакыт жок. Чынын айтканда, министрликте деле мен кандай саясат жүргүзсөм, ошондой болот да. Менде келе калып эле тигини же муну жумуштан алган, өз командамды алып келген адат жок. Азыр эл, мамлекет башчысы милицияны жакшырткыла деп талап кылып жатат. Азыр ар бир мүнөт, ар бир саат баалуу. Себеби убакыт аз. Шаарда иштеп жүргөндө бир дагы баланы алмаштырган жокмун. Балдарга туура багыт бериш керек. Сүйлөшүп, түшүндүрүш керек. Мен сержантка чейин өзүм сүйлөшчүмүн. Жумуштан кетебиз деген балдарды чакырып алып себебин сурачумун. Материалдык муктаждыгы болсо, жардам берген учурлар болду. Кээде балдарга айтчумун "үйүндө атасы ооруп жатыптыр, жардам берип койгула" деп. Кудайым буюрса, бекип калсам, жалпы иште ушундай эле иштерди кылабыз.
Бердибек Жанаков, Бишкек шаары: - Билесиз, сизди көптөн бери эле министр кылып келишет. Апрелде да Суранчиевдин ордун мээлеп жатыптыр деп чыгышканда, "бул кепти мени министр менен кагыштыргысы келгендер таратты" дегенсиз. Деги душманыңыз ким?
- Душманым Кыргызстанда жайнайт. Карательный органдын өкүлүмүн да. Бирөөнүн жакынын камадым, бирөөнө катуу айттым дегендей. Бардыгына жакшы боло албайсың.
Асел Муканова: - Сизди кызматка алдыдагы митингдер үчүн да алып келишти деп жатышат, аларга каршылыкты катуу көрсөтөсүзбү?
- Мына, Бишкекте канча митинг өттү, бир милиция койгон жокмун. Өзүм барып жаттым. Бардык иште ортодо диалог болушу керек. Эл митинге чыкса, милициянын күнөөсү жок да. Социалдык көйгөйлөр менен чыгат, суу чыкпай калды, электр энергиясы өчүп калды дейт. Жергиликтүү бийлик да иштеши шарт, келип, угуп, маселени чечиши керек. Мен өзүм Бишкекте митингге чыккандарды чакырчумун, "Не болду? Эмнеге чыгып жатасың?" деп. Кээ бири дегеле жыйынтыктуу бир жооп айталчу эмес. "Мына мындай" деп жүйөсү, далили менен көрсөтүп айтып бергендери болчу. Алардын арызын алып, мэр десе, мэрге чейин киргизчүмүн, "мунуку туура, карап, чечип бергиле" деп. Баарына айтчумун, "митинг дебей эле, келгилечи арызыңарды, кагазыңарды алайын, президент десе, администрациясына, премьер-министр десе, ага да жеткирип берейин" деп. Милиция камайт, милиция сабайт дей беребиз. Бир милиция пара алып койсо, бүт милиция ушундай акмак дейбиз. Европа мамлекеттеринде бир полицейскийдин берген көрсөтмөсү беш күбөгө татыктуу, а бизде үч бала бир милицияны сабап койсо, эч ким көрбөсө, эч далилдей албайбыз. Элдин баары милицияга эмес, "өзү тийишти" деп койсо, берки үч балага ишенишет. Милицияны жаман дей берсе, жаман болот да. Милиция деле адам баласы, асмандан түшкөн жокпуз... Митинг кыласыңбы, ал башкаларга жолтоо болбошу керек. Министр болсом эле иш ыкмам өзгөрүп кетпейт, мыйзам менен гана иш кылабыз.
- Аткаминерлердин автожолдордо тогоотпочулук мүнөздөрү бар. Ошолорду тартипке алып келе алабызбы?
- Тартипти бузган аткаминерлердин акесин окутабыз. Мыйзам бардыгыбыз үчүн бирдей болуш керек. Шаарда жыйынтыгын көрүп эле жаттык. Мага эч ким чала алчу эмес. Көбүнүн автоунааларын алып барып эле токтотуп жаттык.
Айниса Асанбекова: - Криминалдарга көз карашыңыз түз эместигин, аларга каршы катуу күрөш жүргүзүп келгениңизди билебиз. Камчы Көлбаев акталды, бирок "Көлбаевдин тобунун балдары" деп айтылып калып жүрөт. Бул кандай?
- Акталганы менен ал бизде учетто тура берет. Көзөмөл алынып салынбайт. Кылмыш кылса, кайра алып келип камайбыз. Бардыгы эле ошондой болот. Бир жолу кылмыш кылган киши дагы деле кылмыш кылып коюшу мүмкүн.
- Уюшкан кылмыштуулукту тартипке келтириш колуңуздан келеби? Өзүңүздү криминалдар менен байланыштырган сөздөр көбөйдү?
- Уюшкан кылмыштуулукту иреттеп коюш бат эле. Кримтөбөлдөрдүн баары мени тааныйт. Арасында көпкөндөрү бар. Ошолордун баарын өз ордуна коебуз. Отургузчусун өз ордуна отургузабыз. Тартипке чакырчусун тартипке чакырабыз. Түрмөлөрдүн баары болгондон кийин сөзсүз кримдүйнө болот. Мунун баарын жоготуп, жое албайбыз. Кээде мындай да, биздин кээ бир бизнесмендер өздөрү поклонго бара беришет. Криминалдар менен жолугуптур дешет. Ишим алар менен байланыштуу болуп жатса, чакырам, "доверительный"сүйлөшүүлөр болчу, ошондо көп нерселерди угабыз. Ким келет "поклонго", кайсыл чиновниктер, өздөрүнүн кандай суроолорун чечип кетишерин билебиз. Аман болсок, көп нерселерди башкача кылабыз, тартипке чакырабыз. Бизде оперативдүү маалыматтар көп, алардын баарын мен силерге айта албайм. Иш жүргүзөбүз, факт болгон жерлерин чыгарабыз.
Аксымбек Чалов, Талас шаары: - Май кымбаттап жатат. А сиздерде 1,5 миллион сом бөлүнөт экен. Бул жагын кандай чечейин деп жатасыңар?
- Шаарда 3-7 литрге чейин бензин беребиз. Албетте, бул жетпейт. Жана эле айтып кетпедимби, ИИМге бөлүнгөн акчаны убагы менен берип туруш керек деп. Биз бүгүнкү күндө тигиним жок, мунум жок деген акыбалга келбешибиз керек. Толук телегейибиз тегиз болбосо да, ошого жетиш керек. Анан жумуштун жүрүшү жакшы болот. Мисалы, ИММге 6 миллиард сом каралса, анын 48 пайызын гана алдык.
- ИИМ Академиясын оңочудайсыздарбы? Равшан Жээнбековдун айтты эле го: "ИИМ академиясы бандиттерди даярдап жатат" деп. Бүтүрүүчүлөр мушташкан, МАИге баш ийбеген фактыларды сиз деле билсеңиз керек?
- Ал жакка жакшы профессионал, билимдүү, илимдүү кишини коюш керек. Анан өзгөрүлөт. Ал жакта генерал отурган менен эч нерсени өзгөртпөйт. Ал жерде көп реорганизация кылышыбыз керек.
Пери Канышова, Бишкек шаары: - Сиз министр болсоңуз да, "Водолаз" каймана аты бар Максат Абакиров менен байланышып турасызбы? Тыгыз байланышта деп коомчулук айтып жатат го?
- Чоң кыз, коомчулукта ким айтып жатканын айтыңызчы, анан мен айтып берейин. Кимден уктуңуз, мага чындыгы керек болуп жатат. Атын айтып бере албасаңыз, анда сиз коркуп жатасыз. Мен ошол кишини чакырып, кайсыл жерден көрүп, билгенин териштирели. Мени Водолаз гана эмес, баары тааныйт. Кыргызстан бүт тааныйт. "Дейт" деп кыргызча айта берген болбойт да. Факт менен айткыла, анан жооп берейин.
Нажимидин Бараканов, Жалал-Абад шаары: - Жогорку Кеңештен "атамекенчилер" да "сизди наркобарон деп жатышат" деп сурашты го, сиз "баңгизат менен байланышым жок, бирок каналдарды билем" дедиңиз.
- Баңгизат менен байланышым жок, келип жаткан каналдардын, схемалардын баарын билем. Мен каякка барып иштебейин, биринчи баңгизаттан баштачумун. Ким баңгизат менен байланышы бар болсо, аны менен жолум карама-каршы. Менин принцибим ушундай. Баңгизат деген эмне, бул дүйнө жүзүндө энелердин көз жашы. Жакшынакай балдар баңгизат колдонуп өлүп кетип жатышат.

"Түз байланышты" уюштурган Кайрат КЕНЖЕБАЙ уулу