Акчалар агат "ал жакка", жаңы элитаң кай жакта?
Эмгек мигранттарыбыздын сыртка агып жатканы токтой элек. Албетте, жыргаганынан кетип жатышкан жок. Бизде орточо айлык акы мышык ыйлачудай - болгону 211 АКШ доллары. Ал эми расмий бийлик калктын эң төмөнкү жашоосуна 5 миң 183 сом сарпталат деп айтышат. Пенсионерлерге - 4 миң 155 сом, бөбөктөргө - 3 миң 862 сом сарпталат экен. А бизде эң төмөнкү айлык акы - 940 сомду эле түзөт. Анан кантип миллиондон ашык жараныбыз чет өлкөдөн нан таап жебесин? КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бизден кийин эле оор абалда Тажикстан турат экен. Муну орустардын "Ведомости" гезити жазып чыкты. Элге келгенде акча табылбайт да, бийликтегилер үчүн пул ба-аар! №1 мамлекеттик резиденция мамлекеттик сатып алуулар боюнча эң алдыңкысы. Анда ким жашайт? Президентибиз баш болгон "рекордсмендер". 2013-жылы 66 миллион сом коротушкан. Анын ичинен официанттарга эле 4 млн 251 миң сом, самынга эле 1 млн 390 миң сом кеткен экен. Быйыл жыл башынан бери эле ушундай "маанилүү максаттарга" 23 млн 226 миң сом сарпталган. Албетте, резиденцияга даражалуу меймандар тосулат, чыгым көп эле болот, бирок аталган сандардай болушу көп суроо жаратат. Көлдөгү резиденцияга былтыр казынадан 1 млн доллардан ашык жумшалган. А.Атамбаевдин түштүк резиденциясына былтыр 7,5 млн сом жумшалган. Быйыл ушул эле максатта 3,5 млн сом коротулган. Президентибиз эки учак менен учат экен: Ту-154 Б-2 жана бизнесмендердин чакан учагы Beechcraft Super King Air 350. Бул учакты 2008-жылы Бакиев алдырган. Баасы - 6 млн 800 миң АКШ доллары. Ошондой эле Ми-8 президенттик "люкс" вертолет да бар. Мурда Бакиев жана анын үй-бүлөсүнүн баалуу автомашинелери жаңы президенттик карамагына өткөндүгүн кабарлашкан. Ал машиналар: "БМВ-750LI" - 140 миң $, "Мерседес-Бенц G500" - 155 миң $, "Лексус-LX570" - 125 миң $, "Лексус-RX330" - 35 миң $, "Шевроле Субурбан LS" - 70 миң $. Ошондо жалпы баасы - 525 миң $ долларды түзөт экен. Эми булар президентибизге расмий уруксат берилгендери. Ал эми Атамбаев өзүнүн 10 млн АКШ долларын түзгөн мүлкү бар экенин шардана кылган. Кыскасы, Президенттин жашоосун, ишмердүүлүгүн камсыз кылууга бир жылда эле 1 млрд сомдой (20 млн. $) коройт экен. Мм-м да. Бул маалыматтарды мамлекеттик сатып алуулар сайтынан алып эсептеп жатабыз.
Өзбекстандын 1-сентябрь - Эгемендүүлүк күнү Президенти Ислам Каримов советтик учурдагы тиранияны катуу сынга алып, "озаттыгы" менен элин "жүда" куттуктады. Биздин ажобуз Атамбаев элди куттуктап жатып, сөзүндө орус газын арзандатканы менен мактанды. Орустардын таасирин караңыз, В.Путин эгемендүүлүгүбүздө "улуттук майрамыңар менен!" деп куттук жөнөтсө, өзбектерди "Эгемендүүлүк күнүңөр менен!" деди. Ушул болбогон нерседен эле дүйнөдө күчтүү, принциптүү лидерлер сыйланары билинип жатпайбы?! Биздин ажобуз ошондой лидерлердин катарына киреби? Окурман буга өзү жооп берет го деген ойдомун.
Былтыр августта Президент А.Атамбаев жаңы долбоордун үстүндө иштеп жаткандыгын, ага ылайык мыкты жаштарды топтоп, өлкө келечегинин элитасын даярдарын каңкуулаган. "Алары - Икрамжан Илмиянов менен Эркин Мамбеталиев го?" деп биз калганбыз. Анан эле саясат таануучу Богатырев "дүңгүрөгөн" "Өнүгүүнүн улуттук корпусу" деген долбоорду көтөрө чапты. Анда Богатырев жаңы элита түзүп, анын ишмердүүлүгүн камсыз кылып, убагында алмашууларды жүргүзүп, бийликтеги олигархтык системаны бууп саларын айтат. Андан ары бул "Өнүгүүнүн улуттук корпусунда - ой жүгүртүү, коллективдүү иш-аракет кылуу механизми жүрөт, ошондо чыныгы элита түптөлөт, азыркы жалган элитардык катмардын ордуна жаштар келип, өлкө тагдырын чечет" деп төш кагат. Мындай "долбоор" сөрөйлөрдү тарыхта кимдер гана айтып чыкпаган. Эми бул долбоорду каржылоону "жеке каражатынан" Атамбаев өзүнө алып, мега-офисин айтылуу өзүнүн "Форум" имаратына олтургузуп койгон. Жыйынтыгында эмне болду? "Жаңы элитанын" алып чыккандары жалгыз "Антиөрдөк" деген чакан акция болду. Бул акция болгону оппозициялык маанайдагы журналисттерге гана каршы жасалган ишке айланды. Башка кылган иштеринен дайын жок.
Менимче, жаңы элитаны даярдоо саясый технология болбошу керек. Өлкөдө чырмаган коррупция, партиялык-кландык диктат турганда жаңы элитаны жаратуу дегеле мүмкүн эмес. Тилекке каршы, Алмаз Атамбаев муну түшүнгүсү да келбейт окшойт...

Адил ТУРДУКУЛОВ,
"Прогресс" коомунун жетекчиси




Камикадзе ким болот?
(Уландысы. Башы 1-бетте)
Эми саясатчыларды ээрчип, көбүк сөздү көбүртпөй фактыга кайрылсак, президенттин сөзүнө депутаттардан ачык чычалаганы, тагыраагы, "президент сөзүнө жооп берсин" дегени "атажуртчу" Мыктыбек Абдылдаев болду. Күзгү сессия башталаары менен: "…президент парламентти сынга алды, биз текей терип жүргөнүбүз жок, аны далилдеш үчүн спикер отчет берсин" маанисинде төрага А.Жээнбековдун өзүн каптап өткөн. М.Абдылдаев бир айтып эле, анан ал сөзүн өзү да унутуп калчу депутаттардан эмес окшойт. Жакында парламенттин комитет жыйынында ошол сөзүн башкача өңүттө дагы бир жолу эске салды. "Эми премьер-министр отчет бергени келет… Күчтүү премьер-министр болгондо 1-сентябрда эле президенттин сынына жооп бермек. Мындай айтсам - мени жазалайт, тигиндей айтсам - эл эмне дейт деп ойлонуп турмак эмес" деди депутат.
Бир караган кишиге "Ата Журттун" бакандай депутатынын бакылдагынын артында көп нерсе жаткансыйт. Аныгында андай деле эмес. Белгилүү болгондой алдыдагы кышта өлкөдөгү күтүлүп жаткан отун-энергетикалык кыйчалыштын келип чыгышына, жаратылыш факторунан тышкары өкмөттүн да алешемдик жактары себеп болгону дайын. Орусия менен газ меселесинин чийки чечилип калышы, өчөшкөнсүп өзбек туугандардын газ бербей коюшу, кур дегенде өкмөттүн элди өзүбүздө турган көмүр менен камсыздоону уюштура албай жатышы өкмөт отчетко келгенде айтыла турган, деле эл үчүн күйүп кеткенсиген, аныгында президент айткандай алдыдагы шайлоону ойлоп турган депутаттардын бүйүр кызыткан суроолорун пайда кылып тургансыйт. Өкмөттү - салыштырып айтканда өздөрү туудуруп алган баладай эле (аныгында эле ошондой эмеспи) өмөчөктөтүп баса калчу парламент бу жолу да ошентери турган иш. Бирок, муну менен Ж.Оторбаевдин өкмөтүн отставкага айдап жиберишет деп айтуу кыйын. Айдап жиберген күндө да, жогоруда айтылгандай отун-энергетикалык каатчылыктын айынан келип чыга турган, алдыдагы саясый-социалдык, экономикалык кыйын кырдаалда амбициясы башынан ашкан, ары айтканда камикадзе бирөө эле премьер-министр болом дебесе, өкмөт башчынын милдетин мойнуна алууга кимдир бирөөнүн чыга калышы да күмөн. Себеби, кыштан чыгып-чыкпай кайсы өкмөт болбосун садагага чабылып кетээрин баары эле туюп турат.
Ал эми түпкүлүгү түз сүйлөгөн депутат М.Абдылдаевдин бирде спикерди, бирде өкмөттү катары менен жөөлөп турушун кеп жүйөсү келгендеги айткан кеби катары кабылдасак болчудай. Мындан саясат издеп да кереги жок. Айтыла берчү сөз.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ





Партиялар парады, кайда алып барады?
Азыр кичинекей мамлекетибизде эмне көп? Албетте, партия көп. Программаларын карасак, бардыгы эле Кыргызстанды өнүккөн өлкөгө айландыргылары келишет. Иш жүзүндө, "шапке талаш, папке талашка" барып такалууда. Мына бир жылдан кийин партиялар кайрадан парламенттик шайлоого аттанышат. Шайлоого даярдык эми эле башталгандай. Ошондон улам "Асаба" гезити бардык партияларга сунушу бар. Азыр кыргыз басма сөзүндө мамлекеттик саясый, экономикалык, социалдык, маданий абалына баа берген, терең аналитикалык макалалар дегеле жоголуп кетти. Ал эми ар бир партиянын өз аналитиктери, өз серепчилери бар. Ар бир партия учурдагы кырдаалга жасалган аналитикасын "Асаба" гезити чагылдырып турууга даяр. Бир гана талап: саясый аналитика өзүнчө, экономика өзүнчө, башка тармактар өз-өзүнчө болушу шарт. Анан, албетте, гезит көлөмү ченелүү болгондуктан, А-4 форматындагы барак 3 беттен ашпашы керек.
Сурап-билүү телефондору: 59-15-52, (0703) 55 45 90. Жайгашкан дарегибиз: Бишкек шаары, Ибраимов көч., №24, "Учкун" концерни, 7-кабат, 712-бөлмө. Электрондук дарек: asaba.kg@gmail.com Жооптуу кызматкерибиз: Темирбек Алымбеков.